Жагалмай канат кашыңдан

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын актрисасы:
"Сулуулуктун жеми
болуп калгандан корком"
- Жанара театрга кантип келип калдың?
- Кичине кезимден эле актрисаларды көргөндө ошолорду туурап сахнада ойногум келчү, сыналгыдан дикторлорду көрсөм, аларды туурап күзгүгө каранып алып, кыйкырып сүйлөй берчүмүн. Өзгөчө кинодон Таттыбүбүнүн ролдорун көргөндө абдан сулуулугуна суктанып, көрүп отурчумун. Таттыбүбүнүн өңү эле сулуу эмес, ички жан дүйнөсү дагы сулуу экенин анын күлгөнүнөн, сүйлөгөнүнөн, кабак-кашынан, көз карашынан эле байкалып турчу. Ошондон улам, кийин окууну бүтүп келгенде театр жана кино бөлүмүнө кирип окуп калдым.
- Сахна босогосун кантип, качан аттадың?
- Мен мектепте окуп жүргөндө кичи сахналарга чыгып ар кандай ролдорду ойноп жүрчүмүн. Кийин 2007-жылы биринчи жолу Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрына келип киргем. Ошондон бери ошол жерде иштеп жатам. Андан бери "Чыңгызхандын ак булуту" спектаклинде жөнөкөй ролдо ойнодум. Казак жигити Тименов Талгардын "Алма багы" деген чыгармасында Гаухар деген кыздын ролун ойнодум. Баягы мен элестетип жүргөн сахнага чыгып, атактуу актриса, актёрлордун баскан изин мен дагы басып калганыма абдан кубанам. Азыр ал сахна бузулуп, оңдоого берилген. 2008-жылы Бурул Калчабаеванын "Баяндуу махабат" деген лирикалык трагедиялуу чыгармасында башкы ролду, Жумагүлдүн ролун аткардым.
- Сен үчүн актриса жөнөкөй кыздардан айырмаланып, кандай өзгөчөлүктөргө ээ болуш керек ?
- Ар бир актрисанын эч кимге окшошпогон өзгөчөлүгү болуш керек. Ал өзгөчөлүк ар бирибиздин талантыбызда, үнүбүздө, сулуулугубузда, шык-жөндөмүбүздө, анан, албетте, кылган аракетибизде болуш керек. Актриса сулуу, назик, ийкемдүү эле болбостон, ар бир көрүп отурган көрүүчүнүн купулуна толгудай жүрүм-турумга ээ болуусу да шарт. Сен ар күнү ар башка адамдын тагдырын алып чыгасың. Бир күнү оң каарман, бир күнү терс каармандын ролун аткарасың. Эң башкысы түрүңдү суук да кылганды, сулуу да болгонду билишиң керек.
- Роль жаратып жатканда сүрдөп, тартынасыңбы?
- Жок. Тескерисинче, күч-кубат алам. Сахнанын сырдуу касиети бар. Колдойт, күч берет. Сахна мен үчүн ыйык десем болот. Сахнага чыгарда кудайга жалынып, кудай колдосун деп анан чыгам. Көрүп аткан көрүүчүлөрдү көзүм көрбөй калат. Элди унутуп калып, өзүм турмушумда болуп жаткандай элестетип, абдан берилип ойнойм.
- Сулуулук актриса үчүн курал болуп бере алабы?
- Баарыбыз суктанган Таттыбүбү эже сулуу болгон үчүн кинодо жылдыз болуп, ушул кезге чейин сулуулуктун символу болуп келе жатат. Бирок ошол эле сулуулугунун айынан жеке турмушу оор болгон дешет. Мен азыр жашмын, эч нерсени башымдан өткөрө элекмин. Бирок сулуулуктун, же тагдырдын жеми болуп калуудан корком. Ар кадамымды талдап иш кылганга аракеттенем. Сулуулукту сактап, талантты өстүрүү керек деп ойлойм.
- Роль бөлүштүрө келгенде талантыңарга карайбы, же тааныштыкка карайбы?
- Азыр орчундуу маселе ушул болуп турат. Баарыбызды тандаганын көрө элекмин. Ары жактан өздөрү эле жазып коюшат.
- Турмуш куруу маселесин ойлонуп атасыңбы?
- Сөзсүз, ал маселе четте калган жок. Жакшы көргөн адамым бар. Буюрса, турмуш куралы деп турабыз.
- Турмушка чыгууга өзүңдү кантип даярдап жатасың?
- Күндө жатсам-турсам ошол жөнүндө ойлоном. Кайын-журтум кандай болду экен деп ойлончумун. Жакында барып апабыз менен таанышып келдим. Абдан жакшы адам экен. Мага жакты. Өзүмдүн апам дагы билет. Жанымдай көргөн апакемдин эрке кызы болгондуктан, болгон сырымды тартынбай айта берем. Ушул тандоом апама да жагып турат. Ошого абдан кубанып атам.
- Апамдын эрке кызымын дейсиң. Кантип эркелейсиң?
- Оой, апамдын ушунчалык ак пейилдүүлүгү, камкордугу мени көп кыйынчылыктардан коргоп турат. Апам менен сүйлөшкөндө кадимкидей эс ала түшөм. Жумуштан, же бир жерден бирөөдөн шагым сынып, көңүлүм ооруп келгенде, үйдөн апам жаркырап тосуп алып чайын берет, жакшы сөзүн айтат, анан эле баарын унутуп калам. Эрте менен турганда ысык сүт, же жаңы уюган айран берип, түгөтө ич деп кыйнайт. Турагой деп ойготкон да апам.
- Апаңдын эркелеткенине көнүп алсаң кийин кантесиң? Кайын-журтта андай деген болбойт да.
- Кайын-журтка келин болгондон кийин, аларга эркелегендин ордуна тыпылдап оокат кылып, сыйлап турганга аракет кылам да. Үйгө келип апамдын чайын да ичип турам.
- Жолдошуң сахнаны ташта десе, таштайсыңбы?
Сахна үчүн жанымды да берүүгө даяр болчумун. Бирок турмуш-шартка карасаң, театрдын акчасы менен жан багыш абдан эле кыйын. Үй-бүлө курсаң дагы көбүрөөк акча керек. Жолдошуң, балдарың болот дегендей. Сахна деп жүрүп энелик бакыттан, үй-бүлөлүк бакыттан кур калгым келбейт. Ошол себептен, биринчи үй-бүлө, экинчи сахна.
- Сулуулугуңа кандай кам көрөсүң? Көп уктайсыңбы?
Сулуулук-бул тынч уйкудан башталат. Өзгөчө чыгармачыл адамдардын уйкусу канып, курсагы ток болсо мээси жакшы иштейт. Мен жакшы эле уктайм, 8-9 саат. Бетиме түрдүү маскаларды коём. Кашымды тербейм. Театрдагы гримдеген эжелер: "Сенин көзүңдү эле боёп койсо болот, калганы өзү эле боёлгон-дой",-деп айтышат.





Улуулардан улуу сөз

Эрнис Турсунов, Кыргыз эл акыны

Дүйнө ырдап-бийлеп калганда

(Башы өткөн сандарда)
Дүйнө ырдап-бийлеп калганда жер огунан чыгып кетпес бекен?
Ансыз да түндүктө айсбергдер жылышып, түштүктө кабатталып жаткан мөңгүлөр эрип, суу ташкындары, цунамилер, тайфундар, урагандар, добулдар, торнадолор, кыяндар, селдер, көчкүлөр жүрүп, адамзатты катаклизмден сактап калуу милдети коюлуп жатканда, жан дүйнөгө азык боло турган, көңүлдү көтөрө турган патетикалдуу, шаңдуу ырлар керек.
Эстрадалык ырчылардын кунарсыз ырларын пропогандалап келген телерадиодогу кедергилер жөнүндө кеп кылсак, алар четинен табылат. Журналистика факультетин бүтүргөн улан-кыздардын билиминин тайкылыгы, сабатсыздыгы аз келгенсип, өз кесибинин бирден-бир куралы болгон, мейли орусча, мейли кыргызча көркөм сүйлөй албагандыгы, тилге жардылыгы кыжырды келтирет. Кайсы бир адистен интервью алса, суроосу жооп берип жаткан инсандан алда канча төмөн. Алар темп, ритм, интонация дегенди билишпейт экен. Дикторлор сүйлөм аралыгын сактабай өтө бат сүйлөгөндөн, уккан эл түшүнбөй да калып жатышат. Бытылдап ч, ш, щ, ц деген (щипящие звуки) каткалаң үнсүздөргө басым коюп айткандыктан, сөздөрү кулакты кесип, барабанды тешип угулат.
Телекөрсөтүүлөрдү, же радиоуктурууларды иллюстрациялаганда фонетеканы аңтарып, ылайыктуу музыканы тандоонун ордуна, тасмаларды угуудан эринип, оңоюна качырып, текченин четинен ала коюшат да, материалга ылайык келбесе да жалгай беришет. Анан калса, фонетекадагы мыкты дикторлордун, актёрлордун аткаруусундагы архив материалдары, эң сонун чыгармалар, жетекчилердин улам алмашып келди-кеттисинен, андагы иштеген айрым редактор, режиссёрлордун көрө албастыгынан биротоло жок кылынган. 50-60-70-жылдарда кыргызча да, орусча да көркөм окулган Пушкиндин, Гоголдун, Толстойдун, Горькийдин, Маяковскийдин, Чеховдун, Шолоховдун, Жантөшовдун, Баялиновдун, Сыдыкбековдун, Токомбаевдин, Маликовдун, Мидиндин, Райкандын, Шивазанын чыгармаларын чырак кармап таппайсың.
"Каргашалуу бул заманды көрбөй калышты"
Сталин өлгөндөн кийин ага байланышкан чыгармалар: кантаталар, ораториялар, симфониялар, поэмалар, хорлор саясий сокур жетекчилердин кошоматчы редакторлордун кесепетинен түп-тамыры менен өрттөлгөн (Москвада алар сакталып калган.). Ошондой көрүнүш Хрущевдон кийин да, Брежневден кийин да, совет мамлекети кулагандан кийин да кайталанган. Баарынан өкүнүчтүүсү алгачкы радиотүйүнүн ачкан Жусуп Абдракмановдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Баялы Исакеевдин, алгачкы дикторлордун: Сакен Бекматованын, Касымалы Бектеновдун, Кубаныч Акаевдин, Гүлзина Мамбетованын, Орозбаеванын үндөрү же болбосо телерадионун алгачкы жетекчилери: Бектурсуновдун, Токобаевдин, Суванбердиевдин, Койчумановдун, Токомбаевдин, Ботоханованын, Миңсейитованын үндөрү сакталбай калганында. Мына ушундай өксүктөрдүн кесепетинен курч куралы колунда туруп, телерадионун санжыра-тарыхы жазылбай калган. Саясат жана маданият тармагынан башка эфирден же экрандан телерадионун баскан жолу үзгүлтүксүз көрсөтүлбөй, уктурулбай келет.
Дал жогоруда айтылган кедергилердин кесепетинен, Сталиндин триумфтуу жана трагедиялуу доорун жазууга материалдар табылбай келет. Сталинди жана социалисттик түзүлүштү даңазалаган А.Токомбаевдин, Ж.Бөкөнбаевдин, Ж. Турусбековдун, А.Осмоновдун, А.Токтомушовдун, К.Маликовдун, Кубаныч Акаевдин жана башка сталинчил акындардын чыгармаларын кошо жок кылышат. Болбосо кыргыз искусствосунун биринчи декадасында (Кремлдин Чоң Георгиев залында аткарылган "Комуз бердиң колубузга чертсин деп", "Гүл турмуш", "Улуу Сталин сен менен", "Күнүбүз биздин Сталин", "Кызыл атчандар" "Ворошилов атчандары", "Забойщиктер", "Терим күүсү", "Арык казгандар" сыяктуу музыкасы жагымдуу ырлар азыр тарых үчүн да, аталган авторлордун баскан жолу үчүн да, совет мамлекетинин жеңиш жана кедергилери, ийгиликтери жана мүчүлүштөрү үчүн да, аларды көркөм чыгармаларда туура жана так чагылдыруу үчүн да керек эле. Кантесиң, ошол мезгилде ушуларды жок кылган кызматкерлерге наалат айтып, өкүнүп гана тим болосуң.
Сталинчил акындардын мындай ырлары бардык жыйнактардан, хрестоматиялардан, окуу китептерден алынып салынган. Граммпластинкалар талкаланган, радиозапистер өчүрүлгөн. Совет мамлекетинин башында турган , "бардык элдердин, бардык мезгилдердин көсөмү" Сталинди даңазалаган бул акындарды күнөөлөгөнгө болбойт. Анткени, алар социалисттик системада тарбияланып, өсүп-өнүп, көргөн-билгени Сталин болсо кантмек. Алардын бактысы ошол замандын алдында туулуп же кошо туулуп, ошол заман менен кошо кетти. Бирин-бири кырган геноциддүү, каргашалуу бул заманды көрбөй калышты.