Кызык инсан

Каныкей Раймалиева, ырчы:
"Ал үйлөнө элек, мен
турмушка чыккан жокмун"
Кадимки Бегимай сүйгөн Раймалынын небереси, фольклордук ырлардын чебери Каныкей Раймалиева менен баарлашып кайттык.


- Белгилүү адамдар башкаларга ушул эле боюнча төрөлүп калгандай сезилет. Ал эми Каныкей кичинекей кезинде кандай кыз эле?
- Биз үй-бүлөбүз менен музыкага жакын адамдарбыз, ата-энем, бир туугандарымдын -баары жакшы ырдайт. Бул да болсо Раймалы чоң атабыздын канынан, таасиринен болсо керек. Мен кичинекей кезде үйдө бири чоң, бири кичине эки аккордеон, 3-4 комуз бар эле. Ошондо эле сиңдим экөөбүз мен чоңураагын, ал кичинесин көтөрүп алып, аккордеон тартып, комуз чертип көчөдөгү балдарга концерт койчубуз. Бир жылдары лагерге барып профессионалдык деңгээлде бий үйрөнүп келип, сиңдилериме, классташтарыма да үйрөтүп жүрдүм. Негизи, менин балалыгым мектептеги ар кандай музыкалык кароо-сынактарга катышуу менен өттү.
- Сиз анда бала кезиңизде эле ырчы болом деп, келечектеги кесибиңизди тандап алсаңыз керек?
- Чоңойгондо ырчы болгум келчү. Бирок, чечкиндүү түрдө "ырчы болом" деп айта алчу эмесмин. Себеби, мен аябай токтоо болгондуктан, эжем "сен алдагыдай мүнөзүң менен ырчы боло албайсың, ырчы деген мен ырдайм, мен бийлейм деп туруш керек, сенде андай сапат жок" деп калчу. Мен бул сөзгө терикчү деле эмесмин. Кийин биздин талантыбызды байкаган таежелерим апамды "кыздарыңды музыкалык мектепке бер, баары жакшы ырдашат" деп айтып жүрүп көндүрүшүп, биринчи сиңдимди, анан мени борборго алып келишти. Адегенде музыкалык, андан соң консерваториядан билим алып, фольклордук ырларды ырдоо боюнча Улукмырза Полотовдон сабак алдым. Учурда Кыргыз улуттук филармониясында жана Бишкек шаардык мэриясына караштуу маданият башкармалыгынын "Доор" фольклордук ансамблинде солистка, "Ак марал" бий оркестринде комузчу болуп иштеп келем.
- Сизди аябай таланттуу, бирок аракети жок ырчы дешет. Эмне себептен?..
- Жогоруда айткандай, мен эч качан "мен ырдайынчы, мен да ушул концертке катышайынчы?"-деп суранбайм. Эгерде жетекчилик тарабынан номерим кабыл алынса ырдайм, болбосо өзүм озунуп биринчи айтпайм. Экинчи себеби бул- каражатка келип такалат. Анын үстүнө мен ыр деп эле ырдай бергим келбейт. Ыр тандаарда дагы анын башталышына, кайрыгына, кайырмасына, мелодиясынын кооздугуна карайм. Эгер ошол ырда кульминацияга жеткире турган жер болсо гана эл алдына алып чыгам.
- Репертуарыңызда кандай ырлар бар, кимдер менен иштешесиз?
- Көбүнчө элдик ырларды, замандын талабына ылайык эстраданы да алып жүрөм. Ал эми обончулардан Эсенбек Мааданбеков, Камчыбек Букалаев жана акын Темир Алымкулов менен иштешип калам. Кээде өзүм да обон жазып жүрөм.
- Эмнеге таасирленип, эмнеден ырахат аласыз?
- Жакшы музыка уксам, ошого таасирленем. Сүйүнсөм да, күйүнсөм да бугумду ыр менен чыгарам. Эгерде ырдагым келсе, түн жарымына карабай комуз чертип ырдагандан ырахат алам. Андан сырткары, тикмечиликке кызыгам. Базарга чыксам жактырган кездемемди сөзсүз үйгө алып келип коём. Убактым болгондо түнү менен отуруп, жумалап уйкудан калып, өз кийимимди өзүм тигип алам. Сиңдилерим "бизге да тигип бериңизчи?" -деп кээде суранып калышат.
- Өзүңүзгө байкалган кандай жаман сапатыңыз бар?
- Мен жашоодо көбүнчө "кечигүү" деген нерсе менен ооруйм. Ушул сапатымды жоюу үчүн канча аракет кылсам да, жыйынтык чыкпай келет.
- Жашоодо өкүнгөн учурларыңыз болду беле?
- Адам жакшы нерсеге жетиш үчүн, жаңылыштыкты жон териси менен сезүү керек. Мен эч нерсеге өкүнбөйм, анткени, "Кудайга шүгүр, тобо" деген кишимин. Артка кылчайып карагым келбейт. Кудай ден соолук берсе, бар нерсени барктап, жашоомду ыңгайлуу түзүп алып жашаганга аракет кылам. Тиричилик, үй-бүлөм, ата-энем үчүн көп чуркайм. Өзүмө талапты жогору коем.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтсаңыз?
- Алтынчы класста окуган уулум бар. Жолдошум экөөбүздүн көз карашыбыз келишпегендиктен, учурда экөөбүз эки башка жашайбыз. Ал үйлөнө элек, мен турмушка чыккан жокмун. Жалпысынан айтканда, үй-бүлөбүз сакталуу, балам атасы менен, мен кайын-журтум менен катышып турам.
- Ушакка терикпейсизби?
- Эгерде менин артыман жалган нерсени айта беришсе, чын болбосо мен ага терикпейм. Мындай ушак менин жашоомо таасирин да тийгизбейт.
- Кечиресиз, сизди К.Иманалиев менен "мамилеси жакшы", Каныбек Каныкейге арнап обондуу ыр чыгарган дешет. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Эми мага бир К. Иманалиев эмес, атын атабай эле коёюн көп эле адамдар ыр чыгарышкан. Алардын баары менде сакталуу. Мен Каныбек байке менен ыр жыйнактары чыкканда, депутаттыкка ат салышканда ырдап, колдоп жүргөм. Сүйсө, мүмкүн, сүйгөндүр, бирок мага билгизген да, экөөбүз ал жөнүндө да сүйлөшкөн эмеспиз. Ошондой эле, ал ырларды К. Иманалиев менин колума алып келип бербегенден кийин, "мен үчүн чыгарылган" деп айта албайм.


Самара Сапынова