Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Чырдөбө

"Ударный" ушактарга жооптор
3 жашынан бери чоң сахнанын ысык-суугуна атасы менен чогуу чыдап келе жаткан Расул кызы Айгерим буларды айтып өттү: "Тойлорго жалгыз барбайм. Апам дайыма жанымда жүрөт. Эгер апам жок болуп калса, атам менен барам. Кыска кийингенден Гүлнур Сатылганова эже мага үлгү болгон". Кызы менен энесинин көөдөнүндөгү букту, Айгеримдин артынан калбай ээрчиген ушактардын чын-төгүнүн даана билели деген максатта сөзгө тарттык.

Катя,апасы: "Ырчылардын кайсы ойношу
машина сатып берип жаткандарын жакшы билем"

"Айгерим жөнүндө айтылган ушактарга өздөрүнө жараша жооп берем"
- Катя эже, Айгеримди кандай кармайсыз?
- Элдин баары эле мени катуу деп ойлошот. Менин кызым элге окшоп, дискотекаларга барбайт. Курбу кыздарынын туулган күнүнө чакырып калганда деле барып, белегин берип, ырын ырдап коюп кетип калат. А мен кызымдын баскан-турганын, кийингенин дайым көзөмөлгө алып турам.
- Эл адамы болгондон кийин, сөзсүз түрдө анын жаман жагын сындаган сынчылардын саны арбын болот эмеспи. Айгеримди да сындагандар жок эмес.
- Ооба, сынчылардын саны өтө эле көп десем жаңылышпайт болушум керек. Кыргыздар кызыктуу болуп, жаңыдан көтөрүлүп, эл оозуна алынып келе жаткан адамга жабышып алышат. Бул ата-бабабыздан бери келе жаткан көнүмүш адат. Айгеримдин ар бир ырына жарашыктуу көйнөктөрү бар. "Кыска киет" деп да чыгышты. Айгерим эми-эми он тогуздун босогосун аттап жатат. Азыр кыска кийбегенде, Гүлнурга окшоп кырктын кырын ашканда киеби? Өткөндө силердин гезитке Гүлнур: "Айгеримдин кийимдери мени канааттандырбайт", - деп жазыптыр. Мисалы, Айгеримдин күйөрмандары Гүлнурду жактырбайт. Гүлнурдуку болсо, Айгеримди сүйбөйт дегендей. Гүлнур ырдаган ырды Гүлнур өзү гана ырдаса, Айгерим ырдаган ырды кыргыздын кичинекей баласына чейин ырдап жүрөт. Кырктан ашкан аялдын, "Айгеримдин мындайын каалабайт элем", - дегени таң калтырып жатат. Айтылып жаткан, "Айгерим эрге тийди, Айгерим Америкага кетти", - деген ушактардын, имиштердин баары, чыгармачыл адамдардын ичинен былгып чыккан сөздөр экен. Ушундай арам ушактарды жараткандардын баарына "байкот" жарыяладым. Гүлшайыр эже да, "Индиянын кинофильмдерине басым жасайт" дептир. Мен билгенден "Кыз Бурак" тобу, өмүр бою өзбектердин ырын которуп ырдап жүрүп, ушул деңгээлге жетти. Сиздердин "Обон" гезити аркылуу, Гүлшайыр эже Өзбекстанда Жылдыз Усманованы жетелеп, Кыргызстанга чакыра берип, Жылдыздын кыргыздарга берген жообун уктуңар. Ошондой нерселерди гезит аркылуу эмес, менин өзүмө келип айтса, мен ал сындарды туура кабыл алам да. Айгерим 45-55ке чыгып ошондой ачык кийинип алса, башкача болмок. Тата Уланды башында көргөндө эле: "Ушул бала клоунга окшобой, эркектей эле болсо", - деп айткам. Азыр болсо: "Кыздарга сын айткандан мурун, эркекке окшоп, бетиндеги маскасын чечип алсын", - дээр элем. Чыгыш бийи андай көйнөк менен кылымдан-кылымга келген. Анан жарым жылаңач дептир.Элдин кыздарына окшоп жигиттен-жигитти жандап, машине алдыртып, тамеки чегип жүргөн жок.
"Эмне үчүн Айгерим тойго көп чыгат? Бирөөгө жакшы көрүнгүсү келет, ошон үчүн", - деп бир гезит жазыптыр. Анан ал журналистти чакырып алып "Бул ушакты кайдан уктуң? Сен менин адвокатым менен гинекологиялык экспертизага барасың, анан кимдин-ким экенин көр, андан кийин жаз", - дегенимде, "Эже, өзүңүздөрдүн эле артисттериңиз келип, ушинтип айткан. Анын атын атасам катуу уруш чыгат. Сыр боюнча эле калсын", - деп айтпай койгон болчу. Артист болуп, жакшылык-жамандыкта кошо жүрүп, бир жерден нан таап жеп жатып, ушундай ушактарды чыгарып жатышса, мен да андайга даярмын. Себеби, мен ар бир артисттин каерде кантип акча таап, каерде ким менен жүргөндөрүн, жада калса эмне менен дем алып жатканына чейин билем. "Мага жигитим машина сатып берди, үй сатып берди", - дегендердин кайсы жигити, кайсы ойношу сатып берип жаткандарын дагы жакшы билем. Бирок мен аларчылап гезит беттерине жаздырган жокмун.
- "Бакиевдердин үй-бүлөсү Айгерим биздин гана тойлордо ырдашы керек", - деген коркутуулар чын эле болду беле?
- Ушундай ушактардан чарчап бүттүм. Бакиевдер тарабынан эч кандай коркутуу-үркүтүү болгон эмес. Ата-энеси жанында турганда, эч бир себепсиз коркутуп көрсүнчү. Бирөө менен ашыкча сүйлөшүп, жигит менен кол кармашып жүрбөсө, эч кимге жамандык кылып, бирөөнү жамандабаса, кайсы кылмышы үчүн коркутат? Биздин чыгармачыл адамдар ушундай сөз жүргүзүп, белгисиз бир себептер менен Айгеримди ушунчалык каралагысы келишти. Ак ийилет, бирок сынбайт. Кыргыздын тарыхында деле кайсы өрөөндөн, шаардан татынакай кыз чыкса, хан же башкарма кызды токолдукка алып койгон. А Айгеримдин көзгө көрүнүп турган кези. Ошондон улам "болду-болбоду, "ушулар" алып коёт болуш керек", - деген божомол менен мындай имиштерди чыгарып жатышат. Кечээ да радиодон телефон чалып: "Катя эже, Айгерим шаардабы? Максим келип Америкага алып кетиптир го?" - деген да ушагын чыгара коюшуптур. Максим өзүнүн атын таппай жүрсө, Айгеримди каякка алып кетмек эле? Максимди Айгерим эмес, анын ата-энеси биз телевизордон гана көргөнбүз. А Максим Канттын күйөө баласы экенин элдин баары билишет.
- "Курманбек Бакиев Германияда ооруп жатканда, Орозгүл Токторбаева Айгеримди ал жакка алып барган", - деген да ушактар жүрөт.
- Орозгүл Токторбаева Жаныш Бакиевдин аялы экенин билем. Жаныш эле эмес, башкалардын аялдарын да жакшы тааныйм. Баардыгы менен той-топурда саламыбыз түз болчу. Жаныш жок болгондон бери, Орозгүл да жок болду. Анын каякта экенин да билбейбиз. Бул сөздү биринчи жолу угуп атышым. Расул элдин астында ырдаганына 25 жыл болду. Кайсы жерде той болбосун, кыргыз элинин жакшылыгында гана жүрүшөт. Биз үчүн кыргыз эли аман болсун! Элитанын тоюна гана барабыз дегендерге кошула албайм. Элдин артынан артисттер адам болуп жатат. Азыр концерт деле койбой калышпадыбы. Анткени, артисттерди эл багып атат. Ушул нерседен дагы пайдаланып кетейин. Кара-Жыгач жаңы конушунан жер алып, жайкы кафе ача калганбыз. Чыгармачыл адамдар, "Ал кафени Максим сатып берген. Анан алар бийликтен кеткенден кийин бүтпөй калды", - деп ушак таратып жиберишти. Ал жер 2004-жылы Акаевдин мезгилинде аукциондон утуп алган жер болчу. Биринчи комиссияга салып, аукционго өтүп, аукциондон утуп алган жер. Анда Максимдин жыты дагы жок болчу. Бакиевдин мезгилинде кредит да ала алган жокпуз. Кудайга шүгүр, элден айланып кетсе болот. Эл тойго чакырып, акча берип, тапкан акчабызга элчилеп "особняк" салдырбай, кичинеден чогултуп атып, элге кереги тие турган студия куруп атабыз. Ошону да көрө албагандар ар кандай сөздөрдү чыгарышты.
Ушундан пайдаланып, Айгеримдин күйөрмандарынан суранып кетер элем:"Ким Айгерим тууралуу ушак таркатып жатса, уюлдук телефонго жаздырып, "Обон" гезитине алып келсеңиздер, акчалай сыйлык күтөт. Сиздердин аты-жөнүңүздөр эч кимге айтылбайт".




Айгерим Расул кызы:
"Ырларым элита үчүн эмес"
- Айгерим, ырдап, бийлеп жатып, ырыңдын текстин унутуп калган учурлар болобу?
- Андай учурлар болот. Бирок ыр менен бийди кошо алып кетүү абдан эле кыйын. Ырдап жатып, бийлесең, дем жетпей калат.
- Анда дискотекадан чыкпайт турбайсыңбы?
- Жок, дискотекаларга такыр барбайм. Бий студияма барып,эч ким жокто музыканы чоңойтуп алып бийлегенди жакшы көрөм.
- Кайсы майрамды салтанаттуу белгилейсиңер?
- Жыл сайын жаңы жылда мен "оливье", апам "фунчёза" жасайт. Биз кичинекей кезде, ресторандарга "заказ" кылып, ошол жактан тосчубуз. Азыр болсо, кандай гана майрам болбосун үйдөн белгилейбиз.
- Өзүңдүн чыгармачылыгыңа кандай баа бересиң?
- Менин ырларым элита үчүн эмес, жөнөкөй кыргыз эли үчүн. Ушул ырларым хит болсун деп, күнүмдүк колдонулган сөздөр менен ырдап жүрөм. Буга атамдын салымы чоң.
- А сени сындагандарга эмне дейт элең?
- Мен Гүлнур эженин эки-үч клибинде узун өтүк менен кыпкыска юбка кийип алып ырдаганын көрүп, апама "мага ушундай юбка тиктирип бериңизчи" десем, "Бул өтө кыска экен, сен узунураак кий" деп узун тиктирип берген. Кыска кийингенден Гүлнур эже мага үлгү болгон. А Тата Улан катынга окшобой, маскасын чечип, анан сын айтса болмок. Ал мени сындай турган деңгээлге жете элек жана жетпейт дагы. Мен Татаны чыгармачыл адам катары кабыл албайм.

Төлөбүбү Касымалиева





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования