Обон пресс
Ура-а, өкмөт түзүлдү
Эжекемден эки ооз сөз
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева 20-декабрда өкмөттүн кезектеги жыйынында көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн курамын коомчулукка сунуштады. Эмесе, жаңы бийликтин жапжаңы кызматкерлери менен таанышыңыздар:
Премьер-министр- Алмазбек Атамбаев
Биринчи вице-премьер-министр- Өмүрбек Бабанов
Вице-премьер-министр - Ибрагим Жунусов
Вице-премьер-министр - Жантөрө Сатыбалдиев
Күч органдарын көзөмөлдөө боюнча вице-премьер-министр жана Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү - Шамиль Атаханов
Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси - Нурханбек Момуналиев
Тышкы иштер министри - Руслан Казакбаев
Каржы министри - Чоробек Имашев
Адилет министри - Абылай Мухамежанов
Ички иштер министри - Зарылбек Рысалиев
Энергетика министри - Аскар Шадиев
Экономиканы теcкөө министри - Учкунбек Ташбаев
Өзгөчө кырдаалдар министри - Болот Борбиев
Айыл чарба министри - Төрөгул Беков
Жаратылыш ресурстары министри - Замирбек Эсенаманов
Транспорт жана коммуникация министри - Эркин Исаков
Саламаттыкты сактоо министри - Сабыр Жумабеков
Мамлекеттик мүлк министри - Нурдин Илебаев
Билим берүү жана илим министри - Канат Садыков
Эмгек, миграция жана ишке орноштуруу министри- Алмазбек Абытов
Жаштардын иши боюнча министри - Алиясбек Алымкулов
Маданият жана маалымат министри - Нурлан Шакиев
Калкты социалдык жактан коргоо министри - Дүйшөналы Мамасалиев
Суу чарбачылыгы жана мелиорация боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасы - Зиядин Жамалдинов
УКМК төрагасы - Кеңешбек Дүйшөбаев Президент тарабынан дайындалды.
Коргоо министри - Абибилла Кудайбердиев Президент тарабынан дайындалды.


Карга карганын көзүн эмес,
карапайым элдин көзүн…
"Карызы бардын"
капчыгы калыңбы?
Ош шаарынын жылуулукка болгон карызы жалпысынан 39 млн сомду түзөт. Анын негизги карызкорлору- капчыктуулар экен. Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жетекчиси Кубаныч Алишеров:"Жылуулук акысын үзгүлтүксүз жалаң шаардагы мекеме-ишканалар менен карапайым калк төлөшөт. Ал эми карызы көптүн көбү - акчалуулар. Алар жакын арада карыздарын төкпөсө, сотко беребиз",- деген билдирүүсүн жарыялаптыр. Таң калыштуусу, Ош шаарында жылуулук берүүчү ишкананын кээ бир абоненттеринин ичинен 20 жылдан бери карызын төлөбөй келгендери да бар экен.


"Коён жылы койду алды,
көкүрөктө ойду алды"
"Коён алсыздык кылат…"
Парапсихолог Индира Исманкулова билдиргендей ("Алиби" гезитинин 17-декабрдагы саны),"Келе турган коён жылы да болуп өткөн окуялардын кесепетин тартпай койбойт. Январдын аяк ченинде, болжол менен жаз айларында дагы эле нааразычылык пикет, митингдердин улантылышы күтүлөт. Бирок жолборс жылындагыдай кайгылуу окуялар кайталанбашы керек. Ошентсе дагы жолборс жылынын тийгизген терс таасиринен дароо чыгып кетүүгө коён алсыздык кылат", - деп билдирген парапсихолог.


Темир генерал "деди"
"Иши аз,
саны көп
министрлерге ич чаппай…"
"Темир генерал" деген лакап аты менен жамырай журттун жамгырдай ушагына бышып бүткөн Феликс Кулов азыркы бийликти сынга алды. Анын айтуусунда "Совет доорунда министрликтер 4 эсе аз болчу. Азыр өлкөдө 132 жогорку кызматтагы чиновниктер бар. Милдеттери көп эсе кыскарган чиновниктер Президентке керекпи? Бул деген башкаруунун партиялык-колхоздук варианты дегенди билдирип турат жана мындай көрүнүш премьер-министрдин жумушка орноштуруу бюросунун башчысы катарындай сезимди пайда кылдырат экен. Биз азыр жөн гана себепсиз министрлерди көбөйтүп жатабыз" -деди. Баса, "Ата Мекен" фракциясы менен "Ар-намыс" фракциясынын коалицияга бирикпөөсү алардын оппозицияда калып, бирок душман катары эмес, дос катары өз сынын айтып турарын билдиришкен. Өкмөттүн түзүмү карапайым эл үчүн гана эмес, мурдагы бийликтин тизгинин чоюп жүргөндөргө да осол көрүнүп калды окшойт. Кулов:"Бул маселе тезирээк кабыл алынып калды жана бул аларга карата оң маанай жаратпайт. Мындай маселелер алдын-ала сүйлөшүүлөр жана талкуулар менен чечилсе болмок",- деген оюн билдирди.


"Учур" учурдан пайдаланып…
Жаңы жылга
кайрымдуулук акция
Мамлекеттик "Учур" жаштар театры жаңы жылдык акция менен 22-декабрда Дмитриевка айылындагы балдар үйүнө, 23-декабрда Военно-Антоновкадагы майып балдар үйүнө кайрымдуулук концертин коюшат. Программада жомок, жаңы жылдык оюн-зоок, жаңы жылдык костюмдардын сынагы жана дагы жомок каармандары менен жолугушуу болмокчу. Балдар үчүн жомоктон өткөн майрам болбостур… Өз каражаттарына мындай иш алып барып жаткан "Учур" театрына ийгилик каалоо менен, ыраазычылык билдиребиз. "Бир жетимдин чекесинен сылап, жүзүнөн сүйгөн адам кудайга бир кадам жакындайт" дегендей, сиздердин бул иш-аракетиңиздер капчыктууларды, бийликтегилерди ойлондурса экен дейбиз.


Ак халатчан айлыбызда бирөө бар…
Үзүлгөн - уланды!
80-жылдары биринчи ирет кесилип түшкөн бутту улап, СССР "дүңк" этти эле, эми Кыргызстан бул көрсөткүчтү кайталады. Ноябрь айында оң колу билегинен кыйылып түшкөн 20 жаштагы Валерий Величкону Улуттук госпиталга караштуу Иса Ахунбаев клиникасынын пластикалык реконструктивдик микрохирургия жана кол, манжа хирургиясына кыйылган колун баштыкка салып алып келишкен. Баланын колун рентгенге тартып, травматологдорду, анестезиологдорду чакыртып, бир саатын ичинде операцияга киргизишкен. 7 саатка созулган операция ийгиликтүү аяктап, үзүлгөн кол уланды. Операцияны хирург Жалил Акунов, анестезиолог Нургүл Молдобаева, травматолог Алмаз Шамбеталиев жана бөлүм башчы Мекен Абдалиевдер жасашкан.


Китеп менин акылым…
"Нурборбордон" бир кабар
Улуттук китепканада, 17-декабрда КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчилигинин камкордугу менен жаштардын республикалык "Нурборбор" бирикмесинин жаш акын-жазуучуларынын жарык көргөн китептеринин презентациясы болуп өттү. Мында Жазуучулар союзу, акын-жазуучулар, студенттер жана чымындуулар катышты. "Той болот, тойдун эртеси да болот"- демекчи, эртеси 18-декабрда жаш акын, Жазуучулар союзунун мүчөсү Эрнист Талкановдун туулган жеринде болуп өткөн "Махабат музасы 2" китебинин презентациясына Жазуучулар союзу катышып келди. Жаштарга кылган камкордук эртеңки келечектен үмүт кылуу эмеспи.