"Асан-Үсөн"
Асель Касымова
"Энеси мактаган эмес, жеңеси мактаган кызды алыш керек"
"Элегия" тобунан чыккан Оштун сулуусу Асель Касымова бүгүн бул рубрикабыздын коногу. Суроонун эки варианты жетпей жаттыбы, айтор, кээ бир учурда үчүнчүсүн да кошуп жиберип жатты. Учурда Ошто жүргөн ырчы кыз менен интернет аркылуу байланыштык.

- Сулуулукпу, жылдыздуулукпу?
- Албетте, жылдыздуулук. Сулуу болуп туруп, жылдызың жок болсо, бир да адамды өзүңө тарта албайсың. Ошондуктан, көп адамдар жылдыздуу адамдарды жактырышат.
- Ашпозчубу, дарыгерби?
- Эң көп алкыш уга турган кесиптин ээлери-дарыгерлер. Анткени, алар адам баласынын өмүрүн сактап калышат. Ар бир эле адам дарыгер боло албайт. Ал эми ар бирибиз эле тамак жасаганды билсек керек. Жок дегенде, эч ким жокто ачка калбасак керек.
- Карбы, жамгырбы?
- Мен романтик адамдардын катарына кирем. Ошол себептен жамгырды тандайм. Жамгыр себелеп жаап жатканда, машина айдап алып сейилдегенди абдан жакшы көрөм. Жамгыр жаап өткөндөн кийинки аба ырайы укмуш сонун болуп калат эмеспи. Чыгармачыл адамдардын көбү ушул жоопту тандамак болуш керек.
- Сөзбү, обонбу?
- Мен көбүрөөк обонго көңүл бурам. Обону начар, бирок сөзү жакшы болсо дагы, мен ал ырды уккум келбейт. Биринчи обон жаздырып, андан соң акындарга сөз жаздыртам. Обону жакшы ырга, сөзсүз сөзү жакшы жазылат.
- Парламенттик башкаруубу, Президенттик башкаруубу?
- Президенттик башкаруу эле жагат. Себеби, парламенттик башкарууда бириники бирине жакпай, бири-бири менен урушуп, айтышып эле басып жүрүшөт. Акылдуу, ичпеген, жебеген, туугандарын жолотпогон Президент болсо, Президенттик башкаруу эле жакшы.
- Парижби, Ысык-Көлбү?
- Мен өзүмдүн жеримди жанымдай көрөм. Андыктан, кыргыз жергесинин бермети болгон Ысык-Көлдү баса белгилейм. Бизди Ысык-Көл аркылуу тааныгандар бар. Ысык-Көлдүн Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлүшүнө салымы чоң. Себеби, туристтердин көпчүлүгү мына ушул жерге жердин түбүнөн болсо дагы келип эс алып кетишет.
- Жайбы, кышпы?
- Суукту ушунчалык жаман көрөм. Кыш келгенде, такыр кетпечүдөй сезиле берет. Жазды чыдамсыздык менен күтүп калам. Жайды жакшы көргөнүмдүн себеби, көпчүлүгү бул убакта эмгек өргүүсүнө чыгышат. Эс алууга эң жакшы шарттар түзүлгөн. Жер-жемиштер бышып да калат, кыскасы, мага жай жагат.
- Өмүрбек Текебаевби, Өмүрбек Бабановбу?
- Өмүрбек Бабанов. Анткени, бул киши коалицияны түздү. Саясатчы катары өзүнүн жакшы иштерин гана көрсөтүп келе жатат деп ойлойм. Ага карата коюлуп жаткан айыптоолордун бирине да ишенбейм.
- Спортсмен жигитпи, ырчы жигитпи?
- Спортсмен. Бир үйгө бир эле ырчы жетет деп эсептейм. Кең далылуу, бою узун, спорт менен машыккан жигиттерди баалайм.
- Винобу, пивобу?
- Негизи, экөөнү тең татып көргөм, экөө тең жакпайт. Бир жоопту тандаш керек болгондуктан, вино демекмин. Бирок спирт ичимдиктеринен алысмын.
- Туулган күнбү, жаңы жылбы?
- Туулган күн болгон сайын картаясың да, ошон үчүн жаңы жыл. Жаңы жылды баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп, абдан жакшы даярданып, өзгөчө шаң, көтөрүңкү маанай, толкундоолор менен тосуп алабыз. Бул күнү абдан көп каалоолор, ак тилектер айтылат. Бул күнү мен өзүмдү абдан бактылуу сезем.
- Айбы, күнбү?
- Айдын толуп турганы кооз көрүнөт. Бирок, күнсүз жер жүзүндөгү бир дагы заттын күнү жок. Күн бизге жылуулукту, жарыктыкты тартуулап турат. Бекеринен апаларыбызды күн нурундай мээримин, нурун төгөт деп салыштырбасак керек.
- Ошпу, Бишкекпи?
- Эки шаарда тең жашайм. Ата-энем, бир туугандарым Ош шаарынын тургундары. Бишкекке болсо чыгармачылыгыма байланыштуу тез-тез келип турам. Кантсе дагы, туулган жердин топурагы алтын эмеспи, ошондуктан, Ош.
- Жер тамбы, көп кабаттуу үйбү?
- Көп кабаттуу үйдөгүдөй кылып шарт түзүп алсаң, кыргыз үчүн жер тамдан өтөрү жок. Жакшылык-жамандык болгондо, жер там абдан ыңгайлуу эмеспи. Башкаларды билбейм, бирок мен көп кабаттуу үйдө жүрөгүм сыгылып кетет.
- Жеңеби, жездеби?
- Айымдар айымдарды жакшы түшүнөт болуш керек. Элибизде: "Энеси мактаганды албай, жеңеси мактаганды ал" -деген сөз бар го. Жеңең менен сырдашсаң, жакшы кеңештерин берет. Мен келгенде жеңелерим дасторкон жайып, жакшы сөздөрүн айтып, жакшы тосуп алышат. Жездеси менен сырдашкандарды уга элекмин.
Айзирек Келдибаева




  Өзү менен өзү

ЖЫЛДЫЗБЕК ТУРСУНБАЕВ:
"Кыргыз тили кереги жок буюмдай болуп калды"
Караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, акын, манасчы, ди-джей Жылдызбек Турсунбаев өзүнө-өзү суроо берип, жан дүйнөсүн бизге ачып берди. "Өзүңө-өзүң суроо берген кызыктай экен" деген сөзмөр жигиттин эмне жөнүндө сүйлөгөнүн чогуу байкайлы.

- Сөзүң өлгүчө, өзүң өлгөнгө даярсыңбы?
- "Айтылган сөз атылган окко барабар" дейт. Сөз оозуңда турганда сен анын ээси болсоң, оозуңдан чыккандан кийин ал сага ээ болуп калат. Ошондуктан, жети өлчөп, бир кесип, сүйлөөрдөн мурда жакшылап ойлонуп туруп сүйлөшүбүз керек. "Кеменгердин кеп сөзү нуска болот, элдеги сөз ээленип нуска болот. Кеменгердин кеп сөзү кыска болот, жоон билек бир эрди багындырса, бир сөз менен бир элди жыкса болот",- деп акын Надырбек Алымбековдун жазып кеткени бар. Бир сөздү жакшылап чечмелеп сүйлөй албаган кыргыз, ал кыргыз эмес. Бир сөз үчүн ата-бабаларыбыз алдындагы атын тартуулап, үстүндөгү чапанын берип, сый-урматын көрсөтүп кеткен учулары болгон. Демек, мурунку коом сөздү баалаган коом болгон. Сөз бергенден кийин сөзгө тура билүү, ошону актай билүү, аткара билүү чоң искусство.
- Мамлекеттик деңгээлдеги маселенин формуласын жазып бере аласыңбы?
- Негизи, мамлекеттик деңгээлдеги маселени мамлекеттик деңгээлдеги адамдар ойлонуш керек. Кыргыз болгон соң, кыргызмын деп ак калпакты башка кийип алып, төбөбүздү көтөрүп, жүзүбүздү элге-журтка таанытып жүргөн соң, дилдин ачкычы, көрөңгөнүн күзгүсү, кыргыздыктын символу болгон тилибизди сактай билишибиз керек. Ааламдашуунун аркасы менен батыштан келген нерселер жаштарга аябай катуу сиңип, же кыргыз эмес, же орус эмес, же башка эмес болуп, ортодо чайналып калган жаштарыбыз абдан көп болууда. Ошонун бирден бир себеби тилди колдонбогондон келип чыгып жатат. Азыр көчөгө чыгып, кыргызча сүйлөп койсоң, сени айылдан келген го деп ойлошот. Же сурап-билүү жайына чалсаң, орусча жооп беришет. Бүгүнкү күндө кыргыз тилинин акыбалын карап туруп, тытмаланган, бырчаланган, талкаланган, каралбай калган, бурчка ыргытылган, кереги жок, эски буюм көз алдыма элестелет. Анан "Кыргыз тилин сакташыбыз керек" деп айта беребиз. Кыргыз тилин сакташыбыз керек эмес, биз кыргыз тилин сандыкка салып сактап койгонбуз. Орусча, англисче, кытайча, дагы башка тилде сүйлөй беребиз, кийин кыргыз тили таптакыр жоголуп кеткенден кийин сандыктан алып чыгабыз. Ошондой болбой, биз эне тилибизди колдоно билишибиз кажет. Ажолорубуз талапкерлигин коюп жатканда, комиссиянын алдында сынак беришет, андан кийин болду, кыйнап, зордоп алып келип койгон сыяктуудай сезилет. Туура, мурункуга караганда кыргыз тили тууралуу ар кандай иш-чаралар болуп жатат. Бирок, ал жетишсиз. Коңшулаш Казакстанга өзүбүздү салыштырып көрөлүчү. Казак эли өзүнүн тилин аябай жогорку деңгээлде өнүктүрүп алды. Берүүлөрүнүн 80 пайызы казакча, 20 пайызы орусча. Эмнеге биз андай кыла албайбыз? Жаштары казакчаны да билет, орусчаны да билет. Биздин жаштарыбыз жалаң орусча менен сугарылып кетип бара жатат. Ушул жагына мындан дагы көбүрөөк көңүл бөлүнүп, коркпой эле иш кагаздарыбыздын баарын кыргызчага которуп, окуу китептердин баарын кыргызча чыгарышыбыз зарыл. Ошондо мамлекеттик деңгээлдеги бир маселе болсо дагы чечилет деп эсептейм.
- Байлыктарың жөнүндө айтып берсең?
- Атадан ашкан Кудай жок болсо, энеден ашкан Умай жок. Менин бул дүйнөдөгү бар тапканым, байлыгым-менин үй-бүлөм. Атам менин оң көзүм болсо, апам сол көзүм. Ошолор бар үчүн, мен бул дүйнөнү көрүп, жашап жатам. Бүгүнкү күндө мен кандай жеңиштерге жетпейин, азамат жигит экен деп менин дарегиме жакшы сөздөр айтылган болсо, ошол эмгектин баары атамдыкы. Адам баласы энесин эч нерсеге теңебесе керек. Эч бир сөз менен мактап, жеткире айта албаса керек. Таң эрте чайын камдап, нанын берген, түйшөлүп ооруп калсам жанын берген. Эзилип, мээрим төгүп сүйүп турчу, энем да, алыс жакта азыр менден,- деп студенттик кезде апамды ушунчалык сагынганда ыр саптарын жазгам. Апам кыраакы, бардык нерсени алдын-ала көрө билген касиети бар адам. Булардын карып баратканын көрүп ушунчалык кейийм. Бул- үй-бүлөмдүн башаты. Мына мен бойго жетип, өзүм үй-бүлө курдум. Эртең менен шашылып кетер иши, кечинде жумушу бүтүп келгенде тосуп алар кишиси бар болсо, ал адам бактылуу болот эмеспи. Жумуштан чарчап, өзүмдү коёрго жер таппай келгенде, чарчап жатамбы, кыйналып жатамбы, аны менен иши жок, алдымдан 5 жаштагы уулум чуркап чыгып: "Бас, мени менен ойноп койчу?" деп оюнчуктарын алып чыгып тизип, оюндагыдай кылбай койсом чатак салып, чарчап отурсам желкеме минип, кулагымды чоюп, сүйлөбөй койсом: "Эмне болду сага?"-деп, өзгөчө азыр тили чыгып, чоң адамдардай болуп сүйлөшүп калгандан кийин: "Эмне настроенияң жокпу?" -деп кадимкидей сурап калат. Күлүп: "Сен настроенияны түшүнөсүңбү?" десем, "Билбейм, чоңдор ошентип сурап коюшат го",- деп күлдүрүп калат. Ысык тамагын даярдап, жайдары маанай менен өмүрлүк жарым күтүп алат. Ушулар менин байлыктарым.


байлыгым-алдарым
Эки классташ жыйырма жылдан кийин жолугуп калат.
Биринчиси:
- Эй, дос, жашоо кандай?
- Сурайсың да менин жашоом өтө сонун, аябай байып кеттим. Сенчи?
- Керек болсо мен сенден дагы баймын.
- Кел анда, байлыктарыбыз кимибиздики көп экенин текшеребиз.
Эртең стадионго болгон байлыгыңды алып кел, мен дагы алып барам.
Белгиленген убакта бирөө "Мерседес 500", экинчиси "Жигули" менен келип, бет маңдай токтоп калышат. Түшүп учурашкандан кийин, кекээрленгени: "Кана толуп ашкан байлыгың?"-деп маскарлайт. Экинчиси: "Алгач сен көрсөтчү",- дейт. Ал менменсине басып келип, "Мерседестин" багажын ачып: "Бул тирелип батпай турган доллар, евролорду көрдүңбү?"-дейт. Экинчиси мыйыгынан күлө унчукпай басып келип, "Жигулинин" арткы эшигин ачат. "Түшкүлө" дегенде, жайнаган ондон ашык балдар түшөт. "Байлык, бийлик-колдун кири", бул жашоодон өтсөң, балдар изиң болуп калат. Менин эч нерсеге алмаштыргыс байлыгым ушулар" дейт. Классташы бир да перзент көргөн эмес экен. Эч кимге айтпай, бой көтөрүп жүрсө да, мас болгондо "Балам жок" деп өксүп ыйлачу экен. Досунун байлыгына жеңилген катары санап, көзүнө жаш ала машинасына түшүп, алыстаганда эчкире ыйлаптыр.

Айзирек Келдибева