Миң уккандан, бир окуган…

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.

Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)

- Кечирип кой, алдагы кол жазмалардын баарын чыгарасыңбы кийин?
- Чыгарайын деген ой бар, бирок иргеш керек го...
- Менимче, кандай жазылса ошондой кеткени даамдуубу дегеним...
- Карабайсызбы, мында баратканда жазыптырмын да... Үриниса эже адресин бергендечи: "Рыспай дегенде жан дүйнөсү козголгон кыздар канча?!" - деп жазыптырмын да... Анан отурам да мен жалгыз... Тиги кызды мен келгенден кийин бир аздан соң кетирип жиберген.. Отурам жалгыз... Иттей ыңгайсыз болду да мага...
- Давлет эже жокпу?
- Давлет эже ары кухняда чыз-пыз кылып жүрөт да... Же Рыспай агай келип менин ырдаганымды көрбөйт да.., же ырдаба деп да айтпайт - кеминде жарым саат ашык отурдум окшойт. Анан бир кезде Үриниса эже келди: "Көрдүбү?" - деди. Мен: "Көргөн жок", - дедим. "Ал минеси экен?" - деп ушинтип Рыспай агай жакты көздөй кетти. Рыспай агай такыр менин үстүмө кирбей койду да! Уккан да жок! Акыры намысым ойгоно баштады да: тимеле керсейет ко бу киши!.. Андай ырдаткысы келбесе айтпайбы: кете бер, деп?! Жок дегенде бир келип адамдык кылып сурабайбы десең. Бирок бир чети ошондо бир карап суктандым да а кишиге: кийими жөпжөнөкөй, кычырап кийинип мактанчуларга окшобойт.... Бирок бир кезде, Үриниса эже келгенден кийин... Үриниса эже: "Мине, тиги кызды укпайсыңбы?!" - деп ошентти окшойт, берки мен отурган бөлмөгө кирип келип эле, моминтип: "Кызым, атың ким?" деп ошентти да...
- Ээгимен кармалап көтөрүп дебейсиңби...
- Билбейм, иши кылса...
- Колунун жылуулугу сезилдиби ошондо?
- Билбейм дейм, мен аябай... бир кызыктай болуп...
- Кандай кызыктай болуп кеттиң?
- Дивандын үстүндө отурам да.. Ошол учурда мен.. кандайдыр кинодогудай элестеп кетти да.
- Коё турсаң, ушерден бир тактоо киргизип кетели да: сага Залкардын колу тийди. Али башкасы тиелек. Мине болдуң ошондо?
- Эчтеке болгон жок, бирок айтып жатпайымбы.. Раймалы элестеп кетти депчи!..
- Чыгармачыл Рыспай эмес, ошол Раймалы элестеп...
- Билбейм, айтор, оюма ошондой түшүп кетти...
- Демек, сенде алдын ала эле бүдөмүк Раймалы-сезим бар беле?
- Жо-ок, буга чейин андай, экөөбүздүн ортобузда.. Ушундай мамилени.. Эми угуп турбайсызбы: мен мындай мамилени күткөн эмесмин да!
- Анда "Раймалы!" деген ой кайдан келди?
- Билбейм да... Анткени кинодо... билесизби: экөө айтышканда атын сурайт эмеспи Бегимайдын!.. А.., менден ал атымды сурап жатпайбы моминткенде ээгименчи,. "Атың ким, кызым?" - депчи. Анан "Болдукан", - десем: "Канчанчы жылкысың?" - деп сурады да. "67мин, 68дер менен окугам" - десем: "М-мм!" - деп, чыгып кетип калды. Анан бир кезде аялы менен кирди да кайра. "Кана, ырдап көрчү, кайсыны ырдайсың?" - деди. "Сиздин 'Кыздын ыры' дегениңизди ырдайм" - десем, аялы да: "Ийи, ошону ырдайт экен" - деп кошулуп кетти. Анан эже мени тааныштырып: "Университетти бүтүп, аспирантурага калыптыр", - деп айтты. Анан ырдап бергенден кийин мен Рыспай агайдын пикирин уккум келди да. Бирок Рыспай агай эч нерсе айтпай койду - ырдайсың деген да, ырдабайсың деген да жок. Анан кайра чыгып кетип калды да. Мен дагы эле жалгыз калдым - Рыспай агай улам кирип чыгып карап коёт, меничи. Мине кылаарымды билбей отурсам анан бир кезде кыякты апкелди: "Кана кыяк менен ырдап көрчү анда", - деди, - жанагы ырдычы. Анткени мен жанатан бери сүрдөп эле ырдай албай жаткан окшойм. Ошондо айттым да: "Рыспай агай, мен сизчелик ырдай албайм да", - деп. "Рыспайчалык ырдай албасаң, анда Болдуканчалык ырдап кой", - деди. Ошентсе да комнатага батпай эле кысылып жаттым да. Анүстүнө улам кайсаңдап көңүл бурбай кирип-чыгып жатса... Анан акырында кыяк менен ырдатып: "Сен кыяк менен жакшы ырдайт турбайсыңбы!" - деди. Анан бас деп ээрчитип, залга чыктык. Анткени тамак бышып калыптыр да. Анан тамак ичип отурганбыз да.. Бир убакта карасам Рыспай агай мени сырдуу тиктеп отуруптур - уялып кеттим.. Давлет эже менин катарымда, маңдайымда Үриниса эже, анын катарында Рыспай агай отурган...
- Кайчылаш отурупсуңар да буттар тийишкендей кылып..
- Неме.. ошентип отурабыз да, бирок мени кызыктырган... Буга чейин а киши жөнүндө көптөгөн аңыз кептер айтылып келбедиби. Мени кызыктырган.. мен ушул адамдын таржымалына байкем улам айта бергендиктен көбүрөөк кызыгып калгам да. Кеңеш Жусупов жазбады беле Алыкул жөнүндө: "Ыр сабындагы өмүр" дегеничи. Мен дагы ушу жерден Рыспай агай жөнүндө жазсам деген ой кетти. Анын басып өткөн өмүр тагдырына, чыгармачылыгына кызыктым да аябай. Тиги, "Алмашым" деген ыры жөнүндө да айтылат эмеспи аябай.. Ушу, өз оозунан бир уксам!.. Элдин ушактарына ишенбейм да! Рыспайдын өз оозунан уксам чыгармачыл адам үчүн аябай эле жардам болоор эле да. Ар бир эле жазган адам жакшы тема издейт эмеспи. Анан анын ар бир айтканы.. Анан ошентип тамак ичип отурсак эле туюк сезим Рыспай агайды каратпадыбы. Карасам эле агай менден көзүн албай тигилип тиктеп отурган экен да!.. Ичип жаткан тамагыма какап кала жаздабадымбы: бир, мо-оминтип... карасам эле мо-оминтип тиктеп отуруптур да! Муңга толгон капалуу көздөр!.. Мен уялып кетип жерди карап отуруп калдым да эмне дээримди билбей. Анан эле: "Байке, пенсияга чыктыңыз беле?" - деп айтып жибербейимби!.. (экөөбүз тең жыргап каткырып калдык. Болдукандын көздөрү нур чачып, жүзүнөн жылуу сезим жайнап турду... ). Аерденчи... мен билбей калдым да эмне деп жатканымды.
- Жоготуп койдуң да өзүңдү...
- .. Ооба да!..
- Мине деди анан?
- Рыспай агайдын көңүлүнө ушунчалык катуу тийерин билген жокмун да - иттей настроениеси түшүп: "Силер ушу мени эле карыта албай калдыңар! - деди. - Мен карый элекмин!" - деди да!.. "Сен азыр мен эмнени ойлонуп отурганымды кайдан билесиң? - деди да. - Кыйналып-кысталып карап отурганымды сезген жоксуң!" - деди. Аялы жаныбызда отурбадыбы ошондо, бирок оюнда калдыбы-калбадыбы, билбейм.. Анан мен ошол жерден эле өчүп калдым да, уялыпчы. Үриниса эже чекесин столго жөлөп эле каткырып калды. Рыспай агай аны далыга чапкылап койду: "Бу сезимтал кыз, сезип атат бир нерсени", - депчи.. Ошентип тамак ичилип бүткөндөн кийин деле менин ырдаганымды да укпай, же ырда деп айтпай, дагы эле отурам да тамак ичип бүткөндөн кийинчи. Анан Давлет эже Рыспай агайга костюм издейм деп кетти да... кетмек болду да. Үриниса эже да билет сатам деп бир жакка кетти...
- Балким, Рыспай сени ырдатпай атайын күтүп жат...
- Коё туруңузчу, буруп жиберет экенсиз да...
- Гезиттин багытына жакындабай жатпайсыңбы...
(Уландысы кийинки санда)




  Спорт-World

Данияр Көбөнов:
"Максатым - эми Лондон"
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстанга биринчи алтын медал алып келген, ушул эле жылдын 10-сентябрында Россиянын борбору Москва шаарында болгон грек-рим күрөшү боюнча мелдеште коло медалдын ээси, спорт сүйүүчүлөрүнүн кумири болгон Данияр Көбөнов менен маек.

"Азаттык": Кечээ таймашта тишиңиз канап кеткенин көрдүк. Анан жаныңызда бир ирандык балбан аксап жүрдү эле. Алтын медалдын куну кандай экен?
Данияр Көбөнов: Жеңиш үчүн аягына чейин күрөшүш керек деп айтат го. Жеңишке жетүү кыйын болду. Ал үчүн баарын бериш керек да. Мен бардык күчүмдү бердим го дейм.
А: Сиз алтын медалга жетем деп ойлодуңуз беле?
Д. К.: Ооба, мен келе жатканда эле же биринчи болушум керек, же акыркы болушум керек деген максат менен келгем.
А: Алтын медаль аласың деп түшүңүздө аян берилген жокпу?
Д. К.: Жок, андай аян деле болгон жок. Финалга чыгардын алдында бир башкача сезим болду. Бир чоң жоопкерчиликти сездим го. Эмнегедир ута тургандай болуп турдум да. Финалга чейин мага оор болду. Финал мага кайра жеңил болду да.
А: Таймашта каршылашыңызды жеңгенден кийин дароо кандай ой келди?
Д К.: Чынын айтсам, азыр эч нерсе билинген жок.
А: Үй-бүлөңүз дароо телефон чалып куттуктаса керек?
Д. К.: Жок, аларга азыр деле чала элекмин. Убакыт боло элек. Азыр калыбыма келип, антип-минтип жүрөм. Буюрса, чалам деп турам.
А: Азия оюндары башталгандан тарта алгачкы күндөрү жеңилүүлөр көп болду. Ошондо бир, чын эле алтын медалга жете албай калабызбы деген чочулоо болгон жокпу?
Д.К.: Бүт Кыргызстан ушул күрөшчүлөргө үмүт артып турат дегенде, медаль алып берели деген ой болду. Элибизге медаль алып берели дедик.
А: Сиздер кетип баратканда Президент жеңиш менен кайткандарга үй берем деп убада кылды эле. Үйлүү болом деп кубанып жатсаңыз керек?
Д.К.: Ооба да, мен азыр ата-энем менен чогуу турам. Абдан кубанып жатам.
А: Лондондогу олимпиадага барасызбы?
Д.К.: Ооба, барам. Даярдык көрөм. Азыркы максатым - эми Лондон.
А: Жеңишке жеткенден кийин ооруган жерлер билинбей калат дешет. Ошол чын бекен?
Д.К.: Ооба, ошол таймаш күнү эч нерсе сезилбейт экен. Эртеси күнү сезилет экен. Азыр колум, аркаларым ооруп жатат. Ооз да айрылып кеткен да. Бирок бул деле билинбейт экен. Эң башкысы - алтын медаль го.
А: Эми жеңишти кантип белгилегени жатасыз?
Д.К.: Бишкекке барганда досторум, туугандарым, жакындарым менен жууйм.
А: Анда шампанды Кыргызстанга келгенде ичет экенсиздер да?
Д.К.: Ооба, өз эл-жерибизге барганда чогуу жуусак деп жатам. Кыргыз элиме ысык салам. Бул жеңишимди кыргыз элиме арнайм. Сиздерге да чоң ырахмат.
P.S. Маалымат
www.azattyk.org сайтынан алынды