Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 2
  Сырмаек

Акбар Сүйүнбаев:
"Султан ырдаганда элдин баарынын кыжыры кайначу"
"Убакыт зымырык куш" деп коюшат эмеспи. Мындан беш жыл мурун "Ал менин махабатым" деп ырдап жүргөн Акбар Сүйүнбаев, өз махабатына жетип, жакында үйлөнгөнү турат. Акбар менен "бойдок маек".

- Таякелериң белек кылган машинеңди минип келипсиң, дөөтүң кут болсун!
- Чоң рахмат.
- Клиптериңде өзгөрүүлөр болуп жатканын байкап жатабыз. Идеяларын ким айтып жатат?
- Мурун клиптерди ойноп-күлүп эле тартып койчубуз. Азыркы клиптеримди режиссёрлордун өзүнө эле, "Мен ырчымын, эч кандай сценарий жаза албайм, режиссёрлук кыла албайм. Өзүңөр мойнуңарга алып, клип тартуучу жерлерди таап сунуш кылыңыздар. Мен барып, ырдаганды гана билейин" - деп сүйлөшкөм. Азыр Сүйүн аттуу режиссёр клипти кайсы жерге тартууну чечип жатат.
- Ырчылар ырдап баштаары менен эле бир продюссердин этегин кармашат. Сахнада 5 жыл ырдасаң да сенин продюсериң жоктугуна таң калам.
- Чыгармачыл адамга продюсер абдан керек. Продюсерим болсо азыркы кылып жаткан ишимен да көп нерсеге жетишсем керек эле. Мен кыйналып, жеткире албай аткан нерселер элге так жетмек болуш керек деп ойлойм. Бирок, эмнегедир бизден мени менен иштешип кете турган, өзүмө татыктуу продюсер байкаган жокмун. Канат Култаев, Динара Эсенгулова, Рысбек Жабиров сыяктуу жакшы продюсерлер бар. Алар менен кагаз жүзүндө келишим болбосо дагы, чыгармачылык жактан мага өз колунан келген жардамдарын, кеңештерин берип турушат. Бир сом тапсам да, миң сом тапсам да, бир тыйын таппай калсам да өзүмө. Ошон үчүн менде акча үчүн ортодо уруш болбойт. Жаңы ырдап чыгып жатканда "25-кадр" деген журналда Гуля Мамбетова деген эже сунуш кылып, анын жардамчысы Нарынкүл эже менен иштешип көргөм. Эң биринчи фотосессияларымды кылдырып, костюм тиктиргенге жардам берген. Андан кийин Ильяз Адамов деген байке экөөбүз "эркекче" келишим менен бир ай иштешип көрдүк. Бир айдын ичинде Бишкекке концерт койгонго жетиштик. Концерт бүтөөрү менен эле "эркекче" деген келишим токтоп калды.
- Султан, Мирбектер менен бирге жатаканада жашап калдыңар. Бөлмөңөргө келип, "ырдап берип койгулачы?" - деп эшигиңерди каккандар көп эле болгондур?
- Биз анда шаарга жаңы келип, жүрөгүбүз курч, эч кимден жалтанбаган кез, эч кимден коркпой, оюңа эмне келсе ошону айтып, өзүбүздү чоңоюп калгандай сезген кезибиз болчу. Ар бир бөлмөгө кирип алып, шаңкылдап ырдай берчүбүз. Тескерисинче, биздин ырдаганыбызды суранып токтото алышчу эмес. Султан залга туруп алып ырдаганда элдин баарынын кыжыры кайначу. Ошондо мен "студсовет" болуп калдым. Анан жатканадагы кыздар, студенттер мага келип, "Акбар, досуңду кой деп койчу. Бизге уйку бербей тажатты" - деп суранышчу. Эми ошолор бизди суранып ырдаткысы келип жүрөт болуш керек.
- Кино дүйнөсүнө да бир чумкуп келдиң. "Достор" тасмасына тартылгандан кийин, киного тартылуу боюнча сунуштар көп түштүбү?
- Кечээ эле бир эже киного тартылуу боюнча телефон чалды. "Достор" тасмасына профессионалдык деңгээлде жакшы тартылдым деп айта албайм. Кино бүткөндөн кийин, өзүмдүн кемчиликтеримди көрүп аттым. Жакшы сценарий болсо, киного тартылам. Менде актёрдук чеберчилик башынан эле бар болсо керек. Биринчи курс кезде, жакшы окугандыгым үчүн ректор кабинетине чакырып алып, "Мен жардам берем, сен актёрлук бөлүмдө да, музыкалык жакта да окуй бер" - деген. Бир жыл эки факультетте окудум. Актёрлук жагынан мага оорураак болуп калып, музыкалык жагын тандап кеттим.
- Бандиттер тийишти беле?
- Ооба, жаңы ырдап чыгып жаткан кезде Спорт сарайынан Султан экөөбүз "Махабатым" деген ырды ырдап бүтүп, сахнадан түшүп келатканда эки жагыман эки бала кармап, "служебный вход" менен "жүрү" деп эшикке алып чыгышты. Мени тегеректеп отуруп алып, коркутушуп, мойнума бир канча суммадагы акча салык салышып, "ушул күнү алып келип бересиң" деп убакытын такташып, "Ошол күнү алып келбесең, Спорт сарайга келе албай каласың" деп коркутушкан болчу. Ошондо жашоомдо биринчи жолу коркком. Кийин, тааныш агаларга телефон чалып отуруп, ал ишти жапкам. Ошондон бери андай нерсе боло элек.
- Көйнөгүңдүн жакасын ким агартып берип атат?
- Байпагымды өзүм эле жууп алам. Кийимдеримди бир тууган жеңем жууп берет.
- Сенин досторуңдун баары эле үйлөнүп, жайланып калды. Ата-энеңди качан келиндүү кылайын деп турасың?
- "Жакшылыктын эрте-кечи жок" - деп коёт эмеспи, эми эле орозо бүттү. Эми буюрса шайлообуз ийгиликтүү аяктап алса эле кыргыздын жакшынакай кызына баш кошсомбу деп турам. Эркек болгондон кийин кыздардан эч жакка качып кутула албайт экенбиз. Башыма бир сулууну байлап коюп, андан кийин токтоо жашоону өткөрөйүн деп турам.
- Келгенден бери телефонуңду тындырбай чалып жатат. Болочок жубайың кызганчаак окшойт да.
- Жок, көп деле кызганбайт. Бирок, менде кызганыч бар.
- Сыр болбосо кайсы чөйрөдөн?
- Болочок өмүрлүк жарым чыгармачыл чөйрөдөн. Анын өзүнө тийешелүү күйөрмандары жана угармандары бар.
- Болочок кайындарың менен тааныштыңбы?
- Ооба, болочок кайын энем менен тааныштым. Аябай жакшы адам. Өзү мугалим. Ал мага болгон оюн, каалоо-тилегин айтты. Мен да алдыга койгон максаттарымды айттым.
- Биздин муруңку чыккан сандарда "Күзүндө күйөрмандарыма чоң "сюрприз" даярдап жатам" дедиң эле. Ошондон бери "Акбардын сюрпризи кандай экен?" - деп, окурмандар редакциянын телефонун тындырбай калышты.
- Ушунча болуп калды эми айтайын. 16-17-ноябрда студенттер күнүнө арнап, спорт ордосунда өзүмдүн беш жылдык отчёттук жеке концертимди берейин деп жатам. Ортодон жоголуп кеткен күндөрдүн себебин билдирип, күйөрмандарыма жаңы-жаңы ачылыштарымды көрсөтөм.
- Акыркы убактарда Султан, Мирбектер менен мамилеңер салкындагандай. Ортоңорду кайсы кара мышык аралап кетти?
- Мирбек, Султандар менен мамилебиз мурункудай эле. Мурун бир жашап, бирге жүрүп, чогуу ырдачубуз. Азыр ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү иштерибиз бар дегендей. Бирок, күнүгө бир жолудан жолугуп турбасак башыбыз ооруйт.
- Султандын тою кандай болду?
- Тою Казакстанда болду. Болгон досторунун баарын чакырды тойго, кыргыз кызына Казакстандан көшөгө тартылып, ак жоолук салынып, отуруп калды.
- Чогулткан акчаңды эмнеге сарптап атасың?
- Менимче ата-энеден өткөн жакшы сактык банкы жок болсо керек. Тапканымдын баарын айылга жөнөтүп атам. "Жакында уулубуз үйлөнөт" деп, берген акчамды катуу чогултуп атышат.
- Популярдуулугуңа кандай баа бересиң?
- Азыркы популярдуулугума нааразымын. Мен мындан да популярдуу болушум керек деп ойлойм. Бир убакта жылдызыбыз жанып, чыныгы популярдуулукка жеткенбиз. Ортодон ошол популярдуулукту кармай албай калганбыз. Биринчиден жаштык кылганбыз. Ал кезде болгону 3-курстун студенти болчубуз. Экинчиден үстүмөн жол көрсөткөн киши болгон эмес. Тапканымды каалаган жакка жумшап, каалаган жакта жүргөм. Ошонун айынан орто жолдон "жок болуп" кетүүмө апкелген. Азыркы Акбар Сүйүнбаев деген атым бар, бирок анын үстүнөн жакшылап иштеш керек. Кудай буюрсма концертимде жаңы ырларды жаздырып, жаңы клиптерди тарттырып жатам.
- "Ташкент кызы Гүл менен сүйлөшүп жүрүп, ал турмушка чыккандан кийин санын чаап калыптыр. Азыр Айпери менен сүйлөшөт экен" деген имиштер эл арасына таркаган. Ушул айтылган сөздүн канча пайызы чын?
- Бир да пайызы туура эмес. Мен Гүлдү бир тууганымдай жакшы көрөм. Чыгармачылыкка аралашкандагы биринчи альбомум деп койсом болот. Алгачкы ырларымдын көбү Гүлгө тийешелүү. Экинчиден бир группада окудук. Үчүнчүдөн чыгармачылык жактан кесиптешпиз. Эң жакын дос, сырдаш болуп жүрдүк. Ортобузда эл айткан имиштер болгон эмес. Өзүнүн бактысын таап турмуш куруп кетти. Жакында эле сиздердин гезитке "Бактылуу үй-бүлөбүз" деп берген интервьюсун окуп алып, кубандым. Айпери менен дагы деле сүйлөшөбүз. Жакшы достордонбуз. Мен аны урушкан кезде урушам, өзүмдүн акылымды айтам. Аны менен көп жерден акылдашып турам. Үй-бүлөсү менен жакшымын. Барып чай ичип турам. Бирок, менин жашоодо тандап алганым башка.
Төлөбүбү
Касымалиева









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/obon/10/0921_2.htm on line 62