окумал

Фархад менен Ширин
Чыгыш элинин айтылуу сүйүү баянына айланган "Фархад менен Ширинди" укпаган жан жоктур. Руханий дүйнөбүз кемигенден-кемип турган мезгилде, көөнө чыгармаларга кайрылуубуз аз болсо да оң натыйжа бергиси бардыр деген ниеттебиз.


(Уландысы, башы өткөн санда)
Ак сарай
Оо,, күн чоң шашке болгондо "эрте келем, кеч келем, эрмегим өзүң деп келем, а сен мени айып көрбөгүн деп жалынып, сөз берип атып, Ширин шашылып кайтат. Байкуш Фархад бозоруп жалгыз калат. Анан оор үшкүрүнүп, аштан калган аруулуу адамдай муңайып, арыз-арманын кошот ырга:
Менче түйшүк тартпаган кул, көрсө мага ынайбы?
Мага ынайт бир сүйүү деп мээнет тарткан,
Билсе да ошондо убалды.
Бир канча күндөн кийин ак сарайдын курулушу, сүрөт жасалгалары бүтөт. Уста башы Бехзад Фархадга, аэрде иштеген дагы башка кишилерге дем алгыла деп уруксаат берет.
Эртеси жаңы салынган ак сарайды көргөн Мехмене-бану менен Ширин эжесине мындай деп сыр салат:
- Эжекебай, мага деген ак сарайыңыз айтканыңыздай эле бүттү. Дүйнөдө мындай кооз сарай жок. Аны үчүн мен сизге эмне деп алкыш айтаарымды билбейм. Мындай кенен десе кенен, кооз десе кооз сарай сизге гана жарашат. Мен али жашмын, анда туруш мага туура келбейт. Бу биз турган сарай бир аз эскирип калды, арка башын тазартып, жаңылап оңдоп коюш керек болуп туру. Андыктан жаңы сарайга сиздин киргениңиз оң. Мага анча чоң сарайдын кереги жок, чымчык салчу капастай эле бир нерсе болсо жетет.
Мехмене-бану сиңдисинин суроосун аткарганы ошо замат устаны чакыртат.
- Эми бул сарайдын маңдайына чымчык салчу капастай дагы бир ак сарай салгыла. Сүрөт, жасалгалары мындан да кооз болсун, - деп буйрук берет.
Уста башы сүрөтчүлөрүн, жумушчуларын кайра чогултуп алып, эртеси эле ишке киришет. Бехзад менен Фарзад бу жолу да ак сарайдын ичи-тышын кооздоп, сүрөт тартышат. Шириндин болсо өз кызыгы бар, ыңгайын таап бакка чыгымыш болот да, жүгүрүп келип Фархадга күндө жолугуп турат.
Оо адам, "көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа" деген макал туура турбайбы турмушта. Эки ашыктын жолугушуп жүргөнүн Шириндин эмчек энеси байкап калат. Бу эмне деген кеп! "Султандын кызынын ултандын уулуна барганы кандай" деп аябай бушайман болот да аны менен эле тим болбой, артынан түшүп аңдып алат.
Көрсө ал өмүрүндө жүрөгү ысып, бирөөлөрдү сүйүп көргөн жан эмес экен, бу Фархад менен Шириндин жолугушканын атайын эле бир чоң кылмыш көрөт.
Көп узабай кичине сарайдын курулушу бүтүп, сүрөтчүлөр жай-жайына таркап кетишет.
Да бир күнү калан кыз сиңдиси экөө шаар четинде серүүндөп жүрүшүп, суусу мупмуздак, көк кашка жана да алда немедей жакшынакай даамы бар булак көрүшөт. Ширин сулуу айланып жүгүрүп барып, булактын жээгине чөгөлөй калып суусуну канганча ичет да:
- Каап, мынабу булактын шаардан алыс жерден чыкканын карачы. Аттиң ай, а эгер бу ак сарайдын жанында болгондо көл жасап, аны ушу булактын суусуна толтуруп албайт белек, - деп өкүнө сүйлөйт.
Мехмене-бану Ширинди деле кой дечү эмес дейт, бу жолу да анын көңүлүн табышка курулушчу усталарады чакырат. Алар: ак сарай менен булактын ортосундагы тоону тешип, тешкен жерге темир түтүк орнотуш керек, анан сууну ошо түтүк аркылуу сарайга алып кирсе болот дешип кеңеш беришет.
Калан кыз бу кеңешке макул болот да жаагы жок жарчы ырчыларды чогултуп: - Кимде-ким булак менен ак сарайдын ортосундагы тону тешип, сууну сарайга киргизе турган болсо, каалаганын берем. Элге ушинтип айткыла, - деп буюрат.
Булактын суусун сарайга киргизиш оңой-олтоң иш эмес эле. Андыктан мен деп белсенип, эч ким чыга албайт. Бир күн, эки күн… бир топ күн өтөт арадан. Дале эч ким чыкпайт. Жарчыларды Фархад да уккан экен: "Эмне кылсам? Эмнеси болсо да тобокелге салып байкап көрсөмбү" деп жүрөт ичинен, анан ак сарайга барып сууну жеткирсе мына мен жеткирем" дейт. Сарай чекелери аны Мехмене-бануга ээрчитип барышат.
- Эгерде чыны менен кичи сарайга суу киргизип бере турган болсоң, анда мен сенин айтканыңды аткарам. Кой дебейм, сураганыңды берем, - дейт калан кыз жар чындыгын бекемдеп.
(Уландысы кийинки санда)




  Сезимай Алиева

Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Тумар курсагындагы жан бүтүп жашай баштаган кызыл эт түйүлдүк үчүн Адылдын алдында өзүн гана күнөөлүү сезип ,мүңкүрөп, көз жаштап турду.
- Aзыр үйлөнүп алдык, бирок алдыңарга азырынча бара албайбыз. Жайында, каникулга тараганда… десек меникилер деле түшүнүшөт,-деди үлдүрөй үн катып,үмүттүү тигиле.
Акчаны аный дебей шап алып күрмөсүнүн чөнтөгүнө салып койгон Адыл бул сөздү угуп күймөлө түштү.
- Болуптур анда… Мен сабака кирейин. Ойлонуштуруп, айылга атамдарга айттырып көрөйүн бирок кыш күрөөдө шарт жок экенин түшүнүп туруп, кычап эмне шаштың дешет болуш керек. Эми бир айласын табаарбыз…Сен ар кимге эле айта бербей, кыздарыңа билдирбей эле турсаң. Ар кайсыны айтып ыйлактап карындашыма да барбай жүрчү, мен өзүм келем,-деп кыздын сууктан үшүп, кызарып чыккан мурдунан чымчый өбүмүш этип, сөз бүттү дегендей "шарт" бурулуп жолго түштү.
Экөө жолугушуп-коштошор кез келгенде кызды кучагына алып, аяр жыттай, эмки көрүшкөнчө сагынаарын айтып кыйыла кош айтып, карааны үзүлгөнчө кылчак-кылчак карап турчу Адылдын бүгүн антпегени, салкын мамилеси, кызды ичиркентип ансыз деле жука отүгүнөн сыз өтүп чыйрыгып үшүп турган жаны калчылдап чыкты. Көкүрөгү буулугуп, көдөнүн кысып, өкүрүп өксүп ыйлап, боюн жерге уруп жибере жаздап, өзүн араң карманып, эрдин бекем тиштей артына бурулду.
Кечээ эле дүйнөсү түгөл, сулуу кыздын бут алдына гүл төшөлүп, нурун чачып күн тийип астындагы басаар жолу ачык көрүнүп турса, б-гүн минтип бороондоп, борошо уруп айланасын туман чалып, кардан кардыгып баса албай, жол таппай карайлап калаарын кайдан билиптир?!
Апасынын какшап айткан акыл сөздөрүн кулагынын сыртынан кетирип, айта жүрчү көнүмүш сөзү катары кабыл алып, этибар бербегенинин аркасы өзүнүн ушундай аркасы бийик чыга алгыс мисирейген, жалама аска -зоо, алды туюңгук жарга такалган, абалда калусуу менен аяктарын билсе гана?! Эми эмне кылам деген ой менен жүрөгү гана кабынан чыкчудай дүкүлдүйт. Эч ким билбеген жакка жоголгусу келет, бирок каякка? Жанын кыйгысы келет, дагы эле илгери үмүт, мүмкүн баары жакшы болуп кетет. Адылы эптеп эле абийирин жапса болду, баарына даяр, орой мамиле кылса деле мейличи, баарына макул. "Политехтен" университеттин жатаканасына чейинки жолдо ойго чөмүлгөн Тумар өзүн жаралуу, жалгыз калган жандай сезип, карегинин чарасына мөлт-калт жаш толуп ыйлап баратты. Адылды ойлоду. Бул ыйдын башы күзүндө каникулдан келип, окуусу башталган соң жатакана алып жайгашкан күнү эле Адыл издеп келип, батирине ээрчитип кеткен күндөн башталды
"Эки ай көрбөй сени аябай сагындым. Айылда жүрүп күндүс кечке ойлогонум эле сен болдуң. Жок дегенде түшүмө кирсе экен деп уктаарда канча тилендим? Сенчи?, сен да мени кичине болсо да сагынып ойлоп койдуңбу? Же?..Экинчи жанымдан чыгарбайм. Карлыгачым менин! Жан эркем, асылым, кээтериңде арыктап,өңүңдөн азгандай болуп турдуң эле, азыр болпошка болуп, ого бетер ажарың ачылып жакшынакай болуп калыпсың. Көздөрүңөн сенин ишенсең өзүмдөн өзүм кызганып жатам. Эч кимге көрсөткүм келбейт сени. Бөлөк менен турганыңды көргөндө кызганып өлүп кете жаздайм. Жанагы кара чыйырчыктай болгон группалашың сени жутуп жиберчүдөй карайт экен. Эмне, жабышып жүрөбү? Ошондой болсо айтсаң мойнун толгоп сени карагыз кылып коеюн,-кыз жигиттин оозун алаканы менен жаба калды.-Жо… чын эле… сен меникисиң!-Адыл кыздын дене башын баш аламан сылагылап, жан-алы калбай өпкүлөп кирди. Ысык кучакка, жалыныч сөзгө ээриген кыз көшүлүп көзүн жума берип, денесине дүрбүгөн кандан чоочуй түшүп артка кетенчиктей алсыз каршылык көрсөтүп, көкүрөгүнө башын матыра өпкүлөгөн жигитти түрткүлөгөнү менен, эркектик каалосуна ээ боло албай көзү алачакмактап, кыздын төшүн жыттап өпкөн сайын делбиреп дел өөрүй калтыраган жигит ага болмокпу?
- Ой боюна койбой туш келди өпкүлөй,кыздын кулагына "сен меникисиң,меники гана болчу жаным"-деп шыбырап, жалынып жалбарып кирди. Акыл туюму менен туура эмес кылып жатканын сезип жатса да жан кумарына алдырган кыз өзүн жоготуп, башкара албай калды. Көздөрүн жуумуп, бут алдына шыпырылып түшкөн көйнөгүнөн да сезбей, кебездей жумшарып, ак булуттун үстүндө калкылдап сүзүп бараткан абалда, өзүн толук бойдон бүт жигиттин эркине тапшырып ээрип бара жатты…
…Ал түн …сентябрдын жетиси экөөнүн алгачкы аруу түнү болуп, бири -бири менен жыргалга батышып, бейиштин төрүндө жүргөндөй, экөө бирине-бири не деген гана ширин сөздөрүн, ак тилектерин айтышып, эч ажырашкылары келбей, чырмалыша таттуу кыялдар менен таң атырышса да, төшөктөн тургулары келбей, түш оой, курсактары ачканда гана бири- бирине эркелей, жытташып атып, кыйыла араң дегенде ордуларынан козголушту…
Ххх
Сабакка бирде барса бирде барбай, басса-турса эси-дартынын баары Адылда.Же ал тыңгылыктуу жооп айтпай, анда-санда бир көрүнүп, күн созот. Ичим билинип калбасын деп айланасындагылардан корунуп, апасы далыңа жамынып жүр деп берген ак тыбыт жоолугу менен ичин чатырата таңып, көбүнчө көздөн далдоо жүрүп кышкы сессиясын ыйлап-сыктап араң тапшырды. Биринчи курсту чет тил менен орус тилден гана төрт алып, калганын эң жакшы менен аяктаган Тумардын эми минтип эптеп үчкө илешкендердин катарына кошулуп калганына таң калган группалаштары күбүр-шыбыр сөз кылып калышты. Ачык эч ким сурай албайт. Ичтеги арманын бир гана Кализа билет.Ал да кийинки күндөрү сыртын салып сырдашпай калды.Ага себепчи акча болду.Тумардын үйүнөн эки жүз сом алганын уккан кыз:
- Аии-ий, эки жүз сомго кычыраган өтүк, пальто кийесин да. Кааласаң,алдыртып берем ЦУМда таежемдин кайынсиндиси иштейт. Баса,өткөндө сонун румынский кофта көргөм.өзүңө алам десең мага да бирди алып берип турбайсынбы? Мен сага акчасын бөлүп бөлүп берип кутулат элем,-дегенинен, Тумар Кализаны күнөөлү карай:
- Кализ, эч кимге айтпай эле койчу, бирок мен ал акчаны Адылга берип койгом. Таарынбай тур, турмушка чыксам эле ошол кофтаны сага белек кылып алып берем,-деди.
- Койчу?..Эмне, эрге тийбей жатып "боозутуп" койгонуңа рахмат деп бердиңби?-деди кыздын жанын ачыта айткан бул сөзүнөнө ырахат алгандай шылдың көз менен ичин тиктеп, чыртыя.Тумар үн дей албады. Ошондон кийин экөөнүн мамилеси суй түштү. Кализа болсо "эч кимге айтпа, тигил биздин созулкандын үч айлык боюнда бар. Адылы албайм деп атыптыр" деп Алмагүлгө айтып салды. Ал "мени айтты дебе тигил Тумаранын жигити таштап кетиптирда балаңдын да кереги жок деп айтыптыр Ий байкуш, эми эмне болот" деп курулай шыпшынган кыз шыбырап курсташы Гүлканга айткан жаңылыгы жаңы жылдын астында жатаканага "дүр"эте жайылып кетти. Жамандык жерде жатпайт дегендей бул сөздү кулагы эшиткен Адылдын "исфакта" окуган айылдашы Темирдин үшүнө алды. Анткени былтыр күздө жатаканага келген Адыл "биринчи курска келгенго, бир байчечекей кызыңар жагып калды тааныштырбайсынбы?" деп жанын тынч койбой, күн а лыс келе берип Темирди тажатканда, туулган күнүн шылтоолоп өз бөлмөсүндө уяң кызды Адылга тааныштырган эле. Уккан сөзү чын болсо өзүда күнөөкөр катары окуудан айдалып кетеринен корккон Темир Адылга келип бир тийди. Бир айдан бери Адыл өзү да эмне кылаар алапайын таппай башы маң болуп жүргөн. Ойдо жок жерден эки оттун ортосунда калды.
(Уландысы кийинки санда)