"Кырк чоро"
Сыймык Бейшекеев:
1. Салт: Кызыл кыюулуу калпак аркылуу айыл эли толугу менен күйөө баланы тандап алуу укугуна ээ болушкан. Ал эми ал мырза үйлөнгөндөн кийин, кыз тарап "күйөө баштык" даярдап келишет. Ошол баштыктын ичине сала келишип, ага кандай калпак кийгизишкен? (Туура жооп: Кыюусу кара болгон калпак кийгизишкен. Калпактын мындай түрү мырзанын үй-жайы бар экендигин, б.а., анын турмушу ак карасы аралаш пендечиликке өткөндүгүн сырттан башкаларга сездирип турган).
1. Кыргыздын мырзасы болуп билбей калсам уят го. Кара кыюусу бар калпак кийгизишкен.
2. Адабият: Казак жазуучусу Габит Мусперовдун "Кыз Жибек" чыгармасын биздин кайсы акын которгон? (Туура жооп: Мукай Элебаев ).
2. Чынын айтсам билбейт экемин.
3. Тарых: Тарыхта аты белгилүү ханды Чыңгызханга салыштырышат. 1362-жылдары Малик Кутбидин хан менен салгылашып атканда оң колунун эки манжасынан айрылып, оң бутунан оор жарадар болот. Ошол себептен бул ханды кайсы "лакап ат" менен атап калышкан? (Туура жооп: Темирланды "Аксак Темир" деп атап калышкан )
3. Темирлан деген ханды "Аксак Темир" деп аташкан.
4. Кино:"Мен Тянь-Шань" тасмасында Ильяз, Асел жана Кадичаны кимдер аткарышкан? (Туура жооп: Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чоочунбаева жана Назира Мамбетова )
4. Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окуганым ырларымдан байкалып турат. Ильяз -Дүйшөн Байдөбөтов, Асел -Динара Чоочунбаева, Кадича -Назира Мамбетова.
5. Сүрөт дүйнөсү:1948-жылы тартылган, колуна китеп кармаган "Советтик Кыргызстандын кызы" сүрөтү кайсы сүрөтчүнүн кистисине таандык? (Туура жооп: Семен Афанасьевич Чуйковго таандык).
5. Союз маалындагы окуучулардан болуп калдык го. Албетте, бир китепти ачканда ушул сүрөт көзгө урунат. Сүрөтчү Чуйковго таандык.





"Үр кызы"
Гүлнара Тойгонбаева:
1. Адабият: "Козу-Көрпөш менен Баян сулуу" пьесасы казактын кайсы белгилүү драматургуна таандык? (Туура жооп: Габит Мусперов ).
1. Ушул чыгарманы билбейт экемин.
2. Салт: Илгери кыргыздар кыз баланын 2 же 3 жашында төбө чачын өстүрүп коюшкан экен.Ошол чач кандайча аталат? (Туура жооп:"Айдар чач" деп аталган ).
2. Чач кандайча аталат билбейм.
3. Кино: Мухтар Ауэзовдун чыгармасынан тартылган "Көксерек" казакфильминде биздин актёрубуз жана актрисабыз аткарышкан, алар кимдер? (Туура жооп: Алиман Жангорозова, Сүймөнкул Чокморов ).
3. Сүймөнкул Чокморов жана Жангорозова.
4. Тарых: 1838-жылы Кокон хандыгынын атайын жөнөткөн тыңчысы Көр аким табып кебетесинде жүрүп, ыңгайын таап кыргыздын кайсы баатырын ууланган нашатыр менен өлтүрөт. (Туура жооп: Тайлак баатырды өлтүргөн ).
4. Бул баатырды да билбейм.
5. Сүрөт дүйнөсү:Скульптор Саадабек Ажиевдин портретин тарткан кыргыз сүрөтчүсү ким? (Туура жооп: КРнын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Сүйүтбек Төрөбеков ).
5. Сүрөтчүнү таппай атам, билбейм.