Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Миң уккандан, бир окуган…

Кезегинде залкар инсан Рыспай Абдыкадыров менен анын сүйүүлөшү, акын, журналист Болдукан Мамбеталиева тууралуу Жаныбек Жанызактын китепчеси да чыккан эле. Андан бери канча жыл өтсө да улуу муундун сонуркаганы басылбай, кичүү муундун "окусам экен" деген эңсөөсү жай бербей, суранычтар көп болгондуктан кайталап берүүнү туура таптык. Эмесе, булактай мөлтүр сүйүүнүн таржымалын өзүңүздөр окуп баа бериңиздер.

Жаныбек Жанызак
СОҢКУ ДҮРМӨТ...
(Рыспайдын соңку
периштеси менен сукбат)
- Мен го силердин ким экениңерди тааныйм, бирок да окурмандарга тааныштырып өтсөңүз, өзүңүздү...
- Мен университетте кыргыз филологиясынын кыргыз тили жанаадабияты бөлүмүн бүтүргөм, азыр методика боюнча аспирантуранын экинчи курсундамын.
- Каердиксиң?
- Кочкорлук. Кочкордун Кара-Кужурунан...
- Биерде эми бир суроо бар эле: өткөндө "Асабага" бир ырың чыгыптыр - жакында Рыспай аке Абдыкадыров кайтыш болбодубу, ошого байланыштуу экен. Анан мен бир аз даректеп көрсөм, мисалы... былтыр бир ушундай жакшынакай мүнөттөрүн өткөрүптүр!- деп айтышпадыбы.. Мына ошого байланыштуу бир суроо: ошо туурасында мынакей өзүң ырааты менен айтып берсең... Качан, каерде, кантип?. Сен деле таланттуу кыздарыбыздын бирисиң дечи: комуз чертип... дастандарды ырдап.. дегендей. Эми-и, биздин гезитти билесиң да, ушунун нугуна жараша аңгеме куруп берсең...
- Рыспай жөнүндө айтыш аябай оор болуп калды...
- Ырас, оор болуп калды, антсе да учурунда эскерип салыш, менимче, алда канча дурус болуш керек. Себеби бир аздан соң далай "мыктылар" чыгат, мен кыйын болчумун! деген. Ошолордун алдын алып коелу да... (каарманыбыз көзүнө жаш алып, саамга тунжурап отурдук).
- Экөөбүз мындан эки күн мурун сүйлөшпөдүк беле...
- Бир аз карман эми, бу сукбат экөөбүзгө тең керек..
- Тигичи..., Рыспай агай кээде буркурап ыйлап алчу да... Мен оңой менен ыйлачу эмесмин. Азыр кармана албай жатам.. Рыспай агай мага өзүнүн ыйын таштап кеткендей да, ыйлабайын десем деле ыйлагым келе берет.. (дагы бир аз күтүшкө туура келди. Чай ичтик... ).
- Эми-и, маселенин олуттуулугуна карата... маселеге бир аз жакыныраак келсең..
- Мен Рыспай мененчи.. Бала кезимден эле билем да, мектептен эле... өзүм музыка, адабият дүйнөсүнө кызыккандан кийин талант инсандарынан кандайдыр рухий таасир алып.. Рыспай агай жөнүндө байкем көп айтчу, анткени, алар санаторийде чогуу болушкан... Ал эми Рыспай агай менен жакындан таанышып калышыма... Былтыр октябрда ал киши отуз жылдык чыгармачылык концертин бербедиби, ошо себепчи болду. Бирок буга чейин мен анын талантын сыйлап, талантын сүйчүмүн да... Баса андан мурун жайдачы, мисалы, мен Рыспай менен күздө жолукпадымбы, ага чейин мен Үриниса эжей менен таанышып калдым да, май айлары..
- Маматова деген акын кызбы?
- Үриниса Маматовачы. Эжеге Кочкордон бир оорулуу акын келиптир да, ошого анын ырларын ырдай турган кыз керек экен да. Биз ага моралдык жактан жардам берели дегенбиз - төшөктөн жылбай калыптыр да..
- Темага жакындаштырсаң...
- Коё турсаңыз эми, катарынан айтыш керек да: Үриниса эжеге бир ырчы кыз керек болуп жатканын бир курбу кызым айтып келди: мени айтыптыр да сыртыман. Мейли дедим. Десем, бетке чабар эркек мүнөз аял, анысына таарынба, деп кеңешин айтты. Бардык анан, барсак отуруптур телефондон сүйлөшүп. Аткарган ырларымды угуп көрдү да, жактырган окшойт - жакында Рыспай Абдыкадыровдун кечеси болот экен, сен ошого келип ырдап бер, деди. Мен да кубанып кеттим: ошондой таланттын кечесине катышуу мен үчүн бакыт, дедим. Анткени биринчи жолу чоң концертке катышышым да... Андан кийин жаз өттү, жай өттү, күз да келди.. Мен окууну бүткөндө аспирантурага калдым да. Окуу январда башталат экен - ага чейин иштеп турайын деп 66-мектепке кирдим да.. Анан бир күнү радиого барып калсам... мен андан мурун афишаны окугам да Рыспайдын концерти болорун. Катышайын деп деле ойлогон жок элем... Эми, мен катышам деп өзүм бармак белем... бир жагынан намыскөйлүгүм кармап...
- Радиодон болчусун айтып жатасыңбы же филармон...
- ... Филармониядагысын...
- Жана айтпадыңбы, Үриниса өзү чакырган деп...
- Айттым го, бирок афишалар илинип турбайбы, аерде менин атым жок экен да. Анан ошентип радиого барбайымбы мен. Барсам аерден Үриниса эже жолугуп калды да 28-де...
- 28инчи мине?..
- 28-октябрь! Анан ошондо Үриниса эже жолугуп: "Рыспай келди, биздикинде отурат, жеңем экөө репетиция кылып. Сен да жөнө кыйшың-мыйшыңыңды коюп! - деди. - Рыспай күтүп атат үйдө, ага колдоо керек, анын кечесине катышып бериш керек!" - деди да. Ал жерден мен айттым да: "Ушунча чоң талант болсо, анан ал анча-мынчаларды жактыра бербесе анда мен мине кылам?", десем: "А сен биринчи барсаң анан ал угуп көрөт, мени жиберди деп айт", деди да. Барсам эшикти Давлет эже ачты да: Кир, - деди. Кирсем - Рыспай байке.. Нургүл Абилмажинова деген ырчы кыз бар эмеспи, ошого өзүнүн бир ырын үйрөтүп жатыптыр кыягы менен. Мен кирип барсам Рыспай агай кыяк чертип отурган экен... Эми мен кире электен эле толкунданып жаткам: "ушунча ырларды, ушундай ырларды!.. жараткан адам кандай киши болду экен?!" - депчи. Ырдатса деле, ырдатпаса деле мага анын кандай адам экенин көрөйүн дегеним кызык болчу да... Анан мен кирип баргандан эле чертип жаткан кыягын токтотуп туруп: "Ассалом алейкум!" - деп мага колун сунду да. Мен да мындай жөнөкөйлүктү күткөн эмесмин - тамашага тамаша деп: "Алеки салам!" - деп жооп берсем, анан аялын карап туруп эле: "Бу ким?" - деп сурады меничи. Анан аялы айтты: "Бу ырчы кыздардын бири, ырдайм деп келиптир", деди. Анан Рыспай унчукпай эле..
- Аялына Үриниса телефон чалып койгон да?
- Билбейм да иши кылсачы. Чалам, деген бирок. Ырчы кыздар келет деп эже мурда эле айтып койсо керек. Анан кийин Давлет эже: "Биринчи Рыспай агайдын сыноосунан өтүштөн мурда менин сыноомдон өтүшүң керек, - деди да, ары жактагы уктоочу бөлмөгө алып кирип: - Рыспайдын кайсы ырларын билесиң?" - деди. Мен айттым: "Рыспайдын ырларын ырдай албайм", - депчи. Анан Давлет эже: "Рыспайдын эң биринчи жолу жазган "Кыздын ыры" комузга келет", деди. Эң биринчи ыры экен да ушул ыры. Мен айттым: "Ырдап көрүңүзчү", деп. А киши ырдап бергенден кийин мен шарт эле үйрөнүп алдым. Бирок ушунчалык сүрдөп атам да...
- Биерде бир суроо: Давлет жеңе да Рыспайдын чыгармачылыгын бир топ түшүнөт ко дейм?
- Менимче түшүнөт болуш керек. Ушунча жыл бирге жашаса анан кантип түшүнбөй койсун?!
- Кээ бирлер жөн эле жашай бериши мүмкүн. Бирок да жеңени карабайсыңбы: "тигил ыр сага туура келет", деп...
- Ийи, аны мага айтты го. Мен Рыспайдын көп эле ырларын ырдайм, бирок үн жетпей калат да... Биерде жаздым эле... (блокнотун барактады көпкө чейин... ).
(Уландысы кийинки санда)



Тургунбай Эргешов
"Андан сенин эмгегинден кармасам"
О, тун сүйүүм тумчуккан,
Көздөрүңдү көрсөтүп кой күн чыккан.
Жүрөгүңдү тыңшатып кой күү чыккан,
Ыйлап коюп келе жаткан кезимде,
Кусалыктын сели жүрүп сезимде,
Бир сен үчүн болуп алдым кызуу кан.

О, тун сүйүүм, узанган,
Жалындаган кызгалдактай кызарган,
Жайлоодогу жалгыз жолдой узарган,
Ак денебиз айлуу түндө кармалган,
Эң биринчи жигиттигим арналган,
Эң биринчи жарым элең кыз алган.

О, тун сүйүүм, бүрүшүп,
Каршылыктар жана ушактар түртүшүп,
Ортобузга кайра айыкпас түн түшүп.
(Кайра айланып конбой коюп чүрөгүм)
Кайра толуп бошоп калган жүрөгүм,
Сен да кеттиң бирөө менен сүйүшүп.

О, тун сүйүүм, аппак кыз,
Жайлообуздун жашыл отун жакмакпыз,
Ак жал өскөн дайралардай аппакпыз,
Жүрөктөгү сүйүүлөрдү өлтүргөн,
Каректеги кайгыларга чөктүргөн,
Өлбөй жүрсөк, экөөбүз тең акмакпыз…

Анда сенин эмчегиңден кармасам,
Жооп күтүп ак жүзүңө карасам.
Жайнап турган эки көзүң коюлуп,
Айттың эле,- "ооруп жатат, аясаң?"

Аягамын тартып алып колумду,
Түшүнбөй, кап, ошондогу оюңду.
Азыр неге эч аябай эзесиң,
Өзүң менин жүрөктөгү оорумду.

Экөөбүз ий, арманы жок акактап,
Алыстарга бараткансып ат сүрөп.
Көзүбүзгө жылдыздардын нуру уюп,
Ортобузга калчу эле ай түнөп…

Эрип-эпчип эмчек эмген баладай.
Эриниңдин эриндисин шимирип.
Бул дүйнөдөн сени караан тутчумун,
Карааныңды карегиме шып илип.

Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө,
Агартуучу нур бар экен өңүндө.
Жылытуучу от бар экен көзүндө,
Бакыттардын баарын каалап түбөлүк,
Сагынтуучу гүл бар экен өзүндө.

Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө,
Сулуулугу менден эки эсеби.
Баалай билип кадырыңа жетеби.
О, жакшынам, жесирдетип жашыңан,
Же бир күнү зар ыйлатып кетеби?

Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө,
Чынында эле чындыктардай жигитпи?
А сүйүүсү сезимине сиңиппи,
Башка айтпайм, сени сүйгөн жагынан,
Чиркин, дүйнө, менден дагы бийикпи.







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования