Сен жана мен

Кемпир шаша-буша жаңы төрөлгөн чүрпөнүн бетиндеги туңгагын алаканы менен сүртүп ийип, "баа" деп үн салган чүрпөнүн үнүнөн кайра өзү чочуп кетти. "Курган жаным, катуу кармап ийип, майып кылып албагай элем. Ка-ап, сенин тилиңе кирбей эле догдурга алып барсам болмок экен" деп кобуранып алды. Калдастап, бир кармаган буюмун он кармап, суу жылытып, жууп тазалап, кыңкылдаган кызыл этти ороп - чулгап жүрүп, жан дүйнөсүндөгү кубанычын жашыра албай балбактаган кемпир:
- Мына… көрдүңбү, кандай периште төрөдүң? Кыз эмей эле периште… Сен болсо ыйлактайсың. Ии - ий, кибирегим менин! Жүүнү тирүү болот окшойт, карабайсыңбы оозун балапандай ачып-жаап кыбырап жатканын. Эмнеси болсо да үнүбүздү Көктөгү угуп, бизге боор ооруду. Алда кандай болуп кетет деп бушайманданып жүрдүм эле. Мурун мындай болчу эмес, түндө эле жүрөгүм дүпөйүл тартып, бир орунга тынч алып олтура албай калбадымбы. Анан калса таңдын атмагы да тозок болду. Туюмум алдабаптыр. Кечигип калсам эмне күн көрөт элең? Жок, андай жаман ойдон алыс болоюнчу, - деп Тумара менен сүйлөшкөнү же өзү менен өзү сүйлөшкөнү белгисиз, өзүнчө эле кыбырап жаны да, оозу да тынбай жатып бир оокумда саатты карап алып чочуп кетти.
- Мен куруйун, бабырап жүрүп алганымды кара. Тигил жакты таштап салып басып кеткенимди билишсе, жумуштан айдап салышат. Эмдигиче Варя да келип алып, мени сыйпалап таппай калган чыгар, - кемпир үн салып жаткан наристени бир карап, Тумарага:
- Мен жарым саатка жетип - жетпей келип калам. Сен жат,турбай жата тур. Бир аз жаның жай алсын. Мен сүт ала келейин, чайга кошуп ичишиң керек, сүт болот, - күбүрөнүп чыгып кетээри менен Тумара ордунан акырын козголду. Эки көзү наристеде. "Ал келгенче жетишип калышым керек" деген ойдон жайылган чачын жыйды. Толгоосу башталгандан бери Адыл эсине түшүп, анын ар бир кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөздөрү, башын артка таштай каткыра күлгөнү, кабак чытыганы, жекире тиктегени кайра - кайра элестелип, ошондон улам өзүнөн өзү туталанып, кыжыры кайнап жаткан. Азыр болсо бош оролгон балага кайдыгер көз таштап "жоготом!" деп шыбырап алды. Жедеп дили карарып бүткөнТумарды токтотуп калууга эч мүмкүн эмес эле.
"Балада эмне айып?! Акылыңан адашпа" деп күндө какшанчу кемпирдин сөздөрү кайра - кайра кулагына жаңырганына карабай, эртерээк колу-бутун тушаган бала - балээден кутулуп, эркин болууну көксөгөн жаны дарбазадан уурдана чыгып, бир көчө нары жайгашкан төрөт үйүн көздөй шашылды. Боорунда ымыркай…
Кемпир тердеп-кургап кирип келип, ээн калган бөлмөнү көрүп томсоро түштү. Дароо түшүндү. Кан - сөлгө бөлөнүп тарбалаңдаган баланын жыты алканына сиңип калгандай сезилип, улам-улам колун жыттап, толкуп келген жүрөгү сызыла түштү. Ушул маалда көзүн жылтыратып, шылкыя сырттан кирген Тумардын бош колун көрүп ачуу айкырып алды:
- Кана бала? Бала кана дейм?! Эмне кылдың сен аны ?!
Тумар мелтейип туруп берди. Кемпир күйүп-бышып чебелене түштү:
- Бетпак! Кантип колуң барды? Жооп бербейсиңби, эмне кылдың? Эне болбой куруп калгыр! Мен сенин ушундай мерез, боору жок неме экениңди билсем, бакмак тургай үйүмө карыш жолотмок эмесмин. Баланын кусуру урсун сени! Окшошкон гана ар-рамдар! - кемпир дагы бир топ ачуу сөздөрдү айтып албууттанып алды.
Демейде жандан бөтөнчө боорукер, өз энесинен кем эмес мээрим төгүп бөпөлөгөн кемпирден уудай сөз угам деп күтпөгөн Тумара ээси оогондой жалдырап туруп берди. Адатынча акыл- насаатын айтып бир сыйра наалып алат, көп болсо анча - мынча урушат чыгаар деп ойлогон. Азыр болсо кемпирдин кептеринен, кебетесинен коркуп, эмне кылмыш кылганын эми гана түшүнгөндөй, азыр кармап калып, айыбын баарына аччудай сезимден чочулаган кыз кеткиче шашты. Ыйлап да, тилдеп да жаткан кемпир шарт артына кайрыла берген Тумарды босогодо жаткан эски шыпыргыны ала калып бир чапканга жетишти:
- Жогол, бала - салаңдын артынан жогол! Ыпылас бутуң, ылай денең менен үйүмдү тебелеп, булгабай жогол! Мен шордуу… мен бир куу баш, кайдагы бир кызды боорума тартып, кур үмүткө алданып чоң - эне болбой куруюн. Эмне кылып кеттиң?! - деп акыл-эсинен айныган адамдай уңулдап ыйлаган кемпирдин үнү көпкө жаңырды .
"Экини төрөдүм, экөө тең көзү ачык кетти. Чалым байкуш да эки жыл мурун о дүйнө салган. Жаш өмүрүм өткөнчө бала дегенде ак этип жүрүп ак чач болдум. Абышкам "сага мен эле баламын, дагы эмне кереги бар" деп тамашалап, корсулдап күлүп калчу. Ал мени аягандагысы эле. Анткени өзүм баламын дегендей эле, согуштан алган жарааты жарым жан кылып койгон. Көп ооручу, оң көзү көрчү эмес. Кийин көргөн көзүн да чел басып калды. Баладай карап бактым. Сууну жакшы көрчү, тээтиги темир дагарага отургузуп күн алыс киринтип койсом кадимкидей көңүлү ачылып калчу. Бири - бирибизге сен-мен дешпей, силердин тил менен айтканда сүйүшүп жашадык. "Мен бактылуумун, анткени, сен мени түшүнүп жашадың" деди көзү жумулаарда.
Мына эми мен кара башымды кучактап жалгыз калдым. Менин бактымабы же сеникинеби, экөөбүздү жалгызсыратпай жолуктуруп койгонуна рахмат. Эми менин үйүмдө бала ыңаалайт, кермеге жалаяктарды жаябыз. Чоң - эне болом. Мен эмне бул үйдү көрүмө ала жатмак белем, балаңа белек кылам," - деп чечекейи чеч боло кудуңдап, жашоосуна жан кирген кемпирдин жүрөгүн канатып, бар үмүтүн үзүп басып кетти.
ххх
- Убакыт менен кошо Тумар бул күндөрүн унуткарып, турмуштун жаңы барагын ачуусуна түрткү болгон адам жашоосунда пайда болду. Өзүнөн он жаш улуу экенине карабай, Бектемирге турмушка чыга калса эле кыз кезиндеги кылыгы жабылуу бойдон калчудай, баарына кайыл болуп, аны менен кол кармашып кетти. Бектемирдин башынан бир турмуш кечиргенин уккан ата- энеси каршы чыкса да маани бербей, өзү деле "ак эмес" экенин ойлоп, барган жерин сыйлап ызааттаган, оор басырыктуу келин болуп чыга келди.
Уулунун көңүлүнө карабай эле өздөрү табышкан мурунку келини: "Конок аяк көп келип, киши аягы деле үзүлбөйт экен. Күнүгө идиш жуугандан тажадым" деп кетип калгандан кийин. баласынын бактысын тилеген энеси Тумардын каш кабагы менен кошо айланат.
Сырттагы бир райондо кайын атасы "райком", жолдошу- "райподо" бухгалтер. Бектемир күн өткөн сайын ажары ачылып, бажырайган жаш аялынын көзүн карап, кыйт эттирбей көңүлүн таба билген, түшүнүктүү, тамашакөй, кыялкеч жан. Бардар жерге барган эрке келин жыл айланбай уул төрөп берди. Ошону менен үй- бүлөлүк турмушка баш-оту менен кирип, "качандыр бир кезде кыз төрөдүм эле ай, талаага таштадым эле, ит-куш сүйрөп кеттиби же киши көзүнө чалдыгып аман-эсен калдыбы?" деп ойлосо ойлогон чыгаар, бирок көп деле убайым жебеди. Кумга сиңгенсип көп нерселердин изи өчтү. Бар мээримин уулуна төгүп, баласынын кареги менен тең айланып өстүрдү. Жолдошу да тукум улаарым деп уулун жанынан артык жакшы көрөт. Былтыр студент болгон уулуна карап, жакыныраак бололу деп Кантка көчүп келишкен.
Анан бейкапар турмушун бузуп, каскактай болуп бул жигит кайдан келе калды?! Уулу укса эмне дейт?! Бектемирчи?! "… Алданып калып, балам төрөт учурунда чарчап калган" деп көз жашын чуурутуп ыйлаганда, Бектемири бооруна кысып, соороткуча шашпады беле…Таштап кеткенин билсе… Ушунча аракет менен жеткен бакубат турмушун бул жаңылык бузбашы керек. Жалдырап -жалбарса да бул сырды үй-бүлөсү билбеши керек.
- Атым Дуулат дедиң беле? Экинчи мени издебей эле койгонуң оң болоор. Баары өткөн-кеткен, козгогум келбейт. Мени түшүнүш үчүн менин ордумда болуп, мен көргөн күндү башыңдан өткөрүшүң керек. А сен боло албайсың, мүмкүн эмес. Ошон үчүн мени жайыма койчу. Эми мен эне катары ага керегим деле жок. Өзү эне болоор учуру экен. Бактылуу болгула. Мен аны эмизген да эмесмин, андыктан мен "апа" деген атка деле татыктуу болбосом керек. Үй-бүлөм билбейт, билишин да каалабайм, - деп Дуулаттын бут алдына чөгөлөй калган аял, бир заматта байкуш боло түштү.
(Уландысы кийинки санда)




Нургазы агай

Биз бешөө болчубуз. Ооба бешөө. Азыр экөө элебиз. Улуу эжемди кошкон жокмун. Ал атамдын биринчи аялынан болчу. Ал да, эжем да, мен, сиңдим, эки үкөм, баарыбыз тең Нургазы агайдын мектебинде окуганбыз. Мен арык, кичине элем. Өтө арыктыгыман кулагым делдейип турчу экен, аны сүрөтүмөн көрүп жүрөм. Анан начар окучумун, өзгөчө арифметика, математикадан. Бизди жетимдер дешчү, балдар-кыздар деле, эжейлер деле. Себеби, атам каза болуп калган.
Сажира деген эже биринчи мугалимибиз эле. Дайыма кабагы бүркөө жүрчү. Эсимде калганы колундагы указка менен башың кайсы, көзүң кайсы дебей эле чаап ийгени. Апама арызданып келчү эмеспиз. Апам өзү эле билип койчу эжей кайсы жериме урганын. Эртеси мектепке келчү, эмнеге урдуң деп. Эжей "сабакка даярданып келбептир" дечү. Апам:
- Мен совхоздо иштейм, таңда кетип, күүгүмдө келем, окуткан киши жок, бир окуса мектептен эле окуп жетишпесе мен окута албайм. Кызым оорулуу, чекесине чертпейм, сен да чертпей окут дечү.
Эжей:
- Чекесине чертпегендей кызың эмне, машайык беле? Дагы окубай келсе сабап таштайм. Кулагын чоюп, оозун жырам - дечү.
Апам:
- Кой айланайын антпе, кызым эмне күнөө кылды анчалык, окубаса окубай эле койсун, бирок, урба.
Эжей:
- Эгер кызыңды окутпай, ар чапкан сайын жетип келе берсең сени кошуп линейкага чыгарам. Ал тургай Биримкулов агайдын алдына сүйрөп барам....
Бир билгеним эле апамдын ыйлап чыгып кеткени... Байкуш апам мени ажалдан талашып кайсы жерге гана барбады? Кайсы жерге гана көзүнүн жашын төкпөдү?
Ал күнү талаага ишке барбаптыр. Мен коркуп үйгө кире албай турсам эжем: "апа, Акбукуй эшикте турат, сенден коркуп кирбей атат" десе, апам "эмне болду эле?" деп чоочуп кетти. Демек, урушпайт экен деп ойлодум. Апам босогого жеткенде мен да жетип арбашып калдык. Апам ушундай бир аялуу көз караш менен карады эле, эреркеп кеттим.
- Урдубу?- деди. Мен "жок" десем, "бетиңди ким чойду, эмнеге көгала" деди. "Эч ким" деп жер карадым. Апам терс бурулуп кетти. Көпкө чейин ийни бүлкүлдөп, көзүнүн жашы буурчактап атты.
Эрте менен чачыбызды майлап өрүп, Ыкын тайжемин эски ак бантигин байлап, эжем экөбүздү Агрономдун этегинен жетелеп мектепке алып келди. Жеткиче апам эс алган жок, биз да тең жарышып келатабыз. Мен күйүгүп акактап калдым. Аралык аябай алыс болчу. Апам мени аркасына көтөрүп алды. Класска кирбестен түз эле Биримкулов агайдын кабинетине кирип барды. Жапакеч, сылык агай ордунан ыргып турду:
- Ой, тынччылыкпы, эмне болду, жыгылдыбы, келе гой отур, айтчы эмне болду?
- Агай... - апам ушуну гана айтты. Мени жерге түшүрүп, алдына алып отуруп буркурап ийди.
- Эмне болду? - деп агай өктөм сүйлөдү. Антпесе апам ыйын токтото турган эмес.
- Ушул кызымдын бир буту ары жакта, бир буту бери жакта. Оорулуу. Мектепке бергенимин себеби "а" деген арипти эле таанып алсын дегем. Эжейи указка менен сабап, беттерин чоё берет. Сизге келгенден башка аргам калбады. Жардам кылыңыз. Мына бул бир тууган эжеси 2-класста окуйт, 1-класска түшүртүп бериңиз. Сизден ушуну суранып келдим, сиңдисин карап жүрсүн. Эки күндүн биринде ооруп келбей калат, ошондо сабакка жардам берсин.
Агай оор басырыктуу үнү менен апамдын, биздин аты жөнүбүздү, кайсы класста окуурубузду, атамдын өлүп калганына чейин сурап билип, дептерине жазып атты. Эсимде калганы "чоң кызың классында окуй берсин" деген агай. Апам:
- Жок агай, мен сизге ошон үчүн келдим. Сиздин бир ооз сөзүңүз эле керек, мугалимдерине дайындап айтып коюңуз суранам. Кызымдын оорусу катуу - деп жалынды. Анан эмне болду билбейм, айтор, бир сааттан кийин эжем экөөбүз бир класска барып отуруп калдык. Биз менен кошо кирген Биримкулов агай:
- Сиз сабактан кийин мага сөзсүз жолугуп кетиңизчи- деди эжейиме.
Андан ашык сөз айткан жок. Апам болсо "кызымды ура көрбө, кагылайын" деп боздоп кетти. Эжейимин көзүн кан тээп, колунан келсе мени жеп жиберейин эле деп турду. Агай менен апам кеткенде эжем экөөбүздү бөлүп, такыр тамга тааныбаган, кийими кир, дайыма биттеп жүргөн, өтө эле кап-кара болгон, шок, бейбаш, классты чаңдаткан эки бала менен отургузуп койду. "Отурбайбыз" дедик бышактап, "силер ким экенсиңер отурбагандай, же эмне тил бүтүп калдыбы, сабакты ошентип жооп берсеңерчи андан көрө" деп жекирди.
Эртеси келсек эжейдин кабагы ачылбайт, тике карабайт, сабак да сурабайт. Биримкулов агай молдо кылып койгон экен деп кубанып калдык. Бирок, жаныбызда отурган эки баланы указка сынгыча сабады. Биринин мурду канап, биринин башы жарылды. Эжей ал балдар аркылуу менден өч алып жатканын балалык сезим менен ал кезде билген эмес элем.
Үч күндөн кийин класска агай кирип келди. Окуучулар жапырт тура калдык. Эжей өзүн коерго жер таппай байпастап калды.
- Карагуловалар барбы?- деди агай. Биз кол көтөрдүк.
- Экөөң сабак бүтөрү менен мага кире кеткиле, макулбу? - биз бири-бирибизди тиктешип калдык - Макулбу? деди дагы. Биз баш ийкедик. Азаматсыңар, унутпагыла. Эжейи, сиз эскертип коюңуз, бала да, унутуп калышпасын - деп чыгып кетти. Агайдын баскан дабышы угулбай калгыча классыбыз менен туруп турдук. Эжей да отургула деп айткан жок.
Сабак бүттү. Эжей эч нерсе деп эскерткен жок. Бардыгынын аягында биз чыктык. Агайдын кабинетине барганга даай албадык, аябай сүрдөйт элек. "Сен барчы" дейт эжем. Мен "сен өзүң бар" дейм. Ушинтип түртүшүп атканыбызды көргөн агай, бизди көздөй заңкайып басып келатса аябай коркуп кеттик. Жүргүлө деп кабинетине алып келди.
- Сен эмне эки сумка көтөрүп алгансың? - деди агай көздөрүн жүлжүйтүп эжеме.
- Мунуку- деп мени көрсөттү.
- Сен сумкаңы өзүң көтөрүп бараласыңбы?
Мен дароо "жок" дедим. Эжем да айтты. "көтөрө албайт, үйгө жеткиче чарчап калат" деп. Агай ойлонуп отуруп калып:
- Мен силерге кийим алып койдум эле, кантип көтөрүп кетесиңер? -деди агай.
- Мен көтөрөм - деди эжем сүйүнгөнүн билдирип. Эжемдин ушул сөзүнө боору ачыган агай көзүнө толгон жашты жүз аарчысы менен сүртүп койду.
Эки чоң түйүнчөк кийим берди эле эжем көтөрө албай койду.
- Анда мындай кылалы - деди агай. Бүгүн бир түйүнчөктү алып кеткиле, эртең бирөөсүн аласыңар. Мында кышкы пальто, өтүк, форма бар. Азыр сиңдиңкин алып кет, эртең өзүңкүн алып кетесиң. Сүйлөштүкпү?
(Уландысы кийинки санда)