Шоу жаңылыктар

Продюсер Назгүл Насиева абактагы аялдар арасында
"Сулуулар конкурсун" өткөздү
4-март күнү продюсер Назгүл Насиева жетектеген топ: Максат Бегалиев, Омар жана НБТ телеканалы менен биргеликте 35 кыз катышкан абактагы аялдар арасында "Сулуулар конкурсун" өткөзүп келишти. Назгүл айым мындай дейт:"Мени абактагы кыз-келиндердин кайсыл жерде болбосун аялдык касиетин жоготпой, жок жерден бар кылганы кубандырды. Анткени, абактын ичинде эч нерсе жок болсо дагы, болгон кагаз, салафан каптардан кийим тигип кийишип, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мени менен барган ырчылар бардык жагын өзүлөрү каржылап, алдыңкы төрт орунга сыйлык берип, абакта жаткан бардык айымдарды кубантып кайтты. Аты аталган ырчылардан тышкары, "Кеңеш" тобу, "Музканал" телеберүүсүнүн режиссёру Мирлан Муратов, Мелис Абдрашитов жана Астра башкы демөөрчү болуп, алдыңкы төрт орунду алышкан айымдарга окшош кир жуугуч машина белекке беришти. Мындан тышкары, кеченин көркүн алып баруучулар Эркин Рыскулбеков жана "Музканал" телеберүүсүнүн алып баруучусу Чолпонай ачышып, бир күн болсо дагы күлкү тартуулап кайттык", - дейт продюсер. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, Назгүл айым 11 жылдан бери абактагы айымдардын мыктысын тандап келүүдө.


Ырчы Аваз Акимов
Ошто гастролдоп жүрөт
Таланттуу ырчы Аваз Акимов бир жагынан устаты, бир жагынан атасы болуп калган Сыймык Бейшекеев менен биргеликте түштүк жергесин кыдырып, гастролдоп жүрүшкөн учуру. Токтогул жергесинен башталган бул концерт 6-7-8-март күндөрү Ош калаабызда аншлаг менен өтүп жатат. Ырчынын айтымында ,элдер аябай көп келип кайрадан суранышып жаткандыктан, дагы эки күнгө узартып жатабыз",- дейт Аваз Акимов. Тактап айтканда, 9-10-март күндөрү дагы концерт уланмакчы.


Ырчы Айпери Кубик кызы:
"Эки клип тарттырдым"
Суйкайган сулуу Айпери Кубик кызы "Кусалык" жана "Шок кыз" деген аталыштагы эки жаңы клипин жарыкка чыгарды. Атасы кызынын бардык клиптерин каржылап берип, Айпериге чоң колдоо көрсөтүп жаткан учуру. Мындан тышкары, атасы Кубик Калыков жана жаш ырчы Дархан менен чогуу Баткен,Ош, Жалал-Абад областтарына 18- марттан 2-апрелге чейин гастролго аттанайын деп пландап жаткан учуру.

Келсин Мурадил кызы




  Обологон обон

"Минтип жашым 11 жаштан өткөндө…"
Элдин эсинде калган обондор: "Издейм сени арасынан элдердин", "Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба", "Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт". Бул обондордун авторлору тарыхта өчпөс из калтырышты. Ушундай "түбөлүктүү обон" жаратыш канчалаган талант менен эмгекти талап кылат бейм. Классикалык обон жаратышты максат кылган азыркы замандын обончусу Руслан Нарынбаевдин сыйкыр авазына сапар тарттык.

Обончу Руслан Нарынбаев:
Мен Токтогулдун Терек-Суу айылында 1982-жылы 30-майда туулганмын. Легендарлуу обончу Асанкалый Керимбаев ырдаганымды байкап, концерттерине ээрчитип алып жүрдү. Негизи, менин чыгармачылыкка аралашып калышыма Роза Аманова чоң түрткү берди. Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын 2 жылдык студиясына тапшыртып, келечекте обончу болушума чоң салым кошту. Бир күнү аттуу-баштуу төкмө акындар: Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, обончу Асанкалый Керимбаев, ырчы Роза Аманова келип концерт коюп калышты. "Айылыңарда таланттуу балдар барбы?"-деп сурашты. Мен чыгып, Жанышбек Кочкоровдун "Өмүр дайрасын":"Минтип жашым 11 жаштан өткөндө"-деп ырдасам, артисттер боору эзилгиче күлүштү.
- Окуп жүргөндө сизди тажаткан сабактар?
- Мага "Сольфеджио" деген сабак такыр жакчу эмес. Анан күндө эрте менен бийлеткен "Сахналык кыймыл"( хореография) сабагына баргым келбейт эле. Балдардан бою эң кичинеси мен болгондуктан, алардын артынан чуркап, эптеп-септеп сабакка катышчумун. Кыздардан кичинекей бойлуу Айзада Касымалиева деген кыз менен бийлечүмүн.
- Ааламга жол балалыктан башталат дегендей, бала кезде эле ыр жандуу белеңиз?
- Ыр дүйнөсүнө аралашканыма атам түрткү болду, себеби, атам кол ойноткон таланттуу комузчу. Бала чагымда атамды туурап комуз чертем деп, шыпыргыны кармап алып берилип ойночумун. 10 жашымда "Торгоюм" деген ыр аябай катуу чыккан. Ошол ырды жаттап алып, шыпыргы менен ырдачумун. Кошуналар: "Ушул балаң чоңойгондо ырчы болот" -дешсе, үйдөгүлөр: "Койчу, ушул томпойгон балабыздан кайдагы ырчы чыкмак эле?" -деп күлүшчү.
- "Кусалык" деген ырдын сөзү Майрамбек Осмоновдуку, ал эми обону сизге таандык. Майрамбек мырза ырдын обонуна кандай көз-карашта?
- Майрамбек Осмоновдун "Арман" аттуу ырын мен "Кусалык" деп өзгөртүп алып, башка обон чыгаргам. Биринчи, обондун кайрыктары чыккан. Анан жалпы обон даяр болуп, өзүнө ылайык ырдын текстин издей баштадым. Майрамбек Осмоновдун ыры, мен чыгарган обонго шайкеш келип калды. Анын макулдугу менен ырдын обону жаралды.
- Өзүңүз обонго текст да жазасызбы?
- Айнура Салахидинова ырдап жүргөн "Бейтааныш жигит" деген ырдын сөзү, обону меники. Негизи, бул ыр кызга арналып чыккан. Өзүнө ылайыктатып, кыз деген жерин жигит деп өзгөртүп алды.
- Азыр хит болуп жаткан, Фархад ырдаган "Кайдагы сүйүү" аттуу ырдын обону кандайча жаралып калган?
- Обон-айтып келбеген, көөдөнүңдү жара тээп чыккан эргүү. Обондорумдун көпчүлүгүнүн алгач кайрыктары келет оюма, анан бүтүн обон жаралат. Көбүнчө, комузду чертип атканда, обон келет. Мисалы: "Кусалык" аттуу ырдын обонун көчөдө кыңылдап баратып эле чыгардым. Өзүм жөө басканды жакшы көрөм, чыгармачылыгымдагы моокум кандырган обондор ошол убакта жаралгандай сезилет.
- Сиз ырдап жүргөн "Жоодураган көздөрүң,ай,жоодураган" деген ырды, байкашымча, мурун уккансыганмын. Сиз кандайча ырдап калдыңыз?
- Мен бул ырды ким аткарганын билбейм, же Туташбаев бекен, бул ыр жагып ырдап калдым. Мен кооздоп койгонум болбосо, обону ошондой эле, үчүнчү сабын кошуп койгом:
Аңкып жытың алыстан гүл жыттанат,
Алдап карап, көздөрүң ала качат.
Асмандагы ай менен сүйлөшкөнсүп,
Махабаттын нурларын сага чачат.
А сен болсо кара көз бир сулуусуң,
Жоодураган көздөрүң, ай, жоодураган.
- Обондору жанга жагым инсандын көмүскөдөгү жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жаркылдаган келинчегим Гүлбарчындын кесиби-мугалим. Кызгалдактай кыздарым: Сирена, Роза, мойтоңдогон уулум Байсал. Ооруңду колдон, жеңилиңди жерден алган аялзаты экен. Менин чыгармачылыгымды түшүнүп, бардык жактан колдоп келген келинчегиме терең ыраазычылыгымды билдирем.
- Сиздин оюңузча, элдин жүрөгүндө жашай турган обон кандай жаралыш керек?
- Айтылуу обончу Асанкалый Керимбаевдин жанында жүрүп, ушундай улуу инсандын чыгармачылыгынын жугуму болдубу деп да ойлоп кетем. Андан соң Сыймык Бейшекеев менен да иштешип калдым, менин устатым сыяктуу болуп калды. Обондорумдун айрым кайрыктары Сыймык мырзанын ырларына окшошуп кетет. Бүгүн ырдалып, эртең унутта калган жеңил кайрыктарга ыктабай, классикага айланган түбөлүк обон калтырсам деп эсептейм.
Динара Асылбекова