кумир менен баарлашуу

Добр:
"Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын бүгүнкү коногу, "Нукура кыргыз бала" деген ат менен белгилүү болгон, жаш рэпер Добр болмокчу. Мугалимдер күнүн утурлап, Добр билим алган №42 мектепке баш бакканыбызда, рэперди кумир туткан окуучулар жабалактап, биринен-бири сөз талашып, кызыккан суроолорун берип жатышты. Ал эми рэпердин биринчи мугалими Жамиля эже да буга эки ооз сөз улай кетти.


Рэпер тууралуу:
- Жаныбарлардан жылкыны жакшы көрөт;
- Ишенген адамдары- ата-энеси жана туугандары;
- Мектепте үч менен төрттүн ортосунда окуган;
- Жакында эле 32 тандалма ырынан турган "Нукура кыргыз бала" деген альбому сатыкка чыкты;

Күйөрмандардан кыска суроолор:
- Сиздин эң жаман көргөн нерсеңиз эмне?
- Кыргыздын бөлүнүүсүн абдан жаман көрөм.
- Эмнеден коркосуз?
- Бул жашоодо бир гана кудайдан корком.
- Сизди күлдүргөн нерсе?
- Анекдот.
- Көп ойлонткон нерсе?
- Болочок жубайым кандай болот болду экен деп көп ойлоном.
- Кандай адамды күчтүү деп эсептейсиз?
- Өзүнө ишенген адамды күчтүү деп ойлойм. Адам биринчи өзүнө ишенсе, башкалар ага ишенет.
- Кимден жашынасыз?
- Эч кимден жашынбайм. Анткени жашына турган себеп жок.

"Гезитиңиздерге "Ырларыңдын
мааниси жок" деген SMS келиптир…"
- Рэп ырдаганыңызга канча убакыт болуп калды?
- Мен негизи 2-3-классыман бери ыр жазам. Барган сайын ырларымдын мааниси жакшырып жатты. Ошентип, жетинчи класска келгенде, азыркы заманбап жаштарга ылайык стилде рэп жазып, ырдай баштадым. Ошондон бери өзүмдүн жазган рэптеримди өзүм ырдап келем.
- Рэпер болууну кичинекей кезиңизден эле кыялданып жүрчү белеңиз? Рэптен башка дагы кесибиңиз болсо керек?
- Кичинекей кезимен бизнесмен болгум келчү. Ал эми рэп болсо учурда жасап жаткан кадамдарымдын бири. Азыр "Антикризистик башкаруу факультетинде" билим алып жатам. Буюрса, экономист болом.
- Эң жакшы көргөн ырыңыз кайсы?
- Ырчылар "бул ырым жакшы, тигил ырым жаман" дебейт. Анткени, ар бир ыр анын баласындай болуп калат. Себеби, ырчы өзү жаман көргөн ырды эч качан ырдабайт. Анын сыңарындай менин да жаман көргөн ырым жок, дайыма жаңы жазган ырымды кайра өзүм сүйүп калам.
- Кандай кыздар жагат?
- Өзүнүн намысын сактап жүргөн кыздар жагат. Азыр жаш кыздардын көбү эле тамеки тартып, алкоголдук ичимдиктерди ичип жүргөнү бизге жаңылык деле болбой калбадыбы. Алар менен сүйлөшмөк түгүл, жанына да баргың келбейт. Ошондуктан, ар бир кыз өзүнүн намысын сактап, жаман жолдорго барбаса, жигиттерге ошончолук баалуу, сырдуу жана сындуу көрүнөт.
- Ырларыңыздын сөзүн, обонун ким жазып берет?
- Албетте, бардык ырларымдын сөздөрүн дагы, обондорун да өзүм жазам. Анткени, өзүмдүн жан дүйнөмөн жаралган музыка ыргагы жана ырлар бири-бирине дал келет.
- Добр байке, жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Сүйлөшкөн кызым азырынча жок. Бирок, сүйлөшсөмбү деп жүргөн кыздар бар.
- Самбого катышканыңызды билем. Спорттун бул түрү менен канча жылдан бери машыгып келесиз?
- Жетинчи классымдан баштап катышам. "Самбо боюнча спорт чебери" наамын алгам. Азыр да убактым боло калганда эле залга барып, машыгып турам.
- Кулагыңыздын сынганы көрүнүп турат. Спорттон эле сындырдыңыз беле же балдардан токмок жегенденби?
- Балдардан токмок жегенден кудай сактасын. Ушул убаккка чейин токмок жеп көрө элекмин. Биздин мектепке Самбонун залы жакын болгондуктан, самбого барып атып кулагымды сындыргам.
- Бойдокчулукка качан чекит коёюн деп жатасыз?
- Сүйүүсү жок үйлөнсөм 25 жашымда деле үйлөнө берем. А эгер кызды аябай сүйүп калсам, эртең деле үйлөнүп калышым мүмкүн.
- Азыркы ырчылардай "фонограмманы" байма-бай колдоносузбу?
- Рэпте "фонограмма" деген жок. Бирок, кээде, "фонограмма" менен ырдаш керек болуп калганда, ырдап коём.
- Тата Улан менен мамилеңиз кандай?
- Улан байке экөөбүз ага-инидейбиз. Мага кеп-кеңештерин байма-бай берип турат.
- Эмне үчүн продюсерсиз ырдайсыз?
- Мен алдыга койгон максаттарыма өзүмдүн күчүм менен жеткенди каалайм. Кандайдыр бир күч коротуп, тердеп, уйкудан калып, ысыкка күйүп, суукка тоңуп, кыйналып жеткен ийгилик абдан таттуу болот. Ошондуктан, азырынча продюсерди да ойлоно элекмин.
- Сиз эң жакшы көргөн нерсе?
- Ыр жазганды абдан жакшы көрөм. Ырыма байланыштуу сөздү алыстан баштагым келип турат. Сиздердин "Обон" гезитиңиздерге "Ырларыңдын такыр мааниси жок" - деген СМС келиптир. Мен кандайдыр бир окуяны рэп түрүндө жазам. Ага заманбап терминдер да кошулуп кетиши мүмкүн. Ал эми акындар адабий тилде көркөмдөп жазышат. Ошондуктан, көбү эле менин ырларымды түшүнө бербейт. Бирок, мааниси жаман дегенге кошула албайм.
- Сиздин адресиңизге айтылган сөздөргө чычалабайсызбы?
- Жок, тескерисинче сүйүнөм. Менин адресиме кандай гана сөз айтылбасын, "Бул да болсо менин жетишкендигим" , деп боолголойм. Негизи , атактуу адамдын артынан ар кандай сөздөр ээрчийт. Элге таанылган соң элдин жакшы-жаман сөздөрүн да көтөрө билсең, жеңиш сеники болот.
- Дүйнөлүк рэперлерден кимди кумир тутасыз?
- Эминемди кумир тутам. Анын ырларын дамамат угуп турам.






Жамиля Оболисаева,
Добрдун биринчи мугалими: "биринчи класска Чачын ийнине чейин өстүрүп келген"

- Добрдун өзүнүн аты Адилет. Чачын ийнине чейин өстүрүп алып, биринчи класска келген. "Ой, сасык үпүптөй болбой чачыңды алдырчы!"- десем, такыр болчу эмес. Биринчи класстан баштап эле өз алдынчалыкка көнгөн тың болчу. Кээ бир балдар китеби жок, кийими кир келишсе, Адилет тыкан, китептери да толук келчү. Ата-энеси балдарын багыш үчүн Россиялап, соода кылып жүрүштү. Ошондо да кийимдери дайыма таптаза эле. Ата-энем алыста деп чүнчүп да кеткен эмес. Оюна келгенин тайманбай айтчу. Эң жашкы көргөн сабагы "ыр" сабагы болчу. "Ыр" сабагы болгондо эле капкайдагы оор ырларды ырдап жүрдү. Ыр сабагына келгенде Канат деген досу экөө доскага чыгып алып, "Алма кайык" деген ырды "Болду ырдабагылачы, бул ырды угуп бүттүм" ,- десем да болбой эле "Эже, ырдайлычы"-деп, экөө талашып ырдашчу. Бардык сабактарды жакшы өздөштүрдү. Айрыкча окуп, өз түшүнүгүн айтып берген сабактардан оюн эркин айтып берчү. Кыргыз тил сабагында ырларды жазып келип, "Эже, ыр окуп берейинби?" - десе, "Койчу башаламан ырыңды" ,- деп көңүл деле бурбай койчумун. Көрсө, ошондо эле азыркы рэбин жазып жүрүптүр да.


Төлөбүбү Касымалиева