Кычык суроо

Бегалы Наргозуев:
"Кычык суроолор" рубрикабыздын астында көптөгөн саясатчыларга ар кандай суроолорду берип, алардын "нервин" текшерип келебиз. Бул жолку "кычык суроолордун" баатыры экс-депутат Бегалы Наргозуев болду.

"Төшөксүз сүйүү көркcүз болот"
- Сүйүү төшөккө сүйрөйт дегенге оюңуз кандай?
-Бул сөз бекер айтылбаса керек. Кыргыздын ар бир айтылган сөзүнүн артында терең философия жатат да. Төшөксүз сүйүү көрксүз болот го дейм. Ошон үчүн, кыргыз өзү кылымдар бою байкап жүрүп ушул сөздү тапса керек. Ал сөздүн да канчалык бир деңгээлде чындыгы бар деп ойлойм.
- Кимден коркосуз?
- Бир гана кудайдан корком.
- Алтымыштан ашканда 17деги кызга көзүңүз түшүп калса, сүйүүңүздү билгизесизби?
- Алтымыш эмес, элүүнүн тегерегинде эле жаш кыздарга сөз айтмак турсун, тиктегенден уялып калат экенсиң. Менин оюмча, эркектердин баары эле ушундай болуш керек.
- Сиз бир аралга түшүп калдыңыз дейли. Ал жакта эшектин этинен башка тамак жок. Эшектин этин жейт белеңиз?
- Мен аябай жийиркенчээк адаммын. Чет мамлекеттерге барып калганда баканын, же рактын тамагына такыр жолобойм. Кореянын ресторандарына, иттин этине, тамакка чакырышат. Аларга да барбайм. Кокустан байкатпай эле эшектин этин жедирип койбосо, өзүм жей албайм го. Андан көрө чөп жемекмин.
- Кайсы жылуу тармакка отургуңуз келет?
- Жылуу үйдө отуруп алып эле көркөм чыгармаларды жазгым келет. Мен ошону жылуу деп эсептейм. Жумушта болсо, өзүм жаңы долбоор ачып, ишке ашырсамбы деген пландар бар. Өзүң кылган эмгегиңдин акыбетин өзүң көрөсүң. Мага андан өткөн жылуу нерсе жок.
- Канча балаңыз бар?
- Үч балам бар.
- Колунда жок кедейдин уулу кызыңызды ала качып кетсе отургузасызбы, же жулуп келесизби?
- Мен балдардын эркине коймокмун. Кызым калам десе калтырып, кетем десе алып келмекмин. Азыр кыздар сүйлөшүп жүргөн жигитине деле "уурдады" аты кылып кетип калып жатышпайбы. Ошондуктан, кызым чечет болчу.
- Жиниңиз келгенде канча мүнөт сөгүнөсүз?
- Жиним келгенде он мүнөтчө сөгүнөм .
- Биринчи сүйүүгө көбү жетпей, арманда калышат. Сиз жеттиңиз беле?
- Эми мектепти кошпогондо жеткем.
- Өзүңүздү кайсы актёрго окшоштурасыз?
- Актёрлордун ичинен Советбек Жумадыловду жактырам. Ага окшош болгум келген учурлар болгон.
- Кыргызча канча макал билесиз?
- Кыргызча макалды көп эле билем. Бирок, "жатка мынчаны билем" деп айта албайм. Бир нерсе жазып атканда, же сүйлөп жатканда ошол темага дал келе турган макалдар кокустан келет.
- Эгер сиз сүйүп калган кыз порнофильмге тартыл, анан мен сизге тийем десе, тартылмак белеңиз?
- Биздин муундагылар абдан уялчаак болчубуз. Биз порнофильм ге тартылмак тургай, кыздарга тийишкенден уялчубуз. Өзүбүздү кыздардын астында таза, түз алып жүргөнгө аракет кылчубуз. Ошон үчүн, мен андай фильмге тартылбайт болчумун.
- Ушу жашка келгиче канча киши менен мушташтыңыз?
- Мектепте окуп жүргөндө көп эле жолу мушташтым, студенттик кезде болсо бир-эки жолу мушташкам. Андан кийинкиси эсимде жок.
- Көбүнчө эмне үчүн мушташаар элеңиз?
- Жаш кезде короздонуп болор-болбос жерден эле мушташып кетчүбүз. Мектепте лидер болобуз деген балдар менен мушташканым эсимде.
- Эгер мүмкүнчүлүк берилсе, ырчы же саясатчы кыздардан кимди жолугушууга чакырат элеңиз?
- Ммм, та-ак, ырчы, саясатчы кыздар менен жумушка байланыштуу тез-тез эле жолугуп турабыз. Алардын бирөөсүн жолугушууга чакырам деген оюм, планым жок экен.
- Кыргыз элинин тарыхында калгандай эмне иш кылдым деп ойлойсуз?
- Кыргыз элиме кылган ишимден кыла элегим көп. Ошондуктан, кыла турган иш али алдыда.
- Аялыңыздын шайтанын канча убакытта бир күбүп турасыз?
- Жаш кезде ошондой уруш-талаш болчу эле. Кырктан өткөндөн кийин уруша албай калат экенсиң. Тескерисинче, ага толук баш ийип калганыңды өзүң да байкабай калат экенсиң. Кырктан кийин өзүңдүн шайтаныңды күбүп калат экен.
- Кайсы жаныбарды жактырасыз?
- Атты жакшы көрөм.
- Эгер сиз ат болсоңуз, эмне кылмак элеңиз?
- Ат болсом суусу, чөбү, абасы таза жайлоолорго качып кетмекмин.
- Денеңизде тырыктар барбы?
- Операциядан кийинки тырыктар жана студент кезде мушташуудан калган из бар.
- Өзүңүздүн кайсы мүнөзүңүз жагат?
- Көктүгүм жагат. Бир ишти баштап алсам, аягына чыгармайынча көгөрүп жүрө берем.
- Акыркы жолу келинчегиңизге качан ич кийим алып бердиңиз эле?
- Ошол эсимде жок экен.
- Досторуңуздан же болбосо тааныштарыңыздан кимди күрөөгө таштамак элеңиз?
- Күрөөгө эч кимди таштабаш керек деп ойлойм. Андайдан кудай сактасын. Досторду күрөөгө таштай турган шарт да боло элек, болбойт дагы.
- Денеңизге татуировка тарттырып, же пирсинг койдуртмак белеңиз?
- Ошондойлорду жаман көрөм.
- Кошунаңыз менен мушташып көрдүңүз беле?
- Кошуналар менен жер талашып кер-мур айтышкан учурлар болгон. Мушташканым эсимде жок.
- Келинчегиңиз жаш жигитти сүйүп кетсе, сүйүүсүнө тоскоол болбойсузбу?
- Азыр гендер деген саясат бар эмеспи. Алар бизден сурабай эле өздөрү чечишет го.
- Үй-бүлөлүк бюджетти экономдоп машиненин ордуна ат минип жумушка бармак белеңиз?
- Жок, ат менен кантип жумушка барасың. Эс алуу күндөрү эле ат минбесең, шаарда ат менен жүргөнгө болбойт го.
- Көңүл ачууга миллион доллар берилсе, "сойкулар үйүн" ачмак белеңиз?
- Көңүл ачууга миллион доллар берилсе, сойкулар үйүнүн деле кереги жок го дейм. Ал акчаны көңүл ачуунун башка формаларына жумшаса болот. Өзүм эле көңүл ачпай, кишилердин тобуна көңүл ачууга шарт түзүп бере турган обьекттерди курдурмакмын.
- Канча аял алгыңыз келет?
- Өзүнүн күчүнө ишенген жаш жигиттер эле "мынча аял алам" деп айтпаса, биздин жеңеңерге эле алыбыз жетсе, ошо чоң иш болот го.
- Жубайыңыз пластикалык жол менен көкүрөгүн чоңойтом десе тыйын бересизби?
- Келинчегим менден тыйын сурабайт, тескерисинче, мен жеңеңерден тыйын сурайм.
- Буга чейин соттолдуңуз беле?
- Жок, кудай сактасын.
- Адам соттотуп көрдүңүз беле?
- Адам соттотконум эсимде жок.
- Келинчегиңизге канча убакытта бир калп айтасыз?
- Аны эсептебептирмин. Жаш кезде болсо керек.
- Доктурлар " эртең өлөсүң" десе, эртеңкиге чейин кандай иштерди жасайт элеңиз?
- Кудай сактасын, "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин" деген кыргыздардын философиясын колдонмокмун.
- Сиздин үйдө башкаруу системасы кандай? Матриархатпы же патриархатпы?
- Биздин үйдө кырк жашка чейин "Патриархат" болчу, андан өткөндөн кийин "Матриархат" болуп калды.
- Тапкан акчаңыздын канчасын жашырып аласыз?
- Жалаң айлык менен жашасаң, ушундай көрүнүштөр болмок беле дейм да. Бирок, аялынан акча жашырып алгандарды угуп жүрөм. Бизнес менен алектенген киши катып калганга аракет кылбайт. Тапкан акчамды үй-бүлөмө жумшайм. Калганы өзүмдө кала берет. Мен аялыма отчёт бербейм.
- 100 долларга канча күн жашайсыз?
- Азыр үстүңдө үйүң, астыңда машинаң болгондон кийин тамак-аштан башка чыгаша болбойсуң да. Ошон үчүн жүз долларга 10-15 күн кенен-кесир жашаса болот го деп ойлойм.


Төлөбүбү Касымалиева