Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Нурлан Насип:
"Тапкан акчамды ата-энеме бербей,
досторум менен кетип калгам"
Бүгүнкү "Кумир менен баарлашуу" аттуу рубрикабыздын коногу Нурлан Насип кичинекей күйөрмандарынын суроолоруна жооп берди.

Роза, 22 жашта.
- Оштогу концертиңиз кандай өттү?
- Концерт аншлаг менен өттү. Ал жерде таланттуулар абдан көп экен. Арасынан мыктыларынын мыктысын гана тандадык. Буюрса, телефондорун алып калдык. Чалышып бизден диплом алды. Ысык-Көлгө эки кишилик чакыруу, андан сырткары, мени менен дуэт ырдайт жана клипке тартылганга мүмкүнчүлүк алды.
- Өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?
- Патриотмун деп баары айта алат. Бирок ошону аткара билиш керек деп ойлойм. Патриот болгонго аракет кылам. Патриотмун деп баса белгилей тургандай, кыргыз эли үчүн эч нерсе кыла элекмин. Буюрса, келечекте жакшы иштерди кылам деген жакшы тилектерим бар.
- Аваз Акимов менен урушуп кетти деп жүрүштү эле, эмне болуп урушуп кеттиңиздер?
- Чыгармачыл чөйрөдө ар кандай нерселер боло берет экен. Атың чыкканда ар кандай ушактар кошо жүрөт экен. Азыр Аваз-менин эң жакын досум. Телегейи тегиз достор болбойт. Бардыгы убак-убагы менен, таарынычтар сөзсүз коштолот. Таарынып, убагында айтып алса керек. Гезиттерге келип, чыныгы достордонбуз деген интервьюларды беребиз.
Бактыгүл, 15 жашта.
- Дайыр Исмадияровдун "Кара көз" аттуу ырынын сөзүн сиз жазып бергенсиз. Анан экөөңөр соттошуп атат деп уктук эле?
- Ал жөнүндө жакшы билбейт экенмин. Продюсерим Канат Кадыржан экөөнүн ортосунда кичине келишпестиктер болгон. Бирок, ал экөөнүн кандай болуп урушканын билбейм. "Кара көз" - менин ырым. Андыктан, мен аны алам деп талашкан эмесмин. Ал ырды өздөрү сүйлөшүп атып мени аралаштырып алышкан. Азыр жолуккан жерден саламыбыз түз.
- Музканалдагы "Мистер-шоу-бизнес" долбооруна катышып, он мыкты ырчы жигиттердин катарына киришиңиз менен куттуктайм! Даярдыктарыңыз кандай?
- Жаңыдан даярдана баштадым. Ошонун жумуштары менен бийге, акыйнек айтышканга, дагы көптөгөн тапшырмаларына даярданып атам.
Жылдыз, 17 жашта.
- Үч -Терек менен Өзгөрүш Токтогулда,
Экөө тең бир аймактын ортосунда.
Терек-Суулук ырчы жигит Нурланга,
Ашык болгон Өзгөрүштүк Жылдыз да
- дегендей, ушундай талант кимден калды эле? Негизи эле атактуу болуп калам деп ойлодуңуз беле ?
- Кичинекей кезимде ырчы болгум келчү. Тынбай ырдап жүргөн кызыгуум андан ашып өттү. Үйүмдөгү ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, ата-энем менин талантымды колдоп, М. Күреңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайга тапшыртып, мен айткан аспаптарды алып беришкен. Аккордеон, гитараны көтөрүп, алардын коштоосунда ырдап жүрүп ырчы болуп кеттим.
- Асмандагы жылдыз курбакага айтат экен. Билесиңби курбака, асманда жылдыздар көп - десе, Курбака: жок, сен алдамчысың, асманда бир гана жылдыз бар, - дейт экен. Анын сыңарындай, жылдыздар көп, бирок сиз мага бир гана жылдыз болуп көрүнөсүз. Өзүңүздүн ата-энеңиз жөнүндө билгим келип атат?
- Чоң рахмат. Ата-энем Токтогул районунун Терек-Суу айылында турат. Менден күн сайын кабар алып турушат. Ата-энемдин барына абдан сүйүнөм. Апам мугалим болчу, быйыл эс алууга чыкты. Атам инженер болчу. Азыр Камбар-Ата ГЭСинде эмгектенет.
- Арнольд Шварценнеггердики узун, Жет Линики кыска, Мадоннаныкы жок, сиздики бар, эмне?
- Абдан жакшы суроо экен (күлүп). Бул суроого жооп берүү кыйын экен.
- Фамилия болчу.
- Жакшы экен.
- Жашоонун аягы эмне менен бүтөт?
- Абдан ойлондурган суроо экен. Бул жашоого келгенден кийин, өткөн күнүңдү жакшылап эсте каларлык кылып өткөрүш керек экен. Анын сыңары, жашоонун аягын азырынча ойлонбоптурмун.
- Эки "оо" менен бүтөт.
- Аа, сен табышмактуу суроолорду берет экенсиң.
Каныкей, 18 жашта.
- Сахнанын артындагы кызыктуу окуялар?
- Элге жеңил көрүнгөнү менен сахнанын артында эмне деген эмгектер жатпайт? Сахнага чыгып жылмайып ырдап койгонубуз менен, анын артында да өтө чоң жоопкерчилик, өтө оор жумуштар бар. Гастролдо жүргөндө, алып баруучу сахнага чакырып калганда, кийине элек боюнча сахнага чыгып кеткен учурлар көп эле кездешет. Ырдап атканда музыкаң өчүп калат дегендей.
- Идеал туткан адамыңыз ким?
- Ал сыр (күлүп).
- Эмне үчүн ырларыңызда "Назик" бийчилер тобунун кыздарын көп бийлетесиз?
- Анткени, алар сулуу да (тамашалап). Негизи эле бардык бийчилер менен иштешебиз. Атайын тандабайбыз. Жаңы жылдын алдында алар менен көп даярдандым.
- Шоу-бизнести эмнеге тандадыңыз эле?
- Шоу-бизнести тандаган эмесмин. Ырчылыкты тандагам. Ырчылыкта жүргөндөн кийин кааласаң да, каалабасаң да, шоу-бизнеске аралашканга туура келет экен.
- Улуттук оюндардан улак тартышка түшүп көрдүңүз беле?
Чынын айтсам, "Улак тартышка" түшүп көргөн эмесмин. Мен айылга барган сайын классташ балдарым "Улак тартышка" түшүшөт. Бир жолу түшө калам деп, бутумду сындырып ала жаздагам. Бирок, кызыгам.
- Кой сойгонду билесизби?
- Калп айтпайын, койду соёрун жакшы эле соём, бирок жиликтей албайм. Айылга барган сайын кой союп үйрөнгөнгө аракет кылам.
Айпери, 16 жашта.
- Эгерде сиз башка улуттун кызын жактырып, ал да сизди жактырып калып, үйлөнүш керек болуп калса, бирок ата-энеңиз каршы болсо, эмне кылат элеңиз?
- Ата-энемдин сөзүн укканга аракет кылмакмын. Сүйүү жаман нерсе го, андайдан кудай сактасын. Бирок кыргыздын кызын гана алгым келет.
Нуркызай, 15 жашта.
- Байпагыңыз жыртылып калса жамап кийесизби?
- Жыртылып калганда тигип кийип жүргөн учурлар болгон. Азыр жыртылып калса, жаңысын алып кийгенге акчам бар. Азыр замандын талабына жараша жүрүш керек деп ойлойм.
- Ырчылык кесипти өмүр бою аркалап кетейин деген оюңуз барбы, же башка кесипти да ала кетесизби?
- Чыгармачылыкты таштабаганга аракет кылам. Анткени, чыгармачылык менен көп жерди көрүп келатам. Башка кесипти аркалашым мүмкүн. Бизнесмен да болуп кетишим мүмкүн.
Махабат, 15 жашта.
- "Унута албайм" аттуу ырыңызды кимге арнадыңыз эле?
- Ал ырды атайын бирөөгө арнаган эмесмин. Чыгармачылык бул жан дүйнөң толкуп байып турган учурда келет экен. Ырдын обону биринчи жаралган. Диктофонума жаздырып коюптурмун, үндү угуп анан сөз жаздырганбыз. Сөзүн Ильгиз деген досум оңдоп берген.
- Чын жүрөгүңүз менен бирөөгө арнаган ырларыңыз барбы?
- Мен антип жаза албай койдум. Көбүнчө кинолордун кайгылуу жеринен кийин ырдайм.
- Жатаканада жашап жүргөндө, тамак уурдаган учурлар болду беле?
- Мурун ушундай учурлар көп болчу экен. Азыр үйдө жашагандардан кээ бир жатаканада жашагандар тың жашашат. Жатаканада тамак уурдаган учурлар болгон. Бирок мен уурдаган эмесмин. Жанымдагы балдар ууру болчу. Ошолор уурдаса бизге келип калыптыр. Астыбызда үй-бүлөлүүлөр жашачу. Бир жолу эртең менен турсам, байкеси жакаман кармаган боюнча эшикке алып чыгып кеткен.
- "Билеги күчтүү бирди жыгат" дегендей, билегиңиз канча баланын мурдун канатты эле?
- Эркек болгондон кийин мушташкан учурлар көп болгон. Келтек жеп, келтектегенбиз дегендей…
- Өзүңүздү сулуумун деп ойлойсузбу?
- Эркек өзү маймылдан кичине эле айырмаланып туруш керек деп ойлойм (күлүп). Жан дүйнөм сулуу болуш керек деп ойлойм.
- Кандай кыздар жагат?
- Кыздын кыздай болгону жакшы деп коюшат го. Анын сыңарындай, кызга окшогон кыздар жагат. Оштон келип, досторум менен кафеге барганда, тамеки тиштеп, арак ичкен кыздарды көрдүк. Кыргыздын кыздары ыймандуу болсо дейм. Кундуз Канатбек кызына окшогон назик кыздар жагат.
- Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз?
- Унутчаактыгым.
Аида, 15 жашта.
- Сиздин оюңузча сүйүү барбы?
- Сүйүү бар экенине ишенем. Сүйүү бар үчүн ырлар жазылып жатат.
- Кайдан кийинесиз?
- Шаарга жаңы келгенде абдан соодагер болчумун. Базарга барып, сатуучу эжелер менен "Эже, 50 сом түшүп койбойсузбу, 20 сом түшүп койбойсузбу?" - деп соодалаша берчүмүн. Азыр уялып калдым. Азыр дүкөндөрдөн көп кийинем.
- Сүйүү күнү сиз үчүн маанилүүбү?
- Сүйүү күнү менен Оштун жаштарын майрамдатып келдим. Сүйүү күнүнө өтө деле маани берчү эмесмин. Анткени, сүйгөнүм жок болуп калчу. Эмдиги жылы баарыбыз сүйгөнүбүз менен тосолу, ээ?
Айка, 13 жашта.
- Адам үчүн эң кыйын нерсе?
- Адам үчүн адам болуу кыйын болуш керек.
- Эң алгачкы маянаңызды эмне кылдыңыз эле?
- Эң алгачкы маянамды атамдарга бербей койгом. Биринчи жолу акча тапканга толкунданып кетип, чөнтөгүмө салып алып, досторум менен кетип калгам. Андан кийин, ата-энемден жакшы сөз уккандан кийин, болгон тапкан акчамды берип жүрдүм.
- Кийимдериңизди байкасак, көбү эле мектеп формасында экен. Эмне үчүн мындай кийинесиз?
- Ырчы болгондон кийин, классика жакка басым жасайм. Мектепте мындай кийинчү эмесмин.
Төлөбүбү Касымалиева



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования