Уктап жатып
"Манас" айткан Нурбек
Калыбек уулу Нурбек 1989-жылы 29-декабрда Ысык-Көл областынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Азыркы учурда 20-лицейде 1-курста окуйт. Нурбектин талантын угуп, атайын маектешүү үчүн бардык, "Манас" айтканын карап отуруп, бир чети аяп, бир чети белгилүү манасчылардан кем калбаган талантына баа берип кайттык.

- Нурбек, Саякбай Каралаевдин небереси болом деп атасың, кандайча небереси болоруңду айтып берсең?
- Мен Саякбай атабыздын туулуп-өскөн айылынан болом. Саякбай Каралаев атындагы орто мектепти окуп бүтүргөм. Саякбай атабыздай болуп "Манас" айткым келет, ошол себептен Саякбайдын өз тукумунан болбосом да, небересимин деп айта алам.
- Кандай болуп "Манас" айтып калдың?
- Биринчи класска киргенде "Алиппе майрамында" биринчи жолу "Манасты" жаттап айткамын. Ошол кезде жаттаганым эсимде калыптыр, дагы кошумчалап жаттап айтып жүрдүм. Кийинчерээк китептен жаттабай эле, өзүм укканымды кайталап айта берчүмүн. Ошентип өзүнөн-өзү уланып кетти. Эч жерден окубаган, эч кимден укпаган саптар эсиме келип, өзүм эле айтып баштадым. Азыр окубайм, кайталабайм, өз оозума келгенин айтам.
- "Манас" айтып жатканда кандай абалда болосуң?
- "Манасты" айтып баштаганда беш мүнөттөй жакшынакай эле абалда туруп айтам, өзүмдү сезип турам. Улам күчөгөн сайын өзүмдү жоготуп баштайм. Үнүм дагы катуулап баштайт экен. Мен 94- лицейге келип окуганы көп эле кароо- сынактарда чыгып "Манас" айтып жүрөм. Бир жолу лицейдин атынан чыгып "Манас" айтып жатып өзүмдү жоготуп коюптурмун. Уламдан-улам катуулап айта берип, айта берип, этеги токтоно албай калыптырмын.
- Ошол абалыңды өзүң билесиңби?
- Жок, билбейм.Ордуман тура калып айтып баштаганда, эки бала чыгып көтөрүп кетишиптир.Мен өзүмдү-өзүм жоготуп коюптурмун. Агай-эжелер "болду" дешиптир, мен укпай койгонумда көтөрүп кетишиптир. Бир маалда көзүмдү ачсам, сахнанын артында жатыптырмын. Бирок сахнадан кантип айттым, кандай кылып көтөрүп киришти, эсимде жок.
- Сен беш мүнөттөй жакшынакай эле айтам, анан өзүмдү жоготуп коём деп атпайсыңбы, ошол өзүңдү жоготуп баратканыңды сезесиңби, кандай абалга туш болосуң?
- Мен "Манас" айтып баштаганда көкүрөгүмдөгү бук, ачуу чаңырык чыгып кетчүдөй сезилет. Улам айткан сайын ошол күч көкүрөгүмө батпай кетет, үнүм көтөрүлө баштайт. Ошол маалда бир катуу нерсе артыман кыса кучактагандай болот. Ошондон кийинкисин айта албайм. Жөн жүргөндө деле кулагыма бир нерселер угула берет.
- Эмнелер угулат?
- Көбүнчө "Саякбайдын мүрзөсүнө бар, куран оку" деген сыяктуу үндөр угулат. "Манас" айтар алдында бир түн уктабай калам, чочуп ойгонуп, кулагыма үн угулуп, кээде өзүм уктай берем, бирок отуруп алып кыйкырып "Манас" айта берет экемин. Жатаканада чогуу жашаган балдар эрте менен турганда сөгүшөт. "Түндө уктатпай "Манас" айтып чыктың"- деп. Бирок аны өзүм билбейм. Өткөндө бир кызды жакшы көрүп калгам. Күндө кечинде ошол кызды ойлоп жатам. Бир күнү түнү менен "Манас" айтып чыгыптырмын. Мен кыйкырып баштаганда эле, вахтадагы эжелер чогулуп келип, кой деп койдура албай кетишиптир.
- Манасты айтып баштаганда китептен окуганың боюнча баштайсыңбы, же өз оозуңа келгенин айтасыңбы? Өзүңдү жоготуп койсоң, анан кантип "Манасты "айта берет болдуң экен?
- Мен ушуга түшүнө албайм. Кээ бирөөлөр айтат го: "Түш көрүп "Манас" айтып калгам",- деп. Мага эч нерсе деле болгон эмес, болгону жөн отурганда "Манас" айта албайм, "Манасты" айта турган учурум келет, аны өзүм сезем. Ошондой маалда кандай да болсо кыйкырып, айтып алгым келет. Куран окуганда кудайдын кудурети менен өзүңөн- өзүң жаттап каласың дешет го, "Манастын" да ошондой өзүнүн бир касиети бар, жаңылбай-жазбай, такалбай шыр эле оозума келе берет. Көрүп отурган элдер көп болсо, жанымда манасчылар болсо, ошончолук мага жеңил болот. Эргүү келет, токтоно албай айтып кеткеним ошондон болсо керек.
- Көбүнчө "Манастын" кайсы бөлүгүн айтасың?
- Мен "Манастын" бардык окуясын айта албайм, айтып да көрө элекмин. Толук эргип, төгүлүп-чачылып "Манас" айтып көрө элекмин. Антип айтканга шарт да жок болуп атпайбы. Бир аз кызып айтып келгенде эле токтотуш керек болот. Кээде ушунчалык кыйналганда өзүмчө талаага отуруп алып "Манас" айткан учурларым болот, бирок ошондо деле толук ичимдеги бук чыккыча айта албайм. Токтотуш керек, элдер карайт "жинди го" дешет. Көбүнчө бук болгон кезде, "Манас" айтсам чаташтыра берем, башында Манастын төрөлүшүн айтып келатып, кайра Каныкейдин Тайторуну чабышын, анан Көкөтөйдүн ашын айтып кетип дегендей, баш-учумду таппай калам. Оозума кандай келсе ошону айтам.
- Белгилүү манасчылар менен аралашып, таанышып тарбия-таалим алсам деген тилегиң болсо керек? Ушуга аракет кылып көрдүңбү?
- Манасчылардын кеп-кеңешин уксам дегенде эки көзүм төрт. Бир жолу атайын КТРКга да баргамын. Ал жактан Мирхамид деген байкеге жолугуп, "Манас" айтып берсем,ал: "Сенин талантың бар экен, жардам берем, өзүң дагы жакшылап аракет кылышың керек"- деп, телефон номеримди алып калган. Кийин кабарлашпай кеттик. "Манасчылар коому" бар экенин билем, бирок ошол жакка мени чакырган же алып барган киши жок. Өзүм барганга батынбай жүрөм.
- Нурбек сени көрүп тургандай бутуң-колуң ооруйт экен. Кепти ушул жаатына бурсаң?
- Мен 2-группадагы инвалидмин. Төрөлгөнү майып болуп төрөлгөм. Бир бутумдун, бир колумдун тарамыштары кыска экен. Өзүм окуган Саякбай Каралаев атындагы орто мектептин директору Орозалиев Кубат деген агай мага абдан чоң жардам берди. Кубат агайыма чоң ыраазычылыгымды билдирем. Айылдан теңтуш балдар, майып болгонуман, колумда жок болгондуктан кемсинтип коюшчу. Ошондой мамилени көрүп, Кубат агай: "Сенин колуңан келбесе дагы, мээңен келет, сен окушуң керек. "Манасты" калтырбай айтышың керек",- деп мага дем-күч берип, 94-лицейге сүйрөп келген. Кийин Сабырбек Жумабеков колунда жокторго бекер операция жасап атканын угуптур да, элден акча чогултуп, ошол жакка алып барып, бутумду операция жасатып берди. Бутума тарамыш кошуп жасашты. Азыр,буюрса, бутум жакшы болуп калды. Эми кийинки жылы колумду жасатабыз го. Бутумду операция жасаганда, наркоздон чыга албай жатып кыйкырып, Манас айтыптырмын. Бир палатадан экинчи палатага которуп атканда да, залдан Манас айтып баратыптырмын, врачтар дароо эле мен экенимди билишиптир. Кийин келип айтып беришти.
- Колу-бутуң ооруганына карабай штанга көтөрүп, спорт менен машыгат турбайсыңбы?
- Айылдан сокмо сокчубуз да. Ошондо Чынгыз деген бала бар эле, чакага салынган ылайды тиши менен көтөрүп алып берчү. Ошону туурап тишим менен көп нерсе көтөрдүм. Балдар менен мелдешип оор нерселерди көтөрө берчүмүн. Кийин көп мелдештерге катыштым. Өнөр көрсөтүүгө барып катышып, көп медалдарды жеңип алдым. Үч-төрт медаль, ондон ашык грамотам бар. Жакында лицей аралык мелдеш болуп, 50 килограммдык баланы беш мүнөт тиштеп көтөрүп турдум. Азыр 70 килограмм болгон кишини белине жип байлап тишим менен көтөрө алам. Эми "Тико" машинасын тишим менен сүйрөп көрсөмбү деген ой болуп атат. Кулак менен да бир чака сууну көтөрөйүн деп, азыр бир аздан машыгып жүрөм. Кулагым дагы чоңураак эле, ого бетер чоюлуп атат.
- Өзүң канча килограммсың?
- Өзүм 55 килограммын. Менин спорт менен машыгып калышыма айылдаш балдардын таасири чоң болду. Мени кемсинтишип, көп жактарга кошпой коюшчу. Ошондо намысыма келип, ооруганыма карабай машыга баштадым. Азыр ,буюрса, бир аздан жыйынтыгы боло баштады.
- Нурбек талантың өркүндөй берсин. Рахмат, сага.

Айсулуу Эсен кызы