Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Майрам алдында

23-февраль
Сүйүктүү мырзаңызга кандай белек даярдадыңыз?
23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү. Бул күн өзгөчө күндөрдүн бири. Себеби аска зообуз болгон аталарыбыздын, агаларыбыздын, ини-жезделерибиздин майрамы. Алар бар- биз айымдар барбыз. "Обон" гезитинин эмгек жамааты кең далылуу, эр жүрөк мырзаларды майрамы менен куттуктап, ар дайым мекенге ак кызмат кылып жүрө беришиңиздерди каалайт. Атуулдук ар-намыс, эрктүүлүк, күчтүүлүк ар дайым Сиздерди жандап жүрсүн!


Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
"ЖОЛДОШУМА КОСТЮМ-ШЫМ ТАРТУУЛАЙМ"
- Негизи чыгармачыл адамдардын убактысы абдан тар болот эмеспи. Мына азыр сен чалып жатканда да фотосессияга жөнөп жаткам. 23-февраль болду дегенде белек алганга шашып калсам керек. Эмне аларымды сюрприз кылып айтпай турайын дегем, бирок сурап калыптырсынар айта берейин, жолдошум Ралиске костюм-шым тартууласамбы деп турам. Анан албетте жакшы көргөн тамагын жасап берип, кызым экөөбүз жакшы каалоо-тилегибизди арнайбыз.

Гүланда, ырчы:
"ЖАГЫМДУУ КЕЧ УЮШТУРАБЫЗ"
- Достордун ичинен 5 үй-бүлө шеринелешпиз. Аяштар менен чогуу жолдошторубузга эң сонун майрамдык кече уюштуруп берели деп жатабыз. Баарына окшош белек берүүнү пландаганбыз. Менимче футболка же свитер берсек керек. Андан сырткары, өзүм Айбекке акыркы модадагы көйнөк менен галстук берсемби деген оюм бар.
Мырзаларды келе жаткан майрамдары менен куттуктап, дайыма эр-жүрөктүүлүгүңүздөрдөн тайбай, кыргыз деген атка татыктуу болуңуздар дегим келет. Ылайым кыргызымдын патриот уулдары төрөлө берсин! Чындап мекен үчүн күйгөн, эли-жерин сүйгөн жигиттерибиз көп болсун!

Кундуз Авашова, продюсер:
"СПУТНИК АНТЕННА АЛЫП КОЙДУМ"
- Куба спортко абдан кызыккандыктан, спорт каналдар көбүрөөк тартсын деп спутник антенна, жаңы ДВД, ал эми кичинекей уулум Алишахка чоң оюнчук машина алып койдум. Буюрса майрам күнү майрамдык столдун үстүндө тапшырам деген ойдомун.
- Эркек үйдөн жети кадам алыстаганда эле бойдокпу?
- Беш кол тең эмес. Адамдын мүнөзүнө жараша болот. Анын өзгөрүүсү алыстыкка же жакындыкка карабайт. Бойдок болгусу келсе, үйүнөн жети кадам алыстоо шарт деле эмес. Эң негизгиси жубайлар ортосунда ишенүү болуш керек. Мен Кубага ишенем.


Айчүрөк Иманалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти:
"БАЙПАК БОЛСО ДАГЫ БЕРЕМ"
1. - 23-февралды мен өзгөчө майрамдардын катарына кошом. Себеби биздин үйдө 3 мырза бар. Жолдошум Таалай, уулдарым Арген жана Арлен. Мен бул күнү дасторконго өзгөчө маани бурам. Тасмалды дүйүм тамактарга толтуруп, кичинекей болсо да өздөрүнө керектүү белектерди бергенге аракет кылам. Бул күнү бирин да белексиз калтыргым келбейт, ошондуктан жок дегенде бирден байпак болсо дагы ырымдап берип коём. Таалай көбүнчө белек алганды эмес, белек бергенди жакшы көрөт.
- Чыныгы мырза кандай сапатка ээ болошу керек?
Эң негизгиси сөзүнө туруш керек. Намыскөй, айкөл болушу шарт. Аз сүйлөп, көп жасаш керек. Кээ бир ушакчы эркектерди көрүп ирээнжип кетем, ушакчы, майдачыл болбосо, ошол чыныгы мырза болот.


Назира Айтбекова, алып баруучу:
"ЖЫЛ САЙЫН МАНАС, КУРМАНЖАН ДАТКАДАЙ УУЛ-КЫЗДАРДЫ ТӨРӨЙМ"
1. - Жолдошум Искендерге өмүр бою майрамдарга жете турган белекти эчак эле берип койгом. Ал менин жүрөгүм. Андан дагы жагымдуу белегим, жыл сайын Манастай уулдарды, Курманжан Даткадай кыздарды төрөп бергенге даярмын. Ал эми эркектердин күнүндө сүйгөнүмө тамшанып жеген тамактарын жасап, эркелеткен сөздөрдү айтып, майрамы менен куттуктасам андан өткөн белек жок болуш керек.
- Эркек сүйсө алат, кыз сүйсө калабы?
"Аракет кылсаң берекет"- дейт. Анын үстүнө аялдын амалы кырк эшекке жүк эмеспи. Мисалы жигит кызды сүйбөсө, кыз жакшыраак аракет кылса, эмне үчүн сүйдүрүп алууга болбосун? Мен деле Искенди өзүм сүйгөм жакшы эле артынан чуркагам, бирок сүйүүмдү биринчи билдирген эмесмин. Искендин да менде көңүлү бар экен. Болгону чоңойсун деп күтүп жүрүптүр. Кыздар, торуңарды жая бергиле, кантип түшүп калгандарын билбей калышат. Бул макалды өзгөртүп коюу биздин колубуздан келет..




  Аскерде жүргөндө...

Турусбектин "косягы"
Мен армияга барганга чейин эле Кыргызстандан аскердик билет алып алгам. "Армияга каякка барасың?"- десе, "Алматыда кызмат кылышым керек"-деп сурангам. Алматыга барып алып "мени алгыла, мына аскердик билетим бар, мен сөзсүз кызмат өтөшүм керек"-десем, штабдын башчысы, ага лейтенант: "Кызык го, Кыргызстандан келген бала, аскердик билетин алып алыптыр, эмнеге анан кызмат кылам деп келип жатат, көбүнчө билетим бар деп качып кетишет го",-деп таң калган. Анан "Биз менен казармада бир ай жашап тур, бир айдан кийин ант бересиңер"-деп койду. Бир ай бою солдаттар менен чогуу жашадым. Алар болсо кызмат кылып солдаттарча жүрөт. А менин болсо чачым узун, кийгеним куртка, жынсы шым. Казакстандан, Россиядан ар кайсы жактан, балдар келе баштаганда баарыбыздын чачыбызды алдыртып, солдаттын кийимин берип, антты айттыртып, андан кийин чыныгы солдат болгонбуз. Бир күнү старшина айтып жатпайбы: "Турусбек Жумалиевдей солдатты биринчи көрүшүм"-деп. "Эмнеге?"-десе, "Колунда аскердик билети бар болуп, мен баары бир кызмат өтөшүм керек деп келип алыптыр, башкаңар болсоңор, балким, качып кетмексиңер"-деп тамашалап айтып жүрдү. Советтер Союзу учурунда аскерге барбаса абдан уят болгон. Ошол нерсе мээме катуу сиңип калгандыктан, "чыныгы эркек сөзсүз барышы керек"-деген ой менен жашачумун. Аскерге барганга мүмкүнчүлүк болсо, андан качпаш керек. Ал жактан үч нерсени үйрөнөсүң: жашоонун баркын, ата-эненин баркын, анан жеке жашоого болгон көз карашың өзгөрүп келет. Экинчиден, биздин каныбызда болгон жалкоолуктан арыласың. Үчүнчүдөн, армиядагы балдар көйнөгүнун жакасын өзү тигип, өтүгүн тазалап, тамакты да даярдайт. Анын баарын билип алсаң, пайдасынан башка зыяны жок да. Армияда "колунан келбейт"-деген түшүнүк жок. Ал жакта "бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн" деген лозунг бар. Бир күнү сташина мага бардык ачкычтарды берип койду, "бир нерсе керек болсо аласың"-деп. Түн ичинде уктабай, өзүм менен тең балдар менен чай даярдап, шатыра-шатман отурганбыз. Чайнекти старшинанын бөлмөсүнөн алганбыз. Эртең менен чарчап уктап калыптырбыз. Бир маалда старшина келсе, бөлмөсү ачык, бардык жер чачылган... "Жумалиев!"-деп бакырды. "Мен"-деп чуркап бара калдым. "Жети күн гуппакта жашайсың"-деди. Мен болсо тиш жуучу пастамдан бери даярдап алып отурсам, бир маалда келип "Жумалиев даярсыңбы?"-деди. "Даярмын"-десем, "өзүң менен таң атканча отурган жетөөнү тең алып ал"-деди. Анан жетөөбүздү гуппакка камап койбой эле, жети күн алма тердирсе болобу! Биз бир саатка жетпей 5-6 кап алма терип коюп, кечке алма жеп жыргап, алма бактын ичинде жаттык. Өткөн-кеткен кыздар менен таанышып... "Келгиле, дагы бир "косяк" кылып койбойлубу, старшина дагы алма бакка жиберет"-деп балдар менен сүйлөштүк. Эртеси күнү старшина келип: "Жактыбы алма бак?"-деди. Мен болсо тура калып: "Аябай жакты, алма жеп жыргадык"-десем, "Эми дагы бир жолу жинге тие турган болсоңор, ошол жеген алмаңарды кустурам!"-деп жүрөгүбүздү түшүрдү.

Улукмырза Полотов, КРнын Эл артисти:
"Бүт жагынан келишкен жигит элем..."
Аскерге баргандан бери канча убакыт өттү. Көп нерсе эсимден чыгып кетти. Мен аскерде кызмат кылып жүргөндө, катарда турганда бою, бүт бардык жагынан келишкен жигит элем. Ошол эсимде калыптыр. Кээ бир бою кичине башка улуттагы балдарды көргөндө кыргыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанып, Кудайга рахмат айткам. Экинчи болуп солдаттарды мен баштап жүрчүмүн. Аскерде жүргөндө менин үнүм жакшы экенин билип алышып, кечке ырдата беришчү. Жан ушунчалык таттуу экенин мындан бил, жаза албаш үчүн болгон аракетибизди кылып, командирлердин айтканын айткандай кылчубуз. Жакында аскердеги күндөрүм жөнүндө китебим чыгат, ошондо кененирээк окуйсуздар.






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования