Керемет кечтин маеги

"Бакен Кыдыкеева" атындагы жаштар театрынын актрисасы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлмира Турсунбаева:
"Чачымды жылкынын майы, шорпосу менен жуушчу эле…"
"Боз салкын", "Гаишниктер" тасмалары жана "Күлкүлятор" тамашалуу сериалы менен калың журттун катмарына таанылган, таланты таш жарган актриса Гүлмира Турсунбаева менен таттуу сырдаштык.

- Элдер көбүнчө сизди "Боз салкындагы" ролуңуз аркылуу таанып калышты. Өзүңүзгө байкалабы?
- Ооба, той-топурларда мени дароо тааный калышып: "Бул айылдын эң эле маданияттуусу бизбиз. Жадагалса, этти бычак, вилка менен жейбиз",- деп калышат. Ал сөз ошентип "лакап" болуп калды.
- Актрисанын сахнадагыдан бөлөк, жалпыга көмүскө турмушу кандай болду экен? Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Азыркы Жалал-Абад театрынын режиссёру Бакыт Жумалиев менен Щепкинде окуп жүрүп таанышып, бири-бирибизди жактырып баш кошконбуз. Беш жылча жашап, тагдыр экен жолубуз эки башка болуп калды. Ал Жалал-Абадда жашайбыз десе, мен борбордо жашайм деп болбой туруп алдым. Түшүнбөстүктөрдөн улам ажыраштык. Бир кыз, бир балабыз бар.
- "Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт" дегендей, келин кезегиңиздеги эсте калган окуяңыз бардыр?
- Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Михайловка айылына биринчи келин болуп барганда, көшөгө илишпептир. "Бул жакта салт ушундай турбайбы"- деп отурсам, мени көргөнү келгендер: "Каяктык экен биздин кыздарга эле окшош го, ии аркалык турбайбы" ,- дешсе, мен оңтойсуздана "Ооба, аркалыкмын" дегеним эсимден кетпейт. Ошондо "аркалык" деген сөздү өмүрүмдө биринчи жолу уктум. Каникул учурунда гана баргандыктан сыйда эле жүрдүм. Элдин келиндериндей таңкы 5 те туруп короо шыпырбадым.
- Эки бала менен жалгыз бой калсаңыз көп азап чеккендирсиз?
- Мен ушул кезге чейин жалгыздыгымды сезген жокмун. Себеби, ата-энем, бир туугандарым, "оорумду колдон, жеңилимди жерден алып" колдоп келишет. Кээ бирөөлөрчүлөп жалгыздыктан жабыркаганым жок.
- Чыгармачылыктагы бийиктикти кармап калуу кыйын дешет, сиз алгачкы сыйлыкка ээ болгондо кандай сезимге туш болдуңуз?
- Ал мезгил сонун болчу, бекер эстеттиң да, ошол кезди сагынып кеттим. "Эр Төштүктөгү" жез кемпирдин ролу үчүн "Таттыбүбү Турсунбаева" атындагы жаштар сыйлыгына ээ болгом. Чыгармачылыгым башталганда эле, наам алыш мен үчүн ийгиликтин жемиши болду. Ошол кезде 5 айлык боюмда бар болчу, мен барбай эле коёюнчу деп калып калгам. Үйдө отурсам курбум келип: "Жүр, дүкөнгө барып келели",- деп калды. "Ким көрмөк эле, жаман халатымдын сыртынан пальто кийип алам да",- деп кайра "эринбей эле кийинип алайынчы" деп кийинип алып кетип бараткам. Алдыбыздан кесиптешим тосуп алып: "Бүгүн сен сыйлык алат экенсиң, бол тез",- деп шашкан бойдон жөнөдүк. Сыйлыкты аларда толкунданганымды айтпа, роль аткарганда дагы мынчалык толкунданган эмесмин.
- Таттыбүбү Турсунбаева менен тууганчылыгыңыз жокпу?
- Баары эле ушинтип ойлойт, Нарындын кыздары болгондуктан эже-сиңдидейбиз да, кээ бирөө Нуркан Турсунбаевдин кызы го деп да ойлоп жүрүшкөн, кийинчерээк окшошпогонумду байкап калышты.
- Байкашымча, кундуздай узун чачыңызды аздектеп алып жүрөт экенсиз. Азыркы учурда узун чачтуулардын саны да аз. Имиджиңизди өзгөртүүгө мажбур болсоңуз кандай айла табасыз?
- Ушул жашка чейин кыркпаган чачымды эми кыркмак белем. Кичине кезимде чачым эки эле жолу кыркылыптыр, мени чоң апам баккандыктан чачымды аябай бапестеп өстүргөн. Ал үчүн чачымды жууш абдан кыйын эле, чоң апам жылкынын майы, шорпосу менен жуучу. Таенемдин чачы жерге тийип турчу экен. Каныбызда бар да, ошондуктан, чачымды өстүрүп калсам керек.
- Ушак сөзгө кандай карайсыз?
- Жаш кезимде ушакташса, териштирип ушактын аягына чыкмайын, жаным жай алчу эмес. Жаш өткөн сайын ушакка көнүп калат экенсиң. Эми азыр ушактабай калса: "Мени эмнеге сөз кылышпайт. Бүгүн башкачарак басып көрөйүнчү",- дечү болдум, анан мен жөнүндө ушак укканда тирүү экенимди сезип калам.
- "Уккан кулакта жазык жок" дейт. КРнын Эл артисти, режиссёр Алмаз Сарлыкбеков менен байланышы болгон дешет. Балким, чыныгы сүйүүгө кабылгандырсыз?
- Чындыгында, Алмаз кыргыз искусствосунда өз орду бар гениалдуу талант эле. Эми арабызда сүйүү болгону ырас. Алмаз койгон Меңди Мамазаированын "Аппак аял, айдай кыз" спектаклинде Айдай аттуу кыздын образын жараткам… Бирок сүйүүбүз канчалык таттуу болсо, ошондой кыска болду…


Динара Асылбекова



  Биздин көчөдө

Апасы менен тең аялды
"жубай" кылган Эльвира
Заманга шылтайбыз… Балким, андай эместир, дегеле аялдын аялдай, эркектин эркектей болгону абзел го… Тилекке каршы, бүгүнкү күндө эркек менен эркектин, аял менен аялдын акылга сыйгыс махабат байланыштары жөнүндө уга калып жүрбөйбүзбү.
Курбумдун үйүнө кирип чай ичип отурсам, маңдайымда бир келин ичиндеги бугун жашыра албай, бирөө сураса эле төгүлүп айтып берчүдөй туюлду. Анан жанына отуруп кызыкдар болуп чыдамым кетип суроо салдым:

- Саламатсызбы, эже. Сизге эмне болду, бирөөгө капа болгондой сезилип атасыз?
- Мен, Айнагүл, Эльвира болуп кореецтин тигүү цехинде иштейбиз. Чогуу бир батирде туруп калдык. Бейкапар жашап, тиричилигимди баштан кечирип жаттым. Жеген-ичкенге деп жумасына 500 сомдон аларга берип турдум, же ошого жараша үйдөн кыйратып деле тамактанбайм.
- Экөөнүн мамилесин кантип байкадыңыз?
- Негедир экөөнүн башкача жүрүм-турумун байкап калдым. Чындыгында, Эльвира 1983-жылкы турмушка чыга элек кыз, сырткы келбети эркектерге окшош, бирок өзү кыз болчу. Эркек мүнөздүү болгондуктан өзүн Данчик деп атап алган. Айнагүл иштеп жүрүп ушул кыз менен таанышып калган. Экөөнүн мамилесине такыр түшүнбөй койдум, бара-бара өтө жакындашып кетишти.
- Сизге башкача сезилсе керек , мүмкүн, жөнү жок шекшип аткандырсыз?
- Өз көзүм менен көргөндөн ки йин шектенүү эмес эле чындык. Менин дагы жакын курбум бар, ал менен адамча мамиле жасап кадимки курбу катарында элемин. Булар чектен чыгып "айбанча кумар" болуп атпайбы. Аял менен аял ысык мамиледе болуш үрөй учураткан нерсе. Биздин менталитетке да жатпайт да. Коом бузулуп атат деп күнөөлөйбүз, чындыгында, заманыбызды ушундай "арамдар" бузуп атат.
- Чогуу турсаңыз кандай жакындашуусун көрө алдыңыз?
- Кадимкидей бир төшөктө эрди-катындай жатышат. Бири-бирин сылап-сыйпап, эс тангыча эркелетишип, эмчектерин сорушуп өбүшүшөт. Мен ушул жашка чейин жолдошумду "жаным" деп эркелеткен эмесмин. Алмак-салмак "жан жерине" колдорун тыгышып кумардан чыгышат. Экөөнүн эзилишкенин көрсөң жакаңды кармана "кудайга тобо" дээрсиң.
- Ушундай мамиледен эле кумарга батууга болот бекен?
- Жо-ок, акылыңдан адаша турган жоруктарын да айтайын. Бир күнү экөө шыбырашып атышат да: "Бермет, сен үйдө отуруп тур, биз бир дүкөнгө барып келели",- деп чыгып кетишти. Кечке жуук келишти да, тамак ичпестен жатып алышты. Бүгүнкү түндөрү күндөгүдөн өзгөчө болду окшойт. Айнагүл эркек менен кошулгандай эле акыштайт дейсиң. Көрсө, баягындай желимден жасалган эркектин "алигисин" сатып алышыптыр, шумдугуң кур десе.
- Айнагүл эженин жолдошу жокпу?
- Жолдошу башка аял алгандыктан ажырашып кеткен. Эльвира "күйөөсү" менен тең эки баласы бар. Аларды айылдагы апасына берип жиберген. Эртең эле эки баласы үйлөнөт да. анан келиндеринин бетине кантип карайт болду экен.
- Балким, Айнагүл эженин кечиккен махабаты -Эльвирадыр. Жолдошунан рахат алалбай, жашоодогу чыныгы лаззатты ал кыздан тапкандыр?
- Бир жаш жигитти сүйүп калса, мейли дейт элем, ойлоп көрсөң эми ушул кантип болсун. Айнагүл 1967-жылкы аял болсо, жаш кызга ашык болуп, бул акылга сыйбаган иш. Ал "сүйгөнү" жыргал тартуулап гана тим болбостон, Айнагүлгө колу да тийген учурларын көрүп жүрдүм. Эми ушул жакшы нерсеби, баласындай болгон немеден таяк жеп атышы.
- Айнагүл эжени таяктайбы?
- Кызганычтын айынан да. Же чындап эле бири-бирин сүйөбү деп да ойлоп кетем. Мен бир жолу Эльвирага жай баракат сүйлөшүп акыл-насаатымды айткам: "Эльвира, сен азыр жашсың. Мындай жорук түбөлүктүү эмес. Сен да өз бактыңды таап үй-бүлө курушуң керек. Апаңдай болгон аялды ээрчип кандай жакшылык таптың. Же башыңды биротоло айландырып алдыбы?" десем, ал ойлоно: "Мага ушундай жашоо жагат беле. Мындай жашоомо эч кимди күнөөлөй албайм. Жакшынакай кыз өтүп баратса, суктанып карап коймой адатым бар. Качан гана аялзатына кызыгуу жок болсо, ошондо гана мырзаларга көңүл буралсам керек. Азыр кадимки эркекке турмушка чыгып жашаганымды элестете албайм",- деди үшкүрүнө.
- Бооруңуз ооруп калдыбы, Эльвираны аяп кеткендирсиз?
- Бир чети ушундай жаралганына, чындыгында, анын күнөөсү жок да. Азыр кыргыздарда дагы лесбиянкалардын көбөйүп баратышы зээнди кейитет. Жакында биздин медиктер да операциялык жол менен жынысын алмаштыра турган мүмкүнчүлүккө жетип калышты деген кабар уктук. Эльвира да биротоло эркек, же айым болууга шарты болуп калар.
- Өзүңүздүн жолдошуңуз барбы?
- Ооба, жолдошум Россиядан жаңы эле иштеп келди. Азыр жаңы конуштун биринде батирде турабыз. Жолдошум "арам" жүргөн Айнагүл, Эльвира менен бирге батирде жашаганымды укса кечирбейт. Билбей эле койгону оң.


"Акыр заман белгисиби" деп таң калар муну билгендер, бирок чын эле азыркы учурда тири шумдук окуяларды угуп жатабыз… Ким билсин, балким, бул адамдар түрдүү маалыматты алгандан соң, ушундай да болсо болот турбайбы деп, өз психикасын бузганданбы, же адамзаттын ыйманына карай жараткандын жазасыбы… Айтор, бул жөнүндө адистер сөз кылышар.


Гүлкайыр