Ден соолук

Кекеч оорусун
айыктырууга болобу?
Ата-эненин биринчи милдети - наристелеринин ден соолугуна, келечек жашоосуна кам көрүү эмеспи. Убагында дарыланбагандыктан кулагы укпай, же татаал сөздөргө тили келбей калган чоң эле адамдарды кездештирүүгө болот. Эмесе, кулак, мурун, кекеч ооруларына кезек берсек.


Төрөткө чейин же төрөттөн кийин баланын деми кысылып кыйналганда баш мээсине доо кетет. Ошондон органикалык сүйлөө речтин бузулушу келип чыгат.
Функционалдык сүйлөө речтин бузулушу психиконеврологиялык себептерден келип чыгат. Мисалы: кем акыл, эсин жоготуу, көздүн начар көрүүсү.

Классташтарым "чулдур" деп кемсинтишчү
Мен кичинемде так сүйлөй албагандыктан абдан тартынчумун. Мектепке барганда "ң", "р", тамгаларын айта албай кыйналып сабактан качып, окууга такыр баргым келчү эмес. Классташтарым "жырык эрин" болгонум аз келгенсип "чулдур" деп кемсинтишер эле. Азыркыга чейин ушул тамгаларга тилим келбейт. Буга ата-энем күнөөлүү деп эсептейм. Себеби, бала кезимден мага көңүл бурулбай калган. Эгер убагында логопедге кайрылып оорумду көрсөтүшкөндө, балким, дарыланып так сүйлөп калмакмын. Ошондуктан, окурмандарга айтар сөзүм, балдарыңарга жакшы көңүл бөлүп ушундай оорудан сактагыла. Бул башкаларга да сабак болор деген ой менен жазып олтурам.

Барчынай, Токмок шаары. 43жашта
Республикалык атайын оорукананын логопед адиси Петросьянц Лариса Варткесовна:
Жогоркудай ооруга чалдыккандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Орчундуу маселенин негизги өзөгү ата-эне балага көп көңүл бурбагандыктан келип чыгат. Кээ бир ата-энелер балдарынын тилин 4 жашка чейин сүйлөйт деп көнүп алышкан. Мындай ооруну алдын-ала жөнгө салуу бар болсо да, качан өтүшүп кеткенде гана кайрылышат. "Жырык эриндүү" болуп тубаса төрөлгөндөр бар. Энеси кош бойлуу учурунда бала түйүлдүк кезинде дары ичсе, таасирин тийгизет. "Жырык эринди" хирургдар кылдаттык менен операция кылуусу зарыл. Себеби, тилди жабыркатып коюшу мүмкүн. Ошол себептен тамгалардын так айтылбашы келип чыгат..


"Кекечтигин кантип калтырам?"
Менин кызым "кекечтенип" сүйлөйт. Ал сүйлөп атканда кадимкидей кыжырым кайнап, кээде сөзүнүн аягына чейин укпай коём. Башка балдарым так эле сүйлөйт, эмне себептен кекечтенгенин билип бересиздерби?
Эльмира. Бишкек шаары.
Логопед: "Кекечтик"- бул тукум кууган оору. Балким, сиздерде кездешпесе, ата-бабаларыңызда "кекеч" болгондур. Бала бир нерседен катуу чочуса да, кекеч болуп калышы мүмкүн. Бирок, тубаса эмес кекечтик "өткөөл" куракта өзүнөн-өзү жоюлушу ыктымал. Эгерде тубаса болсо айыгууга мүмкүн эмес.


Эгер баланын ата-энеси дудук болсо да тукум куучулук жол менен балага өтүп кетиши мүмкүн. Мындай балдар такыр эмоцияга алдырбайт, ( радио, телевизор угушпайт, эң негизгиси чоң кишилер менен пикир алыша албайт). Бир жашка чыга элек баланы жүлүндөн туура эмес сары суу (пункция) алганда, бала сүйлөө речин толук жоготушу ыктымал.
Сүйлөө речтин бузулушунун дагы бир себептери: кекечтенүү, жакын адамды жоготкондо психикалык жактан жабыркоо, 10-30% гана тукум куучулуктан келип чыгат.

Сүйлөө речтин бузулушунун айрым бир белгилери - үндүн бузулушу.
Брадилалия - патологиялык жай темпи.
Тахилалия - патологиялык тез темпи.
Дислалия - дабыштын бузулушу.
Афазия - с уйлөө речтин толук жокко чыгышы.
Жазма түрүндөгү сүйлөө речтин бузулушу (Дислекция-окуу, Дисграфия-кат).

Гайморит өтүшүп кеткенде…
- Гайморит оорусуна чалдыккандар көп, мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?


№3 Балдар ооруканасынын лор врачы Аманбаева Гүлбакы Аскеровна:

- Биздин ооруканада көбүнчө лор бөлүмүнө кайрылгандар абдан көп. Мунун негизги себеби суук тийгенден. Оорулуунун социалдык абалы да таасирин тийгизет. Балада иммунитет төмөн, витамин жетишпейт. Толук кандуу болуш үчүн баланын жашоо шартын жакшыртыш керек. Анан убагында кайрылбай, баланын температурасы өтө жогорулаганда "тез жардам" чакырышат. Ата-эне баланын ордуна жумушун биринчи койгону кейитет. Балдарга кам көрүп, жакшы көңүл бөлүнсө бала бактылуу чөйрөдө өсөт.
- Аденоид (мурунга эт өсүү) оорусу менен көбүнчө канча жаштагы балдар ооруйт?
- Аденоид оорусу менен 2 жаштан 6 жашка чейинки балдар көбүрөөк жабыркайт. Мурун түтүкчөсүндө жайгашкан ыйлаакча эт дем алууга тоскоолдук жаратат. Ошол аденоид деп аталат. Аны 3 жаштан баштап операциялык жол менен алса болот. Эгер албаса бара-бара чоңоёт, дем алуусу кыйындап өлүмгө дуушар болот.
- Мурду менен сүйлөгөндөрдү айыктырса болобу?
- Мурду менен сүйлөгөндөрдү айыктырардан мурун, жакшылап текшерүүдөн өткөрүш керек. Себеби, тубаса болушу да мүмкүн. Албетте, мындай оору тукум куучулукка кирет. Мурундун түтүкчөсүндө алдыңкы, ортоңку, ылдыйкы болуп калкан сымал жайгашкан жерде эт тосуп турса, мурун менен сүйлөгөнгө алып келет. Таңдайдын астындагы кичине тил чоңураак болгондугу да таасирин тийгизет.
- Гайморит оорусу күч алганы бизге белгилүү. Алдын-ала кандай байкоо жүргүзүлөт?
- Гайморит оорусу жаш балдардан тартып, чоңдорго чейин кеңири таралган. Алдын-ала билип дарыланса, өтүшүп кеткенге жеткизбейт. Гаймориттин алгачкы белгилери: Бала алсырап, тамакка табити тартпай, көңүлү чөгөт. Дем алуусу кыйындап, температурасы көтөрүлөт. Бара-бара оору күчөп, мурундан аккан суюктук ириңге айланат. Ириң коюуланып, мурундун түтүкчөлөрүнө тарай, этти пайда кылат. Ошондо операциялык жол менен алынат.






Элдик дарыгерлер сунуштайт:
Гайморитти дарылоонун оңой жолу-бул таза бал менен дарылоо.
Эрте жазда чогултулган балга 600 грамм, 350 грамм алоэнин(3-5 жашар өсүмдүк) ширесин, бир бөтөлкө жүзүм виносун чогуу аралаштырып күн тийбеген жерге 5 күн тыныктырып коёт.
Алгач бул кошулманы 1 чай кашыктан ичип, кийинки күндөрү 1 аш кашыктан 3 маал тамактанар алдында ичсе, жакшы жыйынтык берет.

3-4 сарымсактын баштарын майдалап, 2 аш кашык таза балды аралаштырып, 1 чай пиала суу кошуп ичет. Бул ыкманы 2 же 3 жолу кайталаса болот.


Таза жуулган кара түрптү жалпак түрдө ичке туурап, ошол ооруган жерди басып, 10 мүнөттөй кармаш керек. Андан соң өсүмдүк майын же крем сүйкөп коюу зарыл. Бул да натыйжалуу жакшы ыкма.


Динара Асылбекова