Наоми:

"Мени Ысык-Көлгө ала качып…"
- Ата-энеңдин кимиси кыргыз?
- Баары эле ушуга кызыгышат. Бирок мен бул суроого көп учурда жооп бербейм. Атам да, апам да кыргыз эмес, бирок дайыма кыргыз деп келем.
- Наоми өзүңдүн атыңбы?
- Өзүмдүн чын атым Наргиз. Наоми деген атты Юрий байке койгон болчу. Жаңы чыгып келе жатканда, өзүмдүн чын атымды айтсам, " Аа, бул кыргыз эле турбайбы", - деп мага эч ким ишенмек эмес. Юрий байке көбүнчө атымды айтканыма каршы болот. Бирок кээ бир жерлерден айтып алам.
- Кыргыз тилден башка дагы кайсы тилде сүйлөй аласың?
- Уйгурча түшүнөм, бирок кенен сүйлөй албайм.
- Сенин сахнага ырдап чыгуудагы туңгуч устатың ким?
- Эң алгачкы устатым Сыймык Бейшекеев десем болот. Сыймык Бейшекеев менен таанышып, чогуу ырдап калып, чыгармачылыктагы уулу Аваз Акимовдун концертинде чоң сахнага ырдап чыккам. Андан кийин Бобков уюштурган "Ырдайлы кыргыз ырларын" сынагынан өтүп кетип, ушул учурга чейин Юра байке менен иштешип келе жатам. Юрий байке менин продюсерим жана атам десем болот. Анткени, мага өзүнүн кызындай мамиле кылат.
- Мектепте окуп жүргөндө түсүңө асылып, тийишкендер болчу беле?
- Ооба, андайлар толтура эле болгон. Кээде чыдабай кеткенде, бакырып ыйлачумун. А азыр болсо, антип айткандарга жылмайып гана коём.
- Мектепти толук аяктадың беле?
- Жок, тогузунчу классты бүткөндөн кийин эле, Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык орто окуу жайга тапшыргам. Азыр ал жакты аяктап калмакмын, бирок гастролго кете берип, окуудан чыгарып салышкан. Тааныштарым аркылуу бүттү деген документти колума алдым.
- Азыр КТРКда иштеп жатам дедиң, кайсы кызматта иштеп жатасың?
- Юрий байкенин жанында жардамчысы катары иш алып барып жүрөм. Монтажды азыр үйрөнүп жатам, буюрса, монтажёр болсомбу деген оюм бар.
- Бегимай Эсенгулованын "Таба албаймын" деген ырын кандайча ырдап калдың эле?
- Ал ырды Бегимайдын продюсери Динара Эсенгуловадан сураганыбызда, макул болуп, белек катары берген болчу. Ошондон баштап ал ырды ырдап калгам.
- Тойлордо ырдайсыңбы?
- Ооба, Юрий байке барган тойлорго гана барып ырдап кетпесем, өзүм жалгыз барып ырдабайм.
- Кыздардан курбуну көп күтөсүңбү же эркек балдардан досторуң көппү?
- Кыздарга көп ишене албайм. Жакын курбум жок. Эркек балдар менен көп достошом. Анткени, сен айткан сырыңды алар эч качан айтпайт.
- Кыргыз баласына турмушка чыкмак белең?
- Эгер бири-бирибизди сүйүп калып, туура түшүнүшүп, жылдызыбыз туура келип калса, анын бай-кедейине карабай туруп турмушка чыкмакмын.
- А Африканын тургуну келип:"Мен сени жактырып калдым, мени менен Африкага кетчи?" - десе, аны менен кетмек белең?
- Кетпейт болчумун. Анткени, Кыргызстанга абдан көнүп калгам. Негизи эле мага Испандыктардан башка улуттар көп жага бербейт.
- Кандай жигитти кыялданасың?
- Өзүн караган, кыздарга назик мамиле кылган жигитти кыялданам.
- Эгер эл аралык ыр майрам болуп, дүйнөлүк деңгээлдеги каалаган ырчың менен дуэт ырдаганга мүмкүнчүлүк болсо, ким менен ырдамак элең?
- Энрике Иглесиас менен ырдамакмын (күлүп).
- Репертуарыңда көбүнчө кандай ырлар басымдуулук кылат?
- Эски ырлардын мааниси мага жаккандыктан, аларга көбүрөөк басым жасайм. Азыркы мен сени сүйүп калдым деген ырды ар ким жаза алат деп ойлойм. Мен негизи ырдын маанисине карайм.
- Стиль жагынан кайсы стилисттин кызматын пайдаланасың?
- Стиль жактан Жанетанын стилин туурайм. Үнүмдү да Жанетаныкына окшоштургум келет. Анткени, анын үнү жагат. Кийим жагынан да, Жанетадан кеңеш сурап турам.
- Сахнага жаңы чыкканга караганда, бир топ эле арыктап калыптырсың. Арыктоо сырыңан кыздар менен бөлүшө кетпейсиңби?
- Жалал -Абадга барып келгенден кийин, өзүмдү жаман сезип, ооруканага жаттым. Ошондон кийин эле арыктап кеттим. Кантип арыктаганымды өзүм да билбей калдым.
- Куда түшкөндөр көп болсо керек?
- Жок, куда түшкөн эмес. Бирок ала качкан учурлар болгон. Былтыр жайында КТРКдан чыгып келе жатсам, бир машинеден балдар чыгып, машинеге салып кетип калышты. Жолдо карай, оозума келген жаман сөздөр менен сөгүп, урушсам да мени машинеден түшүрбөй коюшту. Балыкчыдан түз кеткендеги бир айылга барганбыз, үйүнө жеткенде машинеден түшпөй койдум. Анан бирөөсү: "Ушунча келгенден кийин отура бер, кыздын барар жери күйөө. Бул жерден кеткенден кийин бактылуу болом деп ойлобой эле кой", - деп орой сүйлөгөн. Байкемдер алып келишкен. Ал бала азыр деле чалып жүрөт. Телевизордон көрүп, жактырып калып, биздеги барабан ойногон байке аркылуу телефонумду алыптыр. Шаарга келгенден кийин аябай тил уккам. Ошондон кийин, балдар менен көп тааныша бербейм.
- Сени, "сахнага чыкпа, өлтүрүп кетем!"-деген коркутуулар болгон деп уктум эле. Азыр андай коркутуулар болбой калдыбы?
- Ооба, мурун сахнага чыксаң өлтүрүп кетем дегендер болгон. КТРКнын алдына чейин үч бала келип: "Мен сага айтпадым беле! Сахнага чыкпа дедимби, чыкпа! Кыргыздын ырчылары бар, сенин ырдаганың жакпайт!"- деп кыйкырып жатканда, Юрий байке чыга калып, "бери келчи" - десе, анын көзүнчө: "Мен сени эмне болгон күндө да өлтүрүп кетем", - деп кетип калган. Азыр жанымда дайыма бир бала жүрөт. Телефондон да чалып алып коркутуулар болот.

Апамдын шиш такалуу туфлисине таш
салып кийип…
- Кичинекей кезимде апамдын күлгүн түстөгү шиш такалуу туфлиси бар эле. Ошол такага кызыгып, кийгим келе берчү. Анан бир күнү апам үйдө жок кезде, баягы туфлисинин башына таштарды салып туруп кийип алдым. Туфлини кызыгым тарагыча көчөдө кийип, ар кимге мактанып жүрүп, чарчаганда зым карагайдын жанына уктап калыптырмын. Эрке кыз болгондуктан, жана жалаң байкелерим менен бир өсүп калгандыктан, алар эмнени кылса, мен да ошону сөзсүз туурачумун. Үйгө келген кошуна байкелерге: "Ассалоому алейкум!" - десе, мен да ошентип кол берип учурашчумун.


Төлөбүбү Касымалиева