Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.

- Кое турсаң, мына, окурмандар үчүн да: ошол ыр саптарынан маанилүү деген бир сабын келтирип койчу.
- Төрт сап айтып берейин, макулбу? Мына:
Күнөө дешет, эгер сүйсөң бирөөнүн
Өмүрлөшүн, арзуулашкан түгөйүн,
А Сиз үчүн каалайт менин жүрөгүм
Керек болсо тозогун да дүйнөнүн! - деп жазып салгам да,
- Кечээ эле сен аны карызга кучактадым деп айттың.. Бирок анткениң менен жанагинтип ыр жазып жаткандан кийин ошо кечээ түнү келип аябай түйшөлсөң керек анда...
- Менчи.. Адам учурунда өзүнүн сүйгөнүн же сүйбөгөнүн билалбайт экен да, туурабы? Сүйүп калганыңды деле билалбайт экенсиң деп койбоюмбу (уялыңкы күлүмүш болду). .
- Демек, кийинки күнү залдан отуруп туруп жанагыдай кат жазыш үчүн бир түн керек болду да, иэ?
- Билбейм, ал ырым бат эле чыгып калды...
- Жок, жөн эле ырдын чыгып калышын айтпайм: ошонун чыгышына кандайдыр сезим түрткүсү болду да...
- Рыспай агай жолуккандан баштап эле анын мага жасаган мамилеси...
- Жоо, жанагы, кучактагандан кийинкисин айтам. Анан Бөкөнбай Боркеевди "издеп" этаж кыдырып кеткениңер...
- Жөн эле бир киши жакшы көрсө канчалык көңүлүң көтөрүлөт - анан ушундай залкар инсандын кучагында туруу мендей сезимтал, бираз талант дегенден кабарлуу назик-жандын ой дүйнөсүн уйгу-туйгу кылып таштайт экен.. Анан башкалар үчүн эч нерсеге арзыбаган жөнөкөй эле бир кыз болуп жүрсөм, анан "Рыспай сүйүптүр" десе азыр деле эч кимиси ишенбейт да: "Койчу, ушул кызды сүйүптүрбү?!" дешип...
- Жо, антиши мүмкүн эмес!.. Жана эле кайталабадыкпы.
- Мүмкүн, айта беришет. Анан өзүмдү да ага чынында пар көрүүгө дарманым жетпеди...
- Жаздың анан кийин, анан?
- Ошол, жазып жибердим.. Баса, биринчи күнүчү.. концерттин биринчи күнү Давлет эже мага минтип айтты да: "Сен барып Рыспай агайыңа гүл берип кел", деп айтты да. Мен өмүрүмдө эч кимге гүл берип көргөн эмес элем - "Гүл берип, бетинен өөп кел", - деди да...
- Демек, кандайдыр себептен сезим отуна Давлет жеңе өзү ширеңке чаккан турбайбы?
- ...жанагинтип балдардын көзүнчө, артисттердин көзүнчө мени өбөлектен мурдачы, биринчи күнү, жанагинтип кучактай электен мурдачы. Анан "Гүл берип, бетинен өөп кел", дегенде: "Коюңузчу, өптүрбөй койсочу?" дедим да. Анан.. "Сен биринчи барып көрсөң...", - дейт!... Давлет эже ошентип айтып жатпайбы!... Анан кийинип алып, чо-оң гүлдесте болчу, азыр сизге сүрөттөрүн көрсөтөм... Анан мен чоң букет гүлдү көтөрүп алып баратпайымбы... Ошондо "Издейм сени" деген ырын аткарып жаткан, бирок ушул ырды аткарганда.. деп атайын деле ойлогон жок болчумун да, тагдыр өзү коштоп жүрдүбү, билбейм - негедир туура келип калганына алигүнчө таңгалам...
- Жанагы сүрөтүңү көрсөтө берчи...
- Анан мен чоң гүлдү көтөрүп алып баратпайымбы...
- Кое турсаң.. минээрде бетиңен эмес, менимче оозуңан өөп жатса керек...
- .. азыр айтам да, сиз эмне шашып жатасыз! Тигичи..
- Мына биз сүрөттү көрүп турабыз, иэ: Сахна гүлдөрү менен жанаша Рыспай экөөң турасың кучакташып өбүшүп...
- "Издейм сени"ни бүткөндө жанагы чоң гүлдестени сунганымда Рыспай агайдын жүзүндө жайнаган кубанычтын элеси күнү бүгүн көз алдыман кетпейт... Мени көрүп эле мо-оминтип!.. сүйүнүп калды! Анан гүлдү берип эле: "Агай, бетиңизди тосуңуз!" - дедим. Десем эле... бетимен өппөй, кучактап туруп оозуман өөп жатпайбы ажерденчи...
- Залдагы канча миң адамдан уялган жоксуңбу?
- Тигичи.. андайда Рыспайдан башка.. жо-о, ал кучактап өөп жатканда, ишенсеңиз, денем бошоп кетти: эл эмес өзүмдү таппай эс-учуман ажырап калгандай болдум! Бүгүн деле ошол мүнөттү эстегенимде муунум бошоп кетет: сүйүү дегенибиз ошондой эле болсо керек...
- Жанагы, "Каттамада" жазылып жүргөн "туу чоку" дегенибиз ошол да, сезим бийиктигин айтам...
- Коюңузчу деги!... Сахнада жүрсөмчү.... анан биргезде карасам өөп жатыптыр! Анан: "Ой!" деп колумду тартып алдым да, сахнадан кетип калдым. Бержактан бизден окуган бир бала сүрөткө тартып алыптыр да өбүшкөнүбүздү!.. Мен ошо баланы атайын чакыргам да Рыспай агайдын сүрөттөрүн тартсын депчи. Ал болсо дал ушул ирмемди илип алганын карабайсыңбы. Мен ага алдын ала айткам да азыр барып гүл берем деп, бирок мындай сүрөттү күткөн эмесмин, бирок дал ушунусу жагат магачы..
- Аябай жакшы сүрөт экен...
- ... Концерттин үчүнчү күнү болсо мен деген бир жаңы ыр... "Махабатым Сизге арнаймын" деген ыр түрмөгүм бар...
- Баса, "Сиз жөнүндө" деген ырлар жыйнагын даярдап жүрөм деп айттың эле жана...
- Ооба, "Бейкүнөө жүрөгүмдө орун бирөө" дегенчи, ушул ырдын текстине Рыспай агай мага арнап бир обон чыгарган, азыр көрсөтөм...
- Ал ыр радиого жазылып калдыбы?
- Менде нотасы менен бар, эч ким ырдай элек. Музейи ачылып калса анын бир көчүрмөсүн берейин деген оюм бар. Бирок мага деп арнаганын бербейм, бул мени менен бирге болот, мага дем берет. Алышса мен өлгөндөн кийин...
- Кой, өлгөндүн бетин нары кылсын - жанагы белегин өз колу менен жазып бердиби?
- Ооба, мынакей азыр көрсөтөм... Мына, биеринде менин атымы жазып, колу да турат...
- Колу сулуу экен, эй. Муногу оймо-чиймелерди ким тартты?
- Рыспай агай өзү да! А киши аябагандай сүрөтчү да! "Бир Кудай өзү берем десе таланттын баарын бирөөгө жыйнап салат турбайбы", деп да ойлонуп кетем кээде. Ушундай кишинин колуна түшүргөнүнө да бир сүйүнүп, бир күйүнүп алам (ургаачынын көз жашы кайра башталды, күтөлү бираз).
- "Бул ааламда бир жолуккан эң жакшы көргөн адамыма, Болдуканга ыйлап туруп арнадым.. ". Күчтүү сөздөр экен. "Рыспай. 21. 01. 94" деген турбайбы. Менимче, ушул күнү силерде бир окуя болду болуш керек, иэ?
- Ой, кызыксыз Сиз - Оштон жазып жатпайбы, биз экөөбүздө кандай окуя болмок эле?!
- Болгон жок дейсиңби?..
- Билесизби, үч күндүк концерт бүттү да, ошентипчи, мен үчүнчү күнүчү, "Махабатым Сизге арнаймын!" деген ырымды ырдадым да...
- Эми-и, биз кайрадан темага жакындайлы да, антпесек оңбогон окурман окуянын эң кызык жерине жетпей ит болуп жатат да...
- Үч күнү концерт бүткөндөн кийин мен уже кетип калдым да, Рыспай агай менен коштошо алган жокмун "Жакшы барыңыздар" депчи. Давлет эжелер менен коштошо албай эле кетип калгам да. Анан ошо боюнча мен бир ай бою Үриниса эженикине барган жокмун да. Корктум да: ал деген, мен жанагы, "Махабатым Сизге арнаймын" деген ырды ырдагандан кийин Үриниса эже-ээ.. билбейм да, кандай - ишигылса, мен үчүн баары эле мени урушуп жаткандай, мени жаман көрүп жаткансып сезилип жатты да...
- Эмне үчүн сенде ошондой сезим пайда болду? Эчтеке деле жамандык кылбасаң...

(Уландысы кийинки санда)




Сен калпка кандайсың?
(Кыздар үчүн)

Сенин табитиңе туура келбеген жигит сени бийге чакырды. Сен кантип кутуласың:
а) бутумду кайрып алдым
б) анан деп алып, кече аяктаганча качып жүрөм
в) "өлсөм да бийлебейм" деп мурдуңду чүйрүйсүң
Сенин курбу кызыңдын жаңы чач жасалгасы элдин күлкүсүн келтирип жатат. Сен курбу кызыңа:
а) сен супермодель болуп калыпсың
б) сен комедия фильминин каарманы болуп калыпсың
в) жакшы, бирок мурда кандай болсоң ошондой жагасың
Сенин жеңең сага жакпаган өңдөгү баш кийим, мээлей, моюн орогучту белек кылды. Сенин реакцияң:
а) сиз мен үчүн сонундарды каяктан табасыз?
б) муну пенсияга чыкканда кием
в) муну кайдан таптыңыз, мен ушуну издеп жүргөм
Сенин тууганыңдын кызын жигиттер менен турганын байкабай айтып алдың. Ата-энеси урушуп баштаганда сенин коргоо үчүн кылган аракетиң:
а) даана ким экенин деле көргөн жоксуң
б) жаман иш кылбаса болду да
в) ал жерде башка да кыздар бар болчу
Курбуң бир кечеге аябай сонун көйнөк даярдаганын көргөздү, бирок туфлиси сага жаккан жок?
а) эң сонун жарашат
б) табитсиздердин конкурсу болсо биринчини аласың
в) көйнөгүң сонун, менде бир туфли бар, экөө бири-бирине дал келишет
Өздөрүн укмуш элестеткен кыздар Сенин жигитиңди шылдыңдап жатат, сен:
а) ал жакшы жигит, силер билбейсиңер
б) силерге дагы бир нерсе айтышым керекпи?
в) ооба, ал менен жүргөндөн көрө жалгыз жүргөн жакшы
Курбуңдун жигити курбуңдун ооруганына байланыштуу сенин кечеңе жалгыз келди, эртеси курбуң сенден ал жөнүндө сураганда:
а) ар ким менен бийлеп жүрдү
б) бурчта көңүлсүз отурду
в) баары менен жылмайып, сүйлөшүп отурду, бирок жалгызсыраганы билинип турду
Сени сүйүп жүргөн жигит сен көргөн киного сени чакырып калды. Сенин жообуң:
а) кечиктиң, башка жигит менен көрүп алдың
б) көргөм, бирок кайра көрүүгө эмнеге болбосун
в) мен да ушул киного баргым келип жаткан
Балыңды эсепте:
1. а)-3 б)-2 в)-1
2. а)-3 б)-1 в)-2
3. а)-2 б)-1 в)-3
4. а)-2 б)-1 в)-3
5. а)-3 б)-1 в)-2
6. а)-3 б)-2 в)-1
7. а)-1 б)-3 в)-2
8. а)-1 б)-2 в)-3

19-24. Сен укмуштай калпычысың. Сен башкалар эмнени уккусу келсе ошону айтасың. Сен баарына жаккың келет, балким ошондуктан башканы ойлоп турсаң дагы бөлөктү айтууга өзүңдү мажбурлайсың. Бирок, бара-бара сага эч ким ишенбей калаарын унутпа. Өзүң кандай болсоң ошол бойдон калууга үйрөнсөң, жашоо да, тегерегиңдегилер да сага өзгөргөнүң байкасың.
13-18. Тактикалуу калпычысың. Чындык - дайыма эле жагдайдан чыгуучу мыкты каражат эмес. Этиканын чегинде калпты жакшы жакка буруп айтуу же чындыкты унчукпай, айтпай коюу менен өзүңдү калпычы кылбай сактоо - мыкты дипломаттык сапатыңды аныктайт.
18-12. Кайрымсыз - чынчылсың. Калп айтуу жаман экенин билсең дагы чындыкты курал катары колдонууга болбостугун билишиң керек. Кээ бир чындык адамзатка бактысыздыкты алып келет. Сенин чындыгың тегерегиңдегилер менен келишпөөчүлүктү жаратып, бирөөлөрдүн жан-дүйнөсүнө жарака кетирет. Жамандыкка тарткан чындыктан, жакшылыкка тарткан калп жакшы экенин эстен чыгарба.