Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Тынчтыктын апасы, Үрниса Кадыралиева:
"Боз салкын" тасмасында Асема суу алып баратып тайып кетип, акырын көйнөгүн көтөрө, бутун жууп атса, келинчегине дүрбү менен уурдана көз чаптырган Сагынды кимдер гана билбейт? Бул тасманы азыркы кыргыз киносунун классикасы деп да айтып жүрүшөт. Жөн гана элеттик турмуштун бир үзүмүн чагылдырган тасмада башкы каарманды аткарган Тынчтык Абылкасымовдун балалык кезине сапар тарттык.


"Баламдын кансырап, кыйналып өлгөнүнө чыдамым жетпей..."
- Кош бойлуу кезиңизде балаңызды кандай көтөрдүңүз?
- Мен балам тууралуу айткандан мурун, 4 сап ыр менен баштагым келип турат. Тынчтыгымдан мурункусу ымыркай кезинде чарчап калып, кудайдан тиленип тапкан балам болгондуктан, жалгызымды өтө бапестеп чоңойтком.
Бактылуу болуптурмун наристенин үнүн укканымда,
Уурт толуп, ууз сүтүм жутканында.
Эркелеп, эмчек чапчып быйтыйган кол,
"Апа" деген асыл сөзүн укканымда.
- Кош бойлуу кезде эмнеге талгак болдуңуз?
- Мен тамакка ачуу калемпир кошуп жегим келчү. Уйкуга мас болуп көп уктачумун, кээде кычкыл айран ичер элем. Эки күн толгоо катуу болуп аябай кыйналгам, 1986-жылдын 12-январында көз жардым. Салмагы 4кг 400 грамм болуп, ошол Өзгөн төрөтканасындагы 17 баланын ичинен эң салмагы чоң болуп төрөлдү.
- Төрөлгөндө кыйынчылык тарттыңызбы?
- Ооба, балам төрөлгөндө кадимки балдардай болуп ыңаалап үнү чыкпай, денесинин көгөрүп турганын көрүп коркуп кеттим, киндигин кескен Гүлсүн аттуу акушерка муздак сууга денесин салса, бир маалда "баа" деген үнүн уккан соң өзүмө келдим. Ырым-жырымдын кандайдыр бир деңгээлде таасири бар экенине ошондо ынандым. Себеби, мен кош бойлуу кезде өзүмдү алаксытып балама токулма жиптен чыптама токуганмын, көрсө, курсактагы баланын мойну ошол жипке байланып калат экен. Апам ушул ырымды айтса таң калып калыпмын. Бир жашка чейин тынбай ыйлагандыктан, ооруканага көп жаттык. Бир жаштан өткөндөн кийин ыйлаактыгы дароо басылып, баламдан өткөн момун адам жок болуп чыга келди.
- Алгачкы сөзүн эстей аласызбы?
- Сүйлөгөндө эле тили "ата" деп чыккан. Атасы Абылкасымов Тургунбай- музыкант. Элге билим берүүнүн отличниги. Өзгөн районундагы Маданият үйүндө аккордеон, чоор ойнойт. Андан сырткары, үйлөмө аспаптарды колго жасайт. Ырлары элге таанымал болбосо да, кээ кезде обон жаратмай адаты бар.
- Там-туң баскан кездеги кылыктарынан айтсаңыз?
- Экиге толгондо мештин жанында бир коробка пиязды колу менен аарчып салыптыр. Кызыгы, көздөрү кыпкызыл болуп шишип, бирок бир да ыйлабаганына таң калдым. Күндөрдүн биринде өзүнөн чоңураак кыз жыгып cалып, мурду сыйрылса да, ыйлабастан кайра ордунан туруп оюнга кызыгып кетти.
- Балтырын тилген балалык кезине токтолсоңуз, шок беле?
- Жалгыз бала болгондуктан, дүкөндөн көзүмө кайсы оюнчук жакшы көрүнсө сатып алчумун. Ал оюнчуктарды да этияттап ирети менен тизип ойночу. Кадимкидей оюнчуктары менен сүйлөшүп: "Күчүгүм, сен бул жакка тур, азыр токойдон сага карышкыр, арстан экөө үйүңө келип конок болушат даярдан",-деп бирдемелерди кобурап кызыктуу ойночу. Бир жолу 6 жашында мени менен "Ыр кесеге" барып, биз даярданып атсак: "Апа, "Ыр кесенин" ачылышында мен сахнанын ортосунда чүкө ойноп отурайын, кызыктуу болот",-деп сунушун киргизди, балам айткандай эле шаңдуу жана жандуу өттү. "Бешиктеги баланын бек болорун ким билди" дегендей, ошондо эле баламдын режиссёрлук жөндөмү ачылса керек.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп коёт, башка өнөрлөрү да бардыр?
- Ооба, 7-классында спорт тармагынан бокска катышып, бир күнү көзү көгөрүп келсе катыштырбай койгом. Бирок машыктыруучусу Каныбек Кулгелдиевдин демилгеси менен Чүй районунан жана шаардык жаштар арасындагы бокстан 2 жолу 2-орунга жетишти. Жалгыз балам болгондуктан, бокска катыштырбай койсом, машыктыруучусу: "Тынчтык чанда кездешчү сологой, азыртадан жакшы машыкса болуп көрбөгөндөй сол колу менен соккуну катуу берген мушкер чыгат",-деди. Мен макул болбосом, таарынып көпкө чейин биз менен сүйлөшпөй жүрдү. "Боз салкын" тасмасынан көрүп, мага атайын келип: "Мен жаңылыпмын, канткен менен сиз энесиз да, көрсө, балаңыздын кесибин туура тандапсыз",-деп кайра элдешти.
- Чыгармачылыкта актёр болуп таанылган да, дагы башка эмнеге жөндөмү бар?
- Тынчтык Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте билим алган, азыр Темирбек Сайдинов ырдап аткан "Таятам жана таенем" деген ырдын сөзү,обону балама таандык. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун актёр жана режиссёр" бөлүмүн бүтүргөн. Жеке кинорежиссёр катары "Мен", "Нооруз", "Кесилиш", Оркестрдин репитициясы" аттуу кыска метраждуу тасмалары бар. "Нооруз". "Кесилиш", мындан сырткары, үч кыска метраждуу тасманы чогултуп "Өлкө жана мамлекет" аттуу бир тасма тартылды. 2010- жылдын жай айларында "Бир дүйнө" аталыштагы эл аралык фестивалда Гран-приге ээ болуп, Чехиянын Прага шаарына жолдомо алышты.
- Уулуңуз аткарган тасмалар сизге кандай сезим ыроолоду?
- Рустам Аташов тарткан "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында режиссёрдун ассистенти, жардамчы сценарист, оператор болуу менен биргеликте наркомандын образын жаратты. Ошондо көрүп атып кудайдан тилеп: "Ушундай жаман жолдон сакта дедим". "Боз салкын" тасмасында баламды Мурат катуу сабап салганда, ролду аткарган Сьездбекти эне катары жаман көрүп жүргөм. Көрсө, сценарий боюнча ошондой тура. "Лучь" киностудиясы тарабынан Сергей Тарасов тарткан "Чыңгызхандын ак булуту" тасмасында Арасандын образын ачып берди. Ошондо бир тууганы Эрдене, Арасандын мойнуна жаа сайып өлтүрөт. Мойнундагы жаа бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыга кан жайылганын көрүп, жүрөгүм кадимкидей муздай түштү. Баламдын кансырап кыйналып өлгөнүнө чыдамым жетпей көзүмдөн жаш агып: "Кудай баламдын өмүрү узун болсун. Бул кино жөн гана кино да ",-деп өзүмдү соороттум.
- Төрдө отуруп келиндин ысык чайын ичер куракка келип калыпсыз. Балаңыздын болочок жарын кандай элестетесиз?
- Мен келинимден төрт гана нерсени талап кыламын. Кирди таза жууп, үйдү тыкан кармаса. Тамакты даамдуу жасаш керек, капаланып турса да, дайым маанайы жарык болсо. Болочок келиниме төрт сап ырымды арнаймын:
Ак жоолук камдап коюп күтүп турам,
Уулумду үйлөнгүн деп улам-улам.
Ак маңдай жаркылдаган болсоң керек,
Көрүүгө ашыгамын кетип чыдам.
Мына мен ушундай келинди күтүп жатам.
- Ыр менен айтканыңызга караганда, Тынчтыктын чыгармачыл инсан болушуна сиз түрткү берген чыгарсыз?
- 1982-жылы, сөзү Баймурат Бектемировго, обону Маматпазыл Дубанаевге таандык "Өзгөнүм" аттуу ырды Ош телевидениесинде ырдап чыккам. Бир нече жолку Ош дубаныбыздын "Ыр кесе" телеберүүсүнүн катышуучусу болдум. Мындан сырткары, "Бактылуу болгум келет", "Эңсөө", "Кеч күздөгү карагат" аттуу ырлар жыйнагым жарык көрдү.
Динара Асылбекова







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования