Кумир менен баарлашуу

"ЮРИСТТЕР":
"Жылдыз оорусу менен дагы деле ооруйбуз"
- Аткарган тамашаңардын эң негизги идеясы кимге таандык?
Жибек:
- Чын жүрөгү менен команда үчүн күйгөн бизде экөө бар. Алар - көбүнчө тамашалардын авторлору. Алар - Куба менен Нургазы. Булар идеяны ойлоп табышат, а биз өзүбүздүн жөндөмдүүлүгүбүзгө жараша аткарганга аракет кылабыз. Куба кантип жакшы аткарганды үйрөтөт, Нургазы туура сүйлөгөндү айтып турат. Командадагы ынтымакты сактап турган да Нургазы. Мен кыргызча сүйлөй албайм, кыргызча сөздөрдү Нургазы жазып берип жаттатат. Мен кээде жаттай албай, жиним келип жатса да, Нургазы эч качан бакырбай, акырын, туура түшүндүргөнгө аракет кылып турат. Ушул эки жигит бар үчүн биздин команда көптөгөн ийгиликтерге жетишип, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жатат деп эсептейм.
- Мындай талант силерге кимден калган?
Нургазы:
- Балким, кошунадан калган. Атам менен апам чыгармачылыкка жакын эмес адамдар. Талантты өнүктүрсө болот деп ойлойм. Таң кала беришет: "Сен кимден төрөлгөнсүң?"-деп. Негизи, мен атама окшошмун. Бирок атам жоош адам болгон. Ыр-бийге такыр шыгы жок болчу. Кичинекейимде сахнага чыгууну кыялданчумун. Аракеттенип жатып, аракеттин арты берекет болду. Дагы кошумчалай кетчү нерсе, талантты мен класстан тапкам, классташымдын аты Талант.
Куба:
- Ата-энем экөө тең жакшы ырдайт. Бирок өтө тамашакөй адамдар деп айта албайм. Жок талантты көп эмгектенсең өнүктүрсө болот. Ар бир адамда өзүнө тиешелүү кичине болсо дагы талант болот. Мисалы, биздеги Таластыктын ролун башка бирөөгө ойнотсоң, эч убакта ушундай кылып аткара албайт. Кубатбектей болуп эч ким: "Менин эки үйүм бар, эки машинам бар",- деп эч убакта мактана албайт. Дайыма эле "не в тему" нерселерди айтканы үчүн муну жакшы көргөн күйөрмандары да бар.
Кубатбек:
- Менин талантым университетке тапшыргандан бери ачыла баштады. 1-курстан баштап КВНде ойной баштадым. Эрмек Нурбаев, Нургазы менен таанышканда, тамашаны кандай ойногонду ийне-жибине чейин үйрөтүштү. Нургазы менин мугалимим десем жаңылышпайм.
Айбек:
- Буга чейин КВНге кызыкчу эмесмин. "ТамаШОУну" көрүп кызыгып кеттим. "Юристтер" командасында бир жылдан бери ойноп келе жатам. Башында булардын ди-джейи болчумун, музыкаларын койчумун. 3-сезондон баштап оюнчу болуп кошулдум. Мен өзүмдү таланттуумун деп айта албайм. Азыр таланттуу болгонго кичинеден аракет кыла баштадым.
Жибек:
- Мага талант апамдан өткөн. Апам дагы мектепте КВНде ойночу экен.
Бакай:
- Уктап жатсам, түшүмө Нургазы байке кирип: "Уятың жок экен, "ТамаШОУга" катыш, биздин командага кел"- деген, анан ошентип таланттуу болуп калдым. Атам аябай тамашакөй, ошондуктан, атамдан өтсө керек.
- Аябай сонун бийлейсиңер, кайдан үйрөндүңөр эле?
Нургазы:
- Командада биздин хореографыбыз бар. Ал-өзүңөр билгендей Куба. Бул жигит ыр-бийге көп кызыккандыктан, бийди ушул жигит ойлоп табат. Ал эми Жибек-профессионалдуу бийчи, бул бийлегенде Атай Өмүрзаков "эс алат". Куба менен Жибек заманбап кыймылдарды бизге үйрөтүшөт.
- Куба, "ырчы болом" деп жатпайсыңбы, "ТамаШОУну" бирге алып кетесиңби?
- Ой, аны сенден башка эч ким деле билбейт. Балдар менен отурганда "ырчы болот" деген жөн эле чыгып кеткен. "ТамаШОУда" ойногон командалар бири-бирибиз менен атаандаш болсок да, эс алганда бир туугандай чогуу болобуз. "Жигиттерден" Азамат, "Чезден" Урмат жакшы ырдайт. Бир жолу тамашалап: "Жигиттерден турган топ түзбөйлүбү?" -деп айтып калдык. Анан ал элге тарап кетиптир. Эгер тузүп калсак, мен кубанычта эле болмокмун. Бирок, мен үчүн эң биринчи орунда "ТамаШОУ".
- Силер үчүн жашоонун маңызы эмнеде?
Куба:
- Кубатбек үчүн жашоонун маңызы "одноклассникте". Кубатбек, өчүр, эй, сотканы. Кубатбекке сулуу кыз, карьера, "одноклассники" десең, дароо эле үчүнчүсүн тандайт.
Бакай:
- Акылдуу кыз таап, жакшы үй-бүлө куруп, каалаган жумушуңа орношуп, жакындарың аман болсо, ошол жашоонун маңызы деп эсептейм.
Жибек:
- Жашоонун маңызы деп-кылган эмгегим менен артымда изимди калтырууну түшүнөм. Кыргызстан кичинекей мамлекет болсо дагы, Кыргызстанда таланттуулар абдан көп экенин далилдегим келет. Мисалы, чет өлкөгө барып, Кыргызстандын атынан КВНде ойноп, желегин бийик желбиретсем деген тилегим бар.
Нургазы:
- Мен үчүн жашоонун маңызы бул- тамак. Тамак ичсем эле болду. Негизи, мен эми философ эмесмин, ошентсе дагы жашоонун маңызы, жакшы үй-бүлө күтүп, бактылуу болушуңда деп ойлойм. Жашоодо из калтыргым келет. Ошондуктан, огородумда бир жерди басып койгом, из калтырып, үстүн жаап койгом. Кийин "Бул Нургазыдан калган из" дешсин деп.
- Нургазы менен Жибек кыз-жигитпи?
Куба:
- Нургазы менен Жибек бири-бирине ушунчалык сонун түгөй болот. Бирок, биз баарыбыз жөн гана досторбуз. Нургазы экөөбүз деле түгөй болуп калабыз, ал мага көптөн бери жагып жүрөт деп койбоюмбу. Жиканы биз карындашыбыз катары аябай жакшы көрөбүз.
- Кайсы жердин кулуну болосуңар?
Нургазы:
- Негизи, биз Кыргызстандыкпыз. Ушул суроону көп беришет. Биз ар кайсы областтан чогулганбыз. Эң негизгиси - кыргызбыз.
- Кыз менен жигиттин ортосунда достук болушу мүмкүнбү?
Кубатбек:
- Мен Жика менен аябай жакшы досмун. Сырдашабыз, дайым бири-бирибизди колдоп турабыз. Анын өзүнүн "сүйүү жигити" бар. Менин дагы сүйгөн кызым бар болушу мүмкүн. Азырынча биз дос элебиз.
Куба:
- Менин дос кыздарым бар. Алар дос бойдон эле. Чектен ашышпайт. Себеби, менин аялым, эки балам бар. Тамаша. Экөөнүн ортосунда достук болуп, сүйүүгө айланып кетиши толук ыктымал.
- Ыңгайсыз учурлар болду беле?
Нургазы:
- Бир кыз менен телефондон таанышып, аябай жакшы сүйлөшүп, жакын болуп кеткенбиз. Анан жолугушалы деп кездешүүгө чакырсам келди. Өзүм кичинекей, арыкмын го. Бою да менден узун, өзү да менден чоң экен, жанында баласы болуп калат экенмин. Ага ыңгайсыз болдубу, билбейм. Бирок мен ошондо өзүмдү өтө ыңгайсыз сезгем. Анан экөөбүз дос бойдон калдык.
Кубатбек:
- Мени дагы көбүнчө Куба деп коюшат. Бир жолу кыздар чалып: "Юристтердеги" Кубасыңбы?" - дешти. "Ооба" деп алар менен сүйлөштүм. Бир-эки жума телефондон жакшы сүйлөшкөндөн кийин, "жолукпайлыбы?" деп калышты. Барсам, мени көрүп алышып: "Сен башка турбайсыңбы, биз сени бою узун Куба деп ойлоптурбуз",- дешти. Аябай ыңгайсыз болгом.
Куба:
- Бир жолу бир кыз чалып: "Сиз менен жолуккум келип жатат" -деди, барсам ал кыз эмес эле эркек экен.
- Нургазы менен Куба эмнеге уят сөздөрдү көп колдоносуңар?
Нургазы:
- Шаарда өсүп калгандыктан, балким, андай нерсе мен үчүн уят деле эмес болуш керек. Биз жашоодогу болгон нерсени колдонгонго аракет кылабыз. Эң негизгиси, биз сөгүнгөндү кошпойбуз. Балким, орусча КВНде ойноп калгандыктан, бул нерсени кадимкидей эле кабыл алып калганбыз. Биздин менталитетке мындайлар анча жарашпагандыктан, мындан кийин антпеш керек экендигин эми билип жүрөбүз.
Куба:
- Биз жалаң орусча КВНде ойноп, кыргызчага анча көнө албай башында кыйналганбыз. Азыр ,буюрса, көнүп келе жатабыз. Себеби, орустар мындай нерседен эч нерсе деле издешпейт. Туура эле түшүнүшөт.
- Командаңарда ким кандай сапатка ээ?
Куба:
- Жибек эрке, Айбек жоош, Бакай жаңы келген, Кубатбек Таластык, мен эмоционалдуумун, ал эми Нургазы сабырдуу, акылдуу, ошон үчүн капитан да.
- Жылдыз оорусу менен ооруп көрдүңөр беле?
Нургазы:
- Дагы деле ооруйбуз. Тамаша, албетте.
Куба:
- Биз жылдыз оорусу менен оорубайбыз. Себеби, биз менен башка адамдар деле бирдей эле. Дагы бир айта кетчү нерсе, агентте отуруп калсам, толтура күйөрманым кат жазат, аларга жооп бергенге кээде жетишпей калсам, "Ой, сен "жылдызняк" болуп кеткенсиң да" деп айтышат. Ал жакка жумушуң менен кирип каласың дегендей, ошондуктан, бизге таарынбаңыздар, биз "жылдызняк" болуп кеткен жокпуз деп айтмакчымын.
- Кандай кыздар жагат, кандай кыздардан "аллергияңар" бар?
Нургазы:
- Аллергиясы бар кыздардан аллергиям бар (тамаша). Кызга окшогон кыздар жагат. Жөнөкөйлүк, жоопкерчилик, назиктик ,албетте, болуш керек. Эркекке окшош муруту бар кыздар жакпайт.
Айбек:
- Адамгерчиликтүү, анан "аяй" бийкечтерди жактырам, тамеки чеккен, арак ичкен селкилер көбөйүп кетпедиби, алардан качканга аракет кылам.
Кубатбек:
- Көп баскан, көп сейилдеген кыздарды жаман көрөм.
Нургазы:
- Анан эмне жүрөсүң алар менен?
Кубатбек:
- Жүрө бересиң да, анын эмнеси бар экен?
Жибек:
- Келечекке жакшы максаттарды коюп, ошого жеткенге умтулган, акылдуу жигиттер жагат. Жашы мен үчүн маанилүү эмес. Бардар турмушта жашаган болсо андан да жакшы болот. Менин жигитим ушул сапаттардын баарына ээ. Учурда Москвада окуйт. Корс балдар жакпайт. Сөз берип, аны аткарбаган жигиттерди жигит катары эсептебейм.
Куба:
- Мен ушул теманын тегерегинде абдан көп ойлонгом. Анткени, мен ар кандай кыздар менен сүйлөшүп көргөм. Кыз-жигит да болуп жүргөнбүз. Эң негизгиси, акылдуулук болуш керек экен. Акылдуу кыз адамгерчиликтүү да болот. Акылы менен бардык нерсени жайгарат. Ден соолугу чың болсо да жакшы болот, себеби, көп бала төрөп берет да. Ал эми олдоксон кыздардан аллергиям бар. Жүдөгөн кыздарды көргөндө итиркейим келе берет.
P.S. "Юристтер" ар бир күйөрманын 8-марты менен куттуктап, бирден открытка беришти. Накуля аттуу көп СМС жазган окурманга белегин таштап кетишти. Редакцияга келип алып кетиңиз.
Айзирек Келдибаева