Биз экөөбүз…

Гүлшан Кулматова, диктор:
"Чыңгыз экөөбүз эки жарым, бир бүтүн болуп калдык"
Гүлшан Кулматова менен жолдошу Чынгыз Эсенгулов ээрчишкен эки түгөй КТРКда, жаңылыктар бөлүмүндө эмгектенишет. Адеми аттуу кыздуу болушуп, Гүлшан эне болуу бактысына чөмүлүп, Адемини карап азырынча үйдө отурат. Атайын маектешели деп үйүнө барганыбызда, дасторконун жайнатып, чайын кайнатып тосуп алды. Биз кирип барганда эле көзүбүзгө урунган нерсе,төрдө бадырайып ак баракта жазылып илинип турган "үй-бүлөдө аял менен эркек тең укуктуу" деген жазуу болду. Капталыбызды карасак, "жубайлардын ортосунда чыр чыкпоонун сырлары" деп жазылып турат. Тамашалап сураганыбызда, Гүлшан: "Бул жазуулардын чоң пайдасы бар, күндө көрүп окуй берип жүрөгүбүзгө ошол түшүнүк сиңип калат",- деп жылмайды. "Акылдуу аялдын амалы -алты эшекке жүк" дечү беле?


- Күндө эфирге кийип чыкчу формага каражатты?…
- Каражат өзүбүздөн. Өз акчама күндө жаңы форма алчумун.
- Өзгөчө кандай өнөрүң бар?
- Жакшы ырдайм.
- Таарынычыңыз бат жазылабы?
- Ак көңүлмүн, бат эле жазылат.
- Чыңгыздын кайсыл сапаты жакпайт?
- Жакпаган сапатын байкай элекмин.
- Сени абдан кубанткан нерсе?
- Кызыбыздын күлкүсү.
- Сен абдан корккон нерсе?
- Жоготуу.


- Гүлшан, журналистикага кантип келип калдың, же бала кезиңен эле кыялданчу белең?
- Мен бала кезимен эле ырчы же диктор болом деп кыялданчумун. Атам да "кызым белгилүү диктор Гүлшан Молдоевадай болсун" деп ырымдап, атымды Гүлшан коюптур. Ушундай жакшы тилектин таасири болдубу, айтор, Гүлшан эжедей диктор болууну эңсеп, тилек кылып жүрүп чоңойдум. Окууну бүткөн соң шаарга келип, Улуттук Университеттин журналистика факультетине тапшырдым. Окуу жылы башталгандан тартып эле кыргыз телекөрсөтүүсүнө жакын болуп, көп келе баштадым. Биринчи курсуман баштап эле диктор эжелер менен таанышып, Гүлшан Молдоева эжеге барып өзүм жөнүндө айтып, сабак ала баштадым. Тамара Жаманбаева, Тамара Алсеитова эжелерден сабак алдым. Мен үчүнчү курска келгенде Мыктыбек Арстанбек агай жетектеген "Академия" деген жаш журналистерди даярдоо курсу ачылып калды. Академияда алты ай окудук. Ал жердин бизге кылган жардамы абдан чоң болду.
- Академиядан силерге кандай жардам болду?
- Эң биринчи телекөрсөтүүдө жашап кетүүнү, абалга жараша өзүңдү алып жүрүүнү үйрөттү. Чоң чөйрөгө аралашып жүрсөң башкача болуп калат экенсиң. Кимдин ким экенин билип, тагыраак, тыңыраак болууга үйрөттү. Интервью берип аткан адамдын кайсы сөзү керек, кайсынысы керек эмес экенин баамдаганга машыктык. Академиядан окуп чыкканга чейин телекөрсөтүүдөн бизге көп көңүл бурушчу эмес, камера бербей, үйрөнчүк катары мамиле кылышчу. Кийин даяр кадрлар деп, бизди тандап кабарлар бөлүмүнө кабыл алышты. Ал жакта бир жарым жыл иштедим.
- "Кайда барсаң мамайдын көрү",- дегендей кайда барсаң көрө албастык, бут тосуу деген бар эмеспи, КТРКда да сага ушул нерсенин таасири тийдиби?
- Туура айтасың, андай нерсе бар. Канчалаган чыгармачыл адамдар басып өткөн куттуу жерди сен да басып жүргөнүңдү билип, ошол жерди сыйлап, урматташ керек деп ойлойм. "Телевидениеде иштеп кетсең, анда сен журналист боло аласың",- деп айтышат экен. Кесиптештеримдин арасында деле ушактарга, бирөөнү жамандаганга кошулбаганга аракет кылам. Жапжаш туруп жаман сөзгө аралашып кошулуп алсаң, ал нерсенин кийинкиңе зыяны тиет. Аралашпаганга аракет кылсаң, өзүң да таза жүрөсүң. Чоң чөйрөдөн кимдин ким экенин билбейсиң, ошондуктан жаман сөзгө аралашпайм.
- Жолдошуң Чыңгыз экөөңөрдү да ушул телевидение табыштырды да?
- Ооба, мен "Ала- Тоо" программасына жаңы келгенде Чыңгыз кабарчы болуп иштеп атыптыр. Мен келгенде эле жакшы учурашып, жардам берип, бир ай бою жакшы мамиле кылып жүрдү. Кесиптештери да Чыңгызды сыйлап, урматтап турушат экен. Өзүнүн жүрүш-турушу менен, адамдарга кылган мамилеси менен баарына тең карап, баарын сыйлап турган мүнөзү менен кесиптештерине жакчу. Мүнөзү дагы ачык, шайыр, жакшы сөздөрдү көп сүйлөгөн артыкчылыгы бар. Курбу кыздарым дагы "Чыңгыз сени жактырат" деп айтып калышса, "койгулачы тамашаңарды, ал баарына эле ошондой мамиле кылат" деп, көп көңүл бурбай эле жүрө берчүмүн.
- Эң биринчи сүйүүсүн арнаган кезди эстеп көрбөйсүңбү?
- Филармониянын маңдайындагы кадимки эле "Шумкар" кафесине чакырды.Ал жер студенттерге "эконом класс" эмеспи. Чөнтөгүбүзгө ченеп эле ошол жерге бардык. Экөөбүз тамактанып бүтүп, үйгө узатып бара жатканда айтып атпайбы: "Мен сени байкап жүрөм, сени келинчегим болсо деп кыялданам",- деп. Оюн угуп мен дагы "ойлонуп көрөйүн" дедим. Ошол кезде кесиптештерибиздин баары бизди байкап жүрүшкөн экен. "Силер үйлөнсөңөр жакшы үй-бүлө, жарашыктуу түгөйлөрдөн болосуңар",-деп баары жакшы ойлорун айтып, бизди колдошту.Нарындык байкелер мени келинибиз деп тамашалап калышчу. Менин курбуларым дагы жакшы пикирлерин кошушту.
- Анан кантип макулдугуңду бердиң, же сен дагы "Шумкарга" чакырдыңбы?
- (күлүп) Чыңгыз өзү "менин сунушума жооп бербейсизби?"-деп сурап калды, ошондо макулдугумду бердим. Андан кийин бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Кийин эжеси, апасы менен тааныштырды. Ошентип 2008-жылдын октябрь айында үйлөндүк.
- Кайын журтуң кандай кабыл алды?
- Таанышканга чейин эле Чыңгыз апасы, бир туугандары жөнүндө көп айтчу. Төрт кыз, бир эркек экен. Баарысы мени "келинибиздей көрбөйбүз,кызыбыздайсың" деп көп айтышат. "Өзүмө окшош небере төрөп бердиң"-деп апам небересинин окшоштугуна аябай кубанат. Кызымдын атын Адеми деп чоң апасы койгон. Азыр тогуз ай болуп калды. Чыңгыз болсо келинчегим ыймандуу, намаз окуган кыз болсо экен деп тилечү экен. Мен дагы жолдошум ичпеген, чекпеген, намаз окуган Чыңгыздай болгон жигит болсо дечүмүн. Кудай тилегибизди берип, экөөбүз тең издегенибизге жолуктук. Биздин ошондой ой тилегибизди билген кайненем бизди ар дайым колдоп турат. Азыр кайненем мени "кызым, кызулям"деп эркелетет.
- Сен эрке келин болсоң, Чыңгыз дагы эрке күйөө бала болсо керек?
- Ооба, менин төркүндөрүм дагы Чыңгызды жакшы көрүшөт. "Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр" деп абдан сыйлашат. Чыңгыз өзү дагы айылга барганда бардык оокаттарды кылып, самоор, кемеге дегенден качпай оокат кылат. Өзүнөн улууларды төргө өткөрүп сыйлап турат. Бир туугандарым Чыңгызды "жөнөкөй, жароокер жигит" деп жакшы көрүшөт.
- Экөөңөр тең намаз окусаңар, ортодо кызганыч деле болбосо керек?
- Чыңгыз экөөбүз үйлөнө электе эле "Ала-Тоодон" диний материалдарды даярдаганга бизди чогуу жиберчү. Экөөбүздүн көз карашыбыз да көп жерден дал келчү. Намаз окуганыбыз бизди көбүрөөк жакындаштырды десем болот. Намаз окуган соң бири-бирибизге ишенебиз. Балалуу болгондон кийин дагы ого бетер сүйүүң артып, бириңе-бириң жөлөк-таяк болуп, бир адамдай оюбуз да бир, тилегибиз да бир болуп калат экен. Ортодо бала данакер болуп, Чыңгыз экөөбүз эки жарым, бир бүтүн болуп калдык.
- Сени кайрадан экрандан качан көрөбүз?
- Шарият жолунда баланы эки жашына чейин эмчектен чыгарбай эмизиш керек. Мен дагы кызым экиге чыккычакты эмизип үйдө болом. Андан кийин жумушка чыгам.


Айсулуу Эсен кызы