Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Билгениң оң

Жашылдар партиясы
Бүгүнкү күндө кандайдыр бир оору менен жабыр тартсаң, дарыгерлер аны айыктыруучу дары -дармектердин миңдеген түрүн сунушташат. Ал эми күнүмдүк жашоодо колдонуп жүргөн жашыл өсүмдүктөрдүн курамында ден соолукка пайдалуу заттар бар экендигин баарыбыз эле биле бербейбиз. Төмөндө сөз боло турчу жашыл өсүмдүктөр бир гана медицинада эмес, ашканада, косметологияда дагы кеңири колдонулат экен. Анда жалаң жашыл өсүмдүктөргө саресеп салсак.


Алоэ - жашыл түстөгү көп жылдык өсүмдүк. Анын узундугу 4метр ал эми жалбырактары 15 сантиметрге чейин өсөт. Алоэни кышында жана жазында кыркып турат. Мындай жашыл өсүмдүктүн курамында ден соолукка пайдалуу зат бар экендиги 3 миң жыл мурун белгилүү болгон. Биологдордун айтымында алоэнин курамында микробдорго каршы, жараларды айыктыруучу заттар көп экендигин аныктап чыгышкан.

Элдик медицинада
Алоэнин жалбырагынынын ширеси ириң жараларды сууруп чыгаруучу, күйүп калган жараларды калыбына келтирүүчү зат болуп эсептелинет. Тиштин бүйлөсү ооруган кезде алоэнин ширеси менен чайкаган пайдалуу. Аны компресс катары да колдонушат, баш ооруну басаңдатат жана алоэ менен чачтын түбүн сүртсө анын өсүүсүн жакшыртат. Жаңы чыккан жалбырактарынын ширесинде антрагликозид- алоин, наталоин, рабарберон аттуу витаминдер бар. Андан тышкары алоэ гинекологияда да кеңири колдонулат. Мисалы: Айымдар "эрозия" болгондо алоэнин ширеси тампондор менен чогуу коюлат. Алоэнин ширесин бир күндө үч жолудан 1 кашыктан тамак алдында ичип турса ашказан ооруларынан арылтат.
Алоэнин ширесин үй шартында деле жасап алууга болот. Мисалы: алоэнин 2 жалбырагын алып, абдан майда туурап, марлини эки -үч жолу каттап, алоэни салып, 2-3 мүнөт кайнаткан соң, тазалап туруп ширесин сыгып алабыз. Даяр болгон ширени тамак алдында бир кашыктан ичүү керек. Ал кургак учуктан, астмадан, оозулдан айыгууга жардам берет. Алоэнин ширесин жатар алдында көзгө 1-2 тамчыдан тамчылатып турса пайдалуу.

Лаванда - алгачкылардан болуп Римдиктер айымдардын косметикасын жасоо максатында өстүрүп башташкан. Анын жыты жеңил, жагымдуу, жашыл түстө болот. Андан кийин лавандага кененирээк көңүл бурушуп, медициналык жактан да тереңирээк изилденип, анын курамында адамдын ден соолугуна пайдалуу витаминдер, дарылоочу заттар бар экендигин аныкташкан соң, чоң жерлерде өстүрүлө баштаган. Римдиктер кургатылган лаванданы бөлмөсүнө күйгүзүшчү, анткени ал жаман ооруларды жок кылчу.

Элдик медицинада
Ал стрессти, баш ооруну басуучу, эс алдыруучу, сөөктөргө пайдалуу өсүмдүк болуп эсептелинет. Ал эми кургатылган лаванда бөлмөнүн ичин нымдандырып, таза абаны алмаштырат да, анын жыты бөлмөдөгү курт-кумурскаларды жок кылат. Лаванданын кайнатмасы бөйрөктүн жана жүрөктүн кан тамырларын жакшыртып, булчуң эттерге жардам берет. Ал дүүлүктүрүүнү басаңдатат, уйкуну жакшыртат, бетке маска катары колдонулат. Ал теринин кызарышын жана түлөшүн, чачтын какачын жоготот. Эки чай кашык лаванданын жалбырагын 200 мл кайнатылган сууга салып, 5 мүнөт коюп коюңуз. Жатар алдында 50 граммдан ичип турса стрессти толугу менен жок кылат да, организм жеңил жана бош болуп калат. Лаванда бир гана медицинада эмес, ашканада да кеңири колдонулат

Ашканада
Көбүнчө Италия, Испания, Францияда, соус менен кошо кайнатышып, балык жана козу карын менен кошо беришет. Куурулган жана кайнатылган койдун этине кошуп, шорпо менен беришет. Ал эми АКШда көк чай катары колдонушат. Ал тамактардын даамына жана ар кандай десерттерге, тортторго жагымдуу жыт берүүчү кошумча катары колдонулат. Бул ашпозчулардын бирден бир сыры болуп эсептелинет.

Жалбыз - чөбү көп ооруга дары болуп эсептелет. Мисалы, уйкусуздукта, депрессияда, жоон ичегинин сезгенишинде, жатындан кан агууда, өнөкөт ич өтүүдө, чиркей чакканда, муун ооруларында колдонулат. Уйкусуздуктан арылуу үчүн бир аш кашык жалбыздын жалбырагынын үстүнө 1 стакан кайнаган суу куюп 30 мүнөт демдеңиз. Сүзүп алган соң 50 граммдан үч маал тамактан мурда 15-30 мүнөт мурун ичиңиз. Ал эми артритте 500 грамм жалбырагынын үстүнө 1,5 литр ысык суу куюп 15 мүнөт кайнатыңыз. Кайнатманы 30 мүнөт тыныктырган соң ваннадагы сууга кошуп жатуу керек. Чиркей чакканда 2 чай кашык жалбырактын үстүнө 2 стакан ысык суу куюлат, 10 мүнөт тыныктырган соң чиркей чаккан жерге сүйкөй берсе болот. Жатындан кан агууда 20 грамм жалбыз жалбырагынын үстүнө 500 грамм кайнак суу куюп, термоско 2 саат демдөө керек. Күнүнө 3-4 маал тамактан мурун бир стакандан ичилет. Баш ооруса, колдун манжалары менен чачтын түптөрүн терисин үзүп ала тургандай кылып мыкчып-мыкчып массаж жасоо керек. Бул ишти маңдайдан баштап желкеге чейин жасоо зарыл.
Мындан сырткары 2 см келген лимондун кабыгын алып анын ич жагындагы чел кабыгын тазалап кырып салат да башка басып турат. Бир аздан кийин ал жер кызарып чыгып оору жоголот. 30 тамчы жалбыздын кайнатмасын жарым стакан сууга аралаштырып ичет. Жаздыкка салынуучу кездемени (чоңдугу 40х40 болушу керек) тигет да ага жалбыздын жалбырактарын жана шалбаа бедесинин гүлдөрүн аралаштырып толтуруп алып жазданып жатып жүрүү сунуш кылынат.

Бамбук - кыргыз эли атам замандан бери эле бамбук өсүмдүгүн камыштын бир түрү деп келген. Жеке кыргыз эмес, өзбектер да бамбукту камыш сымал өсүмдүк дешет. Бамбук- камышка окшош, сөңгөгүнүн ичи көңдөй түтүк. Узундугу 40 метрге чейин. Жоондугу адамдын жарты кучагына барабар. Аны суу жүргүч түтүк катары да колдонушат. Аны менен жайында жашай турган үй да курат, суунун үстүнө көпүрө да салат, эмеректер да жасалат. Нымдуу жерге жакшы өсөт. Кээде чытырман токойго да айланат. Анын бир нече түрү бар.

Олив - үч миң жыл мурун оливаны уксуз, бал менен винонун ширесине кошуучу каражат катары колдонушчу. Ал эми бүгүнкү күндө оливдин дасторкондон ар кандай түрүн көрүүгө болот. Көбүнчө айнек банкаларга салынган оливдер кымбат болуп эсептелинет. Анткени анын ичиндеги оливанын даамы табигый жана эч кошулмасы жок. Оливден дайыма - май жасалаарын билебиз. Франциянын диетологдору олив майы баардык ооруларга пайдалуу экендигин айтышып, жаштыкты сактап, карылыктын алдын ала турган май деп эсептешкен. Олив майы карылыкты жайлатат деген тыянакты окумуштуулар 65-84 жаштагы адамдарга эксперимент жүргүзгөндөн кийин чыгарышкан. Мындай олив майын колдонгондон кийин унутчак болбой, карылыктын биринчи белгилерине болгон арыздануулар аз болгондугун айтышкан. Көрсө олив майлары ичеги-карындарды рактан сактайт экен. Ал эми кардеологдордун айтуусу боюнча олив майы адамдын 70% инфаркты пайда болуусуна жол бербейт деп эсептешет. Анын майлуу кислотасы айымдардын жынысындагы ооруларды алдын алат жана бойго болууга жардам берет.

Косметологияда
Бүгүнкү күндө табигый косметиканын баары олив майы менен жасалары баарыбызга белгилүү. Косметологдордун айтуусу боюнча, үй шартында бетиңизге өз алдынча маска жасап алууну сунушташат. Мисалы: жашыл бадыраң менен бананды майда туурап, ага 2 кичине кашык олив майын аралаштырып, бетиңизге майда катмар менен жаап, 20 мүнөт коюңуз, андан кийин жылуу суу менен жууп салуу керек. Мындай маскаларды денеге да колдонсо болот. Олив майын нымдуу жерге сактоо керек, көп убакыт бою муздаткычта тура берсе өзүнүн витаминдерин жоготот.




Кош бойлууларга кеңеш:
Кош бойлуу учурунда туура тамактануу ар бир айымдын бирден бир маселеси болуп эсептелинет. Жаңы төрөлгөн баланын тиш бүйлөлөрү бекем, ден соолугу чың, организми жакшы болуп төрөлүш үчүн, эненин чачтары түшпөй, тырмактары сынбай, ден соолугу чың болушу үчүн кандай тамактануу керек. Сиздин балаңыз сергек болуп, төрөт жеңил болуусун кааласаңыз, адистин айткан сөздөрүн эске алыңыз. Күнүнө жок дегенде жарым сааттан сейилдегенге аракет кылыңыз. Организмиңиз эмнени талап кылса баарын жей бериңиз. Болгону жеген тамактарыңыз жеңил сиңе турган, витаминдүү тамактар болууга тийиш. Ар бир 2-3 саатта тамак жеп туруңуз, бирок, аз-аздан. Суюк, өтө ысык эмес тамактарды ичүүгө аракет кылыңыз. Тамак ичкен соң бир нече мүнөт жата туруңуз. Суюктукту көп ичиңиз. Суюк демделген көк чай, жемиш ширелери, газдалбаган минералдык суу жакшы. Майлуу жана ачуу тамактардан мүмкүн болушунча баш тартыңыз.
Кескин жыттуу дезодорантты, самынды колдонуудан баш тартыңыз, атүгүл кээде сүйүктүү атырыңызды да колдонбой турууга туура келет. Эртең мененки кусуунун алдын алууга аракет кылыңыз. Ал үчүн ойгонгон соң төшөктөн турбай туруп сухарик же сыр менен кичинекей бутерброд жеп алыңыз.

Кальций жетиштүү болуш үчүн…
Баланын тиши бекем болуш үчүн, биринчиден энеге кальций жетиштүү болушу керек. Энеге кальций жетишпей калган учурда бала сөөктөн жана тиштерден ала баштайт. Ошондуктан кальций көп болушу үчүн, витаминдерди жана кальций бар азыктарды колдонушу шарт. Мисалы үчүн кальций жетиштүү болуусун кааласаңыз, анда деңиз балыгын, быштак, сыр, сүт азыктарын колдонуңуз. Тиш доктурлардын айтуусу боюнча баланын оозуна сүттү 2-3 мүнөт кармап анан жутуусун сунуштап келет. Күнүнө жок дегенде жарым стакан сүт ичип туруу керек.

Кош бойлууларга көнүгүүлөр:
Негизинен боюнда бар аялдар көп кыймылда болуулары шарт. Ошон үчүн туура эмгектенгенди билүүлөрү зарыл. Ден соолукка зыян алып келбеген шарттары бар жумуштар менен алектениши керек. Өтө оор жумуш дагы кош бойлууларга туура келбейт. Анткени кыймыл дененин баардык системаларын жөнгө салып турат. Ошондуктан айымдар жалкоолукту артка таштап, иш менен алаксып, кыймылдап жүрүшсө пайдалуу болот. Ал эми көп кыймылдабаган аялдардын салмагы көбөйүп, ар кандай татаалданууларды алып келет. Ошон үчүн кош бойлуу айымдар үчүн атайын гигиеналык гимнастика иштелип чыккан. Андыктан кош бойлуулар ага дагы кайдыгер мамиле жасабай, колдон келсе убакыт таап барып койгондору абдан пайдалуу.



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования