Белгилүү
атаандаштар
Ак-кара, жаман-жакшы, кубаныч - кайгы бир жүргөн сымал достук менен кастык да дайыма ээрчишип жүрөт. Ал эми шоу тармагындагы көрүнүктүү адамдардын башкаларга болгон мамилелери окурмандарды кызыктырбай койбойт. Өзгөчө эл оозуна алынып калган белгилүү инсандарыбыздын кастык мамилелери бат эле элге балпайып көрүнүп калат. Кимдир бирөөнүкү таарыныч же жек көрүү болсо, бириники атаандашуу болушу ыктымал. Анда белгилүү кастарга саресеп салсак.


Неля - Бактыгүл
Бир убактарда шоу тармагына бирдей аралашып, элге бирдей тааныла баштаган эки ырчы айым бар болчу. Алар Неля менен Бактыгүл. Убагында дос аталган курбулар чогуу киного тартылышып, бир нече ырларды жаздырып, айтор элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгонуна күбө болгонбуз. Кийин ортолорунан кара мышык өтүп кеткенби айтор, кастык мамилелери ачыкка чыгып калды.
Алардын кастык мамилелерин аныктоо максатында жергиликтүү гезиттердин биринде "Неля менен Бактыгүл Урмат үчүн урушуп кетишиптир"- деген маалыматтар дагы берилгенин билебиз. Кандайдыр бир себептер мененби же жигиттин айынанбы, айтор, айымдардын ортосунда достук жок дебеске арга жок.

Элмирбек - Жеңишбек
Төкмө акындар Жеңишбек менен Элмирбектин да атаандаш экенин билесизби? Көрсө, төгүлүп ырдап, туура жолго үндөгөн чыныгы патриот инсандарыбыздын ортолорунда дагы эрегишүү сезимдери бар тура. Дегеним, мыкты аталган акындар да өздөрүнчө калганда "менин ырларым аныкынан салмактуураак, манилүүрөөк" - деп ырларын салыштырганга чейин барышат экен. Кайда барбасын ээрчишип, бирин-бири коштоп ырдап жүрүшкөн акындар өз ара чукчуңдашпаса дагы, ичтеринен биринен-бири артык болгонго тынбай аракет кылат имиш. Бири "Элмирбек акын күчтүү" десе экинчиси "Жок, Жеңишбек андан күчтүү" деп атышып, алардын ортосундагы билинбеген жараканы эл өзү да чоңойтуп жиберди көрүнөт. Эмнеси болсо да эки нукура акындарыбыз менен сыймыктана берсек жарашчудай.


Назира - Нурзат
Чырайлуу теле алыпбаруучулар Назира Айтбекова менен Нурзат Токтосунова бири-бирине болгон жек көрүү сезимдери бар экенин өздөрү деле жашырбай, ачык эле айтып келишет. Тилдеринен чаң чыккан алып баруучулар телевидениеде иштеп жүргөндө эле тил табыша алышчу эмес. Дегеним, алгач "Браво" телеберүүсүнүн алып баруучулары болгондуктанбы айтор, "ким мыкты алып барат" - деген сөздөр эки айымдын бири-бирине болгон атаандашуусун ого бетер күчөттү көрүнөт. "Мен жумуштан кетип, кээ бир кыздардын короосуна күн тийип калды" - деген Назиранын сөзү Нурзатка катуу тийгенби, айтор "Браводон" сырткары Нурзат "Заманада" эмгектенип калганын билебиз. Кийин алып баруучулардын жолдору эки бөлөк болуп, "кас экен" - деген сөздөр эл ичинде сууп калды көрүнөт.


Айчүрөк - Анжелика
Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Анжеликаны кичинекейинен тарбиялап, сахнанын даамын таттырган десек жаңылышпайбыз. Кийин Анжелика куу айымдарга таандык мүнөзгө ээ болуп, бир тобуна далайды көргөздү көрүнөт. Жада калса, өзүнүн апасы менен тең тайлашкан Айчүрөк эжекеси менен кээде чукчуңдаша кетип, жаш болсо дагы, тыпылдап, жемин жедирбей келет. Эрте турмуш куруп, жашоонун даамын татып калгандыктанбы, айтор, Айчүрөк Иманалиева менен тирешип тургандыгы анык. Жада калса "Айчүрөк Иманалиеваны өзүнүн окуучусу "заказ" берип, сабатып кетиптир" - деген имиш сөздөр эл ичинде тарап кеткен. Албетте, мындай сөздөрдү уккан Айчүрөк айым "Мен Анжелика менен ишим да жок, ал өзү билет эмне кылышты, мен эч нерсе деп айта албайм" - деп нараазылана жооп берген.


  Психология:

Кастык тууралуу:
Кастык- кызганычтан, ич күйдүлүктөн, ачуулануудан улам пайда боло турган сезим. Жаман көрүү сезимдери адамга байкатпай эле келиши мүмкүн. Биринде башталуу стадиясы болсо, биринде жогорку деңгээлде болот. Ал сезимдер адамдын жүрөгүндө көпкө сакталып калышы мүмкүн. Өзгөчө мырзалардын жек көрүү сезимдери чын жүрөктөн болот. Алар таарынычын жазганды, кечирүүнү билишпейт жана аны көпкө жүрөгүндө сактап калышат. Андыктан алардын жан дүйнөсүн оорутуп алуудан абайлаңыз.

Кастык - ооруга алып келет
Жаман көрүү, кастык, эрегишүү сезимдери адамдын ички дүйнөсүндө бат эле калыптанышы мүмкүн. Ар бир инсан жашоосунда "Мен сени жек көрөм" деген сөздү укса керек. Жек көрүү сезимдери болбосо да бул сөздүн өзү эле адамдын психологиясына зор таасирин тийгизет. Адамдын жан дүйнөсүнө чыккан жара сымал жек көрүү, кастык, атаандашуу, эрегишүү, өч алуу оору болуп калат. Андыктан психологияңызды көзөмөлдөп, жаман сөз айтпаганга аракет кылыңыз. Өзүңүздүн сезимдериңизди көзөмөлдөп турбасаңыз, ал чоң оорууга айланышы мүмкүн. Аны жок кылуу сиздин гана колуңузда.


Гүлжан - Чынара
Теле жаатында дагы ай чырайлуу эки көрүнүктүү кас дикторлор бар. Алар Гүлжан Кулманбетова менен Чынар Капарова. Бир кесипти аркалаган айымдар көрсө тирешип эле турушат имиш. Чогуу иштешкендеринин айтуусу боюнча эки айым бири-биринин аркасынан ар кандай сөздөрдү айтышып, айтор көрө албастык же жек көрүү сезимдерин жашырышпайт дейт. Бардар жашоодо жашаган эрке айымдар жеке жашоосунда да, жумушта дагы бирдей даражада болгондуктан, какшыкташып, чымчып сүйлөшүп калганына элдер күбө болуп келишет.


Нургүл Ибраева