Чыр дөбө

"Эл сөзү" гезитинин чыры, же 100 миң сомду ким төлөйт?!
"Эл сөзү" гезитинин кожоюну Баялы Калманбетов менен Сагынбек Момбеков экөө келишим түзүп, Баялы Калманбетов каза болгондон кийин, Сагын Момбеков гезитке убактылуу кожоюн болуп гезитти чыгарып жүргөн. Келишимдин негизинде гезитти Ырыскелди Момбековго өткөрүп берип, убактылуу Ырыскелди Момбеков чыгарып турган. Ошол маалда бир чыр материал чыгып, ошол чырдын аягы тыйылбай, Баялынын балдарына 100 миң сом төлөйсүңөр деген кагаз барыптыр. Баласы эмне кыларын билбей, чырылдап, биздин редакцияга жардам сурап баш бакканынан, "Эл сөзүнүн" редакциясына барып, Сагынбек Момбековдун өз оозунан интервью алдык.


- Убактылуу кожоюндукту сизге ким берди?
- Жети жылдан бери иштеп жатам да. Мен жети жылдык түзгөн келишимдин негизинде иш алып барып жатам.
- 100 миң сомдун башкы чыры эмнеден улам чыкты?
- Бир кызды үч милиция зордуктап кетишет. Милициянын машинеси "Лексус" экен. Анан ал милициялардын машинесине окшоштуруп, Ысык-Атанын Туз айылындагы жашы элүүдөн ашып калган кишини салып кетишет. Инфаркт болгон жарым жан киши экен. Ал кебетеси менен тиги кызды зордуктамак турсун, өзүнүн аялына да жарай албайт. Аны 7-8 ай камап коёт. Тиги киши ысыкта акактап, жүрөгү кармап камалып жатат. Кыз эркектерден өч алышым керек деп, арызын албайт. Ал кишини актоого чоң адвокаттар катышат. Ал аңгыча эле революция болуп кетет. Анан, акталып Туз айылынын тургунун алып чыгышат. Ошол убактагы иликтөөгө кыз такыр келбей коёт. Биздин Гүлмира деген кабарчы кызыбыз, тиги кыздын атын өзгөртпөстөн гезитке берип жибериптир. Биз аны билбейбиз. Мен ал убакта Ырыскелди Момбековго арендага берген болчумун. Мен кайра ишке келгенден кийин, ушул иш козголуп калды.
- Кайсы материал, качан чыкты?
- Материалды мен билбейм. Арендага бергенден кийин менин ишим жок да. Ырыскелди Момбековго мен кечээ бардым. Ал мойнуна алды. Эгер соттошо берсе, мен тил кат берем. Алып кел мага деди. Анан мурунку кожоюну Баялы Калманбетовдун адресине барып жатпайбы. Буларга деле, сот ишин ошол жакка которуп койгондой болуп атат. Мына ошондуктан, аны ошол жети жылга арендага алган мен, мыйзамдуу түрдө жооп берем.
- Гезитти мыйзамдуу түрдө арендага алдыңыз беле?
- Ооба, баары мыйзамдын негизинде болгон. Анан, мен жооп беришим керек.
Акин Токталиев,
Сагынбек Момбековдун адвокаты:
- Мен баарын айтып берейин. Оңой эле кутулат экен. Баялынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү бар. Ошону көргөзсүн. Тиги гезиттин ээси өтүп кеткен. Буйрук өтө электе келишим түзүлгөн. Мен аны көргөм. Жети жылга чейин сен кожоюнусуң (Сагынбек байкени айтып жатат). Келишим түзгөн эки адамдын бири каза болуп калса, келишим ошол боюнча кала берет. Келишим убактылуу гана. Мураскерлери нотариуска бериш керек. Биз ушундай оокаттын ээси болобуз, бизге өткөрүп бергиле дейт. Ошондо, баары мыйзамдын негизинде болот.
- Гезит жумасына эки жолу чыгып жатты. Ошондон түшкөн акчалардын баарын кайсы жакка жумшап жаттыңыз?
- Чыгашанын үстүндө эле иштеп келе жатам.
Ошол жерде келишимде түшкөн акчаны тең бөлүшөбүз деген пункту жок болчу. Гезит Сагындыкка өткөндөн кийин, гезиттин атын чыгарсын деп Ырыскелдиге берип койду. Ырыскелди гезитти эмне кылышты өзү билет. Экинчи четинен мураскерлери Сагынбекке шарт койгон эмес. Тууган арасында оозеки келишкенин биле алган жокмун.
- Анда гезитке келген юридикалык чыгымдарды Баялы байкенин балдары төлөп, келген киреше Сагынбек байкенин чөнтөгүнө түшөт турбайбы?
- Жок, андай эмес. Гезиттин келишими кимге өтсө, ошол киши жооп берет.
- Сагынбек байке, гезитти өзүңүзгө күбөлөндүрүп алсаңыз болбойбу?
Ушул жерден Сагынбек байкенин адвокаты Акин Токталиев: Сагынбек жооп бере албайт. Мен жооп беришим керек, юридикалык жактан бул суроого башы жетпейт,- деди.
Гезитти алыш үчүн балдары мураскер болуш керек. Биринчи юридикалык негизде өзүнө алгандан кийин анан Сагынбекке күбөлөндүргөнгө болот.
- Быйыл деле өткөрүп коём. Гезит өзүн-өзү актап кеткен чыгашаны жапса, өзүмдүн наамыма өткөрөм.
- Гезиттен түшкөн кирешелерди кайда жумшап жатасыз?
- Гезиттен киреше деле түшпөйт.
- Сагынбек байке, бул иш тууралуу туугандарыңыз билеби?
- Ооба.
- Жеңеден да бир-эки ооз сурап койсом болот турбайбы, анда?
- Ооба, болот. Барып алып келгиле деп атып эле... (Эгер аялыма бара турган болсоңор, жазган тил катты тытып салам, мен ага өзүм жооп берем деп, өңү өзгөрүп кетти).
- Гезит өзүн-өзү актабаса, эмнеге жаап салган жоксуз?
- "Эл сөзү" гезити элдин каалоосун аткарып атат. Бийликтин элге кылып аткан кыянаттыгын ачык жазып атабыз. А муну менен эч нерсе төлөнбөйт. Башка саясий гезиттерге окшоп коммерциялык эмес да. Алар өзүн актайт. Мен элимдин эски патриоту катары, элге болуп жаткан чындыкты чындай жеткиришим керек. Бекер иштесем да, жардам берип калайын деген тилек. Ошого акча каражаты керек экен.
- А шайлоо учурунда Атамбаевге иштеп жатканда, ал киши акча төлөгөн жокпу?
- Ал убакта Ырыскелди иштетип жаткан. Бензинге анча-мынча берчү.
P.S. Интервьюнун аягында болгон чыгымдарды өз мойнума алам деген тил катты бөлөсү Баялы байкенин баласынын колуна карматты.




  Жаңылыктар

7-кабаттан өз баласын ыргытып...
Россиянын Новосибирск облусунда Кыргызстандын жараны жаңы төрөгөн наристесин 7-кабаттан ыргытып жиберген. Кылмышкер аталган эне сөрөй 3 жылга эркинен ажыратылды.
Бул жасаган кылмышты иликтеген жергиликтүү милициянын айтуусунда, кармалган аял туугандарынан кош бойлуу экенин жаап-жашырыштын максатында кылмыш кылып отурат. Эксперттердин текшерүүсүнүн негизинде, аялдын психикалык жактан жабыркагандыгы далилденди.

Коалиция кыйрайбы?
6-мартта АКИпресс маалымдагандай парламентте "алда-канча туруктуу" коалиция түзүү маселесин "Ата Журттагылар": Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Марат Султанов жана "Ата Мекенден" Равшан Жээнбеков козгоп чыгышты.
"Ата Журт" фракциясынын ичиндеги дээрлик депутаттар мындай жагдайда коалициядан чыгууну көздөп жатышат. Ал эми кайчы пикирлеш көз-караштагы спикер Ахматбек Келдибеков каршылыгын билгизди. Өкмөткө экономиканы көтөрүүнү, элдин жашоосун жакырчылыктан алып чыгуусун, мугалим жана медиктердин маянасын жогорулатуунун зарылчылыгы бар экендигин ортого салды.

Коалицияга саналуу эле күндөр калдыбы?
Кыргызстандын өкмөтүн декабрь айынан бери "Социал-демократтар", "Ата Журт" жана "Республика" партиясынан куралган коалиция башкарып келатат. Жакында бул коалициянын куралганына жүз күн болот. Бул аралыкта коалицияга карата катуу сындар да, колдогон пикирлер да айтылып келүүдө. Ал эми Өмүрбек Бабанов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айткан сын-пикирлерин өкмөттүк коалицияны бузуу аракети катары баалоодо.
Апта ортосунда парламенттеги оппозициялык күчтөрдүн катарында турган "Ата Мекен" фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаев Биринчи вице-премьер-министр, "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановду жана ошол партиянын артынан кызматка дайындалган Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаевди мурдагы бийликтин коррупциялык иштерине аралашкан деген кине койгон. Андыктан, моралдык жоопкерчиликти сезип кызматтан кетүүгө да чакырган. Мындай дооматты Өмүрбек Бабанов коалициялык өкмөттү кулатуу аракети деп баалады:
- Бул эч кандай деле жаңылык эмес, бул -Өмүрбек Чиркешовичтин кезектеги эмоциясы. Мунун түп-тамырында эмне жатат? Мунун түп- тамырында коалицияны бузуу турат.

Президент Эсептөө палатасынын аудиторлугуна 3 талапкерди көрсөтүүдө
- Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева Эсептөө палатасынын аудиторлугуна төрт талапкер көрсөттү деген маалыматты таркаткандыгына байланыштуу КР Президентинин пресс-кызматы мындай маалыматтын чындыкка дал келбей тургандыгын белгилейт. Мамлекет башчысы Эсептөө палатасынын аудиторлугуна төмөнкү талапкерлерди гана көрсөткөн:
1. Султанбек Жамынчиев
2. Сабырбек Молдокулов
3. Гүлжан Эгимбаева




  Дүйнө жаңылыктары

Мурунку Президент Жак Ширак сот алдында жооп берет
Франциянын мурдагы Президенти Жак Ширактын сот алдында жооп бериши күтүлүүдө. 78 жаштагы саясатчыга мурда Париж шаарынын акими кезинде өкмөттүк каражатты көз будамайлап, партиялык максатты көздөп короткон деген доо коюлууда. Ширак мырза бул доону четке кагып келет. Жак Ширак бул долбоорду өзүнө жуутпай, төгүнгө чыгарып келет.
Буга чейин , Анри Филипп Петенди (1856-1951)эске албаганда, эч бир француз мамлекет башчысына каршы иш козголгон эмес. Ал эми Анри Петен болсо Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлердик Германия менен кызматташкан "Виши өкмөтүн" жетектегендиги үчүн 1945-жылы Франциянын Жогорку соту тарабынан өлүм жазасына кесилген. Бирок Франциянын убактылуу өкмөтүн жетектеген Шарл де Голл ошол 1945-жылы 17-августа 89 жаштагы маршал Петендин жазасын жумшартып, өмүр бою абакта отуруу жазасына алмашты.
Жак Ширакка келсек, ага каршы доочу болгон тарап өз доосун алып салганына карабастан, сот иштери башталары күтүлүүдө.

Ливия: Завия шаары үчүн согуш жүрүүдө
Ливияда Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр өлкөнүн түндүк-батышындагы көтөрүлүшчүлөр колундагы Завия шаарын курчоого алды.
Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен козголоңчулар ортосунда Завия шаарында "өлүмгө-өлүм, канга-кан" деген уруш жүрүүдө. Би-Би-Си 5-мартта Завиянын борбордук бөлүгүнө Ливиянын аба күчтөрү жана артиллериясы дембе-дем сокку урганын билдирди. Анти-өкмөттүк күчтөр да, полковник Каддафинин аскерлери да шаар алардын колунда экенин ырасташууда. Жергиликтүү тургундардын айтышынча, бейшембиден бери жүрүп жаткан согушта кеминде 30 кишинин каны төгүлгөн.
Завиядагы көтөрүлүшчүлөрдүн басма сөз өкүлү Юсуф Сагандын маалымдашынча, Каддафиге караштуу аскерлер шаарга ишемби күнү таң агарып келатканда танкалардын коштоосунда жүздөгөн аскерлер чабуул койгон. Бу тушта артиллерия даватчылар тарапты тынбай аткылап турган. "Биз Каддафинин күчтөрүнүн мизин кайтардык. Шаардын борбордук аянтына бизди колдогон эл чогулду", -деп билдирди Ройтерс агенттигине Юсуф Саган ишемби күнү бешимде. Анын айтымында, козголоңчулар бир жарым сааттык согушта эки танкты жана үч чопкутталган аскер машинесин колго түшүргөн.

Маалымат интернет булактарынан алынды.