сейдене мончок жытыңдан

Акылбек Ырсалиев
300 кыз менен
кантип иштешем",-деп…
"Береке" бий тобу учурда көптөгөн ырчылардын ырларына көрк кошуп, ар түрдүү жанрдагы бийлерди чимириле бийлеп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн алары талашсыз. "Берекенин" атын чет мамлекеттерге таанытабыз", - деген максат менен талыкпай эмгектенип келген топтун аткаруучу директору Акылбек Ирсалиевди кепке тарттык.


- "Береке" бий ансамблинин түзүлгөнүнө канча убакыт болду?
- "Береке" бий ансамбли мындан үч жыл мурун түзүлгөн. Топтун жетекчиси Айнура Кыдыралиева алгач алты - жети кыздан турган чакан ийрим ачып, аларга бий боюнча сабак берип баштаган. Бий үйрөнүүнү каа лагандар уламдан - улам көбөйүп олтуруп алардын саны жүздөн ашкан. Ошондо бий ансамблин ачуу идеясы жаралыптыр. Ал эми атын болсо, көп изденип жүрүп: "Кыргыз элиме кызмат кылган берекелүү топ болсун", - деп "Береке" деген наам ыйгарган экен.
- Топко кыздарды кандай талаптар менен тандап аласыңар?
- Жарга такаган талаптарды деле койбойбуз. Болгону кыздардын тартибине көңүл бурабыз, тил алган, айтканды аткарган, таланттуу кыздарды тандайбыз.
Үч жылдын ичинде далай эле кыздарды көрдүк, кээ бири бийди хобби катары кабыл алса, бири бий үчүн жанын берет, ал эми башкасы болсо формасын, фигурасын сактап, сулуу болуш үчүн келишет. Алардын арасында жөн гана ырчылар менен жакын таанышуу үчүн келип бийлегендер да жок эмес. Мындай маселелерди топтун жетекчиси өзү эле чечип, кыздарды элеп - элеп четке чыгарып коёт.
- Топто канча катышуучу бар?
- Учурда топто үч жүздөн ашуун бийкечтер бар. Алар менен иштешүү кызыктуу болгону менен өзүнүн кыйынчылыктары дагы бар. Азыр биз жашка чек койгон жокпуз, үч жаштан тартып бийге кызыккан, таланттуу кыздарды алып жатабыз. Аларды өз алдынча топторго бөлүп, сабак берүүгө даярбыз.
- Кайсы бийлерге көбүрөөк басым жасайсыңар?
- Негизги басымды улуттук бийге койгонбуз. Мындан тышкары, хип-хоп, чыгыш бийлери, R&B, айтор, бардык жанрдагы бийлерди бийлешет.
- Кайсыл дизайнерлер менен иштешесиңер? Кыздардын ки йимдерин кайдан аласыңар?
- Өзүңөргө белгилүү болгондой "Береке" бий тобунун кыздары жөнөкөй материалдан эмес, дайыма кымбат баалуу көйнөктөрдү кийип чыгышат. Көйнөктөрдү заказ берип, атайын тиктиребиз. Топтун жетекчиси буга чейин көп эле дизайнерлер менен иштешип келген. Ошондуктан ал ишти өз мойнуна алган.
- Кайсыл ырчылар менен иштешесиңер, топту ким каржылап берет?
- Биз көп эле ырчылар менен иштешебиз. Мисалы: И. Абдразаков, Г. Суранчиева, Нурлан Насип ж.б. Көпчүлүгү концерт берген маалда келип суранып калышат. Алар менен дагы иштешип, бири-бирибизди колдоп, дайыма жардам берип келебиз. Ал эми топ өзүн-өзү каржылайт. Иштеп тапкан акчаларын кайра эле өздөрүнө жумшайбыз.
- Бий менен акча таап, жан багып кетүүгө болобу?
- Болот, бирок биз тапкан акчалардын бардыгын кайра эле өзүбүзгө жумшайбыз. Кыздардын кийилген кийимдери, баскан-тургандары, алардын боёктору көп эле акчаны чапчыйт. Эгерде адам чын дили менен эмгектенип, аракеттенсе эмнеге болбойт. Адам өзүм дегенде өгүздөй күчүн жумшайт эмеспи, анын сыңарындай, бийден деле акча таап, жан бакса болот.
- Азыркы учурда эмне менен алектенип жатасыңар?
- Эми күз айларында кыргыздардын тойлору күч алат эмеспи, ошондуктан, биз дагы тойдон-тойго барып жүргөн убагыбыз. Тойлордон тапкан акчаларыбыз менен кайра эле өзүбүздү каржылайбыз, кыздардын кийим-кечелерине, эс алууларына дегендей.
- Кыздар кантип эс алганды жактырышат?
- Өзүбүз тапкан акчаларыбыздан эс алууга да жумшап турабыз.Бул кыздардын бири-бирине болгон мамилесин, ынтымагын чыңдап турат. Түнкү клубдарга, кинотеатрларга, муз тебүүгө барып турабыз.
- Буга чейин кандай конкурстарга катышып, эмнеге жетиштиңер?
- Биз мамлекетте болгон чоң жана чакан кечелерге, майрамдарга катышып келебиз. Ал эми былтыр Түркиядан чакыруу болуп, жалаң түрк тилдүү элдерден турган фестивалга катышып келдик. "Береке" бий тобунун кыздары Түркиядан кыргыздын бийлерин көрсөтүшүп, Кыргызстандын желегин желбиретип келишти.
- Алдыда кандай пландарыңар бар?
- "Береке" бий тобун бир гана Кыргызстанга эмес, чет мамлекеттерге алып чыгып, ийгиликтерди багындырсак деген ой-максаттарыбыз бар. Алардын бардыгын иш жүзүнө ашырыш үчүн талыкпаган эмгек жана аракет керек деп ойлойм.
- Сиз бул ишти кантип аркалап калдыңыз?
- Мен алгач Айнуранын сиңдиси менен тааныш элем. Ал мага эжеси жөнүндө көп айтып калчу. Андан соң эжеси менен тааныштырды. Ал топко администратор-менеджер керектигин айтып, жумушту мага сунуштап калды. Башында "үч жүз кыз менен кантип иштешем" - деп коркуп, чоочуркап жүрдүм. Бирок, бир жума ойлонгондон кийин макул болуп, алгач пиар-менеджер болуп иштедим. Азыр топтун аткаруучу директорумун.
Нургүл Ибраева
erkindik-88@mail.ru