Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-137-01. Сенден башка адамды көрдүм, Кол кармашып, бирге жүрүп көрдүм. Жаным деп жакшы сөзүмдү айтып, Аны да сүйөм дегем.
ОП-137-02. Нарындык Жаке, Бакуля, Наргиза, Ади, Алыке, Тима- силер менин дос жана аяшкамсыңар. Бактылуу болгула! Батябек.
ОП-137-03. Адамдын башчысы - акыл, бактысы -сүйүү, жетекчиси - таалай, арылбас арман, жашоосу-күрөш, келечеги -үмүт. Үзүлбөгөн үмүт менен келечекке кенен кадам таштаңыздар! Жашоону жакшылап барктай бил, турмушуң тунук булактай аксын. Оору торобосун, жаштык соолубасын, таарыныч кыска болсун, жакшы заман болсун, жаның аман болсун, билгенди бүт карма, башыңды тик карма. Эгизден кийик тут, эркинди бийик тут, арчанын жыты бол!
ОП-137-04. Төлөк айылынын тургуну, Исмаилов Дүрбөлөңдү 9-октябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Сизге бул дүйнөдө жакшылыктардын баардыгын каалайбыз. Ар дайым биздин маңдайыбызда аман болуңуз. Жубайы, уул-кыздары.
ОП-137-05. Мираида, туулган күнүң менен куттуктайм! Алтынай.
ОП-137-06. Мирбек Атабеков супер ырчы!
ОП-137-07. Бир мектепте, бирге окудук күн өтүп, кечирип кой менден кетсе күнөөлүк, ар убакта азыркыдай жылмайып. Көргөн жерде салам берип жүрөлүк. Эх, чиркин өтүп барат жылдарым, назик серпип жүрөгүмдүн кылдарын, Бирге окуган курбуларым эстей жүр. Кымбат экен окуучулук жылдарым, Баардык классташтарыма салам! Силерди сагындым! Окууңарга ийгилик. Гули.
ОП-137-08. Кара-Кулжа районуна караштуу Тоготой айылынын тургуну, 92- жылкы досум Азиретти 7-октябрь туулган күнү менен куттуктаймын! Өмүрүң узун болуп, бактылуу бол!
ОП-137-09. Менин сүйүктүү ырчым Сүйүн Жусупбаевге арналат: Жүзүңүздө дайыма жаркылдаган жылуу сезим менен ууртуңуздагы күлкү күн менен бирдей. Жагымдуу маанайыңыз, жакшылык менен бирдей. Сиздин акылыңыз, асман менен бирдей. Сиздин талантыңызга таазим. Ар дайым ийгиликтер жаралсын!
ОП-137-10. Сүйүү жөнүндө нускалар: Сүйүү эки кишиге тең болууга тийиш, сүйгөн адамың сени сүйбөсө, андай сүйүү алсыз жана бактысыз. Сүйүү касиетсиз жаралган адамды касиеттүү кылат. Сүйөм деп айткан сүйүп жарытпайт. Адамдын оозу кандай болсо, сүйүүсү да ошондой болот. Баарынан күчтүү ыйык сүйүү- эненин сүйүүсү. Ал нерсеге багынбайт.
ОП-137-11. Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын кулуну Тимурланга салам. Бар бол! Жаның.
ОП-137-12. Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундарына ысык салам!
ОП-137-13. Сагындым, апакемди көргүм келди. Эркелеткен сөздөрүн уккум келди.
ОП-137-14. Мен Эльгиза, Айнура, Аида, Зарина, Мунара, Жазгүл деген дос кыздарымды издейм. Эгер, окуп калсаңар "Обон" гезитине смс жазгыла! Мен силерди чыдамсыздык менен күтөм! Аябай сагындым. Зина.
ОП-137-15. "Обон" газетасынын смсчилери супер! Саячка Дина.
ОП-137-16. Супер ырчы Омарга салам!
ОП-137-17. Алтын эжебиз Нурхан! Келе жаткан 12-сентябрь 31 жашка толушуңуз менен куттуктайбыз! Ылайым Алланын мээримине татыңыз, балдарыңыз Сыймык менен Мухаммеддин сыйын көрүп, жездебиздин сүйүктүү жубайы болуп, бактылуу өмүр сүрүңүз! Сизди жакшы көргөн, Айзирек, Тойчубек, Нурзат.
ОП-137-18. ОП-136-93 абоненти, рахмат. сизге да чоң салам. 0772390301 номерине чал, достошобуз. Бакай-Атадан Айпери.
ОП-137-19. Атаке-апаке, мен силерди жакшы көрөм. Бизди чоңойтуп даражага жеткиргениңерге ыраазымын! Уулуңар Темиш.
ОП-137-20. "Не дай бох" командасынан Баха, "Жигиттер" командасынан Азамат, "Юристтерден" Нургазы. Силер супер КВНшиктерсиңер!
ОП-137-21 . Мен Добр менен сүйлөшкүм келип жатат.
ОП-137-22. Ак-Суулук 91-жылкыларга салам! Окууңарга жана ишиңерге ийгилик! Тима.
ОП-137-23. Кагылайын, кыргыз калкым, келгиле ынтымакта бололу! Тима.
ОП-137-24. Ат-Башы районундагы Казыбек мектебине салам!
ОП-137-25. Аалам кенен, асман терең, А бирок, билбеймин неге мен батпай келем. Жүрөк муздап кыйналамын ар дайым, Чындыктын-чындыгына жетпей келем.
ОП-137-26. Сүйүктүү ырчым Мирбек Иманбековго жалындуу ысык салам! Сема.
ОП-137-27. Эркелеп сүйлөгөнгө акым барбы? Эркелет, оо адамдар асыл жарды. Бири-бирибизге ак жол каалап, Жарышта чыгаралы асылдарды. Бул өмүр гүлдөн назик, гүлдөн сулуу, Дүйнөдө адам кымбат, адам улуу!
ОП-137-28. Мен сен үчүн балалыкты таштадым, мен сен үчүн ак сүйүүмдү таштадым. Канча деген айлар, жылдар өтсө да, сага деген ак сүйүүмдү бузбаймын. Белла.
ОП-137-29. Менин саламым сүйүктүү адамыма арналат: Бир болууга тоскоол болду тагдыр неге? Экөөбүздүн жолубуз ийри беле. Каалашпайт жүрөктөрдүн бир болушун, жакындар, ата-энебиз дагы эле. Сырдуу кыз.
ОП-137-30. Таш-Көмүр шаарында жашаган Айтурган мен сени сүйөм! Талгат.
ОП-137-31. Сүйүктүү ырчы Айгеримди келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! Тилегиңиз орундалып, сүйүүнүн даамын татып көрүңүз. Сиз периштелердин периштесисиз. Сизди урматтаган күйөрманыңыз. Нурайка.
ОП-137-32. Сүйгөнгө сүйгөн кат берет, сүйүшүүгө саат керек. Сүйүшүп жүргөн жаштарга, Ажырагыс ант керек. Белла.
ОП-137-33. Дарыянын суусундай ташкындадым. Мени сүйдүң, а бирок сагынбадың, Мен дагы бир күнү башканы сүйүп калсам, Ардагым сен ошондо тарынбагын. Белгисиз күч жүрөгүмдү багындырып, Эңсеп күтүп, бир өзүңдү сагындырып. Эзилип,сагынычтан араң жүрөм. Келиңизчи, күттүрбөстөн зарыктырып. Белла.
ОП-137-34. Сагынсам да келбейсиң жаныма, а мен болсо, баралбаймын жаныңа. Кыйналдым, ыйладым канча жолу, Жолугалбай түбөлүктүү жарыма. Акын.
ОП-137-35. Мен Омар байкеге салам жолдойм жана колдойм! Чаткалдан күйөрманыңыз.
ОП-137-36. Жалгыздык жанга батты, жүрөгүм муңга батты. Өзүңдү эстеп, сүйгөнүң ыйлап жатты. Нуржибек.
ОП-137-37. Жансыз сүйүү, алсыз сүйүү болбосун, Сүйүшкөндөр бири-бирин ойлошсун. Бирди сүйсүн балдар, кыздар баарысы, Оомин, баарыбызды Алла Таала колдосун! Кочкор-Ата шаарынан Алимбек.
ОП-137-38. ОП-136-120 абоненти, бул дүйнөдө адашпаган адам жок.
ОП-137-39. Жалгыз сүйүү жүрөгүмдө орноду, Тынчымды алып бүт денемди козгоду, Азап берип кыйнабастан жөн эле, Жаратканым жанына алып койбоду. Алимбек.
ОП-137-40. Бактыма жаралган пенде белең, Көзүмдөгү тамчылаган жаш белең. Сезимдерди баш ийдирген сүйүүм белең, Мойнумдагы айрылгыс түйшүк белең, Жараткандан маңдайыма жазган белең, Сезилип көңүлү таза наристеде, Жер айланып жаткансыйт сени менен. Жарышып, жаштык убакыт менен, Түбөлүккө болчу мени менен, Туруктуу, бекем сүйүү болсун бизде, Ажырашпай ары кылып арман бетин, Дос бололу сүйүүгө жан эриткен.
ОП-137-41. Сүйүү деген оюнчук эмес бул дүйнөдө, Сүйгөнүңдү сүйүш керек түбөлүккө. Сүйгөнүңдү сүйө албасаң түбөлүккө, сүйбөй эле кой. Кара-Балтадан Эркин.
ОП-137-42. Ойлойм сени, ойлойм сени ар убак. Ойго батып, сарсанаага батамын, Айлуу түндө кучагыма келсе деп, Таң атканча уйкум келбей жатамын. Алимбек.
ОП-137-43. Алгачкы сүйүүмдү тартуу кылганда, Жалгыз тал бизди тыңшап турганда, Байкабаппыз жалгыз анын каларын. Жалгыздыктан тажагандай азыр тал да, Бутак жая күтүп турат бизди ал. Ыйламсырайт жаан жааса нөшөрлөп, ыйлабачы баралы, тосуп алчы күлүмсүрөп. Эркин.
ОП-137-45. Бешенеме жазган тагдырым, Бүгүн эми жаным сенден айрылдым. Арбалдым, алдандым, күйдүм, Ак сүйүүдөн аттиң дагы жок кылдың. Акын.
ОП-137-46. Супер смсчилер, кайдасыңар? Ишиңерге ийгилик! Ангел.
ОП-137-47. Асел, 12-октябрь туулган күнүң менен куттуктайм! Нурай.
ОП-137-48. Жөнөкөй, сулуу эжелерим Айгерим Расул кызына, Бактыгүл Бадыевага жана Кундузга чыгармачылык эргүү каалайм!
ОП-137-49. Сүйүп калуу бир адамды өзүбүздөн башталат, Эрте жаздын гүлүндөй сүйүүлөр арналат. Көңүл деген жаман экен, жакпай калса ташталат, Таштагандын баркын билбей кетет сезим жаралап. Э.Дима.
ОП-137-50. Сагынган менин жүрөгүм, Азабын тартты дүйнөнүн. Кыйналып, ыйлайт эзилип, Сүйгөнүм сезчи күйгөнүм. Акын.
ОП-137-51. "Обон" гезити, каалайм сага куштай учуп жеткирген түрдүү жаңылык, ар бир санын жүрөм сагынып. Эркин.
ОП-137-52. Менин бир тилегим, ырчылар Айгерим, Кундуз, Бактыгүл менен жолугуп, автограф алуу. Нурай.
ОП-137-53. Маматкулова Айгерим, келе жаткан туулган күнүңүз менен куттуктайм! Бар болуңуз! Нурай.
ОП-137-54. "Обондун" смсчилери жана мен деген партия түзбөйлүкпү? Эгер, биз шайланып калсак, Кыргызстанды жаштар республикасы кылып жыргатабыз. Асан 86.
ОП-137-55. Ай чыкканда түн ортосу сүйгөнүм, Кол кармашып сени менен жүрбөдүм. Тагдыр бизди ажыраткандан кийин, Сенден башка мен эч кимди сүйбөдүм. Алимбек.
ОП-137-56. Асел, туулган күнүң менен куттуктаймын! Нурай.
ОП-137-57. Келгиле достор, "Обондун" ар бир чыгуучу жаңы санына, бир темада ыр, каалоо-тилек, пикирлерибизди жазып турсак жакшы болот эле. Кара-Балтадан Эркин.
ОП-137-58. Кумирлерим, Ильяз, Омар, Бактыгүл, салам айтам! Сейил.
ОП-137-59. Жалал-Абаддагы Тайгара айылына чоң салам! Лиза.
ОП-137-60. Шоу-бизнестин суперлери Айгеримге, Кундузга, Добрга, Бактыгүлгө ысык салам! Нурай.
ОП-137-61. Супер смсчилерге супер салам! Айпери.
ОП-137-62. Акын Алимбек, сиздин ырларыңыз мага аябай жакты. Ишиңизге ийгилик. 07770241хх.
ОП-137-63. Алихан сүйлөшкөн кызың барбы?
ОП-137-63. Нурчик, мага чалып койчу? Сейил.
ОП-137-64. Кыргыздын кыздары супер, бирок, жаман мүнөзүңөр жакпайт. Асан86.
ОП-137-65. Асел, туулган күнүң менен куттуктайм! Нурай.
ОП-137-66. Мен жакын курбу кызым Айжанды 3-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Бакай-Атадан Айпери.
ОП-137-67. Тартынбачы тагдырыбыз бир дештен, Таарынбачы гүл зарыма кирбестен. Өткөрүпмүн өмүрүмдүн кыйласын, Бул жашоодо сенин барың билбестен. Кыргыз кыздары суперсиңер, бирок, алдаганыңыр балдардан өтүп кетип жатат. Суранаарым азыраак калп айткылачы. Асан86.
ОП-137-68. Урматтуу Обонушка, Силерге бир кызыл гүл жөнөттүм. Тамырында береке, жалбырагында ыйман, сабагында урмат-сый, жытында бейиш, өзүнөн сүйүү сезими тарап турат. Чын жүрөгүңөр менен кабыл алгыла. Белла.
ОП-137-69. Ош обласына караштуу, Баш-Булак айылындагы баардык 90-жылкыларга жана ошондой эле классташыбыз Урмат менен Миргүлгө куш бооңор бек болсун, бактылуу болгула демекчимин. Достор, баарыңар аман болгула, келечегиңер кең болсун. Силерди урматтаган Асилбекович Алымбек.
ОП-137-70. Кыргыз элим, сүйүктүү мекеним.
ОП-137-71. Досум Бекиш, эмне гезиттин бетинен эле түшпөй калгансың? Айка .
ОП-137-72. Жумушту кылам деп мактанып, биздин партиялар эч нерсе кылбай эле кылабыз, деп куру убада берип, элди алдап жатышат. Эптеп, депутат болуп алышса болду. Алар, элди ойлогон жок, өздөрүнүн байлыгын сактап калыштын амалын издеп жатышат. Улан 86.
ОП-137-73. Саламатсызбы, Добр байке, мага сиздин бардык ырларыңыз жагат. Мен өзүм да ырга жакынмын. Нурбол 96.
ОП-137-74. Таш-Көмүр аймактык колледжинин окутуучусу Медер агайга ысык салам!
ОП-137-75 . Мен ыраазычылыгымды Оштун Мэри М.Мырзакматовго билдирем. Кыргыз элим сиздей патриот мырзаларына зар болуп турган чагы. Түштүк 100% сиз менен, азаматсыз! Мен сизге толук ишенем. Улан86.
ОП-137-76. Кыргыз элим, сүйүктүү мекеним, кичинекей жерибизди сактап, коргош биздин милдетибиз. Кыргызстан, сени сүйөм! Акылкарачач.
ОП-137-77. Салам айтам, кандайсың деп Нурайым, Түбөлүккө колуңду сурасам бересиңби? Суйкайып, татынакай болуп сен, Айылыма келин болуп келесиңби? Үнүң назик, сөзүң назик балкыган, кандай сулуу болдуң экен суйкайган. Маяк бербей чалсаң, угар эле сөздөрүңдү тажабастан. Нурайым деп атыңды айтып, жылмайып, Жолукканча жүрөмүнбү кыйналып. Жолукканда жагып калсаң сен эгер. Айылыма ала качып кетемин го. Кара-Балтадан Эркин.
ОП-137-78. Оо, менин сүйгөнүм качан сага жетемин деп жүрөмүн. Эгер жаным жетип барсам азыр эле Кысар белең кучагыңдан чыкпас кылып. Мен ишенем ,жолугабыз жакында экөөбүз. Уланар, балким, анда сүйүүбүз, Бирок, жаным бар турбайбы сүйгөнүң. Сүйүүңөргө тоскоол болуп жүрбөйүн. Кара-Балтадан Улан.
ОП-137-79. Гүлнур Сатылганова, сизге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Күйөрманыңыз Айка.
ОП-137-80. Кадамжай районуна караштуу, Жаңы-Айыл айылындагы Жошук атындагы мектебинин 11-классына чоң салам. Элнура.
ОП-137-81. ЖАМУнун ФРЯЛ факультетинин РЯЛ-09 группасына чоң салам! Мен силерди сагындым. Айсулуу.
ОП-137-82. Көрдүм мен карагаттай көздөрүңдү, Уктум мен балдай ширин сөздөрүңдү. Асмандагы жылдыздарды бирден алып, Таксам дейм мүмкүн болсо шуру кылып. Жылмайганың бир өзүңө жарашкан, Алтыным, оорубагын махабаттан. ВК.
ОП-137-83. Бека, келе жаткан 10-октябрь туулган күнүң менен куттуктайм! Шымкенттен күчүгүң.
ОП-137-84. Кара-Кулжа районуна караштуу, Октябрь айылында жашаган эжем Бегайымга салам! Дайыма жаркылдап, ууртуңдан күлкү жайнап турсун. Бактылуу өмүр сүргүн. Сизди аябай жакшы көрөм. Гүл.
ОП-137-85. Таш-Көмүр шаарындагы Т.А. колледжинде билим алып жаткан ЭБУ-1-08 группасына ысык салам. Ар дайым алга! Элиза.
ОП-137-86. Адам ата алыстан келгенде, Обо эне эмне үчүн Адам атанын кабыргасын санап турган? Жооп күтөм. Аси
ОП-137-87. Жалгыздыкта кубат берген досторум: Зуля, Ырысбек, Жанусь Роза, Ринат, Нури, Айгүл, Бакуля, Бактыгүл, Айчүрөк баардыгыңарга ысык салам жолдойм! Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпей, ар дайым бар болгула. Мен силерди сагындым. Аси.
ОП-137-88. Супер КВНшик Саламат Алиевге салам жолдойм! Э.
ОП-137-89. Кыргыз элим, жерим, мен жакында борборго барам. Кучанпе.
ОП-137-90. Нурия аттуу маданияттуу, акылдуу бир кызды 28-сентябрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап кетем. Рос-Ноудан досуң.
ОП-137-91. 10 кишини алдасаң калпычы, 100 кишини алдасаң аферист, 10000 кишини алдасаң депутат, депутатты алдасаң спикер, ал эми 5миллион элди алдасаң президент болосуң. Улан 86.
ОП-137-92. М, акактай тунук , ак кардай таза сезимдер менен мен сени жакшы көрөм!
ОП-137-93. Өткөн күндөр дагы да кайрылабы? Абалымды сураган бир адам барбы? Ыйлап, ыйлап буркурадым сени эстеп, Алтыным деп эркелетчү адамым эми кайда калды? Эзилемин сагынычтан айла канча. Айтчы мага айтчы күнөө эмнеде, Мүмкүн, чындап күнөө менден кетти беле? Ангелочка.
ОП-137-94. Ардагым, сен мени эстейсиңби? Сага деген сезимимди сезесиңби? Күтө берип сени абдан жүдөдүм го, Келип мага ак сүйүүңдү бербейсиңби? Арадан канча убакыт өтсө дагы, Ардагым сен деп гана жашай берем, Жүрөгүмдүн кулпусун сага арнап. Кадамжайдан Нури.
ОП-137-95. Баардык окурмандарга ысык салам! Чет мамлекетке аттанып жаткан досум Алимбекке, жолуң шыдыр болсун, жолдошуң кыдыр болсун! 05523227хх.
ОП-137-96. Убакыт учуп жатат учкан куштай, Агып жатат, шар аккан агын суудай. Кечээ эле бала элек оюнкараак, Бүгүн болсо жүрөбүз турмуш жолдо, Классташым, алтындарым жолубузду тагдыр кайсыл жакка бурду? Таттуу балалык, окуучулук кезим кайда каласың? Азыртадан арманда калгандаймын. Ангелочка.
ОП-137-97. Мен ишенем ар күн сайын таңда кечте, Гүл көтөрүп, мага гана келериңе. Албетте, жолугабыз биз бир күнү, Кол кармашып басабыз, бак этегинде. Кадамжайдан Нурила.
ОП-137-98. Классташтарым, алтындарым, кымбаттууларым, силерди аябай жакшы көрөм. Балалыгыбызда бир-бирибиздин кадырыбызды билбеген экенбиз. Окууну аяктап жатканыбызды эстегенде, жүрөгүмө туз сепкендей тызылдап, ачышып жатат. Канчалык силерге байланганымды эми сезип жатам. Келечегиңер кенен, ар дайым бактылуу болгула! Ангелочек.
ОП-137-99. Айдын нуру төгүлүп тереземден, Сызылып жашым акты карегимден. Түндөсү түшүмө киресиң, Жылдыздарды аралайм сени менен. Кадамжайдан Нурила.
ОП-137-100. Алайлык Элиза, сенин кадырыңа жетпеген балага колуңду берип, турмуштан жолуң болбой калды.Элиза, мен сени сүйөм! 05530516хх
ОП-137-101. Биздин коломтобуздун күйүмдүү кожоюну, камкор атасы, сүйүктүү жары Белекти 2-октябрь 55жашка толушу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз.Кааларыбыз бекем ден соолук, арчадай узун өмүр, булактай тунук көңүл, жүзүңүздөн эч качан күлкү кетпей, кайда гана барбаңыз ийгилик сизди дайыма коштоп жүрсүн! Биздин маңдайыбызда ар дайым бар болуңуз, аман болуңуз! Өмүрлүк жарыңыз Мыскал жана уул-кызыңыз.
ОП-137-102. Биздин алтындай болгон апабыз Мыскалды 2-октябрь мугалимдер күнү менен куттуктайбыз! Апа, ден соолугуңуз чың болуп, дарыядай узун болсун өмүрүңүз, капа-кайгыны унутуп, ар дайым төрүбүздүн көркү болуңуз, өз кесибиңиздин мыкты адиси болушуңузга чын дилибизден тилектешпиз. Аман болуңуз, бар болуңуз! Балдарыңыздын сый-урматтын көрүңүз! Уул-кызыңыз.
ОП-137-103. Кыргыз эстрадасына салымын кошуп келген ырчы Тынай Алыбаевге салам. Талантыңыз ташкындай берсин! Сиздин жаңы ырларыңызды чыдамсыздык менен күтүп келем! Күйөрманыңыз Айзирек.
ОП-137-104. Эсен, Казакстандан эртерээк келчи жаным, мен сени сагындым. Жөжөң.
ОП-137-105. Менин жакын досум, Мээримди кыздуу болушу менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мека, кызыңдын келечеги кең, ден соолугу чын, кыргыз элимдин чыгаан кыздарынан болушун каалаймын. Бегайым.
ОП-137-106. Айбек байке, куш бооңуз бек болсун, жеңем Назик менен кармашкан колуңар эч качан үзүбөсүн. Бактылуу үй-бүлөлөрдөн болгула! Иниңиз Максат.
ОП-137-107. Жика, эртерээк сакайып кет! Альбина.
ОП-137-108. Айжан туулган күнүң менен куттуктайм! Нурай.