Азат Болотбек:
"Азат балалуу болот", - деген
бирөөлөрдүн эле чыгарган сөзү"
Ырчы Азат Болотбек кайсы ырчы кыздын боюна бүтүрдү? - деген өткөн сандагы жаңылыктан кийин, редакцияга окурмандар тараптан көптөгөн чалуулар болгондуктан, Азаттын өз оозунан угалы деп редакцияга чакырган элек.

- Сөздү, элдин баары кулак түрүп турган сенин жаңылыгыңдан баштасак. Ырчы Жанель экөөңөрдүн мамилеңер жакшы эмеспи. Өткөндөгү "Азатка ырчы кыз бала төрөп бергени жатат", - деген кептин Жанелге тиешеси жокпу?
- Жок, Жанель экөөбүз доспуз. "Азат ырчы кыздын боюна бүтүрүптүр",-деген бирөөлөрдүн чыгарган сөзү. Мен да таң калып, сиздердин редакцияга келип отурбаймынбы. Мен ата болгонго азыр эрте, анан дагы андай иш кыргыздын менталитетине жатпаган көрүнүш.
- Жакшы, өзүң да көптөн бери ыр чөйрөсүндө көрүнбөй калдың, кайда жүрөсүң?
- Ушундай мезгил болду. Чыгармачылыкка ресурс азайып калган окшойт. Окуумду бүттүм. Жүзгө жакын китеп окуп чыктым. Жашоодон сабак алыш үчүн, чыгармачылыктан алыстаганга туура келди. Мурунку Азат менен азыркы Азатты салыштырып болбойт. Азыр жашоого башкача көз караш менен карап калдым.
- Окууңду бүтсөң, өз кесибиң менен кетип калып, чыгармачылыгың дагы экинчи орунда калып калбайбы?
- Жок, учурда чыгармачылык менин жашоомдун өзөгү десем болот. Мурункудай хоббим эмес.
- "Азат апасынын акчасы менен жүрөт, апасынын акчасы түгөнүп калса керек, ырдабай калды",-деген имиштер жүрөт. Чындап эле апаңдын акчасы менен жашайсыңбы, же өзүңдүн да акча табуу булагың барбы?
- Чындыгында, чыгармачылык жактан эң биринчи апам жардам берген. Жаңы чыккан учурларда материалдык жана моралдык жактан колдогон. Мен мектепте окуп жүргөндөн бери эле бизнес менен алектенип жүрөм. Мектептен сааттарды сатып жүрчүмүн. Бизнес жактан билим болбогондуктан, өзүмдүн жумшаган акчамды кайтарып ала албай калган учурлар толтура эле болду. Азыр болсо, бизнести кантип башташ керек тууралуу маалымат топтоп атам.
- Сахнадан алыстап, сахналаш досторуңдан куру калган жоксуңбу?
- Кандай десем? Сахнадан алыстагандан кийин чындап эле сахналаш досторум менен телефондон гана сүйлөшүп калдым.
- Эмнеге башка ырчылардай болуп продюсер менен иштешпейсиң?
- Продюсерим болсо жакшы болмок. Мындай карап көрсөм, продюсер кылган ишти өзүм деле кыла алат экем. Азыр караштырып атам.
- Өзүңдү "жарк" этип, кайра "жалп" эткен ырчыларга кошосуңбу?
- Ооба, бир учурда "жарк" этип, кайра чыкпай калганым чындык.
- Азыр көбү эле акча табуу максатында ырдап жатышат. Сен кандай максатта ырдайсың?
- Сиздин айтканыңыз туура. Ырчылык акча табуу булагынын бир түрү десек болот. Адам өзүнүн сүйүктүү иши менен алек болсо, башка каалоолор да пайда боло баштайт экен.
- Көзү ачыктарга ишенесиңби?
- Ооба, көзү ачыктарга да, кудайга да ишенем. Сенин келечегиңди, өткөнүңдү айтып берип жатса, кантип ишенбей коё аласың. Кээде алардын айтканындай болуп калат. Көзү ачыктар менен жолугуп да көргөм. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын көбү көзү ачыктарга ишенет. Чынгызханды эле алсак, анын да өзүнүн шаманы бар болчу.
- Моюнуңдан шарф түшүрчү эмес элең, бүгүн кандайча шарфы жок келдиң? Же стилиңди өзгөртөйүн деп жатасыңбы?
- Шарфымды досумдукуна унутуп калыптырмын(күлүп). Мага шарф жагат. Жылдыз белгим букачар болгондуктан, букачарлардын талылуу жери тамагы экен. Тумоолоп калсам эле жөтөлүп баштайм. Шарфты стиль үчүн да байланам. Анткени, костюм кийгенде деле галстугу жок бир кызыктай көрүнүп калат го. Ошондой эле, шарф жок жүрсөң деле эч нерсе эмес, бирок шарфты байлансаң башка иш.
- "Артистти-аялым, таксистти -күйөөм дебе",-деген эл арасындагы тамаша сөздү өзүңдүн дарегиңе кабыл аласыңбы?
- Ооба, чындап эле өзүнүн жубайын же күйөөсүн алмаштырган артисттер деле бар. Анткени, ырчылар тойдун үстүндө көп жүрүшөт. Арак-шарап дегендей… Бирок артист болбой туруп деле, башка менен мамилелеш болуп жүргөндөр толтура. Ал адамдын дээринен болуш керек. Өзүмдүн болочок жубайымды чыгармачыл адам болсо экен деп ойлойм.
Төлөбүбү Касымалиева