Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Замир Сабитахунов:
"Фанерден комуз чаап алгам"
- "Бал татым" ырындагыдай, жубайың Элладаны кандайча кезиктирип калдың?
- Алгачкы жолу Элладаны Атантай Акбаровдун поэзия кечесинде көрүп калдым. Бала кезден мага Роза Аманованын комуздун коштоосунда ырдаган ырлары жакчу. БГУда окуп жүргөн маалда, Эллада бир фестивалда Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум" аттуу ырын созсо, Роза Амановадай элес калтырды. "Нурборбор" жазуучулар союзунда жүргөндө, дароо күйдүм-сүйдүм,секетбайларды ырдабай, дос катары сүйлөшүп жүрдүк. Кийинчерээк достуктан-сүйүү жаралат дегендей, сүйүүбүз күч алып баш коштук. Жашоодо эриш-аркак болуп, бири-бирибизди колдоп ынтымакта өмүр сүрүүдөбүз.
- Замир, чыгармачылыктагы алгачкы кадамдарың тууралуу айта кетсең?
- Апамдын айтуусунда атам комузду аябай жакшы ойногон, жакшы ырдаган, той-кечелердин көркүн чыгарган сөзмөр, азыркыча айтканда тамада болчу экен. Каныңда болгон соң, "шибегени капка ката албагандай" эле, талантыңды баса албайт экенсиң. Мектепте окуп жүргөндө эле комузга болгон кызыгуум күч алды, бирок апам көңүл бурбай коюп, өзүм узун фанердин башына үч мык кагып, этегине үч мык кагып, жилка тартып, комуз "чаап" алгам. Бул чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамым болсо керек. Кийин, студент кезимде да менин чыгармачылыгыма туугандарым каршылык кылышты, бирок жеңдим окшойт, баары ынанып, азыр колдоп калышты. Ал эми биринчи дебюттук ыр болуп Кубат Оторбаевдин сөзүнө жазылган "Бал татымы" саналат. Ошол ыр менен "Кыргызстан Обондорунда" Назгүл Айдаралиеванын "Дебьют хит- парад" рубрикасына катышып калып, ошондо чыгармачылыкка алгачкы кадам таштагам. Ошондо тобокелге салган болчумун, эгер ырым радиодо жаңырса, анда чыгармачылыкка чындап дитим менен берилемин деген ойдо элем. Негизи, ырдоо боюнча келинчегиме жетпейм, хобби катары ырдап коюп жүрүп кийинчерээк кызыгып кеттим.
- Чыгармачылыктагы устатың тууралуу кеп салсаң?
- Чыгармачылыкта насаатчыларым, устаттарым көп эле. Эң алгач сахнага куудул,ырчы Илияз Агыбай уулунун түртмөгү менен чыкканым азыркыга чейин эсимде. Илияз Агыбай уулу концерт коюп калды. Кара-Сууга баратканбыз, аңгыча эле:"Концертти сен алып барасың",-деп койду. Ошондон тартып эле алыпбаруучулуктун сырларын изилдей баштадым. Темирлан Сманбеков агабыздан дагы бир топ сабак алдым, кийин Абдымалик Шерматов агабыздан сахнанын этикасы туралуу көп жакшы кеңеш алып, азыркы деңгээлге жетип отурам.
- Азыркы обончулардан кимди баалайсың?
- Рысбай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Чубак Сатаевдин обондору түбөлүк классикага айланып калбадыбы. Азыркы жаш обончулардун аты аталган залкарлар сыяктуу тарыхта калышы кыйын деп ойлойм. Мен жакшы билген Калмурат Рыскулов аттуу обончу бар эле. Өмүрү кыска экен, эми обондору элге таанылып калганда, о дүйнө салып кете бергени өкүнүчтүү. Анын ырларын вокалдык жактан күчтүү ырчылар гана ырдай алган. Алсак, Токтобек Асаналиев "Боогачың сенин болоюн", Салима Балтаева "Көктөм эле" жана башка ырчылар аткарып жүрүшөт. Калмурат Рыскуловдун ырлары элдин жүрөгүндө түбөлүккө сакталышына толук ишеним бар. Бирок көзү тирүү кезинде бааланбай калышы өкүнүчтүү нерсе.
- Сахнадагы кызыктуу окуялардан айтып берсең?
- Бир күнү улуттук китепканада салтанаттуу кечеде Эллада акын Атантай Акбаровдун "Ромеодон сүйүүм күчтүү жүз эсе" аттуу ырын ырдамак. Тамагы ооруп калып ырдабай калса, ордуна мен ырдап коёюн деп берилип ырдап атсам, баары кетип калышты. Келинчегимдин курбусу Кыял мени аягандай: "Оо, браво",-деп коштоп кол чаап атыптыр. Дагы бир кызык окуя, кай жакта болбойлу, улуу кызыбыз Медина дайым биз менен чогуу болчу. Кимибиз сахнага чыксак, чыкпаганыбыз кызды алып калчубуз. Бир жолу "Ноорузда" Эллада комуз менен ырдап атса, кызымды таппайм, көрсө, 3 жашар кызым сахнага чыга калып,апасынын этегин тарткылай бериптир. Көрүп аткан элдер боору эзилгиче күлүшкөн.
- Эки чыгармачыл адам үй-бүлө курса, бара-бара бири экинчисине көмөктөшүп, алдыга жылдырат экен. Силерде кандай?
- "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дейсизби? (күлүп) Жок, мен билем, Эллада жакшы ырдайт, бирок биз бири-бирибизди толуктап турабыз. Келинчегим аракетчил эмес, эгер чыгармачылыкка баш-оту менен киришсе, азыркы ырчы айымдардын алдыңкыларынан болуусу бышык эле. Мен тамадалык кесипти аркалагандыктан, той-топурларда Элладага элдер: "Кудум эле Роза Амановадай ырдайт экен",-деп баа берип калышат.
- Эми, үй-бүлөдө "казан-аяк кагышат" эмеспи, кимиң өнтөк, кимиң жөнтөксүңөр?
- Менин жиним бат келип, жарылып кетмейим бар. Ошондой маалдарда Эллада жөнтөк. Бирок жиним кандай бат келсе, ошондой бат жазылат.
- Өзүңдү эки кызыңа кандай атамын деп эсептейсиң?
- Жүрөгүм эзилип, элжиреп турам. Бирок ачуум келсе урушуп коём. Эллада да урушат, башкача айтканда, эби менен эркелетип, эби менен урушуп турабыз. Буйруса, Эллада экөөбүз үчүнчү перзентибизди күтүп жатабыз.






Эллада Асылбекова:
"Жанымда жок болсо, жалгызсырай берем"
- Эллада, атың өзүңдүкүбү же лакап ат менен чыгасыңбы?
- Баары эле ушинтип сурашат. Апам кош бойлуу кезде "Элладанын баатырлары" деген китепти окуптур. Анан мен төрөлгөндө Грециянын Эллада аттуу шаары кулакка жагымдуу угулуп, атымды шаардын атынан койгон экен. Мен чоң энемдин колунда чоңойгондуктан, апам өзгөчө көңүл бурчу. Дайыма майрамда мага кооз көйнөктөрдү, түрдүү оюнчуктарды белек кылчу.
- Балалык кезиңде шок белең?
- Балалыгым абдан бактылуу көз ирмемдер менен эсте калды. 5 бир тууганбыз, эки эжемден кийин мен, анан иним төрөлгөн. Айылда кезүүгө чыгат элек. Эжем менен мен кезүүдө кой кайтарып жүргөндө, койлор жоголуп кетпесин деген ойдо сарайга камап койчубуз. Биз кайтарган маалда койлор аргасыздан ээлерине ачка кайтчу. Бир жолу бир козуну жардан кулатып өлтүрүп алып, козунун ээсинен тил угуп, өзүбүздүн козубузду бергенге туура келген.
- Чыгармачылык чөйрөгө кандайча келип калдың?
- Эжелерим Бишкекте "Шубин" атындагы музыкалык мектептен билим алган. Каникулга айылга барганда комуз ала барышыптыр. Мага нота менен бир-эки жолу комузду кантип чертерин көрсөтүшкөн. Анан музыканы кандай кабыл алсам, ошондой чертип үйрөнүп алдым.
- Качан чоң сахнага чыга баштадың?
- Мен чоң сахнанын босогосун аттаардан мурун айылдагы болуп өткөн окуяны айтып берейин. Өзгөн райондук жаш балдар арасындагы фестивалга катышып келейин десем, үйдөгүлөр каршы болушкан. 5-классымда таңга маал ак түйүнчөккө кийимдеримди түйүп, комузумду алып эч кимге айтпастан, ошол фестивалга барып катышып ийгиликтүү кайткам. Урушат го деген ойдо үйгө барсам, кайра мени куттукташып, чыгармачылыкка жол ачып беришкен.
Биринчи ирет колдоо көрсөткөн Алтынай Темирова эжебиз "Нурборбордон" ырдаганымды уккан соң, "Сен вокалдан сабак алышың керек",-деп Улукмырза Полотов агайга ээрчитип алып барды. Улукмырза агай биринчи ырдатып көрүп:"Сабак алам десең келе бер",- деди. Сыртка чыксам Алтынай эже күтүп отуруптур, агайдын жообун угуп сүйүнгөнү эсимде. Андан сырткары, улуу муундагы эже-агайлар кеңеш берип, багыт берип, өргө тартып турушат.
- Замир экөөң дайыма ээрчишип чогуу жүрөсүңөр, бири-бириңерден жадаган учурлар болобу?
- Негедир баары эле ушуну сурай беришет. Бирок үй-бүлө күткөндөн баштап дайыма чогуу жүргөнгө көнүп алган соң, бир нече саат жанымда жок болсо эле ээнсиреп, жалгызсырай берем. Жадамак тургай, кичине жок болсо билинет.
- Эне болуу бактысын татып, алардын бал тилине маарып турган чыгарсың?
- Ооба, кыздарымдын бар экени эле бакыт. Чыгармачыл адамдардын балдары да чыгармачыл болобу, айтор, кыздарым да бул чөйрөдөн алыс эмес. Өзгөчө, улуу кызым Медина: "Атам - шамал, апам - жамгыр, мен - күнмүн, Кундуз - булут",- деп мүнөздөп жатпайбы. Анын сөзүндөгү чындык баарыбызды таң калтырды. Себеби, Замир шамалдай бат, мен болбогон нерсеге көз жаш төгүп алмайым бар. Ал эми, кичүү кызым токтоо. Мединанын чынында жаркылдап турган мүнөзү бар.







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования