Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

  Керемет кечтин маеги

Жамийла Сыдыкбекова, эл артисти:
"Курманжан Датканын ролу күтүүсүз болду"
"Апамдын махабаты" сериалында гүл курак кезинде кабылган ашыгына жетпей калып, өмүр бою көкүрөгү түтөп жашаган Сейилди жамы журтка тааныштырып, калктын сүйүктүү актрисасына айланган. Жамийла Сыдыкбаеваны акыркы жылдары тасмадан-тасмага түшүү менен өнөр бийиктигине көтөрүлүп бараткан, таланты да, тагдыры да даңазалуу актриса десек болот.


"Бийчи болбой калганыма өкүнөм"
Балалык кезим 5 жашка чейин айылда, андан кийин Фрунзе шаарында уланды. Ата-энемдин темирдей бекем тартибинде, 4 кыз, эки эркек 6 бир тууган өсүп аттык. Атам эмне десе, ошону аткарчубуз, мукактанып, суранып туруш деген жок эле. Атам журналист, чыгармачылык чөйрөдө болгондуктан менин жан дүйнөм да бала кезден чыгармачыл болуп калыптанып калган. Менден кийинки Марипа деген сиңдим кичинекей кезинде музыка чыкса эле колдорун шакылдатып бийлеп кирчү, анын кесиби бий болоруна ата-энебиздин көзү жетип, хореографиялык окуу жайга беришкен. А менин да бийге ышкыбоз экенимди алар билбей калган, себеби, мен сиңдиме караганда тартынчаак элем. Азыр кээде бийчи болбой калганыма өкүнүп да кетем.

"Cтуденттик курагым"
Мектепти бүткөн соң Университеттин чет тилдер бөлүмүнө өттүм. Москвадан актёрлук курска тандоо келгенин угуп, ага да даярдык көрүп аттым. Атам: "Эгер артист болом десең бир тыйын бербейм, өзүң окуйсуң" деди эле, "макул папа, уруксат берсеңиз эле болду, эчтеке сурабайм" деп ыйлап, макулдугун алгам. ГИТИСте окуп жүргөндө атактуу театрлардын баарына барып, көрүп чоң дүйнөгө көзүбүз ачылды. Ата-энебиз алыста, өзүбүз болсо баёо кез, окуткан мугалимдерибиз биздин экинчи ата-энебиз болгон эле. Станиславскийдин окуучулары сыяктуу дөө-шаалардан билим алганыбызга сыймыктанабыз жана курсташтарымдын атынан ошол мугалимдериме ыраазычылык билдирип, таазим кылам.

"Оштун маданияты театр ачылганда көтөрүлгөн"
Алгач Жалал-Абадга театр ачылып ошондо иштеп, анан Ошко кеттик. Спектакль башталганга чейин режиссёр Адылбек Дыйканбаев элге театр деген эмне экенин түшүндүрчү. "Театрга баарыңар жасанып келгиле. Театр деген - адам эс алып, жан дүйнө көрөңгөсүн таап, сулуулуктан, кооздуктан рахат алуучу жай" дечү. Башында базардан келаткан тейден, баштык-үштүктөрүн көтөрүп, маасы-көлөччөн келишсе, убакыт өткөндөн кийин жарашыгы менен татынакай кийинип келгенге көнүп калышкан. Чыңгыз Айтматов көзү ачыктык кылып айткан маңкуртизмдин келишине, элибиздин театр чөйрөсүнөн алысташы да себеп болду. Илгери биз гастролдон бошочу эмеспиз, алыскы аймактарга барганда көздөрүн жыбыратып, жаш өспүрүмдөн баштап, кары-картаңга чейин спектакль көрүп отурушчу эле. Алар ошондо жандүйнө байлыгын жан куржунуна салып алганга үлгүрүшкөн. Эл ошентип, маданият менен тарбияланган. А бүгүнчү? Балдарыбыз уурулук кылып, нашаа чексе, кыздарыбыз курсагы салаңдаган бай "чалдардын" тебелендисинде калышты.

"Менин өкүнүчүм"
"Уркуя" тасмасындагы басмачы Текенин аялы Гүлайымдын ролу сунушталып, ошол маалда ГИТИСте сессия тапшырып жүргөн элем, сессия убагында сурангандан тартынып, киного тартылганга барбай койдум. Кийин жолукканда Океев: "Балким, сен ойногондо ролду андан да кеңейтет белем, сонун рольдон калдың да" деди. "Каныбек" тасмасындагы Бегайымдын ролу сунушталгандан кийин "Агай, менин боюмда бар да, ат минсем балага зыян келип калбас бекен" депмин. Кийин ойлосом, атты минген жерин дублёр деле ойноп коймок экен.

"Апамдын махабатында…"
Сериалга тартылганы көлгө жуп жөнөөрүбүздө Жеңишгүл Өзүбекова Эгемберди экөөбүзгө "Сериалдын баш каарманын ыроолоп атып, чыгармамды силерге, силерди кудайга тапшырдым" деп, батасын берип узаткан. Сериал чыккандан кийин көчөдө баратсам бир аял алдыман чыгып: "Айланайын, дал эле менин тагдырымды ойноптурсуң, өркөнүң өссүн" деп батасын берген. Эгемберди менден 4 жашка кичүү да, "кудум эле турмушта сүйүшкөндөй бири-бириңерге жарашып калгансыңар," деген да күйөрмандар болгон.

"Курманжан датканын ролу күтүүсүз болду"
Тасмага тартылардын алдында түшүмдө бийик тоолорго чыгып, жүрөгүмө кандайдыр бир жакшылыктын жышааны келе берчү. Кастингден өткөндөн кийин наркы, даңкы бийик апабызга жыт чыгарып куран окуттум. Алай жергесине тасма тартууга барганда эли ушунчалык кубанып, кучак жайып тосуп алды. Чыгармада Курманжан датка уулун дарга асканда да көзүнө жаш алган жок деп берилет эмеспи, а мен актёр катары ойлондум, эне канчалык кайраттуу болсо да кантип баласына ыйлабасын? Элдин көзүнчө карманса дагы өзүнчө калганда боздойт да. Көрсө, Замир Эралиевдин дагы режиссёрлук көз карашы ушундай экен. Камчыбекти дарга тартып келгенден кийин боз үйдө жалгыз калган кезимде көзүмдөн жашым салаа-салаа агып кетти...

"Таттыбүбү эжеден уруксат сурагам"
1974-жылы Имаш Ош театрына иштегени келди. Бул кезде эже экөөнүн тагдыры эки башка жолго түшкөн кези эле. Бир жылдан кийин жылдызыбыз келишип, үйлөнүп, татына кыздуу болдук. Имаш бой десең бою, өң десең өңү бар, "менин эле күйөөм болсочу" деп кыз-келин тамшангыдай өңдүү жигит болчу. 1979-жылы Бишкектеги Академиялык театрга которулганга туура келип, "Театрда чогуу иштегенге уруксат бересизби" деп, Имаш аркылуу Таттыбүбү эжеден уруксат сурадым. Жаркылдаган айкөл аял эмес беле, "келе берсин" дептир, шаарга көчүп келип, бирге иштеп калдык. Гримденүүчү бөлмөмдө отурсам эшикти ачып: "Кандай, Жамийла!" деп шаңк эте учурашып анан: "Имаш таарынткан жокпу?" деп сурап койчу эле.

"Көралбастык да болду, көз да тийди"
Ошто иштеп жүргөнүмдө, анда биз үйлөнө элекпиз, "Ромео менен Жульетта" спектаклинен алынган, Имаш менен Таттыбүбү эженин сүрөтүн көрүп ушунчалык суктанчу элек. Экөө тең сулуу, жапжаш, бой-сымбаты келишкен, бири үчүн бири жаралып калгандай түгөйлөр болчу. Чындыгында экөөнүн ортосунда чоң сүйүү бар экени билинип турчу.

"Эсимде калган…"
Ошто жашап жүргөндө уул атасына жакын болот эмеспи, Канат барып турчу. Бир күнү апасына кийип барсын деп свитер токуп баштадым. Бүтпөй калып таксиде баратып да шашып токуп атам, аэрпортко жеткиче түйүп бардым. Имаш "бол эле бол, самолёт учат азыр" деп шаштырып атат. Бактыга жараша "рейс жарым сааттан кийин" деп калды. Анан, мен деле бүттүм, самолёт деле даяр болду. Бала да, качан кийем деп күтүп аткан. Канат сүйүнүп свитерин кийип, апасына жөнөп кетти.

"Анын жүрөгү күйүп кетти"
"Адам өлөрүн билет" деген сөзгө ишенем, Имаш өлөрүндө Алматага гастролго чыккан эле. Чогуу барган артисттер: "Баргандан келгенче "Өткөн өмүрдү" ырдады. "Ай, токтотчу" деп токтото албай койдук" деп жүрүштү. Каза болоорунан бир жума мурун кесиптешим Сайрагүл Мырзалиева, Имаш үчөөбүз сүйлөшүп отурсак: "Мен өмүрүмдө эки ажайып аялга жолуктум, ошон үчүн кудайга миң мертебе ыраазымын" деди. Көрсө, бул сөзү тирүүлүгүнүн акыркы ирмемдериндеги мага айткан керээзи, ички ыраазычылыгы экен. Татаал тагдырына пенде катары кылган таазими экен. Ошентип, 1992-жылы азап-тозоктон, элдин ушак-айыңынан кутулуп, жарык дүйнө менен кош айтышты. Турмушуна тиешелүү сөздөрдү угуп жүрүп, ошондон жүрөгү күйүп кетти. Имаш дүйнөдөн кайткандан кийин да мен балдар менен чогуу жашап жүрүп, көп убакыттан кийин өз алдымча кеттим. Асель, Канат экөө менен болгон башындагы сый-урмат бүгүнкү күнгө чейин жакшынакай сакталып калды.


Афина Бакирова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика