Кайран залкар

Болот БЕЙШЕНАЛИЕВ, КР Эл артисти:
"Таттыбүбүм...
Татам...
Менин трагедиям..."

17-ноябрь кино күнү. "Кыргыз керемети" деп аталган республикабыздын кино өнөрүнө зор салымын кошкон, "Биринчи мугалимде" Дүйшөн, "Отко таазимде" Азизов, "Көздүн карегинде" Эркин, "Ак-Мөөр" телефильминде Болот жана да толуп жаткан боордош элдердин киностудияларында 100гө чамалаш ролдорду ойногон киноактёр, Кыргыз республикасынын Эл артисти Болот Бейшеналиев да дал ушул күнү кино күнүн белгилеп отурган жеринен көз жумган дешет. Кино дүйнөсүнүн жарык жылдызы менен "Обондун" маегин архивден алып сунуш кылабыз. (№14. 1997-ж. макаланын автору Рахат Исаева).


"Таттыбүбүнүн боюнда
бар экенин укканымда..."
- Болот Бейшеналиевич, сизди кино актёрлукка чейин опера ырчысы болгонуңузду баары эле биле бербесе керек?
- Ооба, мен Болот Миңжылкыев, Хусеин Мухтаровдор менен бирге опера-балет театрынын алдындагы студияда чогуу окуганбыз. Баритон үнүм бар эле. Шехов Сергей деген мугалимден окугам. Кийин ар кимибиздин жөндөм-шыгыбызга жараша Москва, Алма-Ата, Ташкенттеги театралдык иниститутка, консерваторияларга жиберишти. Ал кезде маданият тармагын тейлеген согуштан бир бутун алдырып келген А. Казакбаев деген адам эле. Ал кишинин аталык камкордугун көп эле көрдүк. Ай сайын 300 рублдан акча салдырып турчу. Бийликтегилерге жакпай калды көрүнөт, "улутчул" атка конуп, сокур ичеги менен операция болгондо ичинде тампон калды деп кайра сойдурду…Ошондон кете берди.
- "Кызгалдагым" деген ыр чыгарыптырсыз. Анын жазылыш тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз?
- Эми сөз башынан болсун. Мен Ташкентте театралдык институттун үчүнчү курсунда окуп жүрөм. Имаш Эшимбеков экөөбүз чогуу жашайбыз. Ал Ольга Улукманова деген кыз менен ынак эле. Таттыбүбү Турсунбаеваны "Тата" деп койчубуз, ал биринчи курста болчу. Ага көп студент жигиттер ашык болуп жүрүшкөн. Бир күнү Абдырасул Токтомушевдин кызы Марсиана: "Таттыбүбү сени жакшы көрөт",-деди. Анан мен ага сунуш кылдым. Ал дароо эле макул болду. Тата экөөбүз ынак болуп, кинолорго, кечелерге чогуу барчубуз. Бир жыл бою ысык сүйүүнүн даамын таттык. Ошентип жүргөндө К. Досумбаев айтып калды: "Имаш сага көрсөтпөй Татаны киного алып барып жүрөт",-деп. Таарынышып кеттик. Жүрөгүмө тамак баспай бук болуп жүрдүм. 6 күн тамак ичпедим.
Институтту бүтүп, кайра Ташкентке барып киного тартылып жүрөм. Мейманканада жатсам Жаркын деген кыз келип: "Атабыз чакырып жатат деди",-деди. Биздин Якуб Матвеевич деп койчу мугалимибиз бар эле, кыраакы киши болчу. Экөөбүздүн ынак мамилебизди, акак сүйүүбүздү сезди бекен, айтор, жараштырып койду. Ошондо Таттыбүбү: "Сен бекер эле капа болгонсуң, мен сени гана жакшы көрөм",-десе жүзүмө кан жүгүрүп кубанып кеттим.
1966-жылдын июнь айы. "Саманчынын жолунда" Касымды ойноп тартылып жүргөнүмдө ага айттым: "Дагы эле кинонун иштери менен Венгрияга кетем, 9-сентябрда келем, ошондо үйлөнөбүз",-дедим.
Ал жактан акчалуу кайтып келип, чогуу жашаган досумдун үйүнө түшүп калдым. Кой союлду. Бүгүн аяштуу кылам дедим, кубанычымды жашыра албай. Бирок мен кечигиптирмин. Имаш жолдош балдары менен Жумгалга Таттыбүбүнү издеп барышып, тоого эс алууга чыгышат, ошол жактан бир окуя болуп кетет…Таттыбүбүнүн боюнда бар экенин өз оозунан угуп жатпайымбы. Жер көчүп турду…Бир жумадан кийин Имашка жолугуп калдым: "Мурунку кылганың ал, азыркың бул…Эми эмне кылабыз ?"-дедим. "Өзүм үйлөнөм го"-деп чыкты. Экөө кошулуп алышты. Кийин Таттыбүбүнүн өлгөнүн Москвада жүрүп уктум. Өксүп ыйладым. Анан ушул ырды жаздым. "Кызгалдагым" ушинтип жаралган. Анын тагдырын мен ушул гүлгө салыштырам. Талаа-түздүн бетин бербей кыпкызыл болуп жайнап чыккан кызгалдактын мезгилин элестетчи. Аралай чаап бала болуп кетким келет. Байкасам ушул гүл мүрзөлөрдүн үстүндө көбүрөөк болот. Укканыма караганда жүздөгөн жылдар илгери кызгалдак жайнаган жерлерде согуш болуп, кан төгүлүп, эрлердин денесин жашырган деп айтышат. Ушунчалык кызыктырып, бирок бат эле күбүлүп түшүп калганы аянычтуу. Мен эле эмес, калайык калкын өкүттө калтырып, эртелеп кете берди: Таттыбүбүм…Татам…
Менин турмушумдагы эң чоң трагедиям болду.
Кызгалдагым
Жаныңа жаш кезиңде жакын бардым,
Ошондо бактым бол деп чакыргамын.
Тагдырдын маңдайыма жазганы экен,
Мен үзбөй соолуп калдың кызгалдагым.

Жүрөктө андан бери каткан муз бар,
Көкүрөктө ээрибеген шордуу туз бар.
Элесиң мен өлгөнчө эстен кетпей,
Жүрөгүм жалгыз гана сен деп сыздаар.

Өтсө да далай мезгил унуталбайм,
Азыр да сени эстөөдөн такыр талбайм.
Жашоомдо жалгыз сени сүйгөнүмдү,
Жараткан алдында да жашыралбайм.

Алтыным акыретте жолугарбыз,
Жараткан болгун дээрбиз бизге калыс.
Армандар бизде толгон аткарылбай,
Бул дүйнө бизге болгон абдан карыз.
Бул ырга Асанкалый Керимбаев обон чыгарыптыр. Ырдалып жүрсө керек.
"Апам муунуп өлөм деди"
- Өзүңүз аткарган "Көздүн кареги" тасмасындагы Эркиндин образына тагдырыңыз окшош болгону эмнеликтен?
- 1975-жылы Г.Базаров тарткан "Көздүн карегине" түшүп калдым. Б. Кыдыкеева эже апамды ойноду. Москвада орус кызына үйлөнүп жашап калган окумуштуу Эркинге алыскы Кыргызстандан энеси келет. Кошунасы: "Эркин, энең келди",-деп сүйүнчүлөсө, уулу шоколад менен гүл сатып келет энесине. Ошондо апам- Кыдыкеева жаакка тартып жиберет. Эли- жерине каттабай кеткен жигитке эненин ачуусу, сагынычы, даты зор эле.
Фильм тартылып жаткан учурда Москвада Эл аралык кинофестиваль жүрүп жаткан. Ошондо кыргыздын улуттук киймин кийип, башына заңкайтып элечек орогон Бакен эже Москванын чоң көчөлөрүнө көрк берип басып жүрдү. Дүйнөнүн ар тарабынан келген карасы бар, сулуусу бар элге эч ким таң калган жок. Ал эми актрисанын кичинекей тестиер орус кызын ээрчитип алып, маралдай болуп, өзүнө гана таандык бир сонун басышка салып калк аралап өткөнү азыр ойлосом өзүнчө эле керемет экен. Ооба, менин ал тагдырым да өзүмдүн персонажыма өтө жакын. Москвада он жети жыл жашаптырмын. Ал жактан Стелла деген орус жеңеңерге үйлөндүм, ортобузда бала болгон жок. Апамды колума алып, биз менен жашап жаткан эле. Менин туулган жериме кайтышыма раматылык актриса эжебиз Алиман Жангорозова себепчи болду окшойт. Ал киши Москвада кино сынакта жүрүп биздин үйдө жатып калды. Эки кемпир кечке отуруп, мени: "Кыргызстанга барбайсыңбы",-деп жемелешет. Апам ого бетер өрөпкүп алып: "Өз жерибизге кетпесек муунуп өлөм",-дегенге чейин барды. Анан Кыргызстанга келишке туура келди, бирок көп өтпөй кайра Москвага кайттым да, 17 жылдан кийин ,1992-жылы биротоло туулган жериме келдим. Азыр жаштар театрында актёрлук кесибимди улантып жатам. Алган маянам 337сом. Эркектин үйгө ушунча аз акча алып келиши уят экен, дагы жакшы анча-мынча кинолорго тартылып калып жатам. Болбосо менин бир айлык маянам Турсун жеңеңердин бир күндүк базарга барып келгенине гана жарайт…
"Кыргыз элине Чокморов да, мен да керекмин"
- Мындан башка "Тайгак кечүү", "Саманчынын жолу" ж.б тасмаларда бирде энеңиз, бирде жеңеңиз болуп Б. Кыдыкеева менен иштешип калдыңыз. Ал эми турмушта эженин кызыктуу окуяларын эстей аласызбы?
- Бир жолу мындай иш болду. Досум экөөбүз андагы Фрунзенин эски, бузулуп кеткен базарынан 18 миң рубль таап алдык. Акча солдаттын планшет сумкасында экен. Аны ак жүрөктүк кылып органга алып барбайбызбы. Мына суралганыбызды айт. Ал кездин милициясынын да адилеттүүлүгүн айт. Паспорту кошо бар экен, ошол боюнча ээсин таптык. Көрсө, Россиядан көчүп келген орус мал базардан кичинекей торопой сатып алып мүшөккө салып коёт да, арыктын жээгиндеги чөпкө планшетти коюп отура кетет. Тигиниси мүшөктөн чыга качып, бала-чаканы коркутканда, ээси кокуйлап анын аркасынан кетет да, планшети калып калат. Театрга келип Бакен эжеге айтып берсек боору эзилгенче күлдү. "Оо, турумтайларым"-деп эркелетип, биздин окуяны көпкө чейин оозунан түшүрбөй айтып жүрдү. "Ме,ошол үчүн пиво ичип алгыла",-деп акча бергени эсимде.
- Сизди Москвага таарынып кетип калган дешет?
- Кайсы бир жерде гастролдоп жүрүп, мейман болуп отурсак үй ээси: "Жок, сиз таарынып эле кеткенсиз",-деп мойнума коюп жатпайбы. Айла жок күлдүм. Мен эч кимге таарынган эмесмин. Союз убагында "Мосфильм" тарабынан 30, "Ленфильм" тарабынан 30, "Экран" чыгармачылык бирикмеси 25ке чейин көркөм тасмаларды тартчу жылына. Өзүмдүн өңү башым азият болгондон кийин ар бир экинчи фильминде деги эле бир роль болот да.
- Сүймөнкул Чокморовдун кино актёрлукка келгенине сиз себепчи болгон экенсиз?
- Болот Шамшиев экөөбүз келе жатсак Сүкөм жолугуп калды. "Спортсмен десе спортсмен, өзү сүрөтчү, "Караш-Караштагы" Бактыгулга ушул жигит жарап жүрбөсүн?"-дедим Болотко. "Мен актер болбосом кантип ойноор экемин",- деп кооптонду Чокморов. Таланты бар экен- бул жаатынан да камчы салдырбай алып кетти. Бир жылдары Ч. Айтматов чакырыптыр: "Америкадан журналист келиптир, суроосу бар экен"-деп. Барсам ал: "Чокморов сиз аткарчу ролдордун көбүн ойноп жаткансыйт,өкүнүчтүк кылбайсызбы?"-деген кыязда суроо салды. Мен ага: "Веймар шаарында Гете менен Шиллер кошуна турат. Ошондо бирөө Гетеден сурайт дейт: "Жаш, таланттуу Шиллер сизди басып кетти, ал түгүл салган үйү да эки кабат болуп сиздикине окшош, ичиңиз тарыбайбы?"-деп. Ошондо улуу акын: "Немец эли биздей эки бирдей уулу менен сыймыктанышы керек"-деп жооп айтыптыр. Анын сыңарындай кичинекей кыргыз элине С. Чокморов да, мен да керекмин",-дедим.
(Уландысы 6-бетте)