Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Обон пресс
Апрель окуясы боюнча сот уланууда
Спорт сарайында өтүп жаткан соттук жараяндын башында сотко төрагалык кылып жаткан судья Жакыпбек Бектемиров өзүнө ишеним көрсөтпөө боюнча адвокаттардын өтүнүчүн четке каккан чечими менен тааныштырды. Андан кийин процесске Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев менен Экс-Президент Курманбек Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеваннаянын эмне үчүн келбегенин тактоо максатында жыйырма беш мүнөттүк танапис жарыяланды. Айрым маалыматтар боюнча О. Малеваная, К. Жороев, Н. Турсункуловдор буга чейин туруктуу жашаган үйлөрүндө жоктугу айтылууда. Алар үй-бүлөлөрүн алып кетишкени аныкталган. Мамлекеттик айыптоочулар үчөөнө тең издөө жарыялоону, аларды кармалган жерден камакка алууну өтүнүп, сотко кайрылышты. А. Бекназаровдун айтымында "качкындардын" үй камагына чыгуусуна кепилдик бергендерге штраф салынат. Ч.Турусбеков бул адамдардын Кыргызстандан учак, темир жол аркылуу өтпөгөнүн, дипломаттык жолдор менен да өтүп кетиши мүмкүн эместигин белгиледи.

КТРКнын Байкоочу кеңешин таратуу талап кылынууда
Коомдук телерадиокомпаниянын башкы директорлугуна талапкерлер Жогорку Кеңештеги фракция башчыларына өтүнүч менен кайрылышты. Алар убактылуу өкмөт тарабынан бекитилген Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүнүн арасында телерадио тармагын жакшы билген адис адамдар азчылыкты түзөт деп эсептешет. Кат ээлери фракция башчыларынан КТРКнын Байкоочу кеңешинин азыркы курамын таратууну, жаңы курам тандоо бийлик бутактары толук жаңылангандан кийин жүргүзүлүүсүн жана КТРКнын жетекчилигин дайындоо, кызматтан алуу жараяны Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашырылсын деген өтүнүчү жазылган. Катка беш талапкер кол койгон.1-ноябрда башталган Коомдук телерадио компаниянын башкы директорунун орду үчүн сынак 20-ноябрда аяктап, талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо 24-ноябрда жүргүзүлөрү кабарланган.

Жүргүнчү кызды зордуктаган чек арачы камакта
Кыргыз тышкы иштер министрлигинин маалымдаганына караганда, мындан эки ай мурун Кыргызстандык жүргүнчүнү зордуктаган казак чек арачысы эркиндикке чыгарылды, ага козголгон кылмыш иши жабылды деп жазылып жаткан маалыматтар туура эмес. Бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишине Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тыкыр көз салып, жергиликтүү тартип коргоо органдары менен байланышып турат. 17-сентябрда Кыргызстандык жаранды зордуктаган казак чек арачысы А. Байбосунов 20-сентябрдан бери камакта жатат, анын баш коргоо чарасы 22-декабрга чейин өзгөртүлбөйт, -деп билдирет тышкы иштер министрлиги. Маалыматта зордукталган кызга өзүнүн өтүнүчү менен Актөбө-Москва поездине билет алуу үчүн 22 400 теңге (7000 сомдун айланасында) төлөнүп берилгени, 22-сентябрь күнү ал Казакстандан Орусияга чыгып кеткени айтылат.
17-сентябрь күнү Бишкек-Москва поездинде бараткан Кыргызстандык жүргүнчү кызды Казакстандын Жайсаң чек ара түйүнүнүн кызматкери зордуктап салганына нааразылык билдирген жүргүнчүлөр поездди милиция жана кыргыз элчилигинин өкүлдөрү келгенче тогуз саат ордунан жылдырбай кармап турушкан. Натыйжада, Кыргызстандык жүргүнчүнү зордуктаган казак чек арачысы кармалган.

Курулуш университетинин кассасын тоноп кетишти
22-ноябрь күнү таңкы саат 5тер чамасында белгисиз бирөөлөр Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин (КГУСТА) бухгалтериясына кирип барышып, эки күзөтчүнү сабап салышкан. Андан кийин 70 миң сом накталай акча, 60 миң сомдук буюм-теримдерди алып, жолго түшүшкөн. Токмок жеген күзөтчүлөргө медициналык жардам көрсөтүлдү, ал эми тоноо болгон жерден бычак менен желим кагаздын үзүндүлөрү табылган.

Атантай Акбаров лира кечеге чакырат
24-ноябрь күнү КТРКнын чоң залында белгилүү акын, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, бир нече ыр жыйнактарынын автору,Атантай Акбаровдун 50 жылдык мааракеси белгиленет. Ыр кечеге белгилүү акын-жазуучулар, жалпы калемдештери катышып, күпүлдөгөн ырлар окулат. Поэзиянын ыргагына чөмүлүп эс алып кетиңиз. Каалоочуларга эшик ачык.

Азия оюндарында Д.Көбөнов алтын медалды жеңди
Азия оюндары боюнча Гуанчжоуда өтүп жаткан таймаштарда грек-рим күрөшү боюнча 74 кг. салмактагы Данияр Көбөнов атаандаштарын жеңип, алтын медалдын ээси болду. Д.Көбөнов 74 кг. га чейинки салмак категориясында жапон спортчусун 0:3 эсеби менен утту.

Азия оюндарында Ж. Кенжеев бронзо медалын жеңип алды
Дагы бир балбаныбыз Жанарбек Кенжеев Азия оюндары өткөрүлгөн Гуанчжоуда грек-рим күрөшү боюнча бронзо медалын жеңип алды.





  Дүйнөлүк жаңылыктар

Кытайдын лидери бүгүн расмий сапар менен Орусияга барат
Кытай өкмөтүнүн башчысы Вен Жибао бүгүн расмий сапар менен Орусияга барары күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөр учурунда саясий, экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкка байланыштуу бир топ документтерге кол коюлары айтылды. Кытайдын расмий бийликтеринин айтымында, орус газын Кытайга жөнөтүү маселеси сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн түзмөкчү.

Ооганстанда 21 талапкердин шайлоодогу жеңиши жокко чыгарылды
Өлкөдө арыздар боюнча иштеген комиссия бул тууралуу кечээ билдирди. Маалыматка караганда, ал талапкерлер шайлоого катышкан округдарда "добуштардын көбү бурмаланган, регионалдык чиновниктер добуш берүүгө кийлигишкен учурлар көп катталган". Шайлоого байланыштуу арыздар дале иликтенип жаткандыктан, 18-сентябрдагы добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгы дале чыгарыла элек. Депутаттыгы жокко чыгарылган талапкерлер доо-арыз менен сотко кайрыла алышпайт.

АКШ: Пхеньян атом бомбасын жасоону каалап жатканын көрсөттү
АКШнын куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабынын башчысы Майк Мюллен Түндүк Кореяда уранды байытуу боюнча жаңы заводдун ачылышы "Бул мамлекет атом бомбасын жасоону каалап жатканынан кабар берет" деп билдирди. Адмирал Мюллен Орусияны, Кытайды, АКШны, Жапонияны жана Түштүк Кореяны, бул боюнча биргелешип Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирге басым жасоого үндөдү. Пхеньяндын атомдук жашыруун иштеринен кабары бар Америкалык окумуштуу Зигфрид Хеккер жаңы заводдун мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири экенин айткан. АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Стивен Босворт бул боюнча регионалдык лидерлер менен жолугуш үчүн кечээ кечинде Сеулга келди.



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования