Эх, Кока-Кола…
Суусап, чаңкап турган убакта колуңдагы Кока- Коланы кулкулдата жутуп, анан сергий түшөбүз. Бирок, анын ден соолукка зыян экендигин дүйнөлүк медицинада жогорку деңгээлде изилдеп чыгышканына карабай аны ичкенибиз ичкен. Дегеле, бул суусундуктун пайдасы жана зыяны туурасында сөз кылууну туура көрдүк.


Кока-Кола кантип пайда болгон?
Американын Джоржия штатындагы Атланта шаарында жашаган Джон Пембертон аттуу фармацевт өз алдынча өзгөчө сироп жасаган. Сироп даяр болгондон кийин өзүнүн бухгалтерин чакырып, жаңы ачылыш менен тең бөлүшкөн. Сироп алгач таттуу жана коюу болчу. Алар заматта анын эмнеден жасалышын кагаз бетине түшүрүп коюшкан. Даяр болгон сиропту "Джейкобс" аттуу дарыканасына алып барышканда, алар сиропту газдалган суу менен аралаштырышкан. Алгач суусундукту көңүл чөккөндөргө каршы дары катары пайдаланышып, ал тургай кээ бири бул сиропту импотенциядан да айыктырат деген ишенимде болушкан. Күнүнө тогуз стакан Кока-Коладан өтүп олтуруп, дүйнө жүзүнө кеңири тарала баштаган.

Кока-Коланын курамындагы химикалык заттар:
Анын 90% газдалган суудан, кум шекерден, фосфор кислотасынан, кофеинден, кола жаңгагынан турса, 1% табышмактуу "Мерхандиз-7"аттуу химикалык зат болгон. Анын эмнеден турган зат экендигин, ошол жерде иштеген 10 киши гана билген. 1902- жылдан тартып, коом суусундуктун курамында кокаиндин бар экендигин түшүнгөн соң, заматта массалык - маалымат каражаттары Кока -Кола компаниясын "атакалай" баштаган. Ал эми 1903- жылдан тартып коланын кургатылган жалбырагынан жасай башташкан. Анткени, анын курамында наркотик жок болчу.

Медициналык көз караш:
Америкалык журналист Рич Бахлер илимий фактылар жана эксперименттер менен Кока- Коланын ден соолукка зыян экендигин даңазалаган. Абдан газдалган суусундуктарды, тактап айтканда: Кока-Кола, Спрайт, Фанта ж.б ичеги- карыны ооруган адамдарга колдонууга врачтар катуу тыюу салган. Анткени, анын курамында фосфор кислотасы бар, ал организмди кальцийдин жетишсиздигине алып келет да, ашказандын зилин көбөйтөт. Ашказанда жара пайда болуп, гастрит же зарна болот. Анын курамында газ, боёк химикаттар болгондуктан, ден соолукка абдан зыян.

Кока- кола эмнеге пайдалуу?
Биз тамшанып ичкен суусундуктун эмнеге пайдалуу экендигин билесизби? Кока-Коланы таза лоочу каражат катары колдонушат экен. Ооба, таң калбай эле коюңуз, ал авто унаа лардын моторлорун, трубкаларды, раковинаны, унитаздарды жана идиш- аяктарды тазалоого жардам берет.
Мисалы: - Эгерде раковинаны тазалайм десеңиз, коланын бир литрин куюп бир саат коюп коюңуз да, андан кийин жууп салыңыз.
Кока-коланын курамындагы фосфор кислотасы Ее рН ге барабар. Эгерде тырмагыңызды сүртсөңүз, 4 күндөн кийин жумшара түшөт.
Дестибюторлор жыйырма жылдан бери жүк ташуучу машинанын моторун Кока-Кола менен тазалап келишет.
Дат баскан вольтту Кока-Кола менен тазалашат.
Карарып кеткен саатыңызды, кола менен сүртсөңүз агарып калат.
Америкалыктар абдан кир болгон кийимдерди кир жуугуч машинага айна менен бирге коланы куюп жууп тазалашат экен.




Базардагы тазалык сизди канааттандырабы?
Ош базарындагы тамак- аштар сатылган жердеги таштандылар, жагымсыз жыттар кардарлардын көңүлүнө тийип бүткөндөй эле көрүнөт. Өзгөчө "эт" саткан жердин тазалыгы көңүлдү өзүнө бурбай койбойт. Анткени, бири эшикке эт жайып сатса, жанында бут кийимдерди сатып олтурганына күбөбүз. Көзөмөлү жок сатылып жаткан "эттер" элдин ден соолугуна кандай таасирин тийгизет? Дегеле тазалык иштери жүргүзүлүп турабы?-деген суроолор менен санэпидстанция бөлүмүнө кайрылып көрдүк.


Мамбетказиев Кадыр Асаналиевич, санэпидстанция бөлүмүнүн башчысы:
- Эт базарынын тазалыгы эмне үчүн элдин талабына жооп бербейт?
- Чындыгында, базардагы тазалык алда канча көзөмөлдөнүп калды десем болот. Эртең менен базарга ар бир сатуучу, документи, уруксаты менен акча төлөп киришет. Бизге чейин бир нече пункттардан, "ветеринардык" текшерүүлөрдөн өтүшөт. Эгерде мал оорулуу болсо, биз сатыкка жибербейбиз, андыктан, сатылган эттер дагы текшерүүлөрдөн өтүп турат.
- Ал эми көчөнүн боюндагы арзан баага сатылган эттерди эмнеге көзөмөлдөбөйсүңөр?
- Чындыгында, өз эрки менен эч документтери жок, арзан баада саткан сатуучулар жок эмес. Алар базардын чет жакаларында олтурушат. Албетте, акча табуу максатында. Өз эрки менен келип олтуруп саткандарды бизден башка текшерүүчү органдар бар.
- Базардын бир четинде самса, ки йим кече, бут кийим, жер -жемиштер аралашып сатылууда, аларды бөлүп коюуга болбойбу?
- Биз ушул маселе менен күрөшүп эле келебиз. Өзүңүздөр көргөндөй, жер жемиштерди, тамак- аштарды өзүнчө бөлүп койдук эле. Бирок, тилекке каршы, өз алдынча саткандар көбөйүп кетти. Арабасын сүйрөп келип саткандар да бар. Андай тартип бузгандар менен дагы да болсо күрөшүп келебиз.
- Канча убакытта тазалоо иштерин жүргүзүп турасыңар?
- Ар бир сатуучунун колунда санэпидстанция бөлүмүнөн өттү деген документи болушу керек. Анткени, алардын товарлары биздин текшерүүбүздөн өткөн соң гана сатууга берилет. Жамаат менен тазалык иштерин жүргүзүп турушат. Ар бири өз алдынча сактоого да муктаж. Алардан чыккан таштандыларды шаардык тазалоо бөлүмүнөн келип жыйып кетишет.


Мамбеталиева Чолпон, сатуучу:
- Мен 12 жылдан бери эт базарында иштейм. Эми бул жердин тазалыгын мен жакшы эле билем. Ар ким ар кандай колдонушат. Баары эле сатып акча табуунун аракетин кылышат. Биздин этке болгон документтерди таң эртең менен келгенде эле алабыз. Документи жок бул жерге уруксат беришпейт. Мынакей, карасаңыз болот. Документтерибизди минтип илип коебуз.(колу менен көрсөтүп). Ар бир айдын бир күнүн белгилеп "уборка" кылып турабыз. Ал күнү базар жабылат, эч ким иштебейт.


Марина 50 жашта, сатуучу:
- Мен 1997- жылдан бери иштейм, алгач тоок этин сатып иштечүмүн, азыр уйдун этин сатам. Бул жердин тазалыгына баары бир моюн сунабыз да. Санэпидстанция кичине карамыш этет. Базардагы сасык жыттын баары ичеги- карын саткан жерден келип чыгат. Эми ичеги-карын эки- үч күн турса эле жыттанып кетет да. Аларды сатыш керек, акча керек да, туурабы? Биздин мурдубуз көнүп эле калган. Башкалар келсе эле тазалыгыбызга нааразы болуп кетишет.


Нургүл Ибраева