Көшөгөңөр көгөрсүн!

Тотудан үкү тагып ал, жар эй!
Толукшутуп багып ал, жар эй!
Ак тойдон репортаж


Замир Мырзанын үйлөнүү үлпөт тою 13-ноябрда Ош шаарынын "Мээрим" ресторанында өттү. Продюсер Назгүл Насиева, ырчы жигиттерден Сапар Эркебаев, Өктөм Сапарбек уулу жана Алишер Тоотаевдер Төө ашууну ашып, Замирдин тоюна барышты. Ал эми ал жактагы туугандай болуп калган ырчылардан Темир Назаров, Сайкал Садыбакасова, "Кыз-Бурак" тобу жана Айпери Кулубаевалар да колдон-буттан алып, тойдун көркүнө-көрк кошуп жүрүштү. Тойдун тамадасы "Атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага" деген тамашалуу ырдын автору Жеңишбек Айтиев болду. Ал эми, Замирдин сүйүктүү жубайынын аты ким деп тынчсызданып жатсаңыз, жеңебиздин аты Жаңыл . Бишкектеги Орус-Славян университетинин экономика факультетинин 3-курсунун студенти. Замир экөө бир жылдан ашык сүйүү багын аралап, сүйлөшүп жүрүшүптүр. Буюрса, баш-аягын жыйыштырып алып, жаш жубайлар, Бишкек шаарына да үлпөт той өткөрөбүз деп пландап жатышат. Эки жашка бакыт каалайбыз!


"Жөжөнү күздө санайбыз" дегендей эле, быйыл шоу-бизнестин жигиттери сүйлөшүп алышканбы, же убактысы келип калганбы, айтор, биринин артынан бири үйлөнүп, "кыргыздын санын көбөйтөбүз" - деп "стартта" турушат. "Эркеле, мага эркеле" деп ырдаган ырчы жигит Замир Мырза, эми өмүр бою эркелете турган адам таап, бир үйдөн түтүн булатууга бел байлады.


Төлөбүбү Касымалиева