Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Күүгүм кечте сыр маек

Назира мамбетова:
"Аны жеңил ойлуу аял катары эсептебейм"
"Ак-Кемедеги" Орозкулдан токмок жеген Бекейди кимдер билбейт. Кандай образ берилбесин, ошону майын чыгара жеткире аткарган актриса эмеспи. Мейли сахнада болобу, мейли тасмада болобу, өзүнүн кейипкеринин жашоосуна биротоло сүңгүп кирип, элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө эсте калган образдардын эгедери КРнын Эл артисти Назира Мамбетованын чыгармачылык чыйыр жолуна саякатка чыктык.

- Белгилүү режиссёр Алмаз Сарлыкбеков: "Бакен эженин дал өзү болуп калдың", - деп сизге чочугандай айтканын бир гезиттен окуп калдым. Өзүңүз ушул ролду кандай кабыл алдыңыз?
- Бакен Кыдыкеева жөнүндө режиссёр Алмаз Сарлыкбеков "Талант жана тагдыр" аттуу спектаклин 2004-жылы койгон. Бакен эженин ролун мен ачып бергем. Спектакль бүтөр соң, Алмаз жаныма келип: "Ой, кудай ай, астафуралла, -деп чочуп калды. Мен таңыркай: "Ой, Алмаз, сага эмне болду?"- десем, ал: "Бакен эжеге аябай окшоп кеттиң, актрисанын куюп койгондой окшоштуктарын мен биринчи жолу жолуктуруп атам",- деп таң калды. Өзүм Бакен эжеге анчейин окшош эмесмин да, бир-эки ай тырышып иштеп, окшошконго бүт күчүмдү жумшагам. Биз көрүп жүргөн үчүн Бакен эженин элеси сакталуу да, ошол күндөрдү эстеп, ролду жеңилдеттирип алдым.
- Качан сизге наамдарды ыйгарышты?
- Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти деген наамды, Москвадагы театралдык институтту бүтүп келип, 10 жыл иштеген соң, 1978- жылы алдым. Ал эми КРнын Эл артисти деген наамын 1992- жылы алгам.
- Мосфильм тарткан "Санниковдун жери" тасмасына кандайча тартылып калдыңыз?
- Ал убакта мен Москвада 5-курста окуйт болчумун. Бизге келип режиссёр Альберт Мкртчян жана оператор Михаил Коропцов азиат улутундагы кыздар керек деп, кыздардын ичинен жалгыз мени киносынактан тандап алышкан. Ошол тасмада Гошар аттуу баш каармандын ролун жараткам. В. Федосеев, В. Дворжецкий, Г. Вицин, Олег Даль, шамандын ролун аткарган бийчи Махмуд Эсембаев, ушул чоң актёрлор менен тартылганыма сыймыктанам.
- Тасмадагы алгачкы ролуңуз турбайбы?
- Жок, мен алгачкы ролду 3-курста окуп жүргөндө, дүйнөгө таанымал грузин режиссёрунун "Боз торгой мында жашаган" тасмасына мага бир эпизодду сунуштап, ошондо аткаргам. Бир жылдан кийин экинчи ролум "Мен Тянь- Шань" тасмасында Кадичанын образын жараткам.
- "Мен Тянь- Шань"тасмасы Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылганын жакшы билем. Кадичанын образын өзүңүздүн көңүлүңүзгө жаккыдай кылып өзгөртүп алгандай сезилесиз?
- Алгачкы "Ашуу" деген аталыштагы тасмада Кадичанын ролун Бакен эже аткарыптыр. Мага балалык көз-караш менен алып караганда, Бакен эженин деңгээлинде аткара аламбы деген ой келбептир. Мен режиссёр Ирина Ивановнага айттым да: "Менин каарманым Кадича деле өз бактысы үчүн күрөшүп атпайбы, ал дагы өз бактысын тапкысы келет да",- дедим. Дегеним Кадичаны терс каарман кылып көрсөткүм келген жок. Аны жеңил ойлуу аял катары эсептебейм. Себеби, ал да бактылуу болгусу келет. Турмушу болбой ажырашып кетсе да, Ильяска жолукканда, чыныгы аялзаттык бакытты сезди. Кантсе да, Ильяс Аселге Кадичадан кийин жолуккан да.
- Эгер ошондогу Ильяс, Асел, Кадичанын азыркы мезгилин тартабыз деп режиссёрлордон сунуш түшсө, аткарат белеңиздер?
- Кызык экен, андай сунуш түшсө, билбейм кандай кылабыз. Анда башкача ойнойт болушубуз керек. Ал убакта жаш болчубуз да, мен 22 жашымда күйөөдөн чыккан аялдын образын аткаргам. Азыр баштан эмнелер гана өтпөдү, 63 жашка келгичекти эмнелерди гана көрбөдүм. Азыр жашоого башкача көз карашта карап калдым.
- "Ак- Кемедеги" Бекейди аткарган Назира Мамбетова десе ишенген эмесмин. Чынын айтсам, ай чырайлуу актриса кантип аткарсын дечүмүн?
- Ар бир иштин түйшүгү бар, ошон үчүн оңой болбойт. Ар бир актёрдун өзүнүн ыкмасы бар. Режиссёр Болот Шамшиев мага Бекейдин ролун ишенип берип атабы, мен анын ишеничин акташым керек. Айтматов чыгарманын автору, Шамшиев тасманын автору, мен образдын автору болушум керек. Ошолор берген тапшырманы өтөсүнө чыгарып иштешим керек, бул оңойго турбайт. Асанкул Куттубаев, Сабира Күмүшалиева, Орозбек Кутманалиев-алар да өз учурунун корифейлери болгон. Алардын арасында Чоро, Айтурган үчөөбүз эле жүрбөдүкпү.
- Роза Аманованын "Ооган ыйы" клибинде эненин ролун маңызына жеткире ачып бергенсиз. Роза эже да кимге кайрылышты билгендей?
- Бул клип эки жолу тартылган, биринчисин Сагын Ниязалиева тарткан, экинчисин болсо үйрөнчүк балдар тарткан. Оогандагы каза болуп калган баланын энесинин күйүтү, жалпы ошондогу кан жутуп отуруп калган энелердин азабын ачып бериш менин милдетим болчу. Профессионал балдар болбогондон кийин, көп нерселерге өзүм айтып үйрөтүп аттым. Клип даяр болгондо Роза мага чалып калды: "Ой, эже, жөнөкөй варианты эле элге тарап кетти, оригиналын көрсөңүз андан шумдук"- десе, мен: "Капырай, кандай тартылып калдым экен",- деп чочудум. Көрсө, мени мыкты аткарыпсыз,- деп Роза ыраазычылыгын билдирип атыптыр.
- Кыргызстанда өткөн жылы кооптуу жыл болгонун жакшы билебиз. 7-апрелдеги, Ош окуясындагы коогалаңды режиссёрлор тасмага түшүрсө, анан эненин ролун аткарып бериңиз- деп сунушташса, макул болосузбу?
- Азыркы тасмаларды тартып аткандар көпчүлүгү өз кесибинин профессионалдары эмес. Алар мага эч кайрылышпайт, анткени, менин тартылбашымды жакшы билишет. Андай тасмаларга тартылам деп жеңил-желпи бара берген уят да.
- Чыгармачылыкта талыкпай эмгектенген аялзатынын жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жеке жашоом татаал. Чыгармачылыкка баш-отум менен берилип, чуркап иштеп, бүт өмүрүмдү театрга, киного жумшап, өзүмдүн жеке жашоом тууралуу унутуп калыпмын. Азыр бирөөнүн үйүндө турам, өз үйүм жок. Азыркы заманда ар ким өзү менен өзү. Баары тең өз көмөчүнө күл тартып атпайбы. Бүт өмүрүмдү, жашоомду ушул театрга берген экем.
- Канча балаңыз бар?
- Бир кыз, бир эркек, төрт неберем бар. Алар да өз жашоолору менен жашап атышат.
- "Карагыз" тасмасында азыркы замандын кыйын- кезеңи чагылдырылган. Ушундай татаал тасмага кандайча тартылып калдыңыз?
- Бул тасма 1 саат 10 минуттук тасма болсо керек. Тасманын ачылышында көрүүчүлөр айткан: "Бул тасма аябай татаал, адам чыдап көрө алгыс тасма экен, өзүңөр кантип чыдап тартылдыңар",- деп сурашты. Эми кесибим актриса болгон соң, бардык жанрга даярбыз да. Режиссёрдун эмгеги абдан күчтүү болгон. Латвияда эл аралык кинофестивалда "Карагыз" тасмасы Гран- прини жеңип алган. Базар экономикасындагы оош- кыйыш заманды чагылдырган тасма болду да. Тасма тартылып бүткөн соң, элге көрсөтүүгө тыюу салынып, бир жыл текчеде жатты. Себеби, анда экс- президент Акаевдин доору болчу. Кандайдыр бир себептер менен интернетке тарап кеткен экен, "Карагыз" аттуу жаңы тасма чыкты деп. Ошол себептен, Латвиядагы фестивалга катышып калдык.
- "Карагыз" тасмасында эмне үчүн актриса эмес, Гүлсина Чотонова аткарып калган?
- Бул жерде режиссёрлордун эмгеги зор. Артыкча режиссёрлор кынтыксыз иштейт, роль бөлүштүргөндү жакшы билишет. Геннадий Базаров Гүлсинанын көздөрү "муңдуу көз караш" деп, ошону тандаганын мага айткан .
- Менин билишимче, Ош драма театрында да көп эмгектенгенсиз.
- Ошто 22 жыл иштедим. Дүйнөлүк, советтик, заманбап драматургияларда роль жаратканбыз. Ош драма театры союз убагында дүйнөгө атагы чыгып турган болчу. Москвага, декадага Айтматов, М.Гапаров,Б.Жакиевдин чыгармаларын таанытыш үчүн барганбыз.
- Сиздин курсташтарыңыз?
- Дүйшөн Байдөбөтов, Турганбүбү Бообекова, Жамила Сыдыкбаева, Гүлайым Каниметова, Марат Алышпаев ж.б.курсташтарым азыркы учурдагы театрдын корифейлери.
- Спектаклде, сиз тарыхта изи калган улуу актриса Бакен Кыдыкееванын образын жараттыңыз. Келечек актрисалар Назира Мамбетованын образын жаратышына кандай карайсыз?
- Сахнадагы жашоо менен жеке жашоосу айкалышса, актрисанын тагдыры мыкты болот. Менин жашоом деле татаал болгон. Менин тагдырымды көрсөтүп, элдин жүрөгүнө жакын чагылдыра алса, каршылыгым жок.
- Келечектеги актрисалар тууралуу сиздин оюңуз?
- Азыр өсүп келе жаткан жаш таланттар менден кыйын, бирок колунан эчтеке келбейт. Шакирттерим жок, алар өздөрүн менден жогору коюшат. Бир спектаклге даярданып жатсак, бир жаш актриса: "Эже, муну мындай кылбайсызбы!"- деп мени кагып сүйлөсө, эсим ооп калган. Мага акыл үйрөтөт деп, такыр оюма келген эмес.
- Сиз башканын ролунда же сиздин ордуңузда башка актрисалар ойноп калган образдар кезиккен беле?
- Менин ролумда башка актриса аткарганын ушул убакка чейин учуратпадым. Мисалы: "Мен Тянь- Шань" тасмасындагы Кадичанын ролун аткарыш үчүн Таттыбүбү Турсунбаева, Наталья Аринбасарова үчөөбүз киносынакка катышканбыз. Алардын ичинен режиссёр Ирина Поплавская мени тандап алган.


Динара Асылбекова



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования