Айтпай турган сөз эле,
айтылып кетти өзү эле…
Келишкен келбет, жүрөккө жалын ыргыткан жылдыздуулук, тулку бойду өрттөгөн оттуу көз караш, оюңду уурдаган сырдуу жылмаюу, денени дүрт эттирип жапайы кумарга толгон карылуу кол мырзалардын баарында бар. Арийне, табият тартуулаган өзүн сүйдүрө билүүчү касиет бардык мырзалардын насибине туура келе бербейт. Ал эми жогорку жигиттик касиеттер бул мырзаларга ашыкчасы менен берилгендигин байкаштырып көрөлү.


"Кожожаштын образын аткарган Догдурбек келиндерди коргошундай эритип…"
Кыргыз кереметинин даңазалуу тасмаларынын бири "Ак илбирстин тукумундагы" Кожожашты аткарган Догдурбек Кыдыралиев ар тараптуу талант. Анын сексуалдуулугун аталган образдан айкын көрүүгө болот. Башка уруунун ханы Мундузбайдын "токолу" Айыкеге ашык болуп калат эмеспи. Ал чырайлуу айымды бир көргөндө жалын чачыраткан оттуу көз карашы менен өзүнө арбап, коргошундай эритип жиберет. Көксөөсү оңунан чыгып, майрамдан кийин экөө биргеликте ажайып түндү өткөрүшөт. Аскадан-аскага секирип, дасыккан мергенчи кайберендерди гана так мээлеп атып тим болбостон, айдай сулуу Айыкени да өзүнө ашык кылып тынды. Каарманы "Кожожаш" менен аялдардын эңсеген эркегине, мырзалардын кадырлуу идеалына айланды. Азыр деле андай күчтү жоготпой келет, себеби, колу чебер сүрөтчү мырза боордош казак элинин кино тасмаларында эр жүрөк баатырлардын образын жаратууда. Ушундай ролдордон улам кыраакы актёрубуз канчалаган айымдардын жүрөгүн жаралап келет. Учурда эр ортону элүүгө таяп калса да, Догдурбек мырзанын сыры да, сыны да кете элек.


"Жаныш мырза айымдарды азгырып ала турган күчтүн эгедери"
Режиссёрлук кесипти жигердүү аркалаган драматург Жаныш Кулманбетов чырайлуу аялзатынын жүрөгүн туйлатканы туйлаткан. Бир көз караш менен ажары жанган айымдарды азгырып ала турган күчтүн эгедери. Мындай сапатка да өзүнчө талант керек бейм. Бекеринен төрт аял албаган чыгар. Болгондо да ай жүздүү актриса айымдар экенине тан бересиң. Бой-келбети анчейин талапка жооп бербесе да, балким, акыл көрөңгөсү менен тартып алаттыр. Кудум эле, Италиянын легендарлуу актёру Аль Пачино сыяктуу. Тармал чач, орто бойлуу, өз убагында секс-символ аталган бул актёр миллиондогон айымдардын жүрөк дартына айланган. Жаныш мырза да олуттуу сүйлөп, бир сырдуу жүрөт. Бул мырзабыз көңүл борборунда болууну жактыра бербегени менен режиссёрлордун ичинен сексуалдуу мырза экени анык болуп калды.


"Рысбек Акматбаев крим.чөйрөдөгү сексуалдуу мырза болчу"
Учурунда "вор в законе" аталган, азыр арабызда жок Рысбек Акматбаевди булардын катарына кошсок болот. Кантсе да,биз үчүн жакшы инсан болуп кала берет. Сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен өзүнө тартып алган мүнөзү бар болчу. Башкалардын ичинен көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган чыныгы намыстуу эркектик сапаты бар, азыркынын тайманбас баатыры эле. Жүрөгүнүн түпкүрүндө эмне деген ой, сезим, күч жатты болду экен десең...Бийликке жакпаса да, элине жардамын аябаган инсандардан болчу. Көзүнө муң, ичине сыр каткан бойдон кете берди. Аттиң! Табият баарын тартуулап, өмүрүнө бөгөт койгону эмнеси!?
Жаралган баатыр жан элең,
Жарыгын чачкан шам элең,
Жакшылык үчүн туулгандай,
Жалпы эл деп күйгөн жан элең.


"Кылыктанган селкилерди үнүнө жипсиз байлаган Азамат"
"Тумар" радиосунун ди-джейи Азамат Эркинбаевдин көгүлтүр көзүнө чөгүп кетсем мейличи деген күйөрмандарына сан жетпейт го. Чечендик жактан эч кимди алдыга салдырбаган, акылга бай бул жигитибиздин бал тилге салып сүйлөгөнүнө ким эле жибибесин. Ди-джейлердин арасынан суурулуп чыккан атына заты жарашкан Азамат сексуалдуу мырза аталды. Тартылат көз алдыма сүйкүм элес, тамшанат канчалары бир мен эмес. Тармал чач, жагымдуу үнү арбайт, чиркин, тагдырына кайсы селки туш болор экен? Бул жигиттин бойдокчулукка чекит коюшу кыйынга туруп атабы, же кара көз карындаш-күйөрман-дарынан кол жуу гусу келбей атабы деген ойго келесиң. Жанга жагым үнүнө гана ашык болуп, кылыктанган сулууларды өзүнө жипсиз байлады го, чиркин.


"Ажарлуу кыздарды оңой эле кайырмакка илген Санжар"
"Ойт, жониңдан ий" деген фразаларын эстегенде эле Санжар Бердибеков көзгө урунат. "Атанын уулу болуш оңой-олтоң иш эмес" дегендей, бул жигит чыгармачылык жактан ар тараптуу талантын көрсөтө билди. Актёрдук чеберчилигин да байкап көрдүк. Санжарды кыргыздын Шахрух-Ханы десек да болчудай. "Катыным сокур, жаным тынч" дегенди туу тутат го сыягы. Ажарлуу кыздарды оңой эле кайырмакка илип, көңүлүн алып, бакытка балкытып өзүнө ыктаган күндөр да өтүптүр. Негедир күйөрмандарын суусаттырып бул мырзабыз чыгармачылыктан алыстап кетти. Же дагы бир суйкайган сулууга суктанып жүрөт болду бекен. Канткен менен куудулдардын ичинен сексуалдуусун Санжар мырза деп таптык.


"Эрмек "башкасынын" да майын чыгарса керек"
Ал эми "Тамашоунун" алпаруучусу Эрмек Нурбаевди да ушул катарга кошсок ашык болбос. Тамашакөйлүгү эле кимди болбосун өзүнө тартып турат. Эрмектин сөздү"чымчып " сүйлөгөнү эле бир тайлык. Ар дайым жайдары жүзүн, спорттук дене түзүлүшүн сексуалдуу эсептеген кыздарыбыз да жок эмес. Иштин да майын чыгарып жасаган, а балким, башкасынын да майын чыгараттыр, ээ. Качан үйлөнөсүң- дегендерге "Буйруса" деп тим болот. Голливуд жылдызы Жорж Клуниге окшоп түбөлүк бойдок болгусу бардыр. Сулуулар үчүн бойдок калышы деле абзел.


"Маңдайында жарашкан буурул чачы кандай гана ойго жетелейт…"
Кыргыз музасына зор салым кошкон композитор Муратбек Бегалиев да сексуалдуу мырзалардын катарын толуктайт. Неси болсо да балалыгы Нарындын тоолорунда өтпөдүбү, жайлоодо торолуп, эт менен кымызга тойгон боз улан ошол кезде эле күч-кубатын толуктап алса керек. Кандай гана сыйкырдуу аваздарды жаратпады. Бул мырзага жараткан бардык нерсени аянбай бериптир. Өң-келбет, талант, билим, патриоттуулук, деги койчу, бүтпөгөн дастан жазылышы ыктымал. Бекеринен белгилүү айымга Мукем "Байкоосуздан сага кабылдым" деп мукам кайрыктары менен кошо азгырылбагандыр десең. Кайра жооп кылып "Бир көрүнүп, бир көрүнбөй, жөн жүрөйүн өзүңдү сүйүп алыстан" дебеспи. Ошентсе да, Мурат мырза арзып сүйүп жеткен поляк жубайын кыйбай келет.


"Сексуалдуу үнү эле кандай азгырык…"
Чындыгында, сексуалдуу мырза ырчы жигиттерибизде көп экен. Ошентсе да эң, эң, эң дегенин тандадык. Ал бактылуу - жигиттин гүлү Акбар Сүйүнбаев. Анын башкалардан өзгөчөлөнгөн үнү эле кандай гана азгырык. "Эң сексуалдуу дене - буудай ыраңдар" деп тастыкташыптыр изилдөөчүлөр. Мына Акбар ошол талапка жооп берет. Накта жөнөкөйлүүлүктү бул мырзадан тапсаң болот. Себеби, кээ бирөөлөрчүлөп: "Кыздар бутумда чалынып жүрөт" дебейт. Сексуалдуулук сөзсүз эле жакшынакай келбет эмес. Ал тубаса табият ыроологон адамды өзүнө тартуучу күч. "Түрү суук" адам деле сексуалдуу көрүнө алат. Акбардын кайсы бир мүнөзүбү, же тапандыгыбы кимди болбосун тамшандырып, суктандыруучу дараметке ээ.


P.S. Мына окурман, биздин мырзаларыбыздагы сексуалдуулук кандай экенин аз да болсо ачып бергенге аракет кылдык. Сексуалдуулук - көптүн бири болуп жашагысы келбеген жан тынчытпаган эңсөө. Чоктуу көздөрдөн арман уюган кумар чакырткан өзгөчөлүк. Баш айланткан кумар тартуулап, эчак өчкөн демди козгогон жогорудагы келишимдүү мырзалардын сырын ачканга бел байладык.
Клеопат-Шахри