Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Кумар Жалиев:
"АЙДАЙ ЖҮЗҮҢДҮ ИТТЕЙ
КЫЯЛЫҢ БУЗАТ"
Спорт дүйнөсүндө кикбоксчу Кумар Жалиев деген ысым өтө популярдуу. Себеби, бул жигит нечен ирет кыргыздын намысын коргоп келген. Кыздардын түн уйкусун бузган мушкер жигитти редакциябызга чакырып, суроолор менен бурчка такадык. Анда эмесе, чемпион менен болгон маекке назар салыңыз, урматтуу окурман.


Блиц-анкета
Толук аты-жөнү: Жалиев Кумар Эсенбаевич
Туулган күнү, жылы, айы: 10.02.1985
Бою: 180
Салмагы: 78
Жылдызы: Суупери
Билими: ОШГУ, экономика факультети
Сыйлыктары: Дүйнөлүк чемпионатта коло медалдын ээси "WAKO" версиясы боюнча (Украина-Ялта). 2003 (Марокко-Агадир). 2005 Азиянын чемпиону (Бишкек). 2004 Профессионалдар арасында Евразиянын 2 жолку чемпиону (WBKF) версиясы боюнча (Польша-Варшава) 2008 (Россия-Москва) 2009.
2009-жылдын кикбоксинг боюнча Президенттин кубогунун ээси.
Хоббиси: Спорт, бильярд, музыка
Учурда: Спорттун кикбокс түрү менен алектенет

- Саламатсызбы Кумар, редакциябызга кош келиңиз! Кандайсыз? Кайда жүрдүңүз, кимдин колун кармадыңыз?
- Саламатчылык, эл катары жүрөбүз, буюрса, баары жакшы. Күнүгө машыгууга барып, андан тышкары, өзүбүздүн жеке жумуштарыбыз менен алек болуп жүрөбүз. Кимдин колун кармаганымды айтпай эле коёюнчу?
- Кайсы жердин абасы менен дем алып, суусун ичип чоңойдуңуз?
- Мен Ош шаарында төрөлгөм деп сыймыктануу менен айтмакчымын. Учурда Бишкек шаарынын абасын жутуп, мүрөк суусун ичип жүрөм. Кыскасы, Кыргызстандыкмын.
- Жеңилиңизди жерден, ооруңузду колдон алган үй- бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Ата- энем Ош шаарынын тургундары. Алты бир тууганбыз. Үч эжем, эки карындашым бар. Апам үй кожойкеси, атам азыр пенсияда. Бир ишканада слесарь болуп эмгектенген. Ата- энем, бир туугандарым эч нерсеге алмаштыргыс менин байлыктарым. Булар бар мен чексиз бактылуумун.
- Спортко болгон кызыгууңуз качан ойгонгон?
- Спортко кичинемден бери 5- 6- класстан баштап кызыкчумун. Адегенде аябай кыйын болгон. Үйгө келип, чарчап уктап калчумун. "Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот"- дегендей, бара- бара эң жакшы өздөштүрүп кеттим. Буга ата- энемдин жардамы дагы таасир этти десем жаңылышпайм.
- Спорт сиз үчүн?
- Спорт - менин жашоом. Спортсуз жашоомду таптакыр элестете албайм. Спорт мен үчүн өтө чоң мааниге ээ. Бул дайым мени менен жүрө турган нерсе. Өмүр бою таштабаганга аракет кылам. Ким спорт менен машыкса, дени сак, өмүрү узак болот эмеспи. Андыктан, спорт менен дос болсоңуздар көп жашайсыздар демекчимин.
- Мушкер жигитибиздин спорттон башка эмнеге шыгы бар?
- Бильярд жакшы ойнойм. Бош боло калсам эле достор менен бильярд ойноп, эс алабыз.
- Эмнеге кызыгасыз?
- Лезгин бийин укмуш бийлегендерди көрүп, аларга суктанам. Мен дагы лезгинканы үйрөнгүм келип жүрөт. Буюрса, ойлогон оюм ишке ашып калат деп ойлойм. Ошондой эле бармендин жумушу мени кызыктырат. Бармен болгум келет деп айтпайм, бирок алардын иши өтө кызыктуудай сезиле берет. Тамак жасаганды үйрөнүш үчүн жакында ашпозчулукка барып окуюн деп жүрөм.
- "Спортсмендердин көбүн криминалдык топ кааласа да, каалабаса да өздөрүнө кошуп алат",- дейт. Бул сөздүн сизге тиешеси барбы?
- Бул сөздүн мага тиешеси жок. Алар менен кезиккем, бирок чогуу иштешпейм. Андайдан алысмын. Сунуш болсо дагы мен андайга аралашпайт болчумун. Негизи, бардык эле спортсмендер мамилелеш болушат. Мелдештерге келген убактары болгон. Жөн гана амандашып коём.
- Эл арасында "Кумар Жалиев менен Элина Абай кызы кыз- жигит экен",- деген сөздөр кеңири жайылып кетти. Сиздин комментарийиңиз?
- Бул жөн гана элдин чыгарган чыгармачылыгы. Элина экөөбүз "Гаишниктер" деген киного кыз- жигит болуп тартылганбыз. Эки адам чогуу ырдап койсо же киного тартылып койсо "кыз- жигит экен"- деп айтышкандары мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Досторум да бул кинону көрүшүп "Экөөңөр качантан бери жүрөсүңөр?"- деп сурап калышат. Бул жөн гана кино деп силердин гезитиңер аркылуу дагы бир ирет айтып кетким келет.
- Элина менен кандайча кыз- жигит болуп тартылып калдыңыз?
- "Гаишниктер" киносуна тартылганга чейин эле Элина экөөбүз тааныш болчубуз. Белгилүү бир режиссёрдин фильмине тартылуу үчүн кастингден өткөм. Ошол кастингден Элина менен таанышып калгам. Анан спортко алаксып калып, ал киного тартылган эмесмин. Мен өзүм дагы кинодо роль жараткым келип жүргөн. Бул ролго тандалып калганыма Элина менен Эрнест Абдыжапаровдун сунушу себеп болгон.
- Ырчы кыздар "клипке тартылып берчи"- деп суранса, макул болосузбу?
- "Клипке тартылып берчи",- деген сунуштар көп эле болуп жатат. Баарына тең тартыла бергенден алысмын.
- Жүрөгүңүздүн ээси болгусу келген селкилердин саны арбын экени шексиз. Болочок жубайыңыз кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Мага биринчи кезекте ички жан дүйнөсү сулуу кыздар жагат. Туура, эркектер көзү менен сүйөт деп айтып коюшат. Бирок, чоң энелерибиз айткандай чырайын чылап ичмек белек? Анын үстүнө элибизде: "Айдай жүзүңдү иттей кыялың бузат"- деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Акылдуу, шайыр, мени жана менин ата- энемди сыйлаган кыз менин өмүрлүк жарым боло алат.
- Кандай кыздардан "аллергияңыз" бар?
- Тамеки тартып, арак ичкен анан жасалма кыздар жакпайт.
- Ичкиликке кандайсыз?
- Мелдеш жок учурда, аябай чарчаганда бир- эки кружка сыра ууртап коём. Тамеки тартпайм.
- Качан үй-бүлө куруп, кыргыздын санын көбөйтөйүн деп жатасыз?
- Алланын буюрган күнү үйлөнөм. Ошол учурда силердин гезитиңер аркылуу жалпы кыргыз элиме сүйүнчүлөп коём.
- Эмне үчүн спортсмендер кеч үй- бүлө курушат?
- Балким карьерасына терс таасирин тийгизеттир. Бирок, ошол эле учурда үйлөнүп деле карьерасын улантып жүргөндөр бар. Биз дүйнөлүк спортсмендерге теңелип 35- 40 жашка чейин бойдок жүрбөсөк керек, себеби, ал биздин менталитетке туура келбейт. Ал жашка чейин ,буюрса, түтүн булатам. Кээ бир эрте турмуш курган спортсмендер экөөнү бирге алып кете албай, спортту таштап койгон учурлар болууда. Анткени, дагы башка проблемалар чыгат, бир курсак эки- үчөө болуп калат дегендей.
- "Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес тогуз жаш. Эмнеликтен болуп "КУМАР", ак сүйүүгө болдум мас",- деп өзүңүздөн бир топ жаш улуу айым сезимин арнаса, кандай жооп бермексиз?
- Негизи, бул тууралуу ойлонуп көрбөптүрмүн. Өзүмдөн улуу айым менен бирге болгонумду элестете албайм. Бирок "сүйүү жашка карабайт"- дегенге ишенем. Себеп дегенде менин бир тууган эжемдин жолдошу өзүнөн үч жаш, менден бир жашка кичүү. Менин сүйгөнүм менден кичүү эле кыз болсо жакшы болмок. Кантсе да маңдайга жазганды көрөбүз да.
- Сизден бай кызды сүйүп калсаңыз, алат белеңиз?
- Бай кызга үйлөнсөм бир шарт менен алмакмын. "Ата- энеңден бир да тыйын албайсың, кыйналсак дагы мунун баарынан чогуу басып өтөбүз",- деп шарт коймокмун. Эгер ал да мени сүйсө, макул болот деп ишенем. Байлыктын артынан кууган адам эмесмин. Эң негизгиси адамгерчиликти жогору коём.
- Байлыкты кандай түшүнөсүз?
- Байлык деп мен материалдык байлыкты эсептебейм. Үстүңдө үйүң, машинаң, күнүмдүк жашоого керектүү каражатың болсо, андан башкасы ашыкча деп ойлойм. Чыныгы байлыктарым - менин жакын адамдарым.
- Атыңызды колдонгон учуруңуз болду беле?
- Бир жолу авто ууна жуучу жайда машинамды жуудуруп жаткам. Менин машинамды жууп жаткан бала таштап туруп эле, унчукпай кетип калды. Чакырып алып: "Бери келчи, сен эмне аягына чейин бүтпөй кетип калдың?"- десем, "Тигил жакка ырчы кыз келди (ырчынын атын айтпай эле коёюн), ошонун машинасын жууп коёюн, анан сиздин машинаңызды бүтүрүп берем",- деди. Мен тамашалап: "Ырчы кыз болсо эмне кылайын, мен Кумар Жалиевмин"- десем, "Аа, сиз Кумар Жалиевсизби?"- деп таң калган. Бир гана ошондо тамаша иретинде айткам, калган учурда атымды деле колдонуп көрбөптүрмүн.
- МАИ кызматкерлерине түшүп көрдүңүз беле?
- Ой, аларга бат-баттан кармала берем. Көбүнчө катуу ылдамдык менен баратканым үчүн. Болушунча документти (праваны) алдырбаганга аракет кылам. Кээде: "Байке, биз спортсмен болобуз" -десем, коё беришет. Бирок көп учурда айып төлөгөнгө туура келет.
- Ахматбек Келдибековдун жанында жүргөнүңүздү көп көрүп калдык...
- Шайлоо учурунда Ата Журт партиясын колдоп, Ошто үгүт иштеринде Ахматбек Келдибековго жардамдашып жүргөм. Ошону айтып жатсаңыз керек. Ата Журттагы Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Нурлан Сулаймановдор менен жакшы мамиледемин.
- Президент болуп калсаңыз, өлкөнү кантип өнүктүрмөк элеңиз?
- Биринчиден, коррупцияны жок кылмакмын. Ар бир жумушка жөндөмдүүлүгүнө жараша өз адисин коймокмун. Өз ишин мыкты, таза аткара ала турган кадрларды алып келмекмин. Кыргызстандын бюджетин көбөйтүү үчүн контролду күчөтмөкмүн. Албетте, кыргыз элимдин келечегин ойломокмун.
- Баса, өтүп кеткен туулган күнүңүз менен! Өздүк майрамды кандай белгиледиңиз?
- Туулган күндү белгилегенди анча жактыра бербейм. Куттуктап келген досторум, эжелерим менен чакан компанияда отурдук.
- Эркин микрофон.
- Кыргыз элибиз аябай чыдамкай келет. Мындан кийин дайым жерибизде жакшылыктар көп орносун! Кыргызстанда тынччылык, аманчылык, арзанчылык болсун! Бар болуңуздар! Мырзаларды жана айымдарды келе жаткан майрамдары менен куттуктайм!
- Атайын алтын убактыңызды бөлүп келип бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргыздын желегин алыстарга желбиретип, ар дайым жеңиштин үстүндө жүрө бериңиз.
- Чакырганыңыздар үчүн чоң рахмат, "Обон" гезитинин жалпы жамаатына ийгилик каалайм. Калемиңиздер курчуй берсин!

Кумар Жалиев мелдештен кийин апасына телефон чалат.
- Апа, сүйүнчү , мен үчүнчү орунду алдым- дейт, анда апасы: "Азаматсың балам, канча орун бар эле?"- десе, Кумар: "Үч орун бар болчу",- дептир.

Айзирек КЕЛДИБАЕВА







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования