Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Эненин көөнү балада

"Узун чачы желкесине жетип, тиши чыгып төрөлгөн"
- Рысбек байке боюңузда бар кезде кандай көтөрдүңүз эле?
- Мен алты кызды төрөп, Рысбектин атасынын туугандары аз жерден мени уул төрөбөдү деп кетирип жибере жаздаганда, ушул балам боюмда болуп калып калгамын. Ал кезде союз маалы болчу, колхоздун катар-катар уйларын саап, тамеки тизип оорчулукту да сезбептирмин. Ошондуктанбы эч нерсеге талгак болгон жокмун. Азыркыдай УЗИ да жок болчу, эски адамдар уул же кыз экенин ырымдап болжолдоп билишчү. Ошондо өзүмдүн жеңем: "Кичине кыз, буга чейин башкалар айтышса да, жолдошуңдун уулум жок деген бир сөзүн да укпадык, коп уктаганыңа караганда уул төрөйт окшойсуң",- деп болжолдоп койгон. Ай-күнүмө жетип, адам чыдагыс катуу толгоо тарттым. "Тез жардам" чакырып Жалал-Абаддагы төрөтканага араң жеттик. Жаным көзүмө көрүнүп, бир жарым күн кыйналдым. Баланын салмагы өтө чоң болгондуктан, операциялык жол менен алыштан башка арга жок деп доктурлар айтса, каршы болуп араң көндүм, курсагымды жарып алсаңар да уулум аман калсын деп кагаз жазып бердим. Ошентип кудайга миң мертебе шүгүр деймин, эч кандай операциясы жок өзүм эле көз жардым.
- Толгоо абдан кыйноого салган экен. Канча килограмм болду?
- 5 килограмм 800грамм болду, тондун ичинде баламды шишик басып кетиптир. Төрөлгөндө башка балдарымдан өзгөчөлөнүп желкесине жеткен узун чачтуу жана тиши бар болуп төрөлдү. Орустардын казактарындай кылып узун чачын өрүп койчумун. Атайын молдого көрсөтүп, Арстанбапка алпарып, шаркыратмасына киринтип чачын алдырдык. Кайра чачын өзүбүз молдодон з сомго(ал кезде күчтүү акча болчу) сатып алдык. Сактап кой дегендиктен азыркыга чейин бар.
- Тиши менен төрөлгөндөргө Бөрүбай деп ат коюлуусу шарт экен. Кандайча Рысбек аталып калды?
- Алты кыздан кийин уул бала төрөлдү. Ошондуктан үйгө кут менен кошо ырыс апкелсин деген ниетте атын Ырысбек деп таенеси койгон. Тиши бар экенин аты коюлгандан соң байкадык.
- "Бала тили балдай" деп коёт. Балаңыздын кыял-жоруктарын эске салсаңыз?
- Ошондо 3 жашка жаңыдан толгон кези. Китепти ачып алып окуган сымал токтобостон бирдемелерди сүйлөп кобурай берчү, анан 4 жашында телевизордон Манасчыларды туурап кудум манас айткандай күүлөнүп, кол-жаңсоолорун келиштирип бизди күлкүгө бөлөчү. Бир күнү атасы иштер менен алыс жакка кеткен күнү Рысбек жоголуп кетсе болобу. Кыйкырып издеп жүрөм, көз жашымды көлдөтүп ыйлап алгам. Буту-бутума тийбей чуркап айылды бүт кыдырып чыктым. Коңшу айылга жолду бойлой баратсам тааныш караан көрүнөт, көрсө ,ыйлап жүргөн баламды бир келин жолдон таап биздин айылга жетелеп келе жатыптыр. Балам ыйлай берип энтигип болбой калган экен. Эгер жоголуп кетсе, өз жанымды кыюуга да даяр болчумун.
- Мектепте кандай окучу, мугалимдер даттанчу беле?
- Мектеп босогосун аттап, 10-классты бүткүчөктү баламдын окуусу тууралуу бир да жаман сөз укпадым. Мектептен келери менен сумкасын ыргыткан бойдон оюнкараак балам оюнга кызыгып кетчү. Элдин балдарындай үйдө сабак да даярдачу эмес, билбейм окуганга кайсы убакта жетишерин. Атасы жакшы окуйт дегенге ишенбей мугалимине жолугуп, сабагына катышкандан кийин, жакшы окуганына ишенди.
- "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" дегендей, окуучулук күндөрдөрүндөгү шоктук мезгилинен кеп салсаңыз?
- 5-класста атасынын машинесин коркпой айдап кетсе, Рысбек келер-келгичекти сар-санаа болуп тынчсыздангам. Ошол шоктогунун айынан 4 жолу мектеп алмаштырды. 8-класста (өткөөл куракта) урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай жүргөн маалда практикант агайы менен мушташып, оозу-мурдун канжалата коюп класстан чыккан. Атасы экөөбүз бир кой тартуу кылып агайынан кечирим сураганбыз. Бир жолу кезүүнүн кезеги бизге келип калды, Рысбек бир досу менен уйларды кайтарган күнү айылдашыбыздын торпогу жоголуп кетет. Көрсө ,жарга кулап кетип өлүп калыптыр. Бир торпогубузду берип кутулганбыз. Ошондон кийин уй кайтарбас болгон.
- Эркеликтин айынан шоктук кадамдарга баргандыр?
- Атасы экөөбүз Рысбекти өтө ээнбаш, эрке-талтаң кылып өстүрбөдүк. Тарбия көргөн жаштайынан зирек, көп жакшы сапаттарга ээ кылып чоңойттук. Бир жолу жаңы жууркан-төшөк, бир жаздык кошуп Рысбекти пахтага окуучулар менен жөнөттүк. Эки күн өтпөй качып баса бериптир, жаңы төшөктөрүмдү сурасам бейкапар күлүп "калып калыптыр" деп койбодубу.
- Чыгармачылыкка кызыгуусун качан байкагансыз?
- Мектепте окуп жүргөндө өзүнөн чоң класстагы балдардын ашык болгон кыздарына сүйүү каттарын жазып берчү экен. Биздин айылга Ош шаарынын актёрлору спектакль коюп келишчү. Ошол актёрлордун аткаргандарын берилүү менен көрүп, аягында "Браво" деп кол чапкандардан балам жалгыз калыптыр. Ошол аткарган актриса аябай жаккан го сыягы, Рысбек: "Апа ,мен чоңойсом ушул актрисадай сулуу кызга үйлөнөм",- деп жүрдү. Ал убакта индия кинолорун көрсөтчү. Ошол кинолордон таасирленип кино тартууну максат кылган. Атасы Рысбекти чоң окууга окутам деп Красноярск шаарына алып кеткен. Окууга өтүп атасы экөө кудуңдап сүйүнүп келе жатса, ал жерде да жөн жүрбөй жолдо бир негр өтүп баратса андай капкара кишини биринчи жолу көргөн балам: "Ой, ата, негрди карасаңыз",- дептир таң кала.
- Кыз жандап жүргөн маалда сизге сырын айтчу беле?
- Рысбектин ичи уйгу-туйгу болуп жүргөнүн өзүм байкап: "Балам ушул сен бир кызга ашык болуп калгансың го, кыязы",- деп өзүм оозунуп сурачумун. Экөөбүз эне-баладай сырдашчубуз. Мен да сөзгө бекем туруп, анын купуя сырын эч кимге айтчу эмесмин. Азыркыга чейин ой-бөлүшүп, кеңешимди берип келем.
- Ошол Красноярский шаарында окуп атып каникулга келгенде башка хакас, болгар, башкыр улуттарынын сулуу кыздарынын сүрөттөрүн бир альбом кылып толтуруп келиптир. Болду-болбоду башка улутка үйлөнүп алат деп коркуп, кичи мамлекетиме революция жасап ойдо жок жерден Рысбеккке кыз издей баштадым. Атасы баш болуп каршы болсо да Рысбекти окутпай бир уйду сатып, тойго камындык. Мен балама ушунчалык ыраазымын, үн-сөзү жок өзүм тапкан кызга үйлөндү. Ошондо балам, келиним экөө тең 16 жашта баш кошуптур. Бир жылдан соң ай чырайлуу Айдай аттуу кыздуу болушту. Азыр 5 баланын атасы, бактылуу үй-бүлөлөрдөн, буйруса, кызын турумушка узата турган даражага жетип калды.
- "Кайнененин камырынан" дегендей келиниңиздин мүнөзү сизди жазбай тарткандыр?
- Келиним сиңдилеримдин эле кызы болуп кетет. Келгенден баштап үч жылдан соң келиндин кызматын кыла баштады. Элмира бактылуу келиндердин катарында "эрке келин" деп атасак да болчудай. Ушул кезге чейин кайненечилик кылбадым, "келин" деп атабастан кызым деп көнүп калгам. Ата-энесин сыйлаган бала мурат-максатына жетет. Алардын сөзүн эки кылбай кадырлап-сыйлаган баласы маңдай тер менен тапкан мээнетинин берекесин көрөт. Абышкам экөөбүз балдарыбыздын урмат-сыйын көрүп, бактылуу карылыкта өмүр сүрүүдөбүз.

Динара Асылбекова



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования