Кышкы сессия

Окурмандардын суроосуна ылайык, кыргыздын жаш ырчыларынын кыргыз тилин, салтын канчалык деңгээлде билерин сынай баштамакчыбыз.

Гүлзинат Суранчиева
"Үр кызы"

1. -Иримчик боорсок кандай жасалат? (Туура жооп: Кадимки боорсоктон өзгөчөлүгү - быштак кошулгандыктан, жегенде үбөлөнүп, чачырап кетет).
- Жөнөкөй боорсоктун жасалышын билем, иримчик боорсокту биринчи жолу угушум, билбейт экем.
2. -Аяк кап эмнеден жасалат жана анын милдети?(Туура жооп:Териден жасалат, атайын идиштерди салчу буюм).
- Биз байыркы көчмөн калк болгондуктан териден жасалган идиштер сынбаш үчүн салына турган буюмду аяк кап деп коюшкан.
3. -"Ай нурунда кышкы түн" кайсы акындын чыгармасы? (Туура жооп:Аалы Токомбаевге таандык).
- Эсимде, "Айран төгүп койгондой" деген саптары бар. Аалы Токомбаевдин чыгармасы.
4. -"Отко таазим" тасмасы кимдин бейнеси тууралуу тартылган жана баш каарманды ким аткарган? (Туура жооп: Уркуя Салиеванын бейнесине арналган. Баш каарманды Таттыбүбү Турсунбаева ойногон.).
- Уркуя Салиеванын образын актриса Таттыбүбү Турсунбаева жараткан.
5.-Манастын Каныкейден мурунку аялдары? (Туура жооп:Карабөрк, Акылай).
- Манастын биринчи аялы-Карабөрк, экинчиси -Акылай болгон.
Жыйынтыгы: Гүлзинат 4 суроого жооп берип, экзаменден "4" деген баа алды.




Сьездбек Искеналиев
"Кырк чоро"
1. -Атанын баласына болгон милдети.(Туура жообу:1. Жакшы ат коюу. 2. Сүннөткө отургузуу. 3. Үйлөнтүү).
- Атанын баласына болгон 3 парзы бар:
1. Балага ат коюу
2. Сүннөткө отургузуу
3. Үйлөнтүү
2.- "Махабат дастаны" тасмасында Раймалынын образын ким аткарган? (Туура жооп: Төкмө акын Тууганбай Абдиев).
- Төкмө акын Тууганбай Абдиев.
3.- "Жамбы атуу" кандай оюн? (Туура жооп: Ат үстүндө баратып, жаа менен арканды үзө атуу керек).
- Эсимде, "Ак илбирстин тукуму тасмасында" Кожожаш ат минип жаа менен арканды атканда, түйүнчөктөгү тыйын чачылып кетет го, ошол оюн болсо керек.
4. "Дивани-лугат ат-түрк" кимдин поэмасы, кимге таандык? (Туура жооп: Чыгыштын акыны Махмуд Кашкари).
- Ачыгын айтсам, билбейм.
5. Коңурбайдын минген аты? (Туура жооп: Манастын душманы Коңурбайдын минген аты-Алгара).
- Коңурбайдын минген аты кара деген сөзү бар болсо керек.
Жыйынтыгы: Сьездбек 3 суроого жооп берип, экзаменден "3" деген баа алды.