Тележүз

Кундуз Бекарстанова:
"Сын айтардан мурда, анын артында кандай түйшүк турганын сезиш керек"
ЭлТР коомдук телерадио компаниясынын Маданият бөлүмүнүн редактору, "Кыргыз даамы" автордук программасынын алыпбаруучусу Бекарстанова Кундуз менен маек.

Студиянын басып
өткөн жолу
Ош СТУДИЯсы - 1967-жыл;
"Ош 3000" МТРКсы - 1999-жыл;
КРнын ЭлТР КТРКсы - 2005-жыл.

Журналистикага биринчи кадамым
- Буга чейин ЭлТр телерадио компаниясы "Ош 3000" деп аталып келген телерадио компаниясынан чыгармачылык жолумду баштагам. Ал жакта студент кезимен баштап иш алып барып жүрдүм. "Ош 3000 телерадио компаниясына кокусунан эле практикага келип, "Мекен" деген продюсердик бөлүмү бар болчу. Ошол бөлүмдө Зиягүл деген эже,Байыш, Жоомарт деген агайлар да иштешчү. Ошол адамдар мени сьемкаларга ээрчитип алып, текст жаздырганга үйрөтүштү. Ал кезде мен текст деген эмне экенин билчү эмесмин. Мени сьемкага ээрчитип алышат. "Ии, булар укмуш иштешет го", - деп ойлом. Анан эле, барып алып,карап отуруп келе бергендей сезилет. А мен алардын артынан жөн эле ээрчип жүргөндөй болом. А бирок сиздер бир маалыматты жазып, сөз менен көркүнө чыгарсаңыздар, телевидениеде кадрлар аркылуу элге жеткириш керек. Анан ал жакка барганда оператору тартып, тиги байкелер отуруп кайра келе беришет. Келгенде, "Эмнени көрсөң, ошону жаз", - деген тапшырма берсе, "бул ырдап чыкты, тиги сүйлөдү" - деп жазып коём. Менин жазган тексттеримди окуп алып абдан күлүшөт. Башында текст жаза албай бир топ кыйналып жүрдүм. Анан күнүгө кечинде жатаканага келгенде күнүмдүк кылган ишимди күндөлүгүмө жазып олтуруп, көркөмдөгөнгө да үйрөндүм.

Гезитте иштеп калдым
Окуп жүргөндө "Жаңы Заман" деген гезитке, жакшы текст жазганга бир жумуш орду бар деп калышты. Анан текст жазып барып, 4 кыздын арасынан менин текстим жагып калып, гезитке иштеп калдым. Гезитте иштеп жүрүп да, оюмдун баары телевидениеде болчу. Алдыма, "Мен баары бир телевидениеде иштейм", - деген максат коюп алып, ЭлТРдин имаратынан көзүм өтө берчү. Көп өтпөй эле, Аида Кенжебаева деген ЭлТРдин журналисти жолдон жолугуп калып:"Сен аракетчил кыз элең го, телевидениеде иштешиң керек. Бизге азыр кадр керек болуп жатат, эртең сөзсүз кел", - деген боюнча калды.

Алгач 80 сом гонорар алгам
Телевидениедеги алгачкы кадамым "Ыр белек" деген берүүдөн башталды. Көп кассеталарды көтөрүп алып барып, күнүгө иштеп жүрүп, алгач 80 сом гонорар алгам. Ал убакта 80 сомдун баркы бар эле. Бир жыл штатка кирбей, штаттан тышкаркы редактор катары иштеп жүрдүм. Ал кезде биздин директорубуз Кадыр Кошалиев деген агай болчу. Кадыр агайдын да салымы чоң болду. Берүүнү алып барып жатып, түз эфирде кнопкаларды басып өзүм эле эфирге чыгарып койчумун. Аны директорубуз байкап калыптыр. Бир жолу режиссёр керек болуп калып, мени сынакка катыш деп калышты. Ал сынакта 20-25 жыл иштеген режиссёрлордун арасынан өтүп кеттим. Техника жагын Жыргал Якубов, Саша деген орус балдардан ,техник балдардан үйрөнүп алгам. Ошол күндөн баштап, режиссёрдун жардамчысы кылып жумушка алышкан. Көп өтпөй эле режиссёрлукка өтүп кеттим. 3 жыл режиссёрлук жана редакторлук тарапты алып иштедим. Бирок жумушта тактык керек эмеспи. Ошондон улам редакторлукту токтотуп коюуга туура келген. Режиссёр болуп, тажрыйбам ашып калган кезде, Кадыр агай "Бишкек студиясын" ачты. Анда "Бишкек студиясында" 4 адам иштечүбүз.

Мени Бишкекке таштап кетип калышты
2005-жылы "ЭлТР" деген атты алып, "Бишкек студиясына" барып иштегенге режиссёр керек болуп, мени 10 күнгө командировкага алып келишкен. Ага чейин Бишкекте көп убакыт жүрө элек болчумун. Эрнис Мамырканов агай менен Кадыр Кошалиевдер, "Бишкек жактыбы кызым?", - деп калышты. "Ооба" десем, "Биз Ошко кетишибиз керек болуп атат. Сен бул жакта иштеп тур, биз сени келип алып кетебиз", - деп мени бул жакка таштап кетип калышты. Бишкекке келгенимди үйдөгүлөргө айткан эмесмин. Алар телефон чалса, Оштомун деп сүйлөшүп коюп жүрдүм.

Кадыр агайдын акча берип соороткону эсимде
Кыйналдым, жүдөдүм дегендей. Кадыр агай кеткенде аябай ыйладым. Бирок ай сайын келип-кетип турчу. Иш өз нугуна түшүп баратат. Үйдөгүлөрдү сагынып, бук болуп, бул жактан кетким эле келе берчү. Анан бир жолу, Кадыр агай келгенде "Мени алып кетиңиз", - деп ага ыйладым. "Ме, буга чай алып ич, буга муну алып кий", - деп мага акча берип, мени соороткону эсимде. Ошентип Кадыр агай мени көндүргөнгө аракет кылды. Кетирбесин билип, ишеничин актайын деп, иштеп жаткан ишимди улап, режиссёр болуп 4-5 жыл иштедим. Бирок жан дүйнөм редакторлукка тарта бергендиктен, Бейшенбек Асекович сунуштап, мени редакторлук бөлүмгө өткөрдү.
Учурда маданият бөлүмүнүн редактору болуп иштеп келем. Автордук "Кыргыз даамы" деген берүүнү даярдайм. Бул программанын эфирге чыкканына бир жылдын жүзү болду. Өзүмдүн берүүмдү укмуш даярдап жатам деп айтуудан алысмын. Бирок, канчалык бир деңгээлде өзүнүн аудиториясын тапты деп ойлойм.

Интрига
Чынын айтканда, биздин телекомпанияда "интрига" деген нерсе жок. Анткени, коллективдин басымдуу бөлүгү жалаң гана жаштардан тургандыктан, күлүп коюп жүрө беребиз. Бейшенбек агайды атабыз катары кабыл алабыз. Бизге келип, "ынтымак болсун, ынтымак бириктирсе анан ишиңер алга жылат", - деп дем-күч берип турат. Бизде дайым эшик ачык. Иштегиси келгендер келишет. Кайсы бөлүмгө кызыкса, ошол бөлүмдөгүлөр менен тааныштырып, жөндөмдүүлүгүн көрүп, командага кошуп алабыз. Мурун иштеп кеткендер да байма-бай келип турушат.

Концерттерди көп бергенибиздин себеби…
Концерттерди көп бергенибиз убакыттын жоктугунан десем жаңылышам. Анткени, бизде башка телекомпанияларынан айырмаланганыбыз, биздин улуттук тилибизге басым жасаганыбызда. Андан сырткары, көбүрөөк улуттук баалуулуктарга, улуттун-улут экенин таанытканга аракет жасап келгенибизди эл билсе керек. Ошондуктан, карапайым калк менен биз да жөнөкөйбүз. Калк эмнени кааласа ошону даярдап бергенге аракет кылабыз. Акыркы күндөрү саясаттан эл аябай эле чарчады. Саясат жагынан да артта эмеспиз. Ал жагын жаңылыктар бөлүмү убак-убагы менен берип турат. Андан сырткары "Эл кеңеш" деген берүүбүз бар. Музыканын дагы адамдын эс алуусуна канчалык бир деңгээлде өзүнүн таасири бар.

Иште келишпестик болбой койбойт
Иште келишпестик болбой койбойт. Студент кезимен бери иштегенимди алсам, 10 жылга чукулдап калыптыр. Анын ичинде кубанган, ыйлаган күндөрүм болду. Кээде отуруп бук болуп каласың. Бирок, эртең менен ишке шашам. Бизди эл көрүп тургандан кийин, элге бере турган маалыматыбыз так болуш керек. Иш - жоопкерчиликти абдан талап кылат. Көрүп коюш оңой. Аны сындаган андан да оңой. Адам сын айтардан мурда, ал нерсенин артында кандай түйшүк жатканын билсе жакшы болмок. "Оңой аш жок", деп коёт го. Анын сыңарындай, оңой иш жок.

Эртең майрам деген күнү иш катуу болот
Иштен чарчаганда бөлүнүп алып, эс алып келип турабыз. Эртең майрам деген күнү катуу иш болот. Анткени, телевидение элге майрамдык маанайды жеткириш керек. Элге аралашып жүрүп, майрамдагандай эле болуп каласың. Көл учурунда көлгө түшүп, жайында тоого чыгабыз. Биз келгенче берки команда иштеп турат. Бизде жумалык план эки жума алдын-ала түзүлөт. Расписание менен иштейбиз. Быйыл катуу эс алып койдук окшойт. Эми кызуу иштеп жаткан учур.

Менин устаттарым
- Мага көп журналисттердин таасири тийди. Мыктыбек Арстанбек агайыбыздан сабак алып калсам экен, Бейшенбек Асековичтин да телеберүүсүн көрүп, ушул журналисттерди жанынан көрүп, сабак алсам экен деп кыялданчумун. Азыр баары менен аралашып, баарынан сабак алганга үлгүрдүм. Шайырбек агай:Кааласаңар, мени менен сьемкага чыгып, эмне кылсам ошону үйрөнгүлө,- дечү. Мыктыбек агай дагы сабак өтүп жүрдү. Кээде туруп ар бириндей болгум келет. Анаш Кадырова, Тамара Жаманбаева, Шарапат Турдакунова эжелер ЭлТРди түптөгөндөр болгон. Алар кызматын бизден баштаган. Бул залкар инсандардын эмгеги зор.

Он бир биртуугандын тогузунчусумун
1983-жылы Жалал-Абад областынын, Ала-Бука районунун Акбашат айылында төрөлгөм. Карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. 11 бир тууганбыз. 4 уул, 7 кызбыз. Мен тогузунчусумун. Баары турмуштан өз ордуларын таап, 3 кыз калдык. Эки сиңдим Ошто иштешет. Чыгармачылык жагынан мен эле болдум. Калгандары медик, мугалим болушту. Чыгармачылыкка кызыгып кетип, карьера жасайм дегенде көп нерсени унутуп калат экенсиң. Атам мен 8-классымда каза болуп калган. Бирок апам баарыбызды окутту. Үйдөгүлөр алгач мага абдан каршы болушкан. Журналист болуп эч нерсени кыйратпайсың деп жүрүштү. Буюрса, эми-эми турмуш курайын деген пландарды быйыл киргиздим. Эми эки тарапты тең алып кеткенге жетишем деп жатам.

Төлөбүбү Касымалиева