Бир ырдын тарыхы

"Сагынганда бир келээрсиң" Чыңгыз Айтматовдун жубайына арналган…
"Сагынганда бир келээрсиң" аттуу ырдын тарыхы абдан кызыктуу. Аны КР эмгек сиңирген архитектору Аскар Исаев ашык болгон кызы Мария Урматовнага арнаган. Ал айым улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун экинчи жубайы экени баарыбызга белгилүү. Мария Урматовна жаш кезинде Ленинграддагы кинематографиялык институка тапшырып, окуп калат. Ал жерден Япон жигити менен таанышып, алардын сүйүүсү күч алып, бир нече убакыт сүйлөшүп жүргөндөн кийин баш кошушат. Үйлөнгөн соң Японияга кетишип, ал жерден бир кыздуу болушат. Бирок, бир жылдан кийин тилекке каршы япон жигити Мария Урматовнаны кызы менен таштап кетет. Баш калкалаган үйү жана башка керектүү буюмдары менен Японияда жалгыз калат. Кыргызстанга кайтып келе албай, бир туугандарын, эли жерин сагынып, абдан кыйналат. Эмне кылуу айласын таппай жүргөн убакта Японияга Чынгыз Айтматов атайын иштери менен барып калат. Анда жазуучу Кыргыз кинематогрофисттер союзунун төрагасы болуп иштечү. Бүткүл дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун Японияга келгенин угаары менен Мария Урматовна атактуу мекендешине жолугуп, бактысыз никеси жөнүндө жашырбай айтып берет. Жаш келинге боору ооруган жазуучу Кыргызстанга ала келип, кинематогрофистер союзуна катчы кылып орноштуруп коет. Ошол убакта Чынгыз Айтматов Бүбүсара Бейшеналиевадан айрылып, жүрөгү сыздап, сүйүүгө суусап турган чагында Мариядан кандайдыр бир окшоштукту табат. Балеринанын кандайдыр бир элесин эске салган татына келин Айтматовду жүрөгүндөгү жарадан алаксытып, Марияга баш кошуп, Ширин аттуу кыздуу болушат. Убагында Мариянын аркасынан сансыз жигиттер чуркап, арзуусун арнаган. Алардын сабында Аскар Исаев да бар болчу. Сүйүүсүн билдирип, колун сураса дагы Мария Урматовна теңине албай, башка улуттагы жигиттин колун кармап, Японияга кетип калганда жан дүйнөсүндөгү ыйын ыр менен басып, "сагынганда бир келээрсиң, эстегенде сермелээрсиң, Ала-тоону көргөндө" - деген ыр саптарын жараткан экен.



  Шоу Дүйнө

Гүлнара Калдарова бизнеске кетти
Кыз бурак тобунун алгачкы ырчыларынын бири Гүлнара Калдарова учурда бир үй-бүлөнү кыймылдаткан кожейке болуп олтурган чагы. Жакында эле ырчы айым тигүү цехин ачып, чакан бизнес менен алектенүүгө киришти. Азыркы убакта ал ондон ашуун тигүүчү кыздарды топтоп, ишти баштоонун алдында турат. Кийинчерээк бизнесин кеңейтүүгө да аракет кылмакчы. Ырчы айым бизнес менен алектенип жүрсө, "сахна менен кош айтышат экен" - деп ойлобоңуз. "Болгону чакан бизнес менен кошумча киреше табуу максатында гана алектенем, ал эми чыгармачылыгым ошол бойдон токтоп калбайт, буюрса күзүндө жаңы ырларды жаздырып, элге тартуулайм" - деп билдирген.


Бакыт Байсариев кыздуу болду
9-сентябрь - орозонун акыркы күнүндө шоумен Бакыт Байсариев кыздуу болду. Жарык дүйнөгө келген наристенин салмагы 4 килограмм 500 грамм, бою 56 сантиметр. Кубанычы койнуна батпай турган Бакытты жакын достору Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев, Максат Бегалиевдер аяш кызын жууп, түнү бою №5-төрөт үйүнөн эле кызуу куттукташкан. Учурда катуу толкундануу менен кызына ат тандап жүргөн кези. Биз да кичинекей наристеге таттуу балалык каалайбыз.


Назгүл Насиеванын командасы жеңишке жетти
"Миң кыял" радиосу продюссерлерди чогултуп, алардын ырчыларына жарамазан айттырып, сынак өткөрүшүп, айтор элге жагымдуу маанай тартуулашкан. Активдүү катышып, мыкты жарамазан айткан топко сыйлыктарын дагы камдап коюшкан. Бир нече продюсерлердин ичинен Назгүл Назсиева жетектеген топ, жарамазанды абдан шаңдуу жана мыкты айткандыгы үчүн "Миң кыял" радиосу биринчиликти ыйгарып, продюсерге бир кой белек кылышкан. Сүйүнүчү койнуна батпаган Назгүл айым биринчилигин жууп, койду кайра продюсерлерге союп берген. Ошентип, айтор, жалаң продюсерлер менен ырчылар шаңдуу маанайда олтуруп, сынакка активдүү катышышкан.


Айгерим Расул кызы
Таттыбүбү болгусу келеби?
Жаш ырчы Айгерим Расул кызы сахнадан ырдап гана тим болбостон киного тартылып, кино жаатын дагы бирге алып кетүүнү туура көрүүдө. Жайкы эс алууудан кийин актерлук чеберчилигин өркүндөтүү максатында драма театрына караштуу актёрлук окуу жайына тапшырган. Бирок, мурдагы окуусуна үлгүрө албагандыгына көзү жетип, жеке мугалим жалдап алган. Айгерим өзүнүн окуусунан сырткары, үйдөн да актерлук чеберчилигин өркүндөтүп, мыкты актриса болууну тилек кылып, блогон күч-аракет, убакытын бөлүүнү пландап турган кези.


Махмудду бычак менен сайып кетишти
Шан сон стилинде ырдаган ырчы жигит Махмудду Чолпон - Атадан наркоман балдар сабап, төрт кабыргасын сындырып, алты жерине сайып кетишкен. Ырчы тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Абалы оор болгондуктан, кома абалына түшүп калган. Мындай кабарларды уккан ырчынын достору Замир Мырза, Алишер Тоотаев, Өктөм Сапарбек уулу, Гүлнур Асанова жана Назира Жетигеновалар жыйырма миң сом чогултуп материалдык жардам беришкен. . Эми Махмудду борбордогу ооруканага алып келишмекчи. Эмнеси болсо да ырчы жигиттин бат сакайып кетишин кааламакчыбыз.