Кыргыз гезиттери




Нурзат Садыкова:
"Эгиз балдардын энеси болсом…"
Чыгармачыл чөйрөгө жан дүйнөсү менен берилип, талантын элге тартуулаган аракетчил ырчы айым Нурзат Садыкова бүгүн бизде мейманда.


Кыскача:
Фобиясы: жер титирөө жана чагылган.
Улуттук тамактардын баарын жакшы жасайт.
Жакшы жаңылыгын эң биринчи апасы менен бөлүшөт.
Ар бир адамды өзүндөй көрө берген сапаты жакпайт.
Намаз окуган сайын көзүнө жаш алат
Жүзүмдү жеп атканда татбити шумдук ачылып кетет.
Көп колдонгон сөзү - Аллах
Жашоодогу урааны - Эки дүйнөдө бактылуу болуунун аракетин кылуу.

- Алгачкы сөздү, эстегенде жылмаюу жараткан балалыгыңыз тууралуу баштасаңыз.
- Мен Нарын жергесинде төрөлүп, ошол жердин абасын жутуп, суусун ичип, топурагын таптап чоңойгом. Балалыгымды эстегенде жүрөгүмдө эргүү, жылуу сезим пайда болот. Эч нерсе менен ишим жок, эч кандай көйгөйлөрдү билбей, эң таза сезим менен өткөрчү убак экен да. Мектепте окуп жүргөндө эле ырдаганды сүйчүмүн, ар кандай сынактарга катышып, айтор, мен жок бир да кече көркүнө чыкчу эмес (күлүп). "Жаштын тилегин берет" - дейт, мен азыр ыр боюнча сабак алып, талантымды өркүндөтүп, профессианалдуу түрдө алектене баштадым десем жаңылышпайм.
- Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз, алар эмне менен алектенет?
- Менин атам, апам да мугалим, азыр шартка байланыштуу апам үйдө, ал эми атам болсо чакан бизнес менен алектенет. Үч бир тууганмын, эжекем анан иним бар. Эжем турмушта өзүнүн жашоосу менен, ал эми иним студент.
- Сизди "бир караганда сүрдүү көрүнөт" - деп айтышат, мүнөзүңүз кандай?
- Мүнөзүм аябай жумшак, боорукермин. Бирок, аял затынын сүрдүү көрүнгөнү жакшы го деп ойлойм. Өзүмдүн чакан чөйрөмдө шайырмын, ал эми сыртыман тааныбаган адам караса, балким сүрдүү көрүнгөндүрмүн.
- Сайма сайып, шырдак шырып, кийиз жасаганды билесизби?
- Албетте, кыргыздын кызы болгондон кийин билишибиз керек, мен кичинекейимде чоң энем эмне кылса чогуу аралашып, көп нерсени үйрөнгөм, Ал колунан көөрү төгүлгөн ууз болгондуктан, баардыгын өзү жасачу. Ал жагынан чебер болбосом да, сайма сайып, шырдак шырганга алым келет.
- Ислам динине болгон көз карашыңыз кандай? Намаз окуп, орозо кармайсызбы?
- Ислам динине көз карашым түз, беш маал намаз окуганыма тогуз айдын жүзү болуп калды. Ал эми орозону 12 жылдан бери тутам. Эми бул жашоого келген максатыбызды түшүнгөндөн кийин, албетте, ислам динин бекем кармап, акыреттеги жашоону эске алып, өзүмдүн милдетимди аткарууга аракет кылуудамын.
- Анда ичимдиктерден алыс турбайсызбы?
- Мен дегеле эс тарткандан баштап ичимдикти оозума алып көргөн эмесмин. Кээ бири "эми жаңы жыл го" - деп шампандан ооз тийип коюшат эмеспи, мен уурттап да көрбөптүрмүн. Көп эле учурлар болгон баягы мектепте окуп жүргөндө "өткөөл куракта" (переходный возраст) деп коебу, кыздар кызыгышып, "көрөлүчү, ушу кандай болду экен" -деп тамеки чегип же вино ичишчү эле, ошондо менде кызыгуу деле болбоптур, өзүмө таң берем. Эми азыр болсо, ичимдик Алланын өкүмүнө каршы тураарын билип, жолобойм дагы. Анан ичкен адамдарды дагы жактыра бербейм.
- Талант менен татынакай келбет шайкеш келген мезгилде эмнеге жалгыз жүрөсүз?
- Ар бир нерсенин буйругу бар экен, нике кайып буйруган жок, бардык нерсе Алладан экен да. Эми баары алдыда деп ойлойм, убактысы келе элек го. Ошону тилейм, дуба кылам, буюрса жакшы болот деген үмүттөмүн.
- Сизди Турцияга барып келди деп уктук эле, кененирээк токтоло кетсеңиз.
- 23- августта ТРТ каналы уюштурган "Ак шам деңиздери" аттуу теле фестивалга Кыргызстандын атынан барып келдим. Орто азиядан барган ар бир катышуучу өзүнүн мамлекетин көрсөтүп атты. Материалдык колдоолорун өз колдоруна алышыптыр. Жазуучу Чынгыз айтматов каза болгондо мен да жүрөгүм ооруп, ыр жаздырган элем. Фестивалдан ошону аткарып чыктым, Түрк сахнасында Чынгыз Айтматов жөнүндө сөз болду. Азейбаржан эл артисти жазуучу жөнүндө ыр жазган экен, сахнадан окуп берди, адабият сүйүүчүлөрү абдан суктануу менен угушту. Мен үчүн сыймык болду. Фестивалда кийген кийимибизге дагы чоң маани беришти. Мен атайын кыргыз арнаменти менен тиктирдим эле, катышуучулардын арасынан менин кийимиме жогорку баа беришти. Мен абдан кубанычта болдум.
- Сиздин сулуулугуңузга, талантыңызга суктанып, чачы буурул мырзалардын ичинен сүйүүсүн билдиргендер болгондур? Кандай курактагы эркекти түгөйлүккө тандамаксыз?
- Ыймандуу, жашоого болгон көз карашы жакшы болсо, жаш карысына карабайм. Бирок, өө эле улгайып калган адамдар сүйүүсүн билгизген эмес. Мен жашы карысына эмес, кандай адам экенине маани бермекмин, адамдын ыйманына, эркекке таандык сапаттарына, адамдарга болгон мамилесине карайт элем. Эң башкысы ыймандуу болсо, бир сүйлөсө, өзүнө тыкан болсо, таза болсо, мени сыйласа, мени сүйсө мага ошол эле керек.
- Өзүңүздү жыйырма жылдан кийин кандай элестетесиз?
- Жыйырма жылдан кийин буюрса 48 жашта болот экем, мээримдүү эне, сүйүктүү жар. Негизи, мен эгиз балдарым болсо экен деп абдан тилейм, абдан жакшы көрөм. Жыйырма жылдан кийин, балким, алты же сегиз баланын энеси болом (күлүп)
- Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенесиз? Кошумча каражат булагыңыз барбы?
- Мен учурда сырттан окуп жатам, башка жерде иштебейм, эч кандай жеке ишим жок. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей мен дагы бир гана чыгармачылык менен алектенип жатам.
- Эгерде миллионер болсоңуз кандай иштерди аткарат элеңиз?
- Зекет берүү эң чоң сооп деп айтылат го, эң биринчиден жетим жесирлерге, карыларга жардам бермекмин. Андан кийин мечиттерди, медреселерди курмакмын.
- Эмнеге өкүнөсүз?
- Намазды кеч окуп калганыма өкүнөм. Тогуз айдан бери окуйм, негизи кыздар 12 жашынан тартып окушу керек экен. Жүрөккө башка нерселерди киргизип алып жүрө бериптирбиз. Намазды окуш керек экенин билчүмүн, бирок, кайдыгер мамиле жасаганыма өкүнөм.
- Сулуу аялзаты деп кандай айымды айта аласыз?
- Сулуулук Алладан берилген белек деп эсептейм. Жаштардын баардыгын сулуу дейт элем. Ал эми аял затынан ички дүйнөсү таза, мээримдүү, жылдыздуу айымдарды сулуу деп эсептейм. Бирок, ар бир айым өзүнө кам көрүп, тың болсо, сулуу болот, өзүн карай билиши керек.
- Сиз алдамчыларга же гипноздорго кабылдыңыз беле?
- Бала кезде, 13 жыл мурун Дордой базары жактан, цыгандардын колуна туш болуп калып, алар менин акчамды алып калышкан. Менин колумду кармашып, сумкамды ачып үйлөп атышкан, мындай чыгып карасам акчам жок экен.
- Сиз үчүн идеалдуу жолугушуу?
- Жаратылыштын койнунда сыр бөлүшүп олтурган кандай сонун, кандай керемет. Мен негизи жаратылышты абдан жакшы көрөм. Мен үчүн идеалдуу жолугушуу деп, кымбат бир ресторанды эмес, жөн гана жаратылышты айтат элем.
- Азыркы жаштар жарандык никеде жашап, анан үйлөнүп жатышпайбы, буга сиздин көз карашыңыз?
- Эми шарият менен караганда никесиз чогуу жашоону зина деп коет. Мындай көрүнүштүн баары батыштан келип жатат да. Бирок, "казды туурайм деп карганын буту сыныптыр" болуп, өзүбүз жабыркап калабыз. Андыктан, мен туура эмес деп айтат элем.
- Эгерде сизге мүмкүнчүлүк берсе эмнени өзгөртөт элеңиз?
- Өзгөчө кыздардын көчөдө денесин сатып жүргөндөрүн көргөндө жүрөгүм ооруйт. Алар келечектеги эне, аял дагы да. Алар өздөрүн туура эмес жолго буруп алышкан. Мен аларга зээним кейийт. Эгер колуман келсе, сойкулукка катуу тыюуу салмакмын.
- Мырзалардын арасынан инсан катары өзүнүн алып жүрүүсү, баскан турганы, сүйлөгөн сөзү, кылган иш аракеттери менен белгилүү чөйрөдөн жактырган адамыңыз барбы?
- Белгилүү журналист Эрнист Кыязов өзүн абдан эркин алып жүрөт, жөнөкөй сөздөр менен элге жеткиликтүү кылып алып барат. Башында мага анын программаларынын баары жакчу,өзгөчө ажыга барган сапарында тартып келген программасы мага чоң таасир калтырган.
- Эгерде сизге мүмкүнчүлүк берилсе ким менен дуэт ырдайт элеңиз?
- Мен негизи чыгыш бийлерине, ырларына жакынмын. Эгерде мага ошондой мүмкүнчүлүк берилсе, мен Авраам Руссону тандамакмын. Анын ырлары мага жагат.
- Алдыда кандай максаттарыңыз бар ?
- Алдыда пландарым абдан көп, буюрса, "Ата-Журт" деген ырымды жаздырып, клип тарттырсам деп жатам, дагы жаңы ырларды жаздырсам, элге жаңыча ырлар менен чыксам деп турам.
Нургүл ИБРАЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"




Яндекс.Метрика