Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Киностан

Актан Арым Кубат, режиссер, актер:
"Свет акенин ролун өзүм ойнойм деп ойлогон эмесмин"
Свет. Жарык. Энергия. Түбөлүк кыймыл. Мына ушулардын маңызын сыгып, элеттин тазалыгына киринтип, аруулукка чулгап туруп, кара өзгөй акчалуулардын бир оюну менен жан дүйнөгө бүлүк салат.


Тасманын алган сыйлыктары:
Эл аралык Фипресси кино сынчыларынын "Евразия" фестивалында - Гран-при; (Алматы)
"Дидор" фестивалында - Гран-при; (Душанбе)
"Киношок" фестивалында - "Эң мыкты эркектин ролу үчүн" жана "Гильдидеги киносынчылардын сыйлыгы"; (Анапа)
Коттбуста "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө татыктуу"; (Германия)
"Чексиз тасма" эл аралык "Листопад" кинофестивалында "КМШдагы аткаруу комитетинин атайын сыйлыгы"; "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы"; (Минск)
Эл аралык Амьен кинофестивалында "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" (Франция)

Кинонун кыскача мазмуну:
Кино айылдын жай турмушун чагылдырып, андагы элдин жупунулугун, тазалыгын сүрөттөгөн. Айыл жергесиндеги колунда жоктордун учётчигин тескери айландырган, өзүнүн кызыкчылыгынан адамзаттын кызыкчылыгын көздөгөн карапайым электриктин сүйүктүү жубайы, төрт кызы жана ал жактырган сулуу бийкеч -Сейили бар. Ар бир үйгө кирип, светин оңдоп, электрге байланышкан да, байланышпаган да маселелерин чечип берип жүргөн Свет аке түбөлүк кыймылдаткыч ойлоп, үйүнүн жанына орнотот. Анын бул иш-аракетин акчадан көзүн май баскан Бекзат карапайым элге күйгөн адам болуп, Свет акенин ишеничине кирип, чоң акча көрүүнү пландайт. Кытайларды чакырып, түбөлүк кыймылдаткыч куруучу жерди, анын авторун тааныштырып, он эки канат боз үйгө сыйлайт. Сый үстүндө Свет акени суктандырып жүргөн Сейил "Төө чечмей" оюнуна чыгат. Ызаланган Свет аке жарыкты өчүрөт.



Актан Арым Кубат -режиссёр, актер:
"Жан дүйнө жаңырыгынан пайда болгон тасма"
- "Свет акенин" идеясы "Маймылдан" кийин эле жаралган. Продюсерим:"Эми кандай кино тартуу жөнүндө оюң бар?" -дегенде эле, "Светчи тууралуу" деп жооп бергем. Анда мынчалык чоң ой боло элек болчу. Болгону, электромонтёрдун карагайдын башына чыгып, ар бир үйгө кирип, ар кандай окуяларга күбө болгон кызыктуу турмушун чагылдырсам деген идея жаралган. Бирок бара-бара ал идея жаңылыктар менен толукталып, Кыргызстандын башынан өткөргөн окуялар менен жабдылып отуруп, азыркы "Свет аке" пайда болду. Режиссёр Эрнист Абдыжапаров экөөбүз кеңешип отуруп, сценарийдин баш жагын кичине жазганбыз. Анан сценарийди "Орус премиясынын" лауреаты, драматург, жазуучу Талип Ибраимов экөөлөп жаздык.
Бул-профессионал актёрлор менен иштешкен биринчи эмгегим. Актёрлорду тандоодо да узакка ойлондум. Анын үстүнө, театр актёрлору театрдын жүрүм-турумдарынан бошонушу кыйын. Нары калчап, бери калчап отуруп, "көзүндө терең сүйүүсү, кайгысы, бакыты чагылып турат" деп Таалайкан Абазованы тандадык.
Таалайкан - чоң актриса. Анын чыныгы дарамети дагы ачыла элек. Азыр кыргыз киносунун профессионалдык деңгээли кайра жандана баштабадыбы, демек, Таалайкан үчүн баары алдыда десек болот. Өзүңөр байкагандырсыңар, анын ролунда сөз деле аз, бирок көзү менен, мимикалар менен гана баарын түшүндүрө алды, өз образын ача алды.
Ал эми Зуура Бакирова - ал чыныгы актриса. Чыныгы актрисалар гана артка кетенчиктебей, кандай болсо да берилген ролду аткарууга, образын ачууга даяр. Кинодо ыңгайсыз ролго макулдугун бергени үчүн дагы бир ирет рахмат айтам. Балким, анын мындай ролун публика түшүнбөшү мүмкүн, бирок актрисанын ийгилиги элди, көрүүчүлөрдү ой жүгүртүүгө, оң же терс сезимге жетелеш керек, оюна түрткү бериш керек. Эгер ага жетише алса, демек, роль максатына жетти деп эсептейбиз. А Зууранын ролу тууралуу, дегеле кино тууралуу кино сынчы Гүлбара Төлөмүшова жазып чыкпадыбы, өзүмө да айтты: "Кино мен үчүн ачылыш болду", -деп. Демек, Зууранын эмгеги талаага кеткен жок.
Тасмадагы Зууранын прототиби - бүгүнкү күндө акчанын азабынан сойкулукка барып жаткан сулуу, сымбаттуу кыздарыбыз. Аларды көргөндө адамдын ичи ачышат эмеспи, менин да ичим ачышкандан, жан дүйнө жаңырыгын тасмада чагылдырдым.
Ал эми, Свет акенин ролун өзүм аткарам деп түк ойлогон эмесмин. Актёр таба албай жүргөнбүз. Бир күнү тамашалашып отуруп эле, мени "тартыл" деп калышты. Ошентип, ролду аткарып калдым.

Таалайкан Абазова:
"Актан байкени киринтип жатканда, тартынып..."
- Учурда кызым менен ооруканада жатканыма байланыштуу кинону өзүм көрө элекмин. Жөнөкөй, күйөөсүнө берилген аялдын образын жаратуу кыйынчылык туудурган жок. Бирок Актан байкени киринтип жатканда… аябай тартындым. Анын үстүнө байкени да аябай сыйлаймын. Анан да "Менин күйөөм семирип жүрөбү…" деп, "кармалаган" эпизодду араң тартып бүттүк. Ошондо тартынчаактыгымды жеңе албай, ыйлаганымчы. Өзүмдүн ролумду жакшы аткара албай койдум деп, өзүмө-өзүм нааразы болуп жатып, түшкү тамакка түшпөй койгом. Ал эми премьерасын көрүп келген соң, жолдошум: "Свет акени жуунтуп жатканыңда бир аз тартынганың билинип калыптыр, ошол жердин дагы майын чыгара аткарсаң болмок",- деп калды.

Зуура Бакирова:
"Кайын энемдин колдоосу менен тартылгам"
- Кастингден өткөндөн кийин сценарий менен таанышып чыгып, жолдошум менен кеңештим. Андан кийин кайын энеме айттык. Менин бул кинодо образ жаратуума эң биринчи кайын энемдин колдоосу демөөр берди. Жолдошум: "Эгер бул роль сенин келечегиңе, өсүүңө жардам берсе, мен каршы эмесмин",- деди. Менин үй-бүлөм түшүнүктүүлүк менен кабыл алган соң, мен ролду аткаруудан кысынган жокмун.
Ал эми, тасманы өзүм көрүп отуруп, дал ошол жерине келгенде кан басымым көтөрүлүп кетти. Башымды мыкчып эле сүйүнөрүмдү, же ыйлаарымды билбей отуруп калдым. Бул тасмага тартылганыма, ушул образды ачканыма өкүнбөйм, бирок… эми, бирогу бар да. Мен актрисалык кесипти окудум, азыркы жашоодогу жеңил ойлуу кыздардын образын ачуу керек болсо, ал менин милдетим болду. Мен буга ушундай көз караш менен кароону, түшүнүүнү каалар элем.
"Свет аке" - кыргыз киносунун дагы бир табылгасы Азыркы оомал-төкмөл заманда айыл жергесиндеги аксакалдар өз үнүн жоготкондугун, акчалуулар алардан акыл да сурабастыгын ачып берүү менен доордун ыйын, арманын айтып тургансыйт. Андан сырткары, тасмада аба-ырайын, жаныбарларды адамдын ички жан дүйнөсүндөгү абалга байланыштырып, орундуу колдонгон. Ар бир көрсөтүлгөн эпизод өзүнчө бир маанини туюндурат. Свет акенин жан дүйнөсүнүн тазалыгы култуюп караганынан, кубанганынан, кейигенинен берилип, көрүүчү чынында эле жарык сезимге чулганат. Негизинен аз убакытта көп сыйлыктарга жетишкен "Свет аке" - сөзгө сараң, ойго терең, кыймыл-аракет менен, көздөр менен көп нерсени түшүндүргөн - кыргыз киносунун дагы бир баа жеткис табылгасы экенинде шек жок.
Аттокурова Жылдызай




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования