бир элес

Адам эс тарткандан баштап, ар бир нерседен таасирленип, аң-сезими ар тараптуу болуп өнүгө баштайт. Ал эми жашоонун даамын татып, өз алдынча аракеттенип, алдыга кадам таштаган сайын жагымдуу жаңылыктар, бактылуу көз ирмемдер, кызыктуу окуяларга кабылып, алардын эң маанилүүлөрү эсте калат эмеспи. Анын сыңарындай, элге таанылып калган инсандардын эсте калган эң биринчи кадамдарына көз жүгүртүп көрсөк.

Эсте калган эң биринчи…

Дептер сатканы
Тамашаны көтөрүп чапкан Тамашоунун жетекчиси Эрмек Нурбаев башка студенттердей болуп жай мезгилинде жанталашып акча табуунун аракетин кылчу. Тагыраак айтканда, апасына жардам берип, базардан "концелярдык" товарларын сатып, өзүнө жарым жылга акча жыйнап койчу. Апасы эс алууга чыкканда Эрмек базарды көздөй бет алып, дептер сатуу анын эң биринчи акча табуу булагына айланган. Тамашаны аралаштырып атып, кардарларга далай дептер сатканына талаш жок. Бул да болсо анын аракетчилдигинен кабар берип турат.


"Көк жоргосу"
Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров эң биринчи авто унаасын эстегенде, эсиндеги эски тулпарын эрикпей айтып берүүгө даяр. Анткени, "көк Москвичке" байланышкан окуялар көп. Ооба, дал ошол "көк Москвичтин өзгөчө бир куту да бар экен, ичине мас киши түшсө от албай коет", -дейт Эрнест мырза күлүп. Ал машинага Манас атабыздын досу Алмамбет баатырдын жубайы Арууке апанын сүрөтү тартылган. Аны Бүбү Мариям эже тарткан экен. Андыктан, аны "көк жорго" деп атап алышыптыр. Мындай "необычный" авто унаа Эрнест мырза үчүн абдан баалуу жана маанилүү. Аны айдабаса дагы он жылдан бери көргөзмөгө койгон сымал үйүндө кармап келет. Анткени, ал эң биринчи эстен кетпеген темир тулпары да.


"Чыйп-чыйп жөжөлөрүм"
Учурда эки баланы ээрчиткен энеге айланган жаш ырчы Анжеликанын эл алдына ырдап чыккан эң алгачкы ырына көз жүгүртсөк…. Кичине кезинен бери сахнага аралашып, гастролдорго чыгып, ырчыларды ээрчип жүргөн кенедей кыз "Чыйп-чыйп, жөжөлөрүм, бөбөгүмдөй көрөмүн", - деп ырдап атып элдин эсинде калгандай көрүнөт. Анда ал ак бантик байланып, ак көйнөк кийген секелек кыз эле. Кийин "Балалыгым" деген ыры менен чыга баштаган. "Убакыт деген учкан куш" дегендей ырчылыктын "этабы" менен айтканда, "жөрмөлөп" жүргөн жаш ырчы учурда бир үй-бүлөнү былкылдатпай кармаган кожойкеге айланган чагы. Анан эмей, "эне катындан бала катын өтөт…"-деген ушу да.


Чүкөдөн тапкан акчасы
Ырчы, ди-джей,Чыңгыз Мырзаев кичинекей кезинде тың, жемин жедирбеген тапан бала экендигине анын балачактагы бир кызыктуу окуясы мисал боло алат: Өзүнө тең тайлашкан балдар көчөдө "чүкө" ойноп жүрүшсө, Чыңгыз апасынын аркасы менен тыйын чогултуп,"кошумча" акча табууну эртелеп эле жакшы өздөштүрүп алган экен. Дегеним, апасы почтада эмгектенгендиктен, Чыңгыз учурдан пайдаланып, жашыруун түрдө апасына көрсөтпөй, калган-каткан открыткаларды чогултуп, мектептеги балдарга 50 тыйындан сатканды салтка айландырып алган. Ортодон анча-мынча акча жасаганды үйрөнгөн ырчы бир убакта радиодон сайрап олтуруп, балалыгын бир эстеп, эң биринчи акчаны кандай жол менен тапканын кантип айтып алганын өзү да байкабай калган болчу…


Үч жүз сому
Мектепти бүтүргөн соң, чоң окуу жайына тапшырып, өз алдынча болуп, айтор, жашоонун даамын татып баштайт эмеспизби. Өзгөчө студенттер окуу менен бирге иштеп жан багып келишет. Андайлардын арасында ырчы Урмат Усенов да бар болчу. Дегеним, тээтиги артта калган убактарда, тагыраак айтканда, студент болуп жүргөн кезинде өз алдынча иштеп, "карга богун" кармап, эң биринчи маянасына "үч жүз сом" алганы эсинен чыкпайт экен. Маңдай тер менен тапкан акча берекелүү болгондуктанбы, ырчы жигит толкунданып, абдан көп акча алгансып, кудуңдап жоро- жолдошторуна мактанганын айтып күлүп калат. Чындыгында, "өз эмгегиң менен тапкан акча барктуу болот" -деп айтпаганга арга жок.


Эфир убагында чулдурап...
Бешинчи каналдын диктору Каныбек Асанкары уулу биринчи эфирге чыгып, "Күндеми" программасын алып барганы эсинен кетпейт экен. Жаңылыктарды биринчи окуганда башка планетага барып келгендей сезимде болуптур. Абдан толкунданып, чулдурап, үнү калтырап араң чыкканы эсинен кетпейт. Жада калса, эфир убагында кызарып, тердеп кеткенин өзү да байкабай калган. Аз убакытка өзүн жогото жаздаган ыңгайсыздыктан соң, терең дем алып, эфирин андан ары улантып кеткен. Бирок, диктор жигит "Эфир убагында көптөгөн кыйынчылыктар болору чын, антпесе, өсүш болбойт, жаңы идея да чыкпайт, жумуш ошонусу менен кызык да", -деп эсептейт.


Кара топик,көк джинсы
Азыр ырчы Бегимай Эсенгулова суйкайган сулуулардын сабын толуктап, созолонто ырдап, кээ бир мырзалардын жүрөгүн дүкүлдөтүп жүргөн кези десек болот. Ошол суйкайган сулуунун эң биринчи сахнага чыккан кезин эстесек… Кээ бир ырчы кыздар алгач сахнанын босогосун аттаар алдында толугу менен имиджин же стилин өзгөртүп, өзгөчө болуунун аракетин көрүшөт экен. Ал эми Бегимай болсо "быссымылда" дегенде эле, сахнага күнүмдүк кара топик менен көк жинсы кийип чыкканы эсиңизде болсо керек. Бул учурун ырчы унуткарып койсо да, кээ бир күйөрмандардын эсинде элес-булас сакталып калганы анык. Бул да болсо Бегимайды башкалардан кандайдыр бир деңгээлде айырмалаганын айта кетели.


Бырс этме
Бир аралга кокустан Кристина Орбакайте, Наташа Королева жана Алсу түшүп калат. Ичели,- десе тамак жок, кетели,- десе кайык жок. Ойлонуп олтурушуп, жерден уюлдук телефонду көрүп калышат. Бирок, анда бир эле чалууга жете турчу бирдик калган экен.
- Менин апама чалалы. Ал эмне кылышты билет, - дейт Кристина.
- Жо-ок, - деп Наташа каршы чыгат. Андан көрө менин Тарзаныма чалалы, ал мени жакшы көрөт да, бардык жол менен алып кетет.
- Мунун баары болбогон бир иш,- дейт Алсу, - Андан көрө менин атама чалып, "биз бул жерден нефть таптык", - деп айталы, ал биз каяктан чалганыбызды заматта изилдеп чыгат ,- дейт.

Нургүл Ибраева




Кат куржун
Редакциябыздын "Кат куржунуна" көп каттар келип түшөт. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, окурмандарыбыздын кулагы чалып калган "ударный ушактарына" жооп алуу максатында керектүү адамдарга кайрылдык. Ошентсе да, шамал болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын?

Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты.Белгилүү продюсер Рыскан Жоомартова менчик ломбарддан көп суммадагы акча жана биртоп документтери бар сейфти жоготуп жиберген экен. Азыр тапты бекен. Мүмкүн болсо сураштырып бербейсиздерби.

"Ишенген кожом сен болсоң…"
"Рыскан" киностудиясынын жетекчиси продюсер Рыскан Жоомартова: Жо-ок, сейф табылган жок. Ал сейфти сүйрөп чыгып, БМВ үлгүсүндөгү машинеге жүктөп баратканын кошуналар көрүптүр. Мен Ленин райондук РОВД га арыз менен кайрылгам. Жетекчиси: "Эже, эч кайгырбаңыз, биздин опердик топ иликтей баштайт" деп көңүлүмдү жубатып койгон. Аларга ишенип өз ишим менен алектенип жүрө бергем. Ушул кезге чейин дайын жок. Кудай жалгап табылып калса кана эми, жакшы болбойт беле.


Урматтуу, "Обон" гезити. "Браво" теле берүүсүнүн алпаруучусу Роза Ибраимованы Ысык-Көлгө алакачып кетсе, апасы ызы-чуу салып алып баса берген деп угуп жатабыз. Чын-төгүнүн билип бересиздерби?


"Мени эч качан ала-качпайт"
Роза Ибраимова: Аа-иий, ким айтып жүрөт. Эми "Эл оозунда элек жок" эмеспи. Колумду сурагандар бар, бирок, азырынча алакачып кете элек. Мен баса белгилеп айткым келет, эч ким ала кача албайт. Себеби, турмуш жөнүндө ойлонууга мага азыр эрте. Бүт дитимди чыгармачылыкка жумшайм, карьераны тандадым. Бир гана алпаруучулук жааттан эмес, буйруса, башка нуктан да учуратып каласыздар. Азырынча, сыр болуп турсун.


Динара Асылбекова