Көкүлчөн кыялдар

Шрэк - идеалдуу каарман
Биздин күндө кызыгып көргөн мультфильмибиз оюнчуктар сыяктуу эле, биздин мүнөзүбүздүн, тарбиябыздын, психикабыздын калыптанышына чоң таасирин тийгизет. Ошол себептен, мультфильмди тандоодо биз аябай жакшылап ойлонушубуз керек. Мурда, биздин ага-эжелерибиз, ата-энебиз мультфильмди телевизордон эле көрүшчү экен. Ал эми телевизордон тандалган гана мультфильмдерди көргөзчү. Анын үстүнө, аларда согушчул роботтордун бири-бирин өлтүрүшмөйлөрү жок эле мультфильмдер экен. Азыр болсо, биз каалаган мультиктин дисктерин таап, каалаганча көрөбүз. Бирок андагы чыныгы каармандык тууралуу ойлонбостон, согушуна, кыздар болсо эрке кыздардын бири-бирине кылган жаман адаттарына кызыгып, аларды бара-бара оюндарыбызга кошуп ойнойбуз. Келгиле, мультфильмдеги каармандык тууралуу сүйлөшөлү.


Азыркы мультфильмдердин арасынан чоңдор да кызыгып көрүүчү жомоктор көп. Чоңдор да бир убакта бала болгон. Ошол себептен, биз сүйгөн мультфильмдердин каармандарын алар да билишет. Мисалга "Шрэк", "Кунг-фу пандо", "Аватар", "Муз доору", "Сулуу жана түрү суук", "Уйкудагы сулуу", "Рататуй", "Оюнчуктар тарыхы" ж.б. Эмесе, баарыбыз кызыга көргөн "Шрэк" жөнүндө, анын каармандыгы жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Мурдагы мультфильмдерде жакшылардын баары сулуу, жамандардын баары түрү суук болгон. Бирок, Шрэк андай эмес. Ал канчалык өңү суук болсо дагы жан дүйнөсү таза, эч кимге жамандык каалабаган, кыйынчылыкта жардамга муктаждарга кызматын кылган, достукка туруктуу, сүйүүсүнө туруктуу "киши жегич". Анын ички дүйнөсүн билбегендер андан коркуп качышат, Шрэк өзү да ага көнүп калган. Бирок, анын кебетесине эмес, анын жан дүйнөсүнө караган Фиона табият берген сулуулугунан баш тартып, сыйкыр менен жашагандан көрө чыныгы бактылуу болуу үчүн Шрэкти тандайт. Алардын алдында канчалаган оор сыноолор турса дагы, биримдик, ынтымак менен чогуу жеңип чыгышат. Алар өтө идеалдуу эмес, биз сыяктуу үйдөгү майда нерселер үчүн дагы урушат, таарынышат, кайра табышат. Демек, алар биздей эле жашашат. Бул мультфильмди көргөн балдар менен кыздар түшүнүшүү, достук, сүйүү, туруктуу болуу деген жакшы сапаттарды алат. Жашоо жөнүндө кооз нерселерди эмес, чындыкты гана үйрөнөбүз жана куру кыялдарга баш ийбей, келечекте үй-бүлөбүздү кандай куруу керектигин түшүнөбүз.
Ал эми "Аватар" кытай мифтеринен негизделип тартылганын аттарынан эле байкайбыз. Андагы аватар Анг мүнөзү жумшак, оюнкараак 12 жаштагы бала. Каардуу оттун лордунан жер жүзүн сактоо үчүн достору Катара, Соко, Тов, жана лорддун уулу Зука менен бирдикте лордду жеңет. Ага кандай оор, кыйын күндөр туш келсе да орду менен, тапкычтыгы менен, оюну менен чечип, досчулукка бекем турат. Мында тынчтык үчүн күрөш, достук, өзүн-өзү издөө, тагдыр жөнүндө ойлонуу, жакындарга кам көрүү, адамзатка кызмат кылуу деген түшүнүктөр бизди адамзаттык маселелерди ойлонууга түрткү кылат.
Мындан тышкары, ар бир мультфильм бизди жакшы нерсеге үндөш керектигин түшүндүк окшойт. Роботтордун согушунда деле жакшы жана жамандардын арасындагы күрөш дечи, бирок, анда атышуу, өлтүрүү деген басымдуулук кылат. Ал эми, өлтүрүү - ал жаман адамдын гана иши. Мейли, жамандарды, терс каармандарды өлтүрдү дейли, баары бир ал өлтүргүчтү өлтүрүү менен өзү да өлтүргүч болуп жатпайбы.
Анан да кыздардын "Винск" деген мультфильминдеги кыздардын өңү сууктарды бөлгөнү, өтө кооз кийимдерди кийип, чаң, топуракты "фу" дегени кооз көрүнгөнү менен андай кыздар жашоодо же ДОС күтө албайт, же турмуш кура албайт. Анткени, андай адамдар тегерегин тез чарчатып жиберет. Ошондуктан, балдар жана кыздар, биз дайым жакшы ой бере турган көңүлдүү мультиктерди тандообуз зарыл.