Эльвира Жумалиева, жубайы:
"Азиздин сулуулугуна эле кызыгып тийди" дешкен…"
Азиз келинчеги Эльвираны Элиот деп эркелетсе, Эльвира Азизди Ёлка деп эркелетет. Апасына кээде жини келген Шаа "Сиз Элиот эмес эле, "Гнелиотсуз" (гнелой- наалыма) деп калат. Анда, актер Азиз Мурадилаевдин үй-бүлөсү тууралуу кененирээк билүү үчүн төмөндөн маалымат алсаңыздар болот.

- Биринчи кантип тааныштыңыздар эле?
Азиз: - 1994-жылы Театралдык окуу жайга тапшырып, ошол жерде Эльвира экөөбүз чогуу окуп калдык. Башында Эльвираны байкачу деле эмесмин, группалаш катары мамилем жакшы болуп жүрүп, жакшы көрүү билинбей сүйүүгө айланып кетти. Ошентип, 2-курстун аягында үйлөнүп алдык. Үйлөнөөрдө бир кызык окуя болгон. Мен курсташтарды чакырып, Эльвираны алакачмай болдук. Баардыгыбыз чогулуп алып кетели десек, Эльвиранын үйүн таппайбыз. Биз үйүн издегенче башка балдарыбыз таап, менсиз эле үйгө алпаратышыптыр. Карасам жырга-ап машинада бейкапар олтурат, группалаштар менен.
Эльвира : - Биз бир жылдан ашык сүйлөштүк, Азиз деле мени үйгө узатып барып жүрчү. Жөө барып көнгөн жаны машина менен барганда адашып таппай калыптыр. Элдин баары "Эльвира Азиздин сулуулугуна карап тийип алды" дешет. Жок, мага Азиздин эң биринчи адамгерчилиги жаккан. Ал баарын өзүндөй көрөт, бирок, ошондон көп запкы жейт.
- Биринчи балалуу болгондо кандай сезимде болдуңуздар эле?
Азиз: - Эльвира төрөөрүнө аз калганда Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып, 25-август күнү Москвага учуп кеттим. Баргандан кийин жайланышканча бир топ күн өтүп кетти. Эч ким телефон чалып, менден "кандай жеттиң?" деп сурабайт. Анан эстеп, "булар менин жатаканамдын номерин кантип билмек эле" деп үйгө чалсам, "сүйүнчү, уулдуу болдуң" дешти. Көрсө, мен кеткендин эртеси эле Эльвира төрөп, атам атын Шаа деп коюптур. Кубанганымды айтпа, үйгө кайра-кайра чалып, достор менен ойда белгиледик. Ошентип, 19 жашымда ата болдум.
Эльвира: - Азизди узаткандан кийин эле ичим ооруп, бир кызыктай боло баштадым. Кайненем келип, "Тур, тамак ич" деди. Мен уялып, "жарма эле ичем" деп жатып алдым. Түнүчүндө толгоо келип чыдабай калдым. Мамады ойготсом (кайненеси) "толгооң канча мүнөттө келип атат" деди, "үч мүнөт сайын" десем, "кое тур, төрөт үйүнө барсаң үшүп каласың" деп койду. Анткени, кайненем ошол эле күнү Оштон келген, азыр ойлоп коем, жол жүрүп үшүп калса керек деп. Себеби, жайдын ысыгы 26-августта ким үшүмөк эле (күлүп). Төрөтканада жатканда элдин баарынын күйөөлөрү келип атат. Жанымдагылар "сенин күйөөң кана?" дешет. Мен "Ал Москвага окууга кеткен, бул кайненем, тиги кайнатам" деп баарына тааныштырып чыгам. Раматылык кайнатам мени, небересин аябай эркелетчү. Биз наркы бөлмөдө уктап жатсак да "келиним жатат" дебей, кирип келип, баланы жаап, чиркейлерди айдап жүрө берчү. Эгерде Шааны чиркейге чактырып койсом мамама "сенин келиниң, менин баламды чиркейге талаттырып…" деп наалып калчу.
Азиз: - Шаа бирге чыгайын деп калганда жайында каникулга үйгө келдим. Келсем баланы топойтуп кийинтип, отургузуп коюшуптур.Көрүп алып бир кызыктай болом десең. (күлүп) .Ошентип, мен окууну бүткөнчө 4 жыл бири-бирибизден алыс жашадык. Каникулга келген сайын баламды көтөрүп алып, коомдук унааларга түшкөндө баары иниси деп ойлошсо керек. Анткени өзүм ал учурда 20-22лердеги жаш бала болчумун да.
- Үй-бүлөдө кызганыч болобу?
Азиз: - Эльвира мурда аябай кызганчу, азыр кызганбайт деле. Анткени, ал менин кесибиме түшүнүү менен мамиле кылат.
Эльвира: - Азыр көп деле кызганбай калдым. Бирок, өткөндө Азиз бир киного тартылды. Кечинде келип, "сен мени урушасың" дейт, "эмнеге?" десем, "кызганбайсыңбы?" дейт. Айтчы десем, "чечин деди, чечиндим, жат деди жаттым, өбүш деди, өбүштүм" деди.
Ушунча жылдан бери кызгана элек болчумун. Жатып алып бир кызыктай болдум. Анан Азизге "Мен сени ошону айткандан бери кызганып атам" десем күлүп коет.
- Таарыныч болуп кетсе кимиңиздер биринчи кечирим сурайсыздар?
Азиз: - Эми биздин үйдө анчалык деле төңкөрүш болуп кетпейт. Анча-мынча пикир келишпестиктерде ал күнөөлүү болсо деле мен кечирим сурай берем. Анткени Эльвиранын унчукпай жүрө бермей адаты бар.
Эльвира: - Сүйлөбөй калганым таарынганымдын белгиси. Бир нерсе керек болсо балдарды ортого салып, "Шаа папаңа айтып койчу, Саади папаңды тамак ич де" деп, өзүм сүйлөбөй коем. Бирок, балдар чоңойгондон кийин башкача экен. "Мама токтот, папа болду" деп бизди тыйып калат.
- Бири-бириңиздерге кандай мүнөздөмө бересиздер?
Азиз: - Эльвира өтө эле тың, ачык, шайыр.
Эльвира: - Эми супер идеалдуу деп айтууга болбойт. Жини келгенде көздөрүн бакырайтып, мурдун бырыштырып калат. Эч качан шашпайт. Жакшы жагы такыр кекчил эмес. Бирөө бир нерсе сураса болгонун аябай берип салат. Өзү бермейин такыр сурабайт. Бербесе жок. Мен билип калсам гана "Ай, сурабайсыңбы" деп түрткүлөп турам. А мен билбегени канча? (күлүп).
- Кимиңиздер баласааксыңар?
Азиз: - Экөөбүз бирдей эле. Өзгөчө кичүү балам мага жакын, мени көргөндө "баба" деп эркелеп, эч кимди көзүнө илбей калат. Өтө эле шок.
Эльвира: - Биринчи баласы инисиндей эле. Экөөбүз тамашалап, улуусу меники, кичүүсү сеники деп бөлүшүп алганбыз. Саадинин кебетесинен мүнөзүнө чейин Азизге окшош, керек болсо догурунганы дагы (күлүп). Ал эми Шаа болсо мендей шашма, чоң энесиндей көк бет, кылам дегенин кылат.
- Үйдө акчаны ким кармайт?
Азиз: - Мен акчаны кармамак турсун көрбөйм дагы. Анткени, булар акчаны ала турган жерден өздөрү эле карточка менен алып алышат.
Эльвира: - Азиз күлүп калат, "Мен акча тапкычмын, Эльвира кассир, апам башкы бухгалтер" деп. Анын сыңарындай акыркы чечимди мамам кабыл алып, мөөр басып коет.




Анара Сыдыгалиева, апасы:
"Шарттын начардыгынан 13 балам жерде калып…"
- Азиз, сиздин жалгыз балаңызбы?
- Ооба, бирок мен Кудай астында 14түн энесимин. Жолдошум экөөбүз тең театрда иштеп жүрүп, көралбастардын айынан үйгө жетпей, 9 жыл жер төлөдө (подвалда) жашадык. Биз гастролго кеткенде илип койгон буюмдарыбыз, келгенче көгөрүп көрүнбөй калат. Үйдүн нымдуулугун айтпа, көчөгө чыксак кадимкидей көк жыттанып жүрөбүз. Шарттын начардыгынан балдарым боюман түшүп, кээси өлүү төрөлүп калчу. Ошондон улам балабыз ооруп калбаса экен деп, каякка барсак Азизди ээрчитип алабыз. Күндүз кечке театрда болсок, кечинде фильмдердин дубляжына катышабыз. Жаныбыздан чыкпаган Азиз театрдагы кичинекей балдардын ролдорун ойноп жүрүп, билинбей эле ата-эне жолун жолдоп кетти.
- Келиниңизге кайнене каарын көрсөтпөйсүзбү?
- Жок, Эльвира менин келиним да, кызым да. Булар үйлөнгөндөн кийин бир жылдан соң жолдошум каза болуп калды. Азиз Москвада. Ошол учурда Эльвира экөөбүз бири-бирибизге таянып жашадык, бардык кыйынчылыктарды жеңдик. Өзү да бир нерсени тез кабыл алат. Анын үстүнө үйгө кыздар да телефон чалып "сен түбөлүктүү эмессиң, Азиз меники" деген сыяктуу көп звоноктор болчу. Ошондо Эльвирага "бардык нерсени жүрөгүңө жакын кабыл алба, оорукчан болуп каласың, сен менин жанымдасың, күйөөң келет" деп акыл-насааттарымды айтып жүрдүм. Ошентсем унчукчу эмес, бирок, көздөрү кызарып калчу. Анткени, мага көрсөтпөй көп эле ыйлады. Кээде "ка-ап определитель коюп койсок болмок экен" деп кыздар чалганда өкүнүп калчубуз. Раматылык жолдошум да аябай кызганчаак болчу. Көчөнүн наркы бетин кой, жанымда бараткан кишини карай алчу эмесмин. Айрымдар менин артыман ар кандай ушактарды айтышып, бизди кайраштырып турчу. Тажаганда коллективиме "Мен ажырашууга сотко арыз жаздым, силер күбөгө барасыңар" дегенде гана ушак токтогон. "Мындай нерсени жаныңдагылар гана кылат, көп эле басына бербе" дечүмүн. Кудайга шүгүр, Азизде атасына окшогон ашыкча кызгануу сезими жок. Эльвира экөө үнүн катуу чыгарып ажылдашып урушушпайт. Алар бактылуу түгөй, жакшы ата-эне, а мен бактылуу чоң энемин.


Самара Сапынова