Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП- 141-1. Эжем Алина, жездем Муратка салам. Ден соолугуңар чың болуп, балдарыңардын убайын көргүлө. Мен силер менен сыймыктанам. Силерге рахматымды айтам. Синдиңиз Айпери.
ОП-141- 2. Бассам, турсам оюмдасың, Кантейин жаныңа жакын басып бара албайм, бир гана сен жөнүндө элестер калган эсимде. Эмнеге ушул күнгө чейин сени унута албайм? 07772145хх
ОП-141-3. Ноокаттагы апам Гүлүмканга, атам Жолдошко сагынычтуу ысык салам. Ден соолугуңар чың болуп, көп жашагыла. Кыздарыңардын кызматын, уулдарыңардын урматын көргүлө. Жакында биз барабыз. Сагындык силерди. Кызыңар Аймерген.
ОП-141-4. Эжейим Назира Султановнага салам айтам. Сиздин жардамыңыз менен мен көп нерсеге жетиштим. Албан-албан ийгиликтерди каалайм. Сиздин эмгегиңизди терең урматтап, таазим кылам. Бар болуңуз. Окуучуңуз Рахат. Бишкектен.
ОП-141-5. Мен баары бир сени сүйөм, сени менен болгум келет. Сен менин өмүрүмдүн жарымысың. Сенсиз жашоо жок. Мен өзүмдү бир гана сени менен элестетем. Жазира 91.
ОП-141-6. Кочкордун жашоочусу атам Калыска жана апам Шайырга ысык салам. Алдыда келе жаткан туулган күнүңөр менен куттуктайм. Ден соолугуңар чың болсун, оорубагыла, кайгырбагыла. Балдарыңардын алдында балпайган байбиче, сары тиш карыя болгула. Кызыңар Мээрим.
ОП-141-7. Ислам Акматов, көрүнбөй кайда жүрөсүз? Сиздин ырларыңызды сагындык. Көп чыкпай калдыңыз го. Концерттерден издесем да таппай калдым.
ОП-141-8. Тинатин , туулган күнүң менен! Биринчиден, ден соолук каалайм. Аллах сени эки дүйнөдө бактылуу кылсын! Ойлогон ой -максатыңа, тилегениңе жеткирсин! Окууларың ийгиликтүү болсун! Ата-энеңди сыйлаган, акылдуу, ыймандуу кыздардан бол!
ОП-141-9. Жигиттердин адамгерчиликтүү болгону жакшы да. Мен азыркы мырзалардын чыныгы жигитчилик мыйзамдарын аткара билген, сөзүнө турган, чечкиндүү, эр жүрөк, тайманбаган сапаттарын баалайм. Бардык жигиттер ошондой болсо жакшы болот эле. Айназик.
ОП-141-10. Курбу кыздарым: Чынара, Альбина, Бегайымга чоң салам. Окууңар ийгиликтүү болсун! Бактылуу болгула. Эльнура
ОП-141-11. Биз буга чейин деле алар жок жашап келгенбиз, өлүп калбайбыз, жашоо улана берет. Ит үрө берет, кербен жүрө берет дечү беле.
ОП-141-12. Алтындан да ардактуу, күмүштөн да сымбаттуу апам Жанарага салам жолдойм. Мен сизди дайым урматтайм, сыйлайм. Бар болуңуз, бай болуңуз. Асель.
ОП-141-13. Сокулукт а жашаган өкүл апам Бурулга ысык салам. Сиз мага таарынбаңыз. Колум бошоору менен сизге бет алам ! Чынара
ОП-141-14. Кашка-Суунун жашоочуларына жалпы салам. Элиңер аман болуп, тынч жашагыла! Уулуңар Эсен.
ОП-141- 15. Kөп өзбектер арасында сoз болуп жатат: - Ээ, Kыргызстандан биринчи жолу космоско өзбек учкан деп сыймыктанып жатышат. Анда бир кыргыз тура калып: Орустар деле биринчи итти учурган го, биз деле биринчи өзбекти учурдук да,- деген экен. 055525695ххх
ОП-141-16. Омар, сен башкалардан интеллектуалдуулугуң менен айырмаланып турасың. Сүйлөгөн сөздөрүң орундуу. Бирок өткөндө ТВдан көргөнүмдө "баягы" деген сөзүңдү кайталай бергениң жаккан жок. Бул адатыңды ташташың керек экен. Кыял.
ОП-141-17. Биз экөөбүз чогуу бир жашоону тандап алгандан кийин бардык кыйынчылыктарды, кубанычтарды да бирге сүрүшүбүз керек. Антпесе, үй -бүлөнүн фундаментине доо кетет. Ошондуктан, мен сени гана сүйөм. Балдарымдын атасын дайым урматтайм. 0778256ххх
ОП-141-18. КУУнун экономика-финансы бөлүмүн бүтүргөн 2005 -жылкы бүтүрүүчүлөргө: Жыргал, Мирбек, Улан, Сезимдерге салам жолдойм. Ишиңер ийгиликтүү болсун. Досуңар Кадыр.
ОП-141- 19. Сенин мага көк беттигиң такыр жакпайт. Сен качан андан арыласың? Мен сени канча жаман сапаттарыңды ташта деген сайын күчөйсүң го,чиркин! Айко
ОП-141-20. Омар,сени мен бардык ырчылардан жогору коём. Ушунуңдан жазба. Дайыма кичи пейил бол! Чика
ОП-141-21. Атам Жыргалбекке, апам Таалайгүлгө салам жолдойм. Силердин жасаган иштериңер дайыма алга жылсын! Мен силер менен! Инна
ОП-141-22. Мээрим, сен менин алтынымсың. Мен сени жакшы көрөм. Сен ар дайым менин жүрөгүмдөсүң! Алпар
ОП-141-23. Бөкөнбаев айылынын жашоочуларына, Аргымакка,Тилекке, Жанболотко, Адинайга салам жолдойм. Кандайсыңар, туугандар? Биздин ортобуздагы мыйзамдар дагы да болсо күчүндөбү? Арсен.
ОП-141-24. М.Алыбаев атындагы мектептин жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Бардык окутуучуларга жана улгайган мугалимдерге таазим этебиз. Нурила.
ОП-141 -25. Досторум: Альбина, Бакыт, Ишенге сагынычтуу салам жолдойм. Силер Алматыдан келериңер менен жакшы майрамдайбыз. Аябай сагындым. Жанат.
ОП-141-26. Биздин ырчы жигиттерибиздин арасынан, мен Омардын чыгармачылыгына, жан дүйнөсүнө добуш берет элем. Ырдаган ырларына, өзүн алып жүрүүсүнө, айткан сөздөрүнө, интеллектине жогорку баа берсе болот. Перизат.
ОП-141-27. Элина Абай кызына салам жолдойм. Сиз менен жакындан таанышкым келет. Сиз тартылган кинолор мага абдан жагат. Мыкты ролдорду жараткансыз! Сиздин актёрлук билиминиз жок болсо дагы абдан профессионалдуу аткаргансыз! Мен сиз менен сыймыктанам! 05575856хх
ОП-141-28. Менин байкемдин тоюна келип Омар ырдап кеткен. Анда Омар тааныла элек ырчы болчу. Чачтары үксүйгөн бала болчу, чын айтсам. Тойго келип үч ыр ырдап кеткен. Мен ошондо Омардын ушундай болорун билгенде ага жолугуп коймокмун. Чопа.
ОП-141 -29. Кимдир бирөө үчүн күнөөлүү болгон жаман, ал адам сени жаман көрүп калса, ичи ооруп, жан дүйнөсү жабыркап, сага болгон көз карашы да дароо өзгөрөт. Ошол бойдон тигил дүйнөгө кетсе, сен жаман болосуң! Ал адамдын алдында жоопкерчиликтүү болуп калат экенсиң. Андыктан ,бири-бириңерди таарынтпагылачы! Нуке
ОП-141-30. Кара-Балталык классташтарыма, Аэлитага, Жоомартка, Алмазга салам жолдоп, окууларына ийгилик каалайм. Өзүңөр кетип калгандан бери менин санаам тынбай жатат. Бириңер да чалбай койдуңар го. Гүлү.
ОП-141-31. Ассалому алейкум, кадырман калк. Бардыгыңарга Аллах өз ырыскысын берсин! 0554859ххх
ОП-141-32. Бостеринин жашоочусу Калыбекке чоң салам жолдойт элем. Аяшың Гулзат кандай жүрөт? Иштериң ийгиликтүү болуп жатабы? Сенин аткарган иштериңе ыраазымын. Азаматсың, дайым алдыга умтула бер. Ийгилик сага. Аяна.
ОП-141-33. Эльмира эже, туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Өмүрүңүз узун болуп, иштериңиз ийгиликтүү болсун. Ата-энеңиз сыймыктанган кадыр-барктуу инсан болуңуз. Бул жашоодон эмнени күтсөңүз, эмнени эңсесеңиз ошого жетиңиз. Нури.
ОП-141-34 . Базар-Коргон айылынын жашоочулары: атабыз Турсунбайга, апабыз Гүлүмканга салам жолдоп,удаа келе жаткан туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Небере, чөбөрөлөрүңөрдүн жыргалын көрүп, көп жашагыла! 05542145хх
ОП-141-30 Омар,сен канчанчы жылкысың? Качан үйлөнөйүн деп жатасың? Негизи, азыр сүйлөшкөн кызың барбы? 0778522ххх
ОП-141-31. Тогуз-Торо айылынын жашоочулары: Эльвирага жана Кымбатка чоң салам. Балдарыңар жана өмүрлүк жарыңар менен бактылуу болгула! Жүдөп- какап жүрө бериңиздер! 0552124ххх
ОП-141-32. Жигит сүйсө жөн сүйсө, жүрөгүндө от күйгөн. Эгер жигит сүйбөсө, тооктой болбой жөн жүрсө. Ади.
ОП-141-33. Биримдик достук менен ынтымакта, Алдыга кадам ташта, артка баспа. Күнөөгө батасың ойлон досум, жалгандан сен эч качан бир сөз айтпа. Акын.
ОП-141-34. Аксылык ,Кербен шаарынын тургуну Алмагүлгө чоң салам. Эркетай.
ОП-141-35. Омар, сени менен жолугуп, таанышсам болобу? Балким, мен сенин апаңдын келечектеги келинимин? 0558258ххх
ОП-141-36. Ыйыгым, ырысым, ардагым, жашоодогу жөлөгүм болгон апакем Сулайманова Айшага ысык салам жолдойм. Сизди аябай жакшы көрөм. Биздин багыбызга атам экөөңөр ар дайым аман болгула. Аида.
ОП-141-37. Роза гүлүн үзүш кыйын, адамды сүйүш кыйын. Сүйүп келген соң, үмүттү да үзүш кыйын. Эля.
ОП-141-38. Сүйүү деген бышып турган ак алма, ак алманы түшүрбөстөн бек карма, эгер кокус түшүп кетсе ак алма, эх, чиркин, неге үздүм деп калба. Нина.
ОП-141-39. Кечирип чындап эле коштоштуңбу? Койчу эми жүрөгүмдү козгобогун. Кез-кезде калп сүйүүнү айтып коюп, керемет чын сезимди кордобогун. Мери.
ОП-141-40. Омар, сен ырдаган ырларды ким жазып берет, же өзүң чыгарасыңбы? Алтынай.
ОП-141-41. Дыйканбаева Анараны туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бактылуу бол, бай бол! Сокулуктан Жазгүл.
ОП-141-42. "Эгерде сиз бирөөнү сүйсөңүз, аны жашырбастан ачык айтыңыз. Анткени ,мен сүйгөн адам мени жашырса, ал мени басынтканга тете болот"-, деген Чынгыз Айтматовдун сөзү бар. Кеминден Самат.
ОП-141-43. Эмнеге жигиттердин баары алдамчы? Алар үчүн бир гана төшөктөн рахат алса эле болду. Ал эми таза сезим, жылуу сөздөр чыныгы сүйүү сезимдеричи? 0558658ххх
ОП-141-44. Кыска кара көйнөк кийген, кара чачтуу, кара каштуу ,назик ,жылдыздуу кызды издеп жүрөм. Сен менин жүрөгүмдөсүң! Аман.
ОП-141-45. Өмүрбек Бабанов, сиз мага абдан жагасыз. Сиздин аялыңыз абдан бактылуу адам экен. Сиздей болгон өмүрлүк жарга жолуксам экен. Жази.
ОП-141-46. Омар, сиздин ырларыңыз мага абдан жагат. Клиптериңиз дагы оригиналдуу. Анын идеялары кимдики болду экен? Эмма.
ОП-141-47. Эске түшсө, элестесе жамалың, элес болгон ошол күнгө барамын, эч бир адам унута албаса керек, эң алгачкы арбап сүйгөн адамын. Нели.
ОП-141-48. Алайлык , 2006 -жылкы бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө жалпы салам жолдойм. Ишиңиздер ийгиликтүү болсун. Мени менен байланышып тургула, классташтар. Элианура.
ОП-141-49. Сенин сүйгөнүңдү бир өзүңдөн билемин, көздөрүңдүн карегиңден сеземин. Анткени, андан жылуу сезимдер жаркырап турганы көрүнүп турат. Мен.
ОП-141- 50. Курбум Айчүрөккө чоң салам. Кайдасың сен, кеттиң го көрүнбөй. Келсең эле Россиядан мага чалчы, сагындым сени! Айнура.
ОП-141-51. Улаке, сен билбей койдуң менин сезимимди. Билсең, эмне мынча билмексенсиң? Неге сен мынча таш боор адамсың, аячы мени, келчи бир бололу! Аччы жүрөгүңдү мага! Ажара.
ОП-141-52. Кыялда иштеген 25-цехтин тигүүчүлөрүнө жалпы салам. Ишиңер илгерилей берсин! Кытайга аман-эсен барып келгиле. Рахат.
ОП-141-53. Куршаб айылындагы жездем Эмиратка, эжем Эляга сагынычтуу салам жолдойм. Биз аз убакыттан кийин баарыбыз бирге болобуз. Чыдап койгулачы? Айка.
ОП-141-54. Жигитимдин арак ичкени мага жакпайт. Аны көрмөк турсун, ойлогон сайын жүрөгүм ооруйт. Кантип аны арактан алыс кылсам болот? Зари.
ОП-141-55. Ноокат районунун Ак-Суу айылынын тургундары: атам Апаска, апам Гүлмайрамга салам жолдойбуз. Силерди сагынуу менен күтүп жатабыз. Келгилечи эртерээк. Али
ОП-141-56. Айтурган, жаным, сени мен сагындым. Алтыным, ардагым, кусалыкка, сагынычка толгон сөздөрүмдү айткым келет. Башым маң болуп, жүрөгүм кысылып жатат. Эркинбек.
ОП-141-57. Сүйүү -болбогон бир жомок…. 0552896ххх
ОП-141-58. Мен сенин жылуу сөздөрүңү, эркелеткен сөздөрүңдү уккум келет. Сагындым сени сасыгым. Амангүл . Талас.
ОП-141-59. Алматыда иштеп жүргөн досум Чынгызга жана анын бир туугандарына жалпы салам. Ишиңер ийгиликтүү болсун. Арген. Бишкек.
ОП-141-60. Саламатсыңбы, Омар, мен сенин клиптериңе тартылсам болобу? Айпери.
ОП-141-61. Жашооодогу максатым, ата-энемдин ак эмгегин актоо, эл ичинде кадыр барктуу адам болуу, элге чын жүрөктөн кызмат кылуу. Изат. Жалал-Абад.
ОП-141-62. Омар, сага кандай кыздар жагат? Хиджаб кийген кызды сүйүп калсаң, эмне кылат элең? Роза.
ОП-141-63. Кыргыз радиосунда иштеген жагымдуу үнү менен жүрөктү эзген Загифага салам. Сиз үчүн мен Кыргыз радиосун угам. Сиз үчүн бардыгына даярмын. Мага бир эле "шанс" берип койсоңуз эң сонун болмок. Эрмек.
ОП-141-64. "Кош жүрөк" деген ырыңыз мага абдан жагат. Биринчи укканда эле дароо жагып калган, жүрөктү эзип, сезимдерди козгойт экен. Рахмат сага, Омар. 0558785ххх
ОП-141-65. Ойлономун уктай албаймын, ыйлаймын чыдай албаймын. Ойлонуп сени жоктоймун, соолуган гүлгө окшоймун. Эля.
ОП-141-66. Кудайым кечирсе пендесин, пенделер келтирсе келмесин, Бүгүнкү күн менен жашабай, ойлонсун дайым эртеңкисин. Кийинки жашоону ойлонуп, кыргызым аракты ичпесин. Эч качан эч убакта керек болсо, сигарет да чекпесин. Бакай-Ата.
ОП-141-67. Салам ,Омар, сиз эмне үчүн гастролдорго чыгып, Кыргызстанды толук кыдырбайсыз? Көлдүк күйөрманыңыз.
ОП-141-68. Досум Нурназикти 1-ноябрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ден соолугуң чың болуп, аман-эсен көз жарып ал. Максат менен бактылуу бол. Амина.
ОП-141-69. Мен сиздей жигитти эңсеп келгенмин, Бул дүйнөдө идеалдуу адам болбойт экен. Ошо сымал эле, мен сизди аябай жакшы көрсөм да бир сапатыңызга моюн суна албайм. Кели.
ОП-141-70. Сүйүү бир адамга бакыт болсо, бир адамга кайгы-капа болот экен. Сүйүп калып өзүмдүн бактымды таптым десем, азабымды тапкан экенмин. 0558653ххх
ОП-141-71. Балким, мен жаныңда болгум келип жаткандырмын! Арууке.
ОП-141-72. Кызыкпа досум ичүүгө. Жакшы жол көрсөт кичүүгө. Карыбай иште, бактылуу бол досторуңдун ичинде. Макс 88.
ОП-141-73. Салам Омар, сенин ырларың мага абдан жагат. Эмне үчүн англис тилинде ырдабайсың? Сизге абдан суктанам. Бар болуңуз! Алия.
ОП-141-74. Бийликти талашкан кыргыздын мыкты аталган инсандарына таң калам. Аларга азыр бийликтен башка эч нерсенин кереги жок. Элди ойлобой калышты го,чиркин! 0556365ххх
ОП-141-75. Омар, сенин "Кош жүрөк" аттуу ырың кимге арналган? Кимдир бирөөдөн көңүлүң калды беле? Абдан кайгылуу ыр, жүрөктөн сезимдерди сууруп чыгат экен. 0554723ххх
ОП-141-76. Алтыным, сен менин жалгызымсың, жүрөгүмдү ээлеген, сени чексиз сүйөм. Сенин шириниң.
ОП-141-77. Мурдуңдан секет кетейин деген сөздөрүңдү уккум келди. Кайдасың, менин ардагым. Айко.
ОП-141-78. Токтогул районунун Ничке - Сай айылынын тургундары: ата-энем Бакыт жана Элмирага чоң салам жолдойм. Рима.
ОП-141-79. Айланайын, кыргыз элим, арабызда аферисттер көбөйдү го, аларды кантип жазаласак болот?
ОП-141-80. Омар, сиздин кийингениңиз абдан жагат. Өзгөчө сиздин классикалык кийинүүңүз сизди өтө жагымдуу көрсөтөт. 0556985ххх
ОП-141-81. Жалал -Абаддагы Сышкат айылында жашаган туугандарым: Элиза, Тамара, Эрмек, Уликке чоң салам. Иничек.
ОП-141-82. Телефондон же интернет аркылуу таанышып, анан үйлөнүүгө кандай карайсыңар? Келечек кандай болот анан? Эмма.
ОП-141-83. Омар, сен ушул бойдон токтоп калбай, дайыма алдыга умтул. Эч качан артта калба. Сендей таланттар гана элдин алдында болушу керек. Сени менен сыймыктанам. Жази.
ОП-141-84. Таш-Көмүрдө жашап жаткан апам Гулмирага сагынычтуу салам айтам. Оорубаңызчы, мен сизди абдан жакшы көрөм. Азат.
ОП-141-85. Жалгыздык жанга батты, жүрөгүм муңга батты. Өзүңдү эстеп, сүйгөнүң ыйлап жатты. Нурик.
ОП-141-86. Сүйүү гүлүн чачсам тересиңби? Сен мени чын жүрөктөн сүйөсүңбү? Эгерде жүрөгүмдү берсем сага, сен ага так түшүрбөй жүрөсүңбү? Аяна.
ОП-141-87. Саламатсыңбы, Омар, келечектеги келиниңди кандай элестетесиң? Аида.
ОП-141-88. Нурайым Азыкбаева менен таанышып, жакындан сүйлөшкүм келет. Ал саксафондо ойногондо абдан сексуалдуу көрүнөт. Мурат.
ОП-141-89. Досторум: Оксана, Ирина, Жамилага, Алинага жана Үмүткө чоң салам. 0778235ххх,
ОП-141-90. Урматтуу Омар, сиз тойлордо ырдайсызбы? Буга чейин ырдап жүрчүңүз беле? Эгер сыр болбосо бир тойго канча акча аласыз? 0556458ххх
ОП-141-91. Жүргөнүм болбо, жүрөгүм бол,Түбөлүк менин сүйгөнүм бол.Сени сагындым, жаным, бирге өткөргөн күндөрүмдү, Кайра кайтып келсе экен деп самаймын. Алтыным, сени сүйөм.
ОП-141-92. Омар, сиз ушул күнгө чейин эмнеге жетише алдыңыз?
ОП-141-93. Кирсиз ойлоп, дайым сени сагындым. Сүйгөндүгүм саат сайын жаңырсын. Сенин таза жүрөгүңдүн жалыны, Анык оттун илебинен табылсын. 0552584ххх
ОП-141-94. Корей фильминдеги Гу Чин Пе мага абдан жакты. Ал кинону көргөндөн кийин бир дагы бала мени кызыктырбай калды. Кыргыздын сүйүүсү жолдо эле калат экен да. 07778365ххх
ОП-141-95. Эрмек Нурбаев, сиз мага абдан жагасыз. Тамашакөйлүгүңүз менен кыздарды өзүңүзгө тартып турасыз го. Дикуся менен бактылуу болуңуз! 0779256ххх
ОП-141-96. Кара-Кулжалыктарга жалпы салам. Бар болгула! Эрик
ОП-141-97. Кызды сүйсөң онду сүй, тогузу болот запаста. Оюм сенде болсо да, Ойношуң болот жаныңда. 0554723ххх
ОП-141-98 . Ш. Султанов атындагы мектепти 2005 -жылы бүтүргөн классташтарыма жалпы салам жолдойм. Кайдасыңар, туугандар, Кабарыңарды күтүп жатам. Байланышкыла мага. Бишкектен Нурида.
ОП-141-99. Бассам, турсам оюмдасың, жатсам дагы, тамак ичсем дагы, сен оюма киргенден баштап, жашоонун маңызы сен жок көрксүз болуп калды. Же сени унута албайм, же сезимимди билгизе албайм. Кантейин, менин жалбырттаган сүйүүмдү! 0772513ххх
ОП-141-100. Курбум Айсулууга чоң салам. Балаңдын убайын көр, эч убакта кайгырба. Жолдошуң менен бактылуу өмүр сүр. Эми биз жакындан таанышып баштайбыз.0556921ххх
ОП-141-101. Жалпы Баткендиктерге жагымдуу ысык салам. Туулган жеримди сагындым. Абасын, кошуна -колоңдорду. Силер, көп жашагыла. Бузия .
ОП-141-102. Кара-Балталык классташтарым, Аэлитага, Жоомартка, Алмазга салам жолдоп, окууларына ийгилик каалайм. Өзүңөр кетип калгандан бери менин санаам тынбай жатат. Бириңер да чалбай койдуңар го. Гүлү.
ОП-141-103. Ассалому алейкум, кадырман калк. Бардыгыңарга Аллах өз ырыскысын берсин! 0554859ххх
ОП-141-104. Бостеринин жашоочусу Калыбекке чоң салам жолдойт элем. Аяшың Гулзат кандай жүрөт. Иштериң ийгиликтүү болуп жатабы? Сенин аткарган иштериңе ыраазымын. Азаматсың, дайым алдыга умтула бер. Ийгилик сага. Аяна.
ОП-141-105. Эльмира эже, туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Өмүрүңүз узун болуп, иштериңиз ийгиликтүү болсун. Ата-энеңиз сыймыктанган кадыр-барктуу инсан болуңуз. Бул жашоодон эмнени күтсөңүз, эмнени эңсесеңиз ошого жетиңиз. Нури.
ОП-141-106. Базар-Коргон айылынын жашоочулары: атабыз Турсунбайга, апабыз Гүлүмканга салам жолдоп, удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Небере, чөбөрөлөрүңөрдүн жыргалын көрүп, көп жашагыла. Азиза
ОП-141-107 .Кызым Назбийкени 1-ноябрь туулган күнү менен куттуктаймын. Эл керегине жараган ыймандуу кыз болушун каалап, апасы Динара.