Жеңилинен берсин
Жер силкинди
30-октябрь күнү 20:04тө Ош шаарынан 25 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан, Папан суу сактагычынан алыс эмес жерде 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ушул эле силкинүү Ош шаарында 2,5 -3 балл, Бөрү жана Папан айылдарында 3 баллга сезилген. Бактыга жараша, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.


Сандардын чатагы
Акылбек Сариев ооз ачты
- БШК Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. БШК төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, парламентке 5 партия өттү. Жалпы 120 депутат болушу шарт. Алар: Ата Журтка 27, КСДПга 25, Ар-Намыска 25, Республикага 22 орун, Ата Мекенге 18 орун бериле турган болду.


Майрамыңар кут болсун
Кордоочулардан эмес коргоочулардан болгула
- 1-ноябрь- Милиция кызматкерлеринин күнү. Ушул күнү Ички иштер министрлигинин имаратында КР Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Кыргыз милициясынын күнүнө арналган иш-чаралар болуп өттү. Алгач өз кызматын аткарып жатканда курман болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналып жасалган "Даңк" мемориалынын ачылышы болду. Ага 2010-жылы курман болгон 10 милиционердин ысымы басылган. Президент Р.Отунбаева сөз сүйлөгөндөн кийин курман болгон кызматкерлердин жакындарына жана жаракат алган кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.


Жылынып жыргайбыз
Жылуулук маселеси чечилди
- Бишкек ТЭЦинин маалымат катчысы Кубан Жакыповдун билдиргени боюнча, 1-ноябрдан тартып жалпы Бишкекти жылуулук менен камсыздоо башталды. Жылуулук алгач бала бакчаларга, ооруканаларга, мектептерге жана башка социалдык объекттерге берилет экен. Андан кийин "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы тарабынан улам жаңы аймактар кошулат дешет. Бишкек ТЭЦи ага ылайык кубаттуулугун арбытышы зарыл. Бир жуманын ичинде шаар толук жылуулук менен камсыз болорун Кубан Жакыпов белгилеп өткөн. Бишкек, Ош ТЭЦтери 1-ноябрдан тартып жылуулук мезгилин баштоого даяр экени өткөн аптада маалымдалган. Бишкектиктер жылуулук үчүн 1 гикакалорийге 750 сомдон төлөшөт.


Кресло
Буйрук
КР Президенти Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык, Тургунбаев Абдраим Исакович "Сулайман-Тоо" Улуттук -археологиялык музей - комплексинин директору болуп дайындалды


Сот залында
Колуң менен кылганды...
Кечээ мамлекеттик айыптоочулар мурдагы Президенттин тууганы Санжар Бакиевди 25 жыл эркинен ажыратууну соттон сурады. Анын жан-жөкөрү деп эсептелген Бектурсун Келдибековду 20 жылга, мурдагы Президенттин дагы башка бир тууганы Акмат Бакиевдин жансакчысы Мирлан Ахмедовду, Замир Нуруевди жана Базарбай Арзыкуловду сегиз жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Санжар Бакиевдин коомдук коргоочусу Бүбайша Арстанбекова сот учурунда мамлекеттик айыптоочулар Санжар Бакиевге тагылган "массалык баш-аламандыкты уюштурган", "куралдуу кошуун түзгөн", "элге каршы ок аткан" деген айыптарды далилдей алышкан жок деген пикирин билдирди. Анын берген маалыматы боюнча, сот бул иш боюнча өкүмдү бүгүн чыгарышы керек.


Каш-кабактын ортосунда
Жол кырсыгы
Бишкек-Талас унаа жолунун Өтмөк ашуусунда 1-ноябрь саат 03:15 чамасында "Мерседес-Бенц-Спринтер" унаасынын айдоочусу башкарууга ээ боло албай аңтарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 10 адам жабыркап, 4 адам каза болгон. Каза болгондордун аты-жөнү такталууда. Ошондой эле, Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында 31-октябрда саат 18:10 чамасында жол кырсыгы катталган. "Форд-Транзит" үлгүсүндөгү жеңил унаа менен "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилди, абалдары оор. Чүй областынын Бишкек-Быстровка унаа жолунун 71-чакырымында 30-октябрь күнү 04:25тер чамасында, "ВАЗ-2109" үлгүсүндөгү машина жолдо турган "Камаз" унаасына урунган. Натыйжада, 3 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.


Учкунду өчүр
"Лезгин-кыргыз
урушпасын"
30-октябрда Сокулуктун Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө кыргыз жигиттер менен лезгин жигиттердин жол талашуусунан чатак чыккан. Кыргыздардан 65 жаштагы Сабилла Гапаров оор жаракат алып ооруканага жаткырылган. Бирөөнүн колу сынган. 31-октябрда окуя болгон Садовое айылында жергиликтүү тургундар жыйын өткөрүп, анда укук коргоо органдары тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара көрбөгөндүгүн сынга алышкан. Айылдагы чечилбеген социалдык көйгөйлөр улуттар ортосундагы пикир келишпестикке түрткү болуп жаткандыгы айтылды.


Ошингтон
Азиза Айым эмне дейт?
Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын айтымында, июнь айындагы Оштогу коогалаңда кыргыздар же өзбектер эмес, күч органдары биринчи ок чыгарышкан. Бул боюнча укук коргоочу айым бүгүнкү Улуттук комиссиянын жыйынында жарыялады. Ош коогалаңы май айынын башында эле башталганын мисал келтирди. Өзбек тилдүүлөр аларды кордогон, намысын тебелеген материалдар жергиликтүү басылмаларга жарыяланганын айтышкан. 13-майда мамлекеттик администрациясынын мекемесин басып алуу баш аламандыгы болуп өткөндө Кадыржан Батыров "Бакиевдик жыландардын уюгу жоюлмайын баш аламандык токтобойт" дегенин кыстарып өттү. Андан соң сөзүнүн аягында, "Алгач кыргыздардан набыт болушкан. Жергиликтүү өзбектерди тааныган аксакалдар: "300гө чукул кара футболка кийген келгин, бейтааныш өзбектер эле" дешти. Бул сөздүн чындыгына дагы бир мисал келтире кетти. Саат төрттөрдөн кийин өзбектер да набыт болушкан. Ал кезде кыргыздарда кайдагы курал. Ушундан деле жыйынтык чыгаруу керек",- деди Азиза Абдрасулова.






Төкмө акындарды тоготушту, сүйүнчү!
- Элибиз эгемендүүлүк алгандан бери, төбөсү көрүнгөн төкмө акындардын бирине да наам деген берилген эмес. Кудай жалгап, маданиятты түшүнгөн адам маданият башчылыгына келип, таланттуу төкмө акындарга сыйлык берилип отурат. Көрсө, маданияттын май токочун чоң акчалуулар гана эмес, чоң таланттуулар деле ооз тийсе болот экен, эй. Элмирбек Иманалиев, Рахматулла Козукеев, Абдылдажан Нуралиевдер "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын" алса, Жеңишбек Токтобеков, Аалы Туткучев, Амантай Кутманалиевдер "Ардак грамота" менен сыйланышты. Эмне дейбиз, сыйлыгыңар кут болсун. Татыктуу наам таттуу болсун, талант ээлери!


Дүйнөлүк жаңылыктар
Йеменде бомба жөнөткөндөр изделүүдө
Эки башка учак менен жөнөтүлгөн жана бомба салынган баштыктардын бири жума күнү табылган. Йемендин коопсуздук кызматтары 22 жаштагы студент кызды жана анын энесин кармап, суракка алган. Кутумду уюштургандардын артында "ал-Каида" террордук уюму турган деп шектелүүдө. Америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезитинин жазганына караганда, баштыкка катылган бомбалар Кошмо Штаттарга жөнөтүлгөн. Британиянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында,катылган бомба учактын ичинен жарыла турган болуп эсептелген.
Орус президенти бүгүн Куриль аралдарына барды
Муну менен Дмитрий Медведев Орусиянын Жапония менен талашка түшүп келе жаткан Куриль аралдарына барган алгачкы лидери болду. Мурдагы СССР Курилдеги талаштуу төрт аралды Экинчи дүйнөлүк согуштун соңунан ээлеп алган. Ушул окуядан улам Москва менен Токио расмий тынчтык келишимине азыркыга чейин кол койо албай келе жатышат. Жапония Курилдеги төрт аралды өзүнүн түндүк аймагы катары эсептейт. Жапон өкмөт башчысы Наото Кан орус президентинин бүгүнкү сапарын "өтө өкүндүргөн" кадам катары баалады.
Орусиянын эки борборундагы митингдер камоолор менен аяктады
Москванын Триумфаль аянтында шаардык бийлик биринчи ирет уруксат берген митингге, 2000дей адам жыйналды. Бул жердеги демонстрациянын 27 катышуучусу кармалды. Ал эми Санкт- Петербургда уруксат берилбеген митингке 300дөй адам чогулган. Москвадагы митингге премьер-министр Владимир Путинди кызматтан чегинүүгө үндөгөн чакырыктар айтылды.
Женевада бүгүн мусулман жана христиан динаятчыларынын жыйыны ачылат
Маалыматтарга караганда, "Жамааттарды трансформациялоо: Христиандар жана мусулмандар жалпы келечекти курат" деген аталыштагы жыйынга эки жамааттын түрдүү уюмдарынан абройлуу динаятчылар, аалымдар катышып, тынчсыздануу жараткан орток көйгөйлөр боюнча пикир алышат жана келечектеги кызматташтык үчүн керектүү нускоолорду иштеп чыгышат.